Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

2021–ж. 14-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
14.03.2021

2021–ж. 14-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:14 -март 2021-ж. Убактысы: 18:10 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы    1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж. Акматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы ) 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планын бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору   боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Дюшембиева Г.К., пландоо,эсепке алуу, отчеттуулук бөлүмү) 6. 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген «Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнү) жүрүшүндө («макул» жана «каршы» топторунун) атайын референдум фондулары үчүн банктык мекемелерди аныктоо жөнүндө (баяндамачы – Дюшембиева Г.К., пландоо,эсепке алуу, отчеттуулук бөлүмү) 7. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары үчүн календардын текстин бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 8. Жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 9. Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритми тууралуу (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 10. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жумушчу топторун түзүү жѳнүндѳ (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 11. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 12.Ар түрдүү маселелер 
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоо графиги
13.03.2021

ЖӨБОнун башчыларын шайлоо графиги

                                  ЖӨБОнун башчыларын шайлоо графиги  № Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өткөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү Талапкерлердин каттоо мөөнөтү шайлоо 2021-жылдын 16-марты Талас облусу Кара-Буура району 1 Бакыян айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 09.03.2021-ж. саат 18:00гө чейин 12.03.2021-ж. кайра шайлоо 2021-жылдын 26-марты Баткен облусу Баткен району 1 Ак-Сай айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 20.03.2021-ж. саат 18:00гө чейин 23.03.2021-ж.
Кененирээк билүү >>
Айыл кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди кѳрсѳтүү аяктады
13.03.2021

Айыл кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди кѳрсѳтүү аяктады

2021-жылдын 11-мартында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ мыйзамга ылайык айылдык кеңештин дептутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди кѳрсѳтүү аяктады.  420 айылдык кеңештин мандаттарынын жалпы саны – 7560. Кѳрсѳтүлгѳн талапкерлердин жалпы саны 19140 адамды түзѳт, алардын ичинен 63 талапкер саясий партиялар тарабынан кѳрсѳтүлгѳн, калгандары ѳзүн ѳзү кѳрсѳткѳндѳр болуп саналышат. Документтерди  кабыл алгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде – 22-мартка чейин тийиштүү   аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлердин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүсүнѳ текшерүү жүргүзѳт. Маалыматтарды текшерүү ошондой эле  паспорттогу маалыматтар, жергиликтүү жамаатарда мүчѳлүгү (катталуусу), КР жарандыгы (МКК), жоюла элек соттуулугунун жоктугу (ИИМ) ж.б. боюнча «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук ѳз ара аркеттенүү системасын пайдалануу менен жүргүзүлѳрүн белгилѳѳ зарыл.  Биринчи жолу ушул жергиликтүү шайлоолордо талапкерлердин жалпы орто билиминин бар экендиги жѳнүндѳ, 1 миң сом шайлоо күрѳѳсү тууралуу,  ж.б.  талаптар боюнча мыйзамдын жаңы нормалары колдонулат. Ар бир шайлоо округунда 30 пайыздан кем эмес мандаттарды резервге калтыруу  азыркы айылдык кеңештерди шайлоонун маанилүү ѳзгѳчѳлүгү болуп саналат.  Мындай атайын чара айылдык кеңештерде аялдардын ѳкүлчүлүгү 10 пайыздан азды түзгѳн азыркы абалды талдоонун негизинде жергиликтүү кеңештерде аялдардын катышуусун активдештирүү максатында мыйзам менен киргизилген. Ошол мыйзамдын негизинде азыркы шайлоолордо аялдар үчүн округдарда 2943 мандат резервге алынган, ал жерде 5383 аял талапкерлер кѳрсѳтүлгѳн. Облустар боюнча айылдык кеңештерге талапкерлдерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ маалыматтар: Облустардын аталышы Округ-дардын саны Мандат- тардын саны Аялдар үчүн резервделген мандаттар Талапкерлер-дин саны Аял талап-керлер Бошогон 1 мандатка талап-керлердин саны Баары: 1376 7560 2943 19140 5383   Чүй облусу 288 1598 639 4284 ( а.и. . с/п- 45) 1315 2,7 Жалал-Абад облусу 254 1352 520 3661 980 2,7 Баткен облусу 121 577 231 1633 396 2,8 Талас  облусу 88 544 206 1216 323 2,2 Нарын облусу 121 789 300 1707 ( а.и.  с/п - 18) 504 2,2 Ысык-Кѳл облусу 166 959 366 2059 611 2,1 Ош облусу   338 1741 681 4580 1254 2,6 Айылдык кеңештерге талапкерлерди каттоо – 22-мартка чейин, андан кийин үгүт жүргүзүү мезгили башталат. КР  БШК маалымат бѳлүмү 
Кененирээк билүү >>
Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардан талапкерлердин тизмесин каттоо аяктады
13.03.2021

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардан талапкерлердин тизмесин каттоо аяктады

Жергиликтүү кеңештердин депутттарын шайлоо жѳнүндѳ мыйзамга ылайык добуш берүү күнүнѳ чейин 30 күн калганда, б.а. 2021-жылдын 11-мартында шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесин каттоо аяктады. Бардыгы болуп 28 шаардык кеңештерге 796 депутатты шайлоо  болот. Аймактык шайлоо кломиссиялары шайлоого катышууга ниеттерин билдиришкен 59 партиядан  56 партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Ош АШК зарыл документтерди бербегендигине байланыштуу «Тилектештик» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартты. Бишкекте 2 саясий партия -  «Элдик» жана «Кыргызстандын прогрессивдүү жаштар партиясы» шайлоого андан ары катышуудан баш тартышты.   Сүлүктү АШК талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү жол-жобосу сакталбагандыгына байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартты. 237 тизмеде катталган талапкерлдердин жалпы саны 11782 адамды түздү. Бир бош мандатка орточо алганда 14тѳн ашык  талапкер  туура келет, партиялардын жана талапкерлердин кыйла кѳп саны борбор шаарда: 1 орунга 25 партия жана 40 талапкер туура келет. Партиялардын жана талапкерлердин кыйла аз саны Кѳк-Жаңгак шаарында: бир орунга 3 партия жана 5 адам. Бардык талапкерлердин тизмеси жергиликтүү ЖМКда жарыяланат, ошондой эле БШКнын сайтына, https://talapker.shailoo.gov.kg шилтемеси боюнча Талапкер системасына жайгаштырылат. Эми партиялар аталган ресурстарга жарыялоо үчүн  ѳздѳрүнүн шайлоо алдындагы программаларын берүүлѳрү керек, ошол жерлерде  партиялардын шайлоо фонддоруна каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы жѳнүндѳ маалыматтар да жайгаштырылат.  № Шаардык кеңештердин  аталыштары Мандаттардын саны С/п саны Талапкерлер-дин саны Эркектер Аялдар    28 ш/к 796 237 11782 7300 4482 1 Бишкек ш/к  45 25 1820 1091 729 2 Ош ш/к  45 9 702 466 236 3 Баткен ш/к   31 9 444 283 161 4 Кызыл-Кыя ш/к  31 12 605 369 236 5 Исфана ш/к  31 9 467 288 179 6 Сүлүктү ш/к  31 7 363 228 135 7 Кадамжай ш/к  21 11 378 241 137 8 Айдаркен ш/к  21 8 276 180 96 9 Жалал-Абад ш/к  31 5 293 194 99 10 Кербен ш/к 31 5 246 165 81 11 Кѳк-Жангак ш/к 21 3 102 66 36 12 Майлы-Суу ш/к  31 5 306 201 105 13 Кочкор-Ата ш/к  21 5 187 127 60 14 Кара-Кѳл ш/к  31 7 341 227 114 15 Базар-Коргон ш/к  31 5 265 175 90 16 Чолпон-Ата ш/к  21 7 226 139 87 17 Каракол ш/к  31 17 847 492 355 18 Балыкчы ш/к  31 14 692 417 275 19 Нарын ш/к  31 9 439 270 169 20 Ноокат ш/к  21 5 162 95 67 21 Өзгѳн ш/к  31 7 351 239 112 22 Талас ш/к  31 11 558 324 234 23 Кемин ш/к  21 9 312 186 126 24 Орловка ш/к  21 5 176 105 71 25 Шопоков ш/к  21 7 228 129 99 26 Кайыңды ш/к  21 6 204 121 83 27 Кант ш/к  31 10 497 287 210 28 Токмок ш/к  31 5 295 195 100 Шаардык кеңештердин шайлоолоруна партиялардын активдүүлүгү тѳмѳндѳгүдѳй: Шаардык кеңештин дептутаттарын шайлоого бардыгы болуп 56 партия катышууда, алардын ичинен: 20 партия - 1 шаарга, 10 партия – 2 шаарга, 7 партия – 3 шаарга, 5 партия – 4 шаарга, 3 партия – 5 шаарга, 11 партия  6 жана андан кѳп шаарларга тизмелерин кѳрсѳтүшкѳн.  Саясий партиялардын аталыштары Партиялардан талапкерлердин тизмеси кѳрсѳтүлгѳн шаардык кеңештердин саны «Ата Журт Кыргызстан» 21 «Өнүгүү-Прогресс» 17 «Замандаш» 16 «Ыйман-Нуру» 15 «Ынтымак» 14 «Социал Демократтар» 13 «Республика» 12 «Эмгек партиясы» 11 «Улуу Журт» 10 «Бутун Кыргызстан» 9 «Бирге Вместе» 6 3 партия - «Ишеним», «Кыргызстан», «Тынчтык» 5 5 партия - «Бир-Бол», «Жаны-Доор», «Ата-Журт», «Кыргызстан элдик демократиялык партиясы», «Патриот ынтымагы» 4 7 партия - «Аманат», «Мекен Ынтымагы», «Нур», «Улуттар биримдиги  элдик партиясы», «Ордо», «Табылга», «Чоң-Казат» 3 10 партия «Мурас», «Айкѳл-Кыргызстан», «Асман Ала-Тоо», «Ата-Мекен», «Бийлик элге», «Кыргызстан жашылдар партиясы», «Кыргызстан коммунисттер партиясы», «Реформа», «Кыргызстан социалисттик партиясы», «Улуу Кыргызстан» 2 20 партия «Улутман», «Акшумкар», «Калк ынтымагы», «Энергетиктер», «Адилет», «Адилеттүү Кыргызстан», «Ак-Бата», «Ала-Тоо-кыргыз жери», «Бүткүл Жаштар»,  «Кыргызстан демократиялык кыймыл партиясы», «Патриот», «Шайлоо эркиндиги», «Эл биримдиги», «Элдик Народная»,«Асыл Мурас-Жаштар», «Күчтүү Коом», «Борбор», «Тазалык», «Калыс», «Биздин эл» 1 Шайлоо алдындагы үгүт 2021-жылдын 12-мартында башталган жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда, б.а. 2021-жылдын 10-апрелинде 8.00 саатта  токтойт. 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган. КР БШК маалымат бѳлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоо үчүн 179 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
12.03.2021

БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоо үчүн 179 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

2021-жылдын 12-мартындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 179 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана Интернет басылмаларын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алды. 115 (жүз он беш) жалпыга маалымдоо каражаттары; 64 (алтымыш төрт) Интернет-басылмалар. Чечим шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субьектилерине маалымат берүү жана КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө жана агитациянын эрежелеринин маселелери боюнча Жумушчу тобунун сунушун, “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 9-22-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-21-пункттарына ылайык, ошондой эле КР БШКсы 2016-жылдын 11-октябрында  №151-токтому менен бекиткен жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө жобого ылайык кабыл алынды. Телевидение Радио Печатные издания Интернет-издания КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ноокат жана Лейлек райондорундагы шайлоо участкаларынын эки дареги өзгөртүлдү
12.03.2021

Ноокат жана Лейлек райондорундагы шайлоо участкаларынын эки дареги өзгөртүлдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 12-мартындагы жыйынында Ош облусунун Ноокат районундагы жана Баткен облусунун Лейлек районундагы шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү чечимин кабыл алды Ош облусунун Ноокат району: No5416 шайлоо участогунун дареги Алашан айылынын А.Орозбеков көчөсүндөгү бала бакчанын имаратынан Алашан айылынын А.Орозбеков көчөсүндөгү Б.Матаипов атындагы орто мектебинин имаратына көчүрүлсүн. Баткен облусунун Лейлек району: Кулунду айылындагы Ленин көчөсү, 56 дарегиндеги №8013-шайлоо участогу Кулунду айыл өкмөтүнүн К.Ниязматов көчөсү 6 дарегиндеги Маданият үйүнүн имаратына көчүрүлсүн. Бул Ноокат жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын №5416 жана №8013 шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү тууралуу 2021-жылдын 26-февралдагы №8 жана марттагы №51-чечимдеринин негизинде кабыл алынды. Себеби “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү жөнүндө шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-4-пункттарына ылайык шайлоо участокторунун имараттарынын абалы канааттандырарлык эмес абалда болгон. КР БШК Маалыматтык бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
Бишкек жана Ош шаарларынын айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чектерине өзгөртүүлөр киргизилди
12.03.2021

Бишкек жана Ош шаарларынын айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чектерине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 12-мартындагы жыйынында Бишкек жана Ош шаарларындагы айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чектерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды: Бишкек шаары боюнча: Техникалык катадан улам, эки №1344, №1345 шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөр киргизилди. Эки турак үй №1345 УШКнын чек арасынан чыгарылып, №1344 УШКнын чегине киргизилди.  Ош шаары боюнча: Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн максималдуу ыңгайлуулуктарды түзүү максатында, №5284 УШКнын чегинен бир №18 үй чыгарылып, №5286 УШКнын чегине киргизилген, ошондой эле жаңы турак үйлөрдүн пайдаланууга берилгендигине байланыштуу Ош шаарынын Анар кичи районундагы 4 турак үй (№15г, 17б, 1б, №19) ушул УШКнын чегине киргизилген. Ош шаарындагы 9 УШКдагы шайлоочулардын санынын белгиленген көрсөткүчүнүн ашып кеткендигине байланыштуу (2500), алардын схемаларына жана чектерине өзгөртүү киргизүү сунушталды. 154 үй №5309, №5323, №5558, №5294, №5292 УШКнын чектеринен чыгарылып, №5307, № 5559, №5913, №5293 УШКнын чектерине киргизилди . Бул өзгөртүүлөр Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен макулдашылган. Чечим БШКнын 2020-жылдын 11-февралындагы №35, 2020-жылдын 20-январындагы №5 токтомдору менен “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-4-5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 11-беренесине ылайык бекитилген Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизүү боюнча кайрылууларынын алкагында, Бишкек жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
Үч АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
12.03.2021

Үч АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз отурумунда төмөнкү аймактык комиссиялардын курамын жана резервин өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алды: Баткен облусунун Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясы: Таипов Авазбек Полотович комиссиянын курамынан чыгарылсын - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан; резервден комиссиянын курамына Абдикаримов Акылбек Жигиталиевич - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан киргизилсин. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы: комиссиянын курамынан Маматкулова Мафтуна Кийомиддиновна, Наркозуев Жыргалбек Корчубаевич - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан, "Замандаш" саясий партиясынан Токтогулов Асылбек Раимкулович чыгарылсын; Нургүл Эгемназаровна Туркбаева, Жакыпбай Алиевич Тажибаев, Рустамжон Абдуллаевич Туйчиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан, резервден комиссиянын курамына киргизилсин. резервден комиссиянын курамына Абдикаримов Акылбек Жигиталиевич - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан киргизилсин. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы: - комиссиянын курамынан Маматкулова Мафтуна Кийомиддиновна, Наркозуев Жыргалбек Корчубаевич - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан, "Замандаш" саясий партиясынан Токтогулов Асылбек Раимкулович чыгарылсын; Нургүл Эгемназаровна Туркбаева, Жакыпбай Алиевич Тажибаев, Рустамжон Абдуллаевич Туйчиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан, резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы: комиссиянын курамынан Малаев Каныбек Жумашевич, Кутунаев Мурат Борсукович, Малгараева Шабыркул Жумашевна - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан, Ибраимов Азамат - "Кыргызстан" саясий партиясынан чыгарылсын; резервден комиссияга Мамбеталиев Назарбек Жумабаевич, Сатиев Шарып Мыктыбекович, Азиева Азиз Туйгуновна, Муканова Фарида Муратбековна - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан чыгарылсын. Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясы: Аскарбай кызы Гулипу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын курамынан комиссиянын курамынан чыгарылсын; Резервден Анарбек Абдималикович Ахмадалиевди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан комиссиянын курамына киргизилсин. Чечим Баткен шаардык, Лейлек, Жети-Өгүз жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү А.П.Таипов, М.К.Маматкулова, Ж.К.Наркозуев, А.Р.Токтогулова, К.Ж.Малаева, М. Б. Кутунаев, Малгараева Ш.Ж., Ибраимова А., Аскарбай кызы Г. билдирүүлөрүнүн негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-14-18-19-беренелерине, “Жергиликтүү өзүн башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР Борбордук комиссиясынын  "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" 2011-жылдын 18-октябрындагы №375-жобосуна ылайык кабыл алынды.   БШК Маалыматтык бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, ваканттык депутаттык мандаттарды тапшырды
12.03.2021

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, ваканттык депутаттык мандаттарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 12-мартында, өзүнүн жыйынында аймактык шайлоо комиссияларынын Жалал-Абад, Токтогул, Аксы жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алды жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын токтотулушу жана шайланган депутаттардан кийин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Жалал-Абад шаары Жалал-Абад облусу: Жеке арыздары боюнча төмөнкүлөрдүн ыйгарым укуктары токтотулду: Турдиев Тилекберди Ажиканович ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракциясы) Ирсалиева Арапбай Мурзараимович ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракциясы) Турдукулова Канатбек Турусбекович  ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракциясы) Баев Талантбек Даданович ("Кыргызстан" деп. фракциясы). Ваканттык мандаттар төмөнкүлөргө берилди: Сейитбеков Жапарали Авиевич (с/п "Өнүгүү прогресс”) “Али-Транс” ЖЧК, инженер. Нуржанов Эрмек Өскөнбаевич (с/п "Өнүгүү прогресс") Кыргыз Петролеум Компани" ЖАКынын оператору. Эрбаев Айбек Канатбекович ("Өнүгүү-Прогресс") ЖЧК "Ренессанс жана Ко", директорунун орун басары. Осмонов Сапарбек Бектенович ("Кыргызстан" с/п), жеке ишкер. Токтогул шаардык кеңеши Токтогул району: Ашыралиев Эмилдин ("Мекеним Кыргызстан" деп. фракциясы) ыйгарым укуктары жеке арызы менен токтотулган. Мандат Азем Сталбекович Бапаевге ("Мекеним Кыргызстан" с/п) жеке ишкерге берилди.Аксы районунун Ш. Назаралиев айылдык кеңеши: Эшалиев Алимбек Асенбековичтин ыйгарым укуктары жеке арызы боюнча токтотулган. Мандат убактылуу иштебеген Мыктарбеков Дооронкулга өткөрүлүп берилди. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык кеңеши:  Аттокуров Жылдызбек Кубанычовичтин ыйгарым укуктары жеке арызы боюнча токтотулган. Мандат жеке ишкер Бийзаев Келдибек Четинбаевичке берилди. Токтом "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макамы жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.  КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын БШКсы Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоону дайындады
12.03.2021

Кыргыз Республикасынын БШКсы Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоону дайындады

2021-жылдын 12-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн отурумунда, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоону дайындоо жөнүндө жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен шайлоону 2021-жылдын 26-мартында 9дан 12ге өткөрүү чечимин кабыл алды. Баткен аймактык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы No244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен кайталап шайлоону уюштуру тапшырылды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарынын Кичи Элчилери менен шайлоодо жаштарды жигердештирүү боюнча чараларды талкуулады
12.03.2021

БШК БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарынын Кичи Элчилери менен шайлоодо жаштарды жигердештирүү боюнча чараларды талкуулады

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова жана БУУнун КРдеги ӨПнүн шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарынын Кичи Элчилери менен Кыргызстанда демократиялык шайлоолорду жана шайлоо процесстерин өткөрүүнүн эл аралык стандарттарын талкуулады. БШК башчысы Кыргыз Республикасынын шайлоо тутуму жана шайлоо процесстеринде, жалпы эле өлкөнү өнүктүрүүдө жаштардын ролу жөнүндө жаш активисттерге маек курду. “Кыргызстандагы шайлоолордун өзгөчөлүгү – бул шайлоочулардын тизмесинде жаштардын үлүшүнүн абдан көп экендиги. Үстүбүздөгү жылдын 10-январында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүгө жалпысынан 39,32% шайлоочу келсе, 18 жаштан 31 жашка чейинки жаштардын катышуусу 25,14%ды түздү. Мында Борбордук шайлоо комиссиясы калктын шайлоо процессине ишенимин арттыруу үчүн бардык чараларды көрүүдө. Санарип технологиялары мүмкүн болушунча жогору даражада киргизилүүдө, шайлоочулардын тизмесин түзүү жана шайлоого катышуу биометрикалык негизде жүргүзүлүүдө, бул манипуляцияны жоюп, шайлоочулардын тизмесинин аныктыгын камсыздоодо. Добуштардын натыйжаларын саноо үчүн автоматтык эсептөөчү урналар пайдаланылат жана кол менен саноо жүргүзүлөт. “Тизме” (https://tizme.gov.kg/) порталы ишке киргизилип, анда шайлоочулардын тизмеси облустар, гендер, жаш курактары боюнча ж.б. статистикалык маалыматтар жарыяланып турат, ал маалыматтар шайлоо мезгилинде – күн сайын, шайлоолордун аралыгында ай сайын жаңыланат”, - деди Н. Шайлдабекова. БУУнун КРдеги ӨПнүн шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова шайлоо өткөрүүнүн эл аралык стандарттарына токтолду. “Шайлоо өткөрүүнүн мыкты эл аралык тажрыйбалары төмөнкү критерийлерге негизделген. Мыйзам базасы бардык саясий партиялар жана талапкерлер шайлоо мезгилинде мыйзам алдында теңчиликтин негизинде бири бири менен жүйөлөшүүгө мүмкүнчүлүктөрү болуусун кепилдөөгө тийиш. Оюн эрежелериндеги теңсиздик демократиялык саясий процесстерге бардык жарандардын тең катышуусуна жана ал процесстерде өкүл болуусуна тоскоолдук кылат. Шайлоо өткөрүү органдары талапкерлер менен жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүү үчүн мүмкүн болушунча жогору даражада ачык болууга тийиш, алар өз иш-милдеттерин кесипкөй деңгээлде аткаруулары керек. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүнү жөнгө салуучу так жоболорду иштеп чыгуу зарыл. Мисалы, мамлекеттик ЖМКларда саясий партияларга обо убактысы бирдей көлөмдө берилиши керек. Шайлоонун толук натыйжалары токтоосуз жарыяланып, калктын кеңири катмарына жеткирилүүгө тийиш. Шайлоонун натыйжалары текшерүү үчүн жеткиликтүү болууга тийиш”, - деди ал. Талкуунун жүрүшүндө жаштар курч суроолорду берип, ачык жооп алышты, жетишилген ийгиликтерге жана Кыргызстандагы шайлоолорду мындан ары өркүндөтүү үчүн жасалып жаткан кадамдарга кубангандыктарын билдиришти.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү              
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 12-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
12.03.2021

2021–ж. 12-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:12 -март 2021-ж. Убактысы: 13.30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы ) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жалал-Абад, Токтогул, Аксы жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Баткен шаардык, Лейлек, Жети-Өгүз жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Бишкек жана Ош шаарларынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы ) 5. Ош облусунун Ноокат районунун аймагындагы № 5416 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө (баяндамачы – Абдысатаров Т.З., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 7. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
2273 шайлоо участкаларында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмеси жайгаштырылган
11.03.2021

2273 шайлоо участкаларында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмеси жайгаштырылган

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 20-жылдын 11-апрелинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге дайындалды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Тизме» шайлоочуларынын мамлекеттик порталында - https://tizme.gov.kg/  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо көзөмөл тизмелерин түзүп, жайгаштырды. 2021-жылдын 11-мартына карата көзөмөлдөө тизмелериндеги шайлоочулардын саны: 3 308 813 шайлоочу, анын ичинен 1 583 129 эркек, 1 725 684 аял же 47,85% жана 52,15%. 2021-жылдын 10-мартына карата шайлоочулардын алдын ала тизмесине салыштырмалуу өсүш 4328 шайлоочуну түздү (шилтемедеги таблицада кеңейтилген: tizme.gov.kg). Урматтуу шайлоочулар! 2021-жылдын 27-мартына чейин шайлоочулардын тизмесине кирүү жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн шайлоочулар тизмесинде жеке маалыматтарыңызды көрсөтүңүз: "Тизме" шайлоочулардын мамлекеттик порталында - https://tizme.gov.kg/; Сиздин шайлоо участогуңузда; Паспортуңузда көрсөтүлгөн ПИН-номериңиз менен 119 номерине чалып же SMS жөнөтүү менен (чалуу жана SMS акысыз), сиз шайлоо участогунун номерин жана дарегин аласыз. Эгерде шайлоочулардын тизмесинен кандайдыр бир ката же так эместик табылса, анда 2021-жылдын 27-мартына чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо, паспортун (ID-card), анын көчүрмөсү арызга тиркелет. Добуш берүүчү жайга арыз бергенде, шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт! МААНИЛҮҮ! Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү - шаар, айыл аймагы - жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Жергиликтүү жамаатка мүчөлүк жарандын паспортунда жашаган жерин каттоонун белгиси менен аныкталат. ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2 жана 12-беренелери). Шайлоочулардын тизмесине кирүү жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн жашаган жерин каттоонун дареги көрсөтүлгөн дарекке / паспорттогу жашаган жеринин чипиндеги жазууга дал келиши керек. Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында (Калкты тейлөө борборлорунда, паспорттук бөлүмдөрдө жана ЗАГСтарда) биометрикалык каттоодон өтүп же паспорттук маалыматтарыңызды жаңырта аласыз! 
Кененирээк билүү >>
БШКнын көзөмөлдөөчү жана текшерүүчү тобунун кайтарылып берилген шайлоо аманаттары боюнча маалыматтары
10.03.2021

БШКнын көзөмөлдөөчү жана текшерүүчү тобунун кайтарылып берилген шайлоо аманаттары боюнча маалыматтары

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоосуна катышкан ар бир талапкер БШКнын депозиттик эсебине 1 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн салган. Буга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин жыйырма бир талапкеринен 21 млн сом түшкөн. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 41-беренесине ылайык: Президенттикке талапкерлерге, тизмесин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн саясий партияларга шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет.   1) добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кеминде 1 пайызынын добушун алган адамдар, шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо фондунун түзүлүшүнүн көлөмү жана бардык булактары жөнүндө отчет бергенден кийин, ошондой эле бардык чыгымдардан кийин; 2) эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттин кызмат ордуна талапкерлерин, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алса; 3) шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого мындан ары катышуудан баш тарткандар. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилет. Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүнөн алынган каражаттардын көлөмү, талапкерлерге жана саясий партияларга кайтарылып берилген шайлоо күрөөлөрүнүн көлөмү жана бюджетке которулган сумма жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланат.  Конституциялык Мыйзамдын ушул жоболорунун жана БШКнын токтомдорунун негизинде 3 миллион сом кайтарылды: - Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тарткандыгына байланыштуу эки талапкерге; - шайлоого мындан ары катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу бир талапкерге. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кеминде 1 пайызын алган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге 7 миллион сом, шайлоо бүткөндөн кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, кайтарылып берилди. Борбордук шайлоо комиссиясы, алардын фондун түзүүнүн көлөмү жана бардык булактары жөнүндө отчетту, ошондой эле келтирилген чыгымдардын бардыгын тизмеге ылайык: 1. Жапаров С.Н. 1 000 000 сом, 2. Арстанбек Мыктыбек 1 000 000 сом, 3. Сооронкулова К.С. 1 000 000 сом, 4. Ташов И.А. 1 000 000 сом, 5. Сегизбаев А.К. 1 000 000 сом, 6. Мадумаров А.К. 1 000 000 сом, 7. Тольбаев Б.Л. 1 000 000 сом БАРДЫГЫ 7.000.000 сом. Добуштардын 1% дан азын алган башка талапкерлердин жана шайлоого мындан ары катышуудан баш тарткан талапкердин 11 миллион сомдук шайлоо күрөөсүнүн калган суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине которулган. КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКнын Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу жана коомдук байкоочулар шайлоодо шайлоо фонддорун каржылоонун ачык-айкындыгына мониторингдин жыйынтыгын талкуулашты
10.03.2021

БШКнын Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу жана коомдук байкоочулар шайлоодо шайлоо фонддорун каржылоонун ачык-айкындыгына мониторингдин жыйынтыгын талкуулашты

«Жалпы иш»  КФ шайлоодо талапкерлер тарабынан шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоонун ачык-айкындыгына мониторингдин  натыйжаларын  кѳрсѳттү. Иш-чаранын негизги максаты – шайлоодо талапкерлердин акча каражаттарынын келип түшүшүнүн жана чыгымдалышынын ачык-айкындагын камсыз кылуучу укуктук нормалар жана тажрыйбалар талкууланды. Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун жетекчиси Г.М.  Баатырова Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун иши, банк маалыматтарынын негизинде шайлоо мезгилинде талапкерлердин, саясий партиялардын акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын контролдоо боюнча, финансылык отчетторго аудит боюнча, иштелип чыгып  жаткан  электрондук платформа жана анын колдонулушу боюнча милдеттер жѳнүндѳ баяндады. Ал бул иш-чаранын маанисин жана мамлекеттик органдардын, банк мекемелеринин, жарандык сектордун уюмдарынын ѳкүлдѳрү менен финансылык ачык-айкындык бѳлүгүндѳ мыйзамдарды ѳркүндѳтүү максатында диалогдун актуалдуулугун белгиледи.  Facebookдо саясий жарнамага кеткен чыгымдардын монитороинги маселеси, шайлоо фонддоруна  акча каражаттарын которгондорду талдоо, шайлоо фонддорунун ачык-айкындыгы боюнча презентация менен “Жалпы иш” КФнын ѳкүлдѳрү: тѳрагасы -  А. Суйундуева, СММ аналитиги – М. Алимбаева, шайлоо боюнча  эксперт  - Б. Самаков чыгып сүйлѳштү. Шайлоого коомдук байкоочулар катары   алар мыйзамдардын нормаларына тийиштүү ѳздѳрүнүн кѳз караштарын айтышты. Алардын пикири боюнча: -шайлоо жѳнүндѳгү колдонуудагы мыйзамдарда саясий партиялар  кѳрсѳтүшкѳн талапкерлердин пайдасына алардын акча каражаттарын чегерүүсү так эмес кѳрсѳтүлгѳн, - ѳз ыктыяры менен чегерген демѳѳрчү  адамдардын акча каражаттарынын чыгуу булактарына талдоо жүргүзүүгѳ мыйзам нормалары бѳгѳт болууда, - талапкерлердин шайлоо фондуна демѳѳрчүлүк кылган суммалардын чеги бирдей эмес болууда, - 2020-жылдын ноябрында агитаторлордун жана талапкерлердин ѳкүлдѳрүнүн акысыз негизде кызмат кѳрсѳтүүсүнѳ уруксат берүү бѳлүгүндѳ шайлоолор жѳнүндѳ мыйзамга киргизилген ѳзгѳртүү мыйзамдын башка беренесине карама каршы келип калган, - шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп жарыяланган учурда саясаий партияларга шайлоо күрѳѳсүн кайтарып берүүгѳ байланышкан норма жок,  ж.б.    Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоо жана финансылык ачык-айкындаган  камсыз кылуу боюнча мыйзамдардагы нормалар жѳнүндѳ БШКнын  Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун маалыматы менен БШК КТТ мүчѳсү Раида Баширова чыгып сүйлѳдү. Анын сѳзүндѳ шайлоо ѳнѳктүгүнүн финансылык ачык-айкындыгы Кыргыз Республикасында Ачык Өкмѳттү түзүү боюнча  иш-аракеттердин улуттук планынын стратегиялык милдеттеринин бири болуп саналарына негизги басым жасалды. 2019-жылы шайлоо мыйзамдарына киргизилген ѳзгѳртүү бүгүнкү күндѳ шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоонун ачык-айкындыгынын  эл аралык пинциптерине жооп берет. Президентти шайлоо жѳнүндѳ конституциялык мыйзамдын беренелеринде шайлоо фонддорун түзүү боюнча нормалар так берилген жана мыйзамда белгиленген суммалардын чектерине ылайык демѳѳрчүлѳрдүн ар кандай категорияларынын аларды толукташынын булактары кѳрсѳтүлгѳн. Талапкерлердин, саясий партиялардын акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жѳнүндѳ маалыматтарды жарандык коомго,кызыктар тараптарга берүү саясий ѳнѳктүктүн ачыктыгын ѳнүктүрүүнүн алгачкы кадамдары болуп саналат. Жакынкы убакты иштей турган электрондук платформаны түзүү каржылоонун ачык-айкындыгы үчүн кийинки кадам болуп саналат. Бул акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын, демилгечи топтордун шайлоо фонддорунун акча каражаттары боюнча маалыматтарды камтыйт жана чагылдырат, ыфинансылык отчетторду түзүү, чыгашалар сметасын пландоо мүмүкүнчүлүгүн берет, шайлоону, референдумду уюштурууга жана ѳткѳрүүгѳ республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн каражаттар боюнча эсеп жүргүзүүгѳ жана отчет берүүгѳ жардам берет. Аны ишке киргизүү мультипликативдик натыйжа берет: бул жерде болуп ѳткѳн жана боло турган бардык шайлоо ѳнѳктүгүнүн бардык шайлоо фонддору боюнча бардык маалыматтар сакталат,  бул фискалдык, укук коргоо органдары үчүн аган эмес, ошондой эле бардык жаран-шайлоочуга шайлоо фонддоруна ѳз ыктыяры менен акча чегеришкен жарандардын тѳгүмдѳрүнүн легитимдүүлгүн иликтѳѳ үчүн жакшы негиз болуп саналат, бул саясий партиялардын ишинин толук финансылык ачык-айкындыгынын комплексинде алардын каржысын чагылыдыруу үчүн аянтча болушу абзел. Андан ары ал шайлоо мезгилиде БШК кеңири маалыматтык ѳнѳктүктү жана окутуу тренингин ѳткѳрѳрүн, анын максаты ЖМК жана коомчулукка талапкердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорун каржылоонун ачыктыгы бѳлүгүндѳ мыйзам нормаларын тааныштыруу гана эмес, ошондой эле саясий ишмердикти каржылоо системасы  канчалык ачык-айкын болсо, ал ошончолук коррупцияга чалдыкпай тургандыгын шайлоо процессинин катышуучуларынын жакшылап түшүнүүсүнѳ жардам берерин белгиледи. БШК каржылоонун ачыктыгын саясий ѳнѳктүктү ѳткѳрүүнүн маанилүү компоненти деп эсептейт. Кабыл алынган чаралар ѳлкѳ жана БШК үчүн   келечекте бул процессти андан ары ѳркүндѳтүүдѳ маанилүү. Жалпысынан презентацияланган материалда  иш-чарада кѳтѳрүлгѳн дээрлик бардык маселелер боюнча жооп камтылган, бирок    БШК КТТ мүчѳлѳрү менен “Жалпы иш” КФнын эксперттеринин ортосунда  пикирлер дал келген жок. Талкуулоонун жүрүршүндѳ тегерек столдун катышуучулары социалдык түйүндѳр аркылуу үгүт жүргүзүү жана бул каражаттарды финансылык отчеттун ѳзүнчѳ сабына киргизүү, электрондук капчыктары пайдалануу мүмүкүнчүлүгү  боюнча, чет ѳлкѳлѳрдѳн акча которуу боюнча, шайлоо фонддоруна жана шайлоо штабдарында и штеп жатышкан адамдарга  салык салуунун бирдиктүү механизмин белгилѳѳ боюнча,  эң башкысы – саясий партиялардын укуктук маданиятын кѳтѳрүүнүн жана талапкерлердин аң-сезимин жогорулатуунун зарылчылыгы, саясий жактан калыс, акыйкат жана каржылык жактан  ачык иштѳѳ боюнча ар түрдүү маселелерди кѳтѳрүштү. Иш-чаранын соңунда Г.М. Баатырова ѳткѳн шайлоолордо талапкерлердин шайлоо ѳнѳктүгүнѳ монитроинг жүргүзгѳндүгү үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирүү менен, шайлоолорду ѳткѳрүүгѳ байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча финасылык отчетторго жасалган  сунуштар иликтѳѳгѳ алынарын жана шайлоо укугун андан ары ѳркүндѳтүүдѳ жана шайлоо ѳткѳрүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу процессинде эске алынарын белгиледи. КР  БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
Улуттук форумдун делегаттарына аялдардын саясатка катышуусун кеңейтүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу боюнча КР БШК тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди
10.03.2021

Улуттук форумдун делегаттарына аялдардын саясатка катышуусун кеңейтүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу боюнча КР БШК тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди

Бүгүн, 10-мартта, Бишкекте Кыргызстанда аялдар кыймылынын 95 жылдыгынын урматына Кыргыз Республикасындагы БУУ системасы уюштурган “Аялдар лидерлиги:жаңы доорго умтулуу”  улуттук форуму болуп ѳттү. Улуттук форумдун темасы аялдардын абалы боюнча БУУнун Комиссиясынын 65-сессиясынын артыкчылыктуу темасы – “Аялдар жетекчилик кызматтарда: дүйнѳдѳгү COVID-19да бирдей жетишкендик” Эл аралык аялдар күнүнѳ карата улуттук компания менен үндѳшүп турат. Форумда кризистик шарттарда аялдардын лидерлиги жѳнүндѳ диалог болду (ѳлкѳдѳгү туруктуу эмес кырдаал – конституцияны ѳзгѳртүүгѳ аракеттер, башкаруу системасы – аялдардын укуктарын жана эркиндигини жүзѳгѳ ашыруунун оң жана терс жактары). Форумда Кыргыз Республикасы 1994-жылы жарандык жана саясий укуктар жѳнүндѳ эл аралык пактына ратификациялагандыгы белгиленди, ошентип бирдей жарандык жана саясий укуктарды, добуш берүү жана шайлануу укугун камсыз кылууга, ошондой эле дискриминациядан бирдей коргоону камсыз кылууга  макул болду.  1996-жылдан баштап Кыргыз Республикасы аялдарга карата дискриминациянын бардык түрүн жоюу жѳнүндѳ Конвенцияны жана аракеттердин Пекин платформасын кошуп алганда,  адам укугу боюнча эл аралык документтердин негизинде адамдан укуктарын кеңейтүү, коргоо жаатында эл аралык милдеттенмени алган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасы Нуржан Шайлдабекова Кыргызстан аялдарга карата эл аралык милдеттенмелерди сактап жаткандыгы жѳнүндѳ маалымдады. “Үстүбүздѳгү жылдын 11-апрелинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлѳт, шайлоодо биринчи ирет масштабдык деңгээлде аялдар үчүн 30% квотаны коргоо механизми колдонулат.  Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы 2015-жылдан тартып ийгилктүү реформалоо жана демократташтыруу процессинде болууда. Бүгүнкү күндѳ бир катар ийгиликтер бар. 2018-2020-жылдарда шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарды ѳркүндѳтүүнүн стратегиясын  ишке ашыруу алкагында 2019-жылдан баштап саясатка аялдардын бирдей катышуусу үчүн мыйзам деңгээлинде шарттарды камсыз кылуу боюнча атайын чара катары айылдык кеңештердин аял депутаттары үчүн 30% квотаны резервдѳѳ каралган. Жогорку Кеңештин жана шаардык кеңештердин деңгээлинде 2011-жылдан тартып талапкерлердин тизмесинде аял талапкерлер үчүн 30% резердѳѳ каралган. Бирок процессте, добуш бергенден кийин, аял депутаттар талапкерлердин тизмесинен “жуулуп чыга” баштаган.  Бул милдетти чечүү үчүн талапкерлерди каттоо этабында бул норманын сѳзсүз сакталышы боюнча шайлоодон кийин аялдардын квотасын сактоону коргоо максатында бир катар мыйзамдык чаралар кабыл алынды. Мында айылдык кеңештер үчүн аялдар ѳкүлчүлүгүнүн деңгээли  ѳтѳ эле тѳмѳн. Айылдык кеңеш мажоритардык системада шайланат, ошондуктан бүгүнкү күндѳ ал жерде аялардын ѳкүлчүлүгү 11пайыздан  тѳмѳн. Аялдар үчүн 30% квотаны резервдѳѳ жѳнүндѳ норма кабыл алынгандан кийин,  2019-жылдын 22-сентябрында болуп ѳткѳн Ысык-Кѳл облусунун Саруу айылдык кеңешинин дептуттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо учурунда аны колдонуунун ийгиликтүү тажрыйбасы бар. Баардыгы болуп 79 талапкер, анын ичинен 16 – аял талапкер  катталган. Квота боюнча айылдык кеңештин 21 дептутатынын ичинен 9 аял шайланган, бул депутаттардын жалпы санынын 42,85 % түзѳт. Алдын ала талдоо боюнча ѳтүүчү шайлоолордун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештерге аялдардын ѳкүлчүлүгүнүн квотасын колдонуунун эсебинен 38% чейин кѳбѳйүүгѳ тийиш, бул жергиликтүү деңгээлде дээрлик тѳрт эсе ѳсүү дегенди билдирет. Азыр активдүү шайлоо процесси жүрүүдѳ, аялдар жергиликтүү кеңештерге шайлануу жана жергиликтүү деңгээлдеги саясий процесстерге олуттуу таасир этүүнүн уникалдуу  мүмкүнчүлүктѳрүн алышууда. Ошону менен бирге аялдардын сандык жагынын ѳсүүсү сапаттык жана натыйжалуу ѳсүүгѳ айланышы үчүн комплекстүү чечимдер зарыл. Стратегияда саясатка аялдардын катышуусун кеңейтүүнүн туруктуулугун камсыз кылууга багытталган окутуучу жана маалыматтык чаралар да каралган.  Эл аралык ѳнѳктѳрдүн – БУУ –Аялдар, БУУ Өнүктүрүү Программасы, ОБСЕ программалык офиси жана башкалардын колдоосунда, ошондой эле жарандык коомдун ѳкүлдѳрү менен тыкыс ѳз ара аракетте  маалыматтык-билим берүүчү иш-чаралар ѳткѳрүлүүдѳ”-деди ал. Форумдун ишине бүткүл ѳлкѳнүн 100дѳн ашык лидер аялдары жана активистери, элчилер, жарандык коомдун мүчѳлѳрү жана эл аралык уюмдардын ѳкүлдѳрү катышты. Маалымат иретинде: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесине ылайык жарандар активдүү жана пассивдүү шайлоо укугуна ээ. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесине ылайык, мамлекет мыйзамда белгиленген ар кайсы социалдык топтордун мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, анын ичинде чечим чыгаруу деңгээлинде өкүлчүлүгү үчүн шарттарды түзөт. 16-берене (4) Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ. (2) эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кайсы социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталып, мыйзамда белгиленген атайын чаралар кодулоо деп эсептелбейт. Бир мандаттуу округдардан шайланган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын гендердик курамын талдоо соңку 10 жылда депутат аялдардын үлүшү 24тѳн 11% чейин кыскарган. Бүгүнкү күндѳ республика боюнча бардыгы болуп 448 жергиликтүү кеңеш бар, мандаттардын саны 8722 түзѳт, алардын ичинен 7783  (89,23%) эркек жана 933 (10,69%) аялдар түзѳт. Алардын ичинен          - 31 шаардык кеңештерде: мандаттардын баары  879, алардын 709 (80,65%) эркектер жана  170 (19,3%) аялдар.            - 453 айылдык кеңештерде: мандаттардын баары 7843, алардын ичинен  7125 (90,4%) эркектер жана  718 (9,6%) аял депутаттар. Пропорционалдык система менен шайланган Жогорку Кеңештин жана шаардык кеңештердин деңгээлинде кѳптѳн бери эле саясий партиялардын бир жыныстагы талапкерлердин 70% ашык эмес ѳкүлчүлүгүн милдеттүү эсепке алуу тууралуу эреже колдонулуп келет, мында бир партиядан аялдар менен эркек талапкерлеринин тизмесиндеги кезектин айрымачылыгы Жогрку Кеңеште  - үч позициядан, шаардык кеңештерде эки позициядан ашпоого тийиш. Айылдык кеңештерде аялдардын ѳкүлчүлүгүнүн тѳмѳн болушуна байланыштуу шайлоо мыйзамдарына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү аркылуу «атайын чараларды» кабыл алуу чечилген. 2018-2020-жылдарда шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарды ѳркүндѳтүүнүн стратегиясынын алкагында мыйзам чыгаруу чаралары тѳмѳндѳгү багыттарда жүзѳгѳ ашырылган: 1.Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүү үчүн ар бир айылдык кеңеш боюнча аялдар үчүн айылдык кеңештердин депутаттарынын 30% кем эмес мандаттары резервге алынат. Аялдар үчүн резервге алынган мандаттардын саны тийиштүү шайлоо округундагы мандаттардын жалпы санына жараша болот: 1) 2 жана 3 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат; 2) 4,5,6  мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат; 3) 7,8,9,10 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат; 4) 11,12,13  мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат; 5) 14,15,16  мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо резервге калтырылган мандаттар талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат. 2. Гендердик квотаны сактоо боюнча коргоо чаралары – бошогон мандатты аялдан аялга ѳткѳрүп берүү механизми  кошулган: Пропорционалдык системада шайланган депутаттын ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган учурда, анын мандаты кийинки катталган талапкерге тѳмѳндѳгүдѳй берилет: - аял жынысындагы депутат ыйгарым укуктарын токтоткон учурда, аял жынысындагы талапкерлердин ичинен; - эркек жынысындагы депутат ыйгарым укуктарын токтоткон учурда, эркек жынысындагы талапкерлердин ичинен. Талапкерлердин тизмесинде тийиштүү жыныстагы адам жок болгон учурда, депутаттын мандаты ошол эле тизмедеги кезек боюнча кийинки талапкерге берилет. Резервдеги мандаттын негизинде мандат алган аял депутат ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон учурда, мандат тийиштүү шайлоо округунда шайлоочулардын добуштарынын кыйла кѳбүн алган аял депутатка берилет. Эгерде аял талапкерлер калбай калса, мандат калган талапкерлердин ортосунда бѳлүштүрүлѳт. Мындан тышкары, гендердик квотаны сактоо талапкерлердин тизмесинен чыгуу  жана ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу (КР ЖК -2016-ж., жергиликтүү кеңештерге – 2019-ж.)  жѳнүндѳ арызды милдеттүү түрдѳ ѳзү келип берүү боюнча норманы, ощондой эле шаардык кеңешке кезексиз  талапкерге (2019-ж.) мандатты берүү жѳнүндѳ партия чечим кабыл алган учурда талапкерлер тарабынан каршы пикир жок болушун шайлоо комиссияларынын милдеттү түрдѳ эсепке алуусу тууралуу нормаларды кабыл алууга кѳмѳктѳштү. Ошондой эле бир катар  жаңы жоболор шайлоо мыйзамдарына киргизилди, алар шайлоодо аялдардын укуктарын коргоону камсыз кылат, мапселен: Депутаттын ыйгарым укуктарын билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун мамлекеттик же муниципалдык мекемелеринин жетекчисинин кызмат орду менен айкалыштырууга тыюу салуу алып салынды; Депутаттыкка талапкерликке катталган күндѳн тартып 5 күндүн ичинде программасын сунуш кылат, ал КР БШК сайтына жарыяланат жана шайлоо участкалрына илинет. КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 244 246 … 483