Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКсында 1255 кыска номери аркылуу колл-борбору иштеп жатат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 1255 (телефон чалуу бекер) - кыска номери аркылуу колл-борбору иштеп жатат.
Түз байланыштын ишмердиги алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум (жалпы элдик добуш берүү) маселелери боюнча маалымат берүү жана консультация берүүгө багытталган.
Колл-борбордун операторлорун тандоодо БУУнун ден соолугунан кемтилгеси бар адамдардын жана майыптуулугу бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенциянын эмгекке жана ишке болгон жоболору эске алынган. Ошондой эле ушул категориядагы калк үчүн инклюзивдүү шайлоо процессин өркүндөтүү да эске алынган.
Колл-борбордун операторлору болуп мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, аялдар, жаштардын өкүлдөрү жана түрдүү этникалык топтордун өкүлдөрү иштешет. Алар атайын даярдыктан өтүшүп, шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоого жана референдумга катышуунун тартиби жөнүндө суроолорго жооп бере алышат.
Колл-борборго бардык чалуулар 1255 кыска номерине уюлдук телефон аркылуу жана катталган номерлерден чалуу -бекер.
Коомдук кабылдама - 0(312) 660240
Колл-борбордун иш графиги 9:00дөн 18:00гө чейин дем алышсыз.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКда чет өлкөлөрдө референдумду даярдоо жана өткөрүү маселелери талкууланды
Чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыздоо боюнча Жумушчу топ 2021-жылдын 15-мартындагы кезектеги жыйналышында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары референдумду даярдоо жана өткөрүү маселелерин талкуулады.
Күн тартибине чет өлкөлөрдө референдум участкаларын түзүү, референдумдун катышуучуларынын тизмелерин толук жана анык түзүүнү камсыздоо, ошондой эле керектүү жабдыктарды, документтерди жана жеке коргонуучу каражаттарды жеткирүү маселелери киргизилди.
БШК төрагасы жыйналыштын катышуучуларына КР БШКнын 2021-жылдын 14-мартындагы № 65 токтому менен БШКнын мурдагы – 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 370 токтому менен түзүлгөн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо участкалары Кыргыз Республикасынын референдумунун участкалары катары бекитилгендигин маамымдады. Ушуга байланыштуу ТИМ айрым мамлекеттердеги эпидемиологиялык кырдаалды жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын реформаланышын эске алуу менен өз убагында сунуштарды киргизүүсү зарыл. Ошону менен бирге Жумушчу топ мурда түзүлгөн референдум участкаларынын санын сактоо зарылдыгын белгиледи.
Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык чет өлкөлөрдөгү референдумдун катышуучуларынын тизмеси «Консулдук каттоо» АМТ маалыматтарынын негизинде түзүлөт, ошондуктан Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук каттоого турган, чет өлкөлөрдөгү референдумдун катышуучуларынын актуалдашкан тизмесин түзүү үчүн мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттоодон өткөн референдумдун катышуучулары тууралуу маалыматтарды кыска мөөнөттүн ичинде берүү ТИМге жана МККга тапшырылды.
Жыйналыштын жүрүшүндө 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумду өткөрүүдө кошкон салымдары үчүн КР ТИМдин, МККнын (ГРС) жана ММКнын (ГСМ) өкүлдөрүнө КР БШКнын ыраазычылык каттары тапшырылды.
Маалымат үчүн: БШКнын, КР ТИМдин, МККнын ж.б. бир катар мамлекеттик органдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү Чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыздоо боюнча Жумушчу топтун мүчөлөрү болуп саналат. Жумушчу топ өз ишин КР БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылуу жѳнүндѳ” Жобого ылайык жүргүзөт.
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
11-апрелдеги шайлоого катышуучу бардык партиялардын талапкерлеринин тизмелери БШК сайтында жеткиликтүү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы үстүбүздөгү жылдын 11-апрелине дайындалган шаардык кеңештерге шайлоого катышуу үчүн катталган бардык 28 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелерин өз сайтына жайгаштырды.
https://shailoo.gov.kg/ru/vybory-aprel-2021/spiski-kandidat-politpartij-28-gorkenes/ шилтемеси боюнча тизмелер менен таанышууга болот. Айрым кеңештер боюнча маалыматтар дагы толукталууда.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелерин каттоо 2021-жылы 11-мартта аяктады.
Аймактык шайлоо комиссиялары 56 партиянын талапкерлеринин тизмелерин каттады.
Катталган талапкерлердин жалпы саны 11 782 адамды түздү. Алдыда 28 шаардык кеңешке бардыгы 796 депутат шайланышы керек.
Ошентип, орточо алганда бир бош мандатка 14төн ашык талапкер ат салышат, партиялардын жана талапкерлердин кыйла көп саны борбордо: 1 орунга – 25 партия жана 40 талапкер. Партиялардын жана талапкерлердин кыйла аз саны Көк-Жаңгакта: 1 орунга – 3 партия жана 5 адам.
Алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шайлоо алдындагы программаны КР БШКнын расмий сайтында милдеттүү түрдө жайгаштыруу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына коюлган талап алгач ирет ишке ашырылат.
Катталган бардык саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелерин жайгаштыруудан тышкары, шайлоочуларга аң-сезимдүү тандоого кепилдик берүү үчүн КР БШК саясий партиялардын программаларын дагы жайгаштырат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо партиялардын бюллетендеги кезектүүлүгү аныкталды
Бүгүн – 2021-жылы 15-мартта Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катталган саясий партиялардын ортосунда шайлоо бюллетенге киргизүү үчүн кезектүүлүктү аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү.
Чүчүкулактын натыйжасы боюнча саясий партиялардын шайлоо бюллетендериндеги кезектүүлүгү:
“Улутман” с/п
“Ыйман Нуру” с/п
“Биздин эл” с/п
“ Кыргызстандын демократиялык кыймылы ” с/п
“Замандаш” с/п
“Улуу-Журт” с/п
“Ишеним” с/п
“Тандоо эркиндиги” с/п
“Эл бийлиги” с/п
“ Кыргызстандын коммунисттер партиясы” с/п
“Социал-демократтар” с/п
“Ата-Журт Кыргызстан” с/п
“Республика” с/п
“Айкөл Кыргызстан” с/п
“Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы” с/п
“Тынчтык” с/п
“Кыргызстан” с/п
“Кыргызстандын жашылдар партиясы ” с/п
“Ак Бата” с/п
“Кыргызстандын социалисттик партиясы” с/п
“Бүтүн Кыргызстан” с/п
“Эмгек” с/п
“Реформа” с/п
“Ынтымак” с/п
“Патриот” с/п.
Чүчүкулакка катталган саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты.
Ошондой эле бул күндөрү республиканын 28 шаарында аймактык шайлоо комиссиялары шаардык кеңештерге шайлоого катталган саясий партиялардын ортосунда шайлоо бюллетенге киргизүү үчүн кезек номурун аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүдө.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ноокат АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 14-мартындагы жыйынында Ноокат аймактык шайлоо комиссиянын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом кабыл алды.
- комиссия курамынан “Замандаш” саясий партиясынын өкүлү Тургунбаев Өмурбек Жоробаевич чыгарылсын;
- комиссиянын резервинен курамына жергиликтүү башкаруу органдарынан Юлдашов Розали Турсуналиевич киргизилсин.
Чечим Ноокат аймактык шайлоо комиссиянын өкүлү Тургунбаев Өмурбек Жоробаевичтин Ноокат аймактык шайлоо комиссиянын курамынан жана резервинен чыгаруу жөнүндөгү арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7, 18, 19 беренелерине, “Жергиликтүү башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР БШКнын 2011-жылдын 18-октябрында №375-токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү жана алып баруунун тартиби жөнүндө” жобого ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкаларын бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 14-мартындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомдору менен түзүлгөн шайлоо участкалары, 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкаларын бекитти.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 5, 2020-жылдын 30-январындагы №№ 14, 15, 16, 17, 18, 19, 20, 2020-жылдын 11-февралындагы № 35 токтомдору менен Кыргыз Республикасынын аймагында шайлоо участокторунун схемалары жана чек аралары бекитилген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 370 токтому менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участоктору түзүлгөн.
Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21, 48-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы №6 Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 20-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 14-мартындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучуларына кайрылуусунун текстин бекитүү жѳнүндѳ чечим кабыл алды.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемдеринин талаптарына жараша, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчилике алып, жарандарга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык эмес уюмдарга, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучуларына маалымдоо максатында кабыл алынды.
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү, мамлекеттик органдардын жана жергилитүү ѳз алдынча башкаруу органдардын, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучулары!
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2021-жылдын 11-апрелинде, жекшемби күнү “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындалды.
Белгиленген Мыйзамдын 3-беренесинде добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилүүчү суроонун тѳмѳнкүдѳй баяндалышы бекитилген:
«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгѳ) чыгарылган долбоор кабыл алынсын, “МАКУЛ”, “КАРШЫ”, (Өзүңүз тандаган жоопко чарчыда тийиштүү белги коюуңуз).
Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен тыкыс ѳз ара аракетте референдумду ѳткѳрүүнү уюштурууну, мыйзамдардын сакталышын кѳзѳмѳлдѳѳнү, аны даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшү жѳнүндѳ коомчулукту маалымдоону камсыз кылуу каралган.
Кыргыз Республикасынын Конституицясында Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат жана өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат. Эркин шайлоолор менен бирге референдум түздѳн түз эл бийлигин билдирүү болуп саналат.
Мында референдум мурда 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүү күнү болуп ѳтѳт.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!
Референдумдун катышуучуларынын тизмесине 18 жашка чыккан, добуш берген күнү активдүү шайлоо укугуна ээ жана «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоодон ѳткѳрүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон ѳткѳн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга катышууга укуксуз.
Биометрикалык каттоодон ѳтпѳгѳн жарандар бул жол-жободон жашаган жери боюнча Калкты тейлѳѳ борборлорунан (КТБ) жана жарандык абалды каттоо актысы, калкка паспорт берүү жана каттоо органдарынан (Мамлекеттик каттоо кызматынын ведомстволук түзүмдѳрүнѳн) ѳтсѳ болот.
Референдум Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнү чогуу ѳткѳрүлүп жаткандыгынан улам мурда «Тизме» www.tizme.gov.kg. мамлекеттик порталында жана шайлоо участкаларында жайгаштырылган жана күн сайын актуалдаштыруу режиминде турган шайлоочулардын алдын ала тизмеси референдумдун катышуучуларынын алдын ала тизмеси катары колдонулат. Сиз ѳзүңүз жѳнүндѳ маалыматтарды жогоруда кѳрсѳтүлгѳн «Тизме» порталынан шайлоо участкасына келип, ошондой эле 119 номерине кайрылуу менен (телефон чалуу акысыз) тактасаңыз болот.
Кандай гана болбосун каталар же так эместиктер байкалган учурда, ошондой эле референдумдун катышуучуларынын тизмесинде ѳзүңүз жок болгон учурда, Сиз добуш берген күнгѳ чейин 15 календардык күндѳн кеч эмес, б.а. 2021-жылдын 27-мартына чейин паспорттун (бардык түрдѳгү) кѳчүрмѳсүн тиркеп, белгиленген үлгүдѳгү арыз менен тийиштүү шайлоо комиссиясына кайрылууга укугуңуз бар.
Кыргыз Республикасынын тышкары жашаган же жүргѳн, консулдук эсепте турган жана биометиркалык каттоодон ѳткѳн жаран автоматтык түрдѳ шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилет.
Добуш берген күнү Кыргыз Республикасынын тышкары убактылуу жашаган же жүргѳн жарандар добуш берген күнгѳ чейин 15 календардык күндѳн кеч эмес, б.а. 2021-жылдын 27-мартына чейин Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун кѳчүрмѳсүн тиркѳѳ менен, белгиленген үлгүдѳгү арызды тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү аркылуу шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниетин билдирүүгѳ укуктуу. Мындай учурда жаран биометиркалык идентификациядан ѳтѳт.
Шайлоо участкасына арыз бергенде жаран биометиркалык идентификациядан ѳтѳт.
Арызды “Шайлоочунун кабинети” сервизи аркылуу www.tizme.gov.kg сайтына электрондук форматта берсе да болот. Мындай учурда шайлоочу идентификациялоонун бирдиктүү системасынын негизинде авторлоштуруудан ѳтѳт!
Референдумда добуш берген күнү референдумдун катышуучуларынын тизмесине кирген жарандар гана добуш берүүгѳ укуктуу экендигин эсиңиздерге салабыз. Добуш берген күнү – 11-апрелде биометиркалык идентификациядан ѳткѳндѳн кийин ар бир катышуучу идентификация тууралуу 2 чек алышат, алар 2 бюллетенге: Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого добуш берүү үчүн бюллетенге жана референдумга добуш берүү үчүн бюллтенге алмаштырылат.
Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү!
«Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Референдумду даярдоону жана өткөрүүнү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укуктарын ишке ашырууну жана коргоону төмөнкүлөр жүзөгө ашырары белгиленген:
- Борбордук шайлоо комиссиясы;
- шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссиялары (мындан ары - аймактык шайлоо комиссиялары);
- шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары жана рефрендумга катышууга укугу бар, жарандардын убактылуу жүргѳн жерлеринде түзүлүүчү участкалык шайлоо комиссиялары (мындан ары - участкалык шайлоо комиссиялары).
Аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактоо боюнча биринчи кезектеги чараларды кабыл алуусу, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана референдумда жарандардын катышуусунун тартиби жана жол-жоболору боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл.
Рефрендумдун участоктору, алардын схемасы жана чек аралары Кыргыз Республикасынын шайлоолор жѳнүндѳ жана шайлоо комиссиялары тууралуу мыйзамдарына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилерин эсиңиздерге салабыз.
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2020-жылы январда 5 жылдык мѳѳнѳткѳ бекитилген шайлоо участоктору, алардын схемасы жана чек аралары ошондой эле референдумдун участкалары катары эсептелинет.
Шайлоо комиссиялары ѳздѳрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө ушул конституциялык Мыйзамды бузуулар жөнүндө аларга келип түшкөн кайрылууларды өз ыйгарым укуктарынын чектеринде кароого, ошол кайрылуулар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана кайрылууларга жазуу жүзүндө, бирок добуш берүү күнүнүн мурдагы күнүнөн кечиктирбестен 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - жоопторду токтоосуз берүүгө милдеттүү.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдардын өкүлдөрү!
«Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга тѳмѳндѳгүдѳй көмөк көрсөтүүгө милдеттүү:
- зарыл жабдууларды, транспорт каражаттарын берүүгѳ;
- жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (стенддерди, үкөктөрдү, добуш берүү үчүн кабиналарды ж.б.), референдум өткөрүү боюнча документтерди жогору турган шайлоо комиссиясына же болбосо архивге бергенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыз кылууга;
- үзгүлтүксүз телефон, интернет байланыштары, электр (жарык берүү системасы альтернативдүү булакка ээ болууга тийиш), жылуулук менен жабдууну камсыз кылууга;
- зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды берүүгө;
- референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына жоопторду кечиктирбестен берүүгө, тиешелүү маселени кошумча иликтөө же текшерүү зарыл болгондо - 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - токтоосуз жооп берүүгө милдеттүү.
«Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 5-пунктуна ылайык, добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Пандустардын жана жѳлѳнгүчтѳрдүн болушу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн жеткиликтүүктү камсыз кылуунун жолдорунун бири болуп саналат.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары шайлоочулардын жана рефрендумдун катышуучуларынын тизмесин тактоо, референдумда жарандардын катышуу тартиби жана добуш берүүсүнүн жол-жоболору боюнча малыматтык-түшүндүрүү иштерин жѳргүзүү боюнча аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ милдеттүү.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары үгүт жүргүзүү мезгилинде «макул» топторуна, «каршы» топторуна жарандар менен чогулуштарды жана жолугушууларды уюштурууда, эл алдындагы дебаттарда, талаш-тартыштарда, минтингдерде, демонстрацияларда жана жүрүштѳрдѳ бирдей шарттарда кѳмѳктѳшүүгѳ, массалык иш-чараларды ѳткѳрүүдѳ коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.
Үгүт жүргүзүү топторунун тапшырыгы боюнча мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган орун-жайлар менчик ээлери, ээлик кылуучулар тарабынан шайлоо комиссиясы белгилеген убакта үгүт жүргүзүү топторунун шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн акысыз берилет.
Ошондой эле референдумду ѳткѳрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары рефрендум дайындалган күнгѳ чейин 10 календардык күндүн ичинде, б.а. 2021-жылдын 22-мартына чейин ар бир участканын аймагында басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн атайын жайларды бѳлүүгѳ жана даярдоого милдеттүү.
Урматтуу жарандар, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, референдумдун катышуучулары!
Үгүт жүргүзүүгѳ катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга чыгарылган маселе боюнча «макул» тобун же «каршы» тобун түзүүгѳ укуктуу. Көрсөтүлгөн топтор Борбордук шайлоо комиссиясына каттоо жөнүндө сунуштама менен кайрылышат, анда топтун мүчөлөрүнүн, ошондой эле топтун атынан аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын фамилиясы, аты жана атасынын аты, туулган датасы, жашаган жеринин дареги, паспортунун же аны алмаштыруучу документтин сериясы жана номери көрсөтүлүүгө тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен үгүт боюнча топту каттайт. Демилге тобу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин «макул» тобу, «каршы» тобу финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлүн дайындоого укуктуу. Ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү дайындалгандан кийин «макул» тобу, «каршы» тобу референдумду демилгелѳѳ, референдум ѳнѳктүгүнүн жүрүшүндѳ үгүт жүргүзүү боюнча ѳнѳктүктү каржылоо үчүн ѳзүнүн фонддорун түзүшѳт.
Референдумга коюлган маселе боюнча үгүт жүргүзүү добуш берүү күнүнө чейин 24 саат калганда аяктайт.
Референдум маселеси боюнча тѳмѳндѳгүлѳрдѳ үгүт жүргүзүлүшү мүмкүн:
Телерадио уктуруу уюмдарынын каналдарында жана мезгилдүү басма сѳз басылмаларынын беттеринде;
Массалык иш-чараларды (чогулуштарды, жолугушууларды, эл алдында дебаттарды жана талаш-тартыштарды, митирнгдерди, демонстрацияларды, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кѳчѳ жүрүштѳрүн) ѳткѳрүү аркылуу;
басылма, аудиокѳрүү жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таркатуу аркылуу.
Мамлекеттик телерадио уюмдары референдумга коюлган маселе боюнча үгүт жүргүзүү үчүн "макул" топко, "каршы" топко бирдей шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
«Макул" топ, "каршы" топ мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында өздөрүнө обо убактысын акысыз алууга укуктуу. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалар эң көп аудитория чогулуучу - саат 20-00дөн 24-00гө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.
Мамлекеттик басма сөз басылмаларынын редакциялары референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн "макул" топту, "каршы" топту А4 форматынын бир бетинен кем эмес өлчөмүндө акысыз басма сөз аянты менен тең шарттарда камсыз кылууга милдеттүү. Мамлекеттик эмес мезгилдүү басма сөз басылмалары "макул" топко, "каршы" топко басма сөз аянтын акы төлөө менен тең негиздерде берүүгө милдеттүү. Мында басма сөз аянтынын наркы референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенге чейин 6 айдан мурда алынып келген баадан ашуусу мүмкүн эмес.
Телерадио уюмдарынын каналдарында обо убактысы "макул" топко, "каршы" топко бирдей негиздерде топтун өз фондунан акы төлөө менен, ал эми «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамда каралган учурларда акысыз берилет.
Үгүт жүргүзүүгѳ катышуу үчүн басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана шарттары жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн басма сөз аянтын берүүгө даяр экендиги жөнүндө кабарлоо менен, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 22-мартына чейин мезгилдүү басма сөздүн тиешелүү редакциясы тарабынан жарыяланууга тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясында аккредациядан ѳткѳндѳн кийин жалпыга маалымдоо каражаты үгүт жүргүзүүгѳ катышууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоону жана ѳткѳрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуу үчүн мурда аккредитациядан ѳткѳн жалпыга маалымдоо каражаты аккредитациядан ѳткѳндүгү жана рефрендумду ѳткѳрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуусу жѳнүндѳ КР БШКга жазуу жүзүндѳ маалымдама берүүсү тийиш.
Обо убактысын берүү үчүн акынын өлчөмү "макул" топ жана "каршы" топ үчүн бирдей болууга тийиш."Макул" топко, "каршы" топко берилүүчү акы төлөнүүчү обо убактысынын наркы референдум дайындалган күнгө чейин 6 ай мурда алынып келген нарктан ашык болуусу мүмкүн эмес.
Макул" топтун жана "каршы" топтун сүйлөп жаткан сөздөрүн бөлүүгө, ошондой эле аларды кандайдыр бир чечмелөөлөр менен коштоого тыюу салынат.
Мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларга, кызмат орундук жана кызматтык милдеттерин аткарган учурда аскер кызматчыларына; кайрымдуулук уюмдарына жана диний бирикмелерге; шайлоо кломиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ; жарандарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана чет мамлекеттик уюмдарга; жарандыгы жок адамдарга; эл аралык уюмдарга жана эл аралык коомдук кыймылдарга үгүт жүргүзүүгѳ, бардык үгүт материалдарын жайылтууга тыюу салынат.
Үгүт жүргүзүүдѳ социалдык, диний, расалык, улуттук жек кѳрүүчүлүктү жана душмандыкты козгоочу үгүткѳ, бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү күч менен ѳзгѳртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыгына, согушуту пропогандалоого, башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрѳтүн - жана видеоматериалдарын пайдаланууга жол берилбейт.
Рефрендум ѳткѳрүү боюнча комиссиялардын ишиндеги ачык-айкындыкты жана шайлоо стандарттары боюнча эл аралык милдеттенмелерди сактоо алкагында рефрендумдун жүрүшүнѳ байкоо жүргүзүү үчүн жергиликтүү, эл аралык байкоочуларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына мыйзамда мүмкүнчүлүк берилет. «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамында жергиликтүү, эл аралык байкоочулардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктары жана милдеттери, ошондой эле аларды дайындоонун жана аккредитациялоонун тартиби кеңири баяндалган.
Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдардын, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучулары!
Референдум бул мамлекет үчүн, ар бир жеке жаран үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда элдин катышуусунун бир жолу болуп саналат, ал эми мыйзам долбоорлорун бүткүл элдик добуш берүүгѳ чыгарууда – референдум элдин түздѳн түз укук жаратуусун билдирет.
Шайлоо жана референдумду уюштуруу деңгээлинде, б.а. бардык шайлоо комиссияларында жаңы технологиялардын ишке киргизилиши менен шайлоого катышууну жана добуш берүүнүн жыйынытыктарын бурмалоо мүмкүнчүлүгүн дээрлик иш жүзүндѳ жокко чыгарды. Референдум ѳткѳрүүдѳ мындай технологияларды пайдалануу жапы улуттук добуш берүү процессин акыйкт жана ачык-айкын кылууга жасалган манилүү кадам болду, мында ѳлкѳбүздүн ар бир жаранынын добушу эске алынып, анык эсептен ѳткѳрүлѳт.
Референумга тийиштүү пайда болгон суроолор боюнча Сиз шайлоо комиссияларына жана Борбордук шайлоо комиссиясынын коомдук кабылдамасына кайрылсаңыз болот, алар Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулган, даректери жана телефондору: Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 50, № 101 кабинет, тел. + (996 312) 66 02 40, Ош шаары, Ленин кѳчѳсү, 221, № 9 кабинет, тел. (03222) 5 61 87.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы ѳз ишин мыйзамдуулук, ачык-айкын, кѳз карандысыздык жана акыйкат принциптеринде, референдумдун бардык катышуучулары үчүн ачык болуу принцибинде жүзѳгѳ ашырат.
Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы референдумду мыйзамдарга ылайк ѳткѳрүү максатында рефрендумдун бардык уюштуруучуларын жана катышуучуларын мыйзам нормаларын бекем сактоого жана референдумдун башка катышуучулары менен тыкыс аракетте ѳз ара урматтоо жана бири бирине күйүмдүү болууга чакырат.
«Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык, эгерде референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын 30 пайызынан көбү добуш берүүгө катышса, референдум болуп өттү деп таанылат.
Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун бардык катышуучуларын добуш берүүгѳ активдүү катышып, 2021-жылдын 11-апрелинде добуш берүү күнү референдум участкаларына келип, ѳздѳрүнүн жарандык позициясын билдирүүсүн ѳтүнѳт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШК шайлоо жана референдум мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алгоритмди бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 14-мартындагы жыйынында Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритмин бекитти.
Алгоритм «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритми
Ушул алгоритм Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу тобокелчиликти алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасында шайлоону, референдумду уюштуруу жана ѳткѳрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Алгоритм бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, талапкерлер, саясий партиялар, «макул» тобу, «каршы» тобу жана алардын ѳкүлдѳрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-басылмалардын ѳкүлдѳрү, шайлоо процессине катышкан юридикалык жана жеке жактар тарабынан милдетүү аткарууга жаткан бир катар талаптарды камтыйт.
Белгиленген талаптарды аткаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумду даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча штабдардын жетекчилерине, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына, шайлоо комиссияларына жүктѳлѳт.
Дезинфекциялоо каражаттарын, коргоочу бет каптарды, бир жолку кол каптарды пайдалануу, 1,5-2 метрдик социалдык аралыктарды сактоо, шайлоочулардын идентификациядан ѳткѳн учурларын кошпогондо кол кармашып учурашуудан жана башка тике контакттардан качуу, шайлоо процессинин бардык стадияларында шайлоо процессинин катышуучулары үчүн милдеттүү шарттар болуп саналат.
Талаптарды аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүдѳ кодексинде каралган жоопкерчиликти тартууга алып келет.
Аймактык шайлоо комиссияларынын иши
1. Аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары – АШК) тарабынан талапкерлерден, талапкерлердин, саясий партиялардын ѳкүлдѳрүнѳн арыздарды жана башка документтерди кабыл алганда тѳмѳндѳгү санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталат:
- күн сайын АШКнын орун-жайларын, иш жүргүзүүчү үстүнкү беттерди жууп-тасалоочу каражаттар менен нымдуу тазалоо жана дыкат дезинфекциялоо жүргүзүү;
- орун-жайдын кире беришин санитайзер же колдорду дезинфекциялоо үчүн башка каражаттар менен жабдуу, ошондой эле жооптуу адамдардын келүүчүлѳрдүн дене табын контактсыз ыкма менен текшерүүсү;
- АШК мүчѳлѳрүнүн жана АШКга келүүчүлѳрдүн бет каптарды, кол каптарды жана башка жекече коргоо каражаттарын милдеттүү пайдалануусу;
- адамдардын ортосунда 1,5–2 метрден кем эмес социалдык аралыктарды сактоо;
- эмеректерди жана техникалык жабдууларды бири биринен 1,5–2 метрден кем эмес аралыкта жайгаштыруу.
2. Участкалык шайлоо комиссияларынын иши
2. Участкалык шайлоо комиссиясы (мындан ары – УШК) тарабынан шайлоочулардан, референдумдун катышуучуларынан каталар, так эместиктер тууралуу арыздарды кабыл алганда тѳмѳндѳгү санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталат:
- жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан күн сайын УШКнын орун-жайларын, иш жүргүзүүчү үстүнкү беттерди жууп-тасалоочу каражаттар менен нымдуу тазалоо жана дыкат дезинфекциялоо жүргүзүү камсыз кылынат;
- ар бир шайлоочуга, референдумдун катышуучусуна идентификациялоо жүргүзүлгѳнгѳ чейин жана жүргүзүлгѳндѳн кийин идентификациялоо жабдууларын дезинфекциялоо;
- орун-жайдын кире беришин санитайзер же колдорду дезинфекциялоо үчүн башка каражаттар менен жабдуу, ошондой эле жооптуу адамдардын келүүчүлѳрдүн дене табын контактсыз ыкма менен текшерүүсү;
- УШК мүчѳлѳрүнүн жана УШКга келүүчүлѳрдүн бет каптарды, кол каптарды жана башка жеке коргоо каражаттарын милдеттүү пайдалануусу;
- адамдардын ортосунда 1,5–2 метрден кем эмес социалдык аралыктарды сактоо;
- шайлоо участкасынын орун-жайларында шайлоочулардын, референдумдун катышуучулардын бет кап режимин сактоосу;
- эмеректерди жана техникалык жабдууларды бири биринен 1,5–2 метрден кем эмес аралыкта жайгаштыруу.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардан шайлоочулардын тизмесиндеги ѳзү жѳнүндѳ маалыматтарды тактоого, оңдоого байланышкан бардык маселелерди шайлоочулардын «ТИЗМЕ» https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталы аркылуу чечип алууну сунуштайт.
3. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү
4. Саясий партиялар шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарга, «Саясий партиялар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, партиянын Уставына ылайык жашыруун добуш берүү жѳнүндѳ талаптарды милдеттүү түрдѳ сактоо менен онлайн режиминде же офлайн режиминде талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү боюнча саясий партиялардын съезддерин (конференцияларын), алардын аймактык бѳлүмдѳрүнүн чогулуштарын (конференцияларын) ѳткѳрүүнүн жолдорун ѳз алдынча аныкташат.
Санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана жарандардын ден соолугун сактоо максатында саясий партиялар офлайн режиминде партиянын съезддерин же чогулуштарын ѳткѳргѳн учурда съезддин делегаттарынын санын кыскартуу мүмкүнчүлүгүн (эгерде партиянын Уставында ушундай мүмкүнчүлүктѳр каралса) кароосу зарыл. Ошондой эле партиянын съезддерин орун-жайдан тышкары (ачык жерлерде) ѳткѳрүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунуш кылынат.
5. Офлайн түрүндѳ съездди ѳткѳрүүдѳ саясий партиялар тѳмѳндѳгү сунуштарды эске алууга тийиш:
- саясий партиянын съезди ѳтүүчү орун-жайдын кире беришинде тѳмѳндѳгүдѳй «чыпкалоону» уюштуруу:
- съезд башталар алдында орун-жайларды, иш жүргүзүүчү үстүнкү беттерди жууп-тасалоочу каражаттар менен жыйноо жана дезинфекциялоо жүргүзүү;
- кире бериште контаксыз ыкма менен съездин катышуучусунун дене табын текшерүү;
- орун-жайдын кире беришинде дезинфицияланган арлашмага чыланган килемченин болушу;
- съезди ѳткѳрүүнүн эрежесин жана коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жѳнүндѳ норманы кире бериште жайгаштыруу;
- орун-жайдын кире беришинде жана ичинде колду дезинфекциялоо үчүн санитайзерди же башка каражаттарды пайдаланууну камсыз кылуу;
- съезддин бардык катышуучуларынын бет кап же респиратор тагынуу режимин милдеттүү сактоосу;
- съезд ѳтүүчү орун-жайдын кире беришинде жана анын ичинде аралык белгилерин орнотуу;
- съездин бардык жол-жоболорун ѳткѳрүүдѳ съездин катышуучуларынын ортосундагы аралыкты (1.5-2м.) сактоону кѳзѳмѳлдѳгѳн адамды дайындоо.
6. Жасалма желдетүү системасы жок болгон учурда абаны дезинфекциялоо үчүн рециркулятор орнотуу, ал жок болгон учурда ар бир 30 мүнѳт сайын 15 мүнѳттѳн орун-жайды желдетүүнү камсыз кылуу.
Эгерде айлана чѳйрѳнүн сырткы температурасы 18 градустан жогору болгон учурда, орун-жайды жел урбагандай шартта туруктуу желдетип туруу.
4. Шайлоо алдындагы үгүт
7. Үгүт иштерин теле кѳрсѳтүү, радио, аудио жана видео форматтарын пайдалануу менен онлайн режиминде ѳткѳрүү сунуш кылынат. Офлайн жолугушуусу адамдардын массалык топтолуусуна жол бербѳѳ талаптарын эске алуу менен орун-жайдан сырткары (ачык жерде) ѳткѳрүү сунушталат.
8. Үгүт материалдарын (буклеттерди, газеталарды, дисктерди, желекчелерди, значокторду ж.б.) таркатуу милдеттүү түрдѳ бир жолку кол каптарды жана бет каптарды пайдалануу менен ишке ашыруу зарыл.
9. Офлайн режиминде орун-жайдан тышкары же орун-жайдын ичинде шайлоочулар менен жолугушуу ѳткѳрүлгѳн учурда талапкерлер, саясий партиялар, «макул» тобу, «каршы» тобу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳнүн аймактык органдарына алдын ала маалымдайт жана тѳмѳндѳгүлѳрдү камсыз кылууга милдеттүү:
а) шайлоочулар менен жолугушуу үчүн орун-жайды алдын ала жууп-тазалап, дыкат дезинфекциялоо жүргүзүү;
б) шайлоочулар менен жолугушуу үчүн орун-жайдын/аймактын кире беришинде үгүт иш-чарасынын катышуучуларынын дене табын текшерүү;
в) орун-жайдын/аймактын кире беришинде катышуучулардын колдорун антисептик каражаттары менен иштетүү;
г) үгүт иш-чарасынын бүткүл мезгилинде иш-чаранын бардык катышуучуларынын бет каптарды, кол каптарды жана жеке коргоочу башка каражаттарды милдеттүү пайдалануусу;
д) үгүт иш-чарасынын бардык катышуучуларынын ортосунда социалдык аралыкты - 1.5-2 метрден кем эмес аралыкты сактоо;
е) абаны дезинфекциялоо үчүн рециркулятор орнотуу, ал жок болгон учурда ар бир 30 мүнѳт сайын 15 минуттан орун-жайды желдетип туруу.
Эгерде курчаган чѳйрѳнүн сырткы температурасы 18 градустан жогору болгон учурда, орун-жайды жел урбагандай шартта туруктуу желдетип туруу.
5. Орун-жайдан тышкары добуш берүү
10. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын атайын үйрѳтүлгѳн адамдары орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ чыгардын алдында комиссия мүчѳлѳрүнүн, байкоочулардын, талапкерлердин, партиялдардын, ЖМК жана интернет-басылмалардын ѳкүлдѳрүнүн дене табын текшерүүнү камсыз кылат.
11. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары шайлоо комиссиялары үчүн берилген транспорттун үстүнкү жумушчу беттерин дезинфекациялоочу каражаттар менен алдын ала иштеп чыгууну камсыз кылат.
12. Орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ чыгып жаткан УШК мүчѳлѳрү үчүн жеке коргоо каражаттары жана бахилалар, бир жолку кол каптар, санитайзерлер берилет.
13. Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш беришкен шайлоочуларга, референдумдун катышуучуларына акысыз бир жолку кол каптар жана бет каптар берилет.
14. Байкоочуларды, талапкерлердин, саясий партиялардын, ЖМК ѳкүлдѳрүн, «макул» тобун, «каршы» тобун жеке коргоочу каражаттары менен камсыз кылууну жѳнѳтүп жаткан уюмдар ишке ашырат.
15. Ар бир шайлоочуну, референдумдун катышуучусун идентификациялоого чейин жана ал чыккандан кийин идентификациялоо жабдуусун жана АСУну дезинфекциялоо жүргүзүлѳт.
16. Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү аяктагандан кийин жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жоопту адамы тарабынан УШК мүчѳлѳрүнүн абалы кѳзѳмѳлдѳнѳт.
6. Добуш берүү күнү
17. Добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде «киргизүү чыпкасын» уюштуруу:
18. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жоопту адамынын кире бериште контактсыз жол менен шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын дене табын текшерүүсү
19. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде дезинфекциялоочу аралашмага чыланган килемчени тѳшѳөнү уюштурууну камсыз кылуусу.
20. Шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын колдорун санитайзер менен же добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде дезинфекциялоо үчүн каражаттар менен иштетүүнү камсыз кылуу.
21. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын шайлоо участкасынын, референдум участкасынын кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жѳнүндѳ плакатты жайгаштыруусу
22. Шайлоо участкасынын, референдум участкасынын кире беришинде добуш берүүгѳ катышкандардын бекитилген кирип чыгуу схемасынын болушу.
23. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын шайлоо участкасынын, референдум участкасынын аймагында жана добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде аралык белгилерин (чийимдерин) камсыз кылуусу.
24. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кѳмѳктѳшүүсүндѳ 1,5-2 метрден кем эмес социалдык аралыктарды жана бет каптарды тагынуунун милдеттүү режимин сактоо жѳнүндѳ шайлоочуларга, референдумдун катышуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
25. Шайлоо участкасына, референдум участкасына кирерде шайлоочуларга, референдумдун катышуучуларына жеке коргоо каражаттарын (бир жолку бет каптарды жана кол каптарды) акысыз берүү.
7. Добуш берүү үчүн орун-жай
26. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү процесси башталганга чейин добуш берүү үчүн орун-жайды жана бардык үстүнкү беттерди жууп-тазалоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоосу жана дыкат дезинфекциялоосу
27. УШКнын бардык мүчѳлѳрүн жеке коргоочу каражаттар менен камсыз кылуу.
28. Байкоочуларды, талапкерлердин, саясий партиялардын, ЖМК ѳкүлдѳрүн, «макул» тобун, «каршы» тобун жеке коргоочу каражаттары менен камсыз кылууну жѳнѳтүп жаткан уюмдар ишке ашырат.
29. Добуш берүү үчүн орун-жайдын ичинде санитайзердин болушу.
30. Эмеректерди, добуш берүү үчүн кабиналарды жана технологиялык жабдууларды бири биринен 1,5-2 метрден кем эмес аралыкта жайгаштыруу.
31. Шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрү 1,5-2 метрден кем эмес аралыктарды сактоо менен жайгаштырылат жана ар бир шайлоочу менен иштеп бүткѳндѳн кийин антисептик каражаттары менен колдорун иштеп чыгышат
32. Добуш берүү кабинасы парда тартылбай пайдаланылат
33. Добуш берүү үчүн орун-жайда же анын жанында коронавирус инфекциясын жуктурууну алдын алуу боюнча сунуштар жазылган маалымат стенддерин жайгаштыруу.
34. Добуш берүү үчүн орун-жайдын ичинде аралык белгилеринин (сызыктарынын) болушу.
35. Шайлоочулар, референдумдун катышуучусу үчүн кирип-чыгуу белгилерин (сызыктарды) кѳрсѳтүү.
36. Байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын, ЖМК ѳкүлдѳрү, «макул» тобу, «каршы» тобу үчүн орун алуучу жайлар социалдык аралыктарды сактоо менен участкалык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы тарабынан аныкталат. Мында аталган адамдарга добуш берүүнүн жүрүшүн, добуштарды саноо жол-жобосун даана кѳрүп туруу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.
37. Жасалма желдетүү системасы жок болгон учурда, ар бир 30 мүнѳт сайын 15 мүнѳттѳн орун-жайды желдетүүнү камсыз кылуу. Эгерде сырткы айлана чѳйрѳнүн температурасы 18 градустан жогору болсо, орун-жайды жел урбагандай шартта туруктуу желдетип туруу.
38. Пайдаланылган бет каптарды жана кол каптарды утилизациялоо үчүн добуш берүү үчүн орун-жайдын чыга беришинде контейнер жайгаштыруу.
8. Добуш берүү процесси
39. Шайлоо участкасында шайлоочу, референдумдун катышуучусу УШКнын мүчѳсүнѳ Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун кѳрсѳтѳт.
40. Манжаларынын белгилери боюнча идентификациялоодон ѳтүүдѳ шайлоочу, референдумдун катышуучусу кол кабын чечип, колдорун антисептикалык каражаттары менен иштетип идентификациялоодон ѳтѳт жана идентификациялоодон ѳткѳндѳн кийин колдорун кайра иштетип, кол кабын кайра киет.
41. Бетинин биометрикалык параметрлери боюнча идентификациялоодон ѳткѳндѳ шайлоочу, референдумдун катышуучусу бет кабын убактылуу алдына түшүрүп, идентификациялоо бүткѳндѳн кийин аны кайра киет.
42. Ар бир шайлоочуну, референдумдун катышуучусун идентификациялоо жол-жобосуна чейин жана аны ѳткѳргѳндѳн кийин идентификациялоо боюнча жабдуу спирттелген салфетка менен дезинфекцияланат.
43. Добуш берүү үчүн кабина жана автоматтык эсептѳѳчү урналар ар бир 60 мүнѳттѳ эки иреттен кем эмес дезинфекциялоочу каражаттар менен иштетилет.
44. Ооруунун белгилери бар шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн ѳзүнчѳ кабина болууга тийиш.
45. Добуш берүүнүн жүрүшүндѳ, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго кол коюуда участкалык шайлоо комиссиясынын ар бир мүчѳсү ѳзүнүн калемин колдонууга тийиш.
46. Добуш берүү үчүн үкѳктѳрдү ачарда анын үстүнкү бети антисептик каражаттары менен иштетилет.
Шайлоочуларга, референдумдун катышуучуларына сунуштар
47. Добуш берүү үчүн орун-жайга кирерде дене табы текшерилип, колдору иштетилгенден кийин участкалык шайлоо комиссиялары берген бет каптарды жана кол каптарды кийүү.
48. Идентификациялоодон ѳтүү учурун кошпогондо, шайлоо участкасында болгон учурда бет каптарды жана кол каптарды чечпегиле.
49. Добуш берүү үчүн орун-жайдан сырткары, ошондой эле анын ичинде 1,5- 2 метр аралыкты сактагыла.
50. Балдарды кошо ала келбегиле.
51. Ооруунун белгилери бар, же болбосо оорукчан менен контактта болгон, же болбосо обсервацияда турган жана ѳзүнүн активдүү шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну каалаган шайлоочуларга, референдумдун катышуучуларына тѳмѳндѳгүлѳр сунуш кылынат:
- добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана үйүндѳ добуш берүү жѳнүндѳ арыз менен тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылуу;
- шайлоочу активдүү шайлоо укугун шайлоо участкасында добуш берген күнү жүзѳгѳ ашырууну каалаган учурда, шайлоо участкасына саат 18:00дон кийин келүү сунуш кылынат.
Кененирээк билүү >>
КРнын референдумуна үгүт топторун каттоо жѳнүндѳ арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 14-мартындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын референдумуна үгүт топторун каттоо жѳнүндѳ арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобун түзүү жѳнүндѳ чечим кабыл алды.
Ошондой эле КР БШКнын 2021-жылдын 9-февралындагы № 23 чечими менен түзүлгѳн тѳмѳндѳгү Жумушчу топторго 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун ѳткѳрүүдѳ тийиштүү маселелер боюнча иштер жүктѳлсүн деген чечим кабыл алынды:
- Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ;
- Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу;
- Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу;
Чечим «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ» рефрендумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамы менен дайындалган 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумду даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык тѳмѳндѳгү максаттар да түзүлгѳн:
- референдумда үгүт процессине жарандардын мыйзамдуу жана тең укуктуу катышуусун камсыз кылуу;
- референдумдун катышуучуларын маалымдоону камсыз кылуу;
- ошондой эле референдумдун катышуучуларынын башка конституциялык укуктарын сактоо жана жүзѳгѳ ашыруу кепилдиктерин камсыз кылуу.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК референдум участкалары үчүн календардын текстин бекитти
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 14-мартындагы отурумунда 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары үчүн календардын текстин бекитүү чечимин чыгарды.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо тууралуу Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн сметасын бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 14-мартындагы жыйынында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Чечим 2021-жылдын 12-мартындагы №31 “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө” КР мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 42-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-25-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-12-пунктуна ылайык кабыл алынды.
Шайлоо комиссияларынын референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу иш-чараларга чыгымдары мыйзамдарда кабыл алынган жол-жоболорго ылайык республикалык бюджеттин эсебинен жабылат. БШК процессти уюштуруу жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген уюштуруу иштери / кызматтары үчүн белгиленген ченемдерди, коэффициенттерди, лимиттерди, чендерди колдонуу үчүн зарыл болгон чараларды гана эске алуу менен референдумду даярдоо жана өткөрүүнүн чыгымдарынын деталдуу сметасын түздү.
Жүргүзүлгөн оптимизацияны эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын 55,642,300 сом (элүү беш миллион алты жүз кырк эки миң үч жүз) деп бекитти.
Аймактык шайлоо комиссияларына бул каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү камсыз кылуу тапшырылды.
Сметанын жыйындысы
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумду даярдоо жана өткөрүүгө
АШК саны-51
АШК мүчөлөрүнүн саны- 12
УШКлардын саны-209
УШК мүчөлөрүнүн саны- 2557
УШКга ишке тартылган операторлордун саны-196
ИИМ кызматкерлери - 420
Эконом. Классиф. баскычы
Беренелердин аталышы
КР БШК
Облустар боюнча
КР ИИМ
Бардык чыгымдар
2111
Айлык акы
5 758 660
-
5 585 000
173 660
2121
Соцфонд төлөмү 17,25%
848 740
-
822 400
26 340
2211
Иш сапарларынын чыгымдары
11 545 600
1 500 000
45 600
10 000 000
2212
Байланыш кызматы
900 000
500 000
-
400 000
2213
Аренда акысы
-
-
-
-
2214
Унаа чыгымдары
1 300 000
1 000 000
-
300 000
2215
Башка чыгымдар
31 289 300
26 131 900
4 557 400
600 000
2222
Учурдагы чарбалык максаттар үчүн матери-ды жана буюмдарды сатып алуу
4 000 000
3 500 000
-
500 000
2225
Кайтаруу кызматын сатып алуу
-
-
-
2231
Коммуналдык чыгымдар
-
-
-
3112
Машиналар жана жабдуулар
-
-
-
Бардыгы
55 642 300
32 631 900
11 010 400
12 000 000
Кененирээк билүү >>
БШК "макул", "каршы" топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 14-мартындагы жыйынында «РСК Банк» ААКсы жана «Айыл Банк» ААКсы банк мекемелерин, 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун жүрүшүндө «макул», «каршы» топтордун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныктады.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду(жалпы элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктун жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумдун даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планын бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-мартындагы отурумунда 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планын бекитүү боюнча токтом кылды.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамы менен дайындалган 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-8 беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.
Кабыл алынган планга ылайык референдумга коюлган маселе боюнча үгүт иштери референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнгө чейин 24 саат калганда аяктайт, б.а. 10-апрель саат 8-00го чейин.
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын
КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ
Шайлоо күнү –жекшемби, 2021-жылдын 11-апрели
№
Иш-чаранын мазмуну
Аткаруу мөөнөтү
Аткарууга жооптуулар
1.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) референдумдун катышуучуларына кайрылуусу
Референдум дайындалгандан кийин
КР БШК
Шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүм
2.
Референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планын бекитүү
Референдум дайындалгандан кийин
КР БШК,
Шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүм
3.
КР БШКнын КР референдум өткөрүүдө жумушчу топторун түзүү
Референдум дайындалгандан кийин
КР БШК,
Шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүм
Референдумдун участкаларын түзүү
4.
Референдумдун участкаларын түзүү
Референдум дайындалгандан кийин
КР БШК, АШК
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 21-бер., 48-бер. 2-б. экинчи абзацы,
* “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 48-бер. 2-б. экинчи абзацына ылайык БШК шайлоо участкаларын референдум өткөрүү боюнча участкалар менен айкалыштырууга укуктуу.
5.
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары референдум участкаларын түзүү
КР ТИМ сунушунан кийин
КР БШК, КР ТИМ, БАШК
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 21-бер., 4-б.
Референдумду маалыматтык камсыз кылуу
6.
КР БШКнын референдумдун маселелери боюнча үгүткө катышуу үчүн аккредиттөө жөнүндө ММКга кайрылуусу
Референдум дайындалгандан кийин
БШК,
Маалымат бөлүмү
7.
Тиешелүү телеуюм жана мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан обо убактысын төлөө шарттары жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссияны маалымдоо менен жарыялоо
Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен
(2021-жылдын 22-мартына чейин)
ММК, КР БШК, Маалымат бөлүмү
«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинин 5-бөлүгү, 26- беренесинин 3-бөлүгү
8.
Үгүткө катышуу үчүн ЖМКларды аккредиттөө
Жазуу формасында тапшырыктар түшкөндөн кийин
БШК, Маалымат бөлүмү
«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 20- бер.
Референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде үгүт иштери
9.
Үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздар менен үгүт топторунун КР БШКга кайрылуусу
“Референдумду дайындоо жөнүндө” Мыйзамдын күчүнө киргенден тартып
Кыргыз Республикасынын жарандары
КР БШК, Шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүм
Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 23-бер. 2-бөл.
10.
Референдумдун үгүт топторун каттоо
Арызды берген күндөн тартып, 10 календардык күндөн кечиктирбестен
БШК, Жумушчу топ
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 23-бер. 2-бөл.
11.
Үгүт топтордун ыйгарым укуктуу адамдарын дайындоо
“Референдумду дайындоо жөнүндө” Мыйзамдын күчүнө киргенден тартып, үгүт топторун каттоого чейин
Үгүт топтору, Шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүм
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 43-бер. 1-бөл, 23-бер. 2-бөл.
12.
Үгүт тобуна референдум фондун түзүү максатында атайын эсепти ачуу үчүн уруксат берүү
Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн кайрылуусу боюнча үгүт топту каттоодон кийин
КР БШК, КР БШКнын алдындагы КТТ
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 43-бер. 4-бөл.
13.
Референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт жүргүзүү
Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнгө чейин 24 саат калганда аяктайт
(10-апрель саат 8.00гө чейин)
Үгүт топтору
КР БШК
Маалымат бөлүмү
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 24-бер. 1-бөл.
14.
Үгүт топтордун, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын байкоочуларын дайындоо
Үгүт топторду каттоодон кийин
Үгүт топтору,
Шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүм
Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 18-бер.
15.
“Макул” жана “Каршы” үгүт топторуна обо убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак уюштуруу
Чүчүкулак талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин, бирок добуш берүү күнүнө чейин 25 күндөн кечиктирбестен
КР БШК, Маалымат бөлүмү
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 24-бер., 9-б.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 48-бер. 2-б. ылайык
референдумдагы добуш берүү башка шайлоолордогу добуш берүү күнү менен айкалыштырылган учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттөрдөн тышкары, мыйзамдарда белгиленген референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү Борбордук шайлоо комиссия тарабынан жарымынан көп эмес кыскартылышы мүмкүн
Референдумга катышуучулардын тизмесин түзүү
16.
Консулдук каттоого турган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда жашаган референдумга катышуучулардын жөнүндө маалыматтарды берүү жана аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 85 календардык күндө кеч эмес
ТИМ, чет өлкөлөрдөгү мекемелердин жетекчилери, МКК
“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 14-бер., 6-б.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-бер.
*”Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө” КР Мыйзамы 2021-жылдын 12-мартында күчүнө кирген.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 48-бер. 2-б. ылайык
референдумдагы добуш берүү башка шайлоолордогу добуш берүү күнү менен айкалыштырылган учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттөрдөн тышкары, мыйзамдарда белгиленген референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жарымынан көп эмес кыскартылышы мүмкүн.
17.
КБМК маалыматтарынын негизинде Тизме мамлекеттик порталына шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин актуалдаштыруу
Соңку актуалдаштыруу 2021-жылдын 9-мартында жүргүзүлгөн
КР БШК
МКК
КР ТИМ
Маалыматтык шайлоо системасын башкаруу боюнча бөлүм (мындан ары – МШС)
“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 14-бер., 3, 4-б.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-бер.
18.
Тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына шайлоочулардын алдын ала тизмесин басып чыгаруу жана берүү
2021-жылдын
15-марты
КР БШК
АШК
ШМС бөлүмү, системалык администраторлор
“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 14-бер., 7-б.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-бер.
*“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө” КР Мыйзамы 2021-жылдын 12-мартында күчүнө кирген.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 48-бер. 2-б. ылайык
референдумдагы добуш берүү башка шайлоолордогу добуш берүү күнү менен айкалыштырылган учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттөрдөн тышкары, референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жарымынан көп эмес кыскартылган.
19.
УШКларда тааныштыруу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүү
*2021-жылдын
16-марты
УШК
“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 15-бер., 1-б.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-бер.
**”Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө” КР Мыйзамы 2021-жылдын 12-мартында күчүнө кирген.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 48-бер. 2-б. ылайык
референдумдагы добуш берүү башка шайлоолордогу добуш берүү күнү менен айкалыштырылган учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттөрдөн тышкары, референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жарымынан көп эмес кыскартылган.
20
Референдумдун катышуучуларынын таанышуусу үчүн катышуучулардын контролдук тизмесин түзүү жана УШКларды
илүү
*2021-жылдын
20-марты
БШК, АШК УШК
“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 15-бер., 4-б.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-бер.
21
Биометрикалык каттоодон өткөн референдумга катышуучулардан арыздарды кабыл алуу (референдумдун катышуучуларынын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо тууралуу)
Добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кеч эмес
(2021-жылдын
27-мартына чейин)
УШК
БШК
ШМС бөлүмү
“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 15-бер., 3-б.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-бер.
22
Шайлоо дарегин өзгөрткөндүгү тууралуу арыздарды кабыл алуу (Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жүрүшкөн референдумга катышуучулар үчүн)
Добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кеч эмес
(2021-жылдын 27- мартын кошуп алганга чейин)
КР ТИМ
Чет өлкөлөрдөгү мекемелер,
“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 15-бер., 3-б.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-бер.
23.
Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында, үзгүлтүксүз иш цикли бар ишканаларда (вахта иштеринде) болгон, камакта кармалып турган кыска мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөндөр, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка референдумдун катышуучулары жөнүндө маалыматтарды түзүү жана аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана тиешелүү УШКга өткөрүп берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кеч эмес
(2021-жылдын
29-мартын кошуп алганга чейин)
Көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери,
МКК
УШК
“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 15-бер., 5-б.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-бер.
24.
Шайлоо участкаларынын чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн референдумга катышуучулардын биротоло тизмесин түзүү
Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кеч эмес
(2021-жылдын 1-апрелине чейин)
КР БШК, АШК,
ШМС бөлүмү,
Системалык администраторлор
“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 15-бер., 5-б.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-бер
25.
Жабдуулардын комплекттерин даярдоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ( (МКК) шайлоочулардын электрондук түрдөгү биротоло тизмесин берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кеч эмес
(2021-жылдын 1-апрелине чейин)
КР БШК
МКТ башкармалыгы
МКК
“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 15-бер., 5-б.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-бер
26.
Тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына номерленген, көктөлгөн жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндөгү шайлоочулардын тизмесин эки нускада басып чыгаруу жана берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күн калганда
(2021-жылдын 4-апрелине чейин)
КР БШК,
АШК,
ШМС бөлүмү
“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 15-бер., 5-б. төртүнчү абзацы
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-бер
27.
Референдумдун катышуучуларынын биротоло тизмесин БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу
Добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күн калганда
(2021-жылдын 3–апрелин кошуп алганда)
КР БШК
28.
Референдумдун катышуучуларынын биротоло тизмесин УШКларды илүү
Добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кеч эмес
(2021-жылдын 3-апрелин кошуп алганда)
УШК
“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 15-бер., 5-б.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-бер
29.
Шайлоочулардын тизмесин жүктөө менен, биометрикалык маалыматтары менен кошо референдумга катышуучуларды идентификациялоо боюнча сервердик комплекттерди шайлоо участкаларына жеткирүү үчүн даярдоо жана аларды БШКга берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кеч эмес
(2021-жылдын 8-апрелине чейин)
МКК,
КР БШК
“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 15-бер., 5-б.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-бер.
30.
Жабдууларды участкалык шайлоо комиссияларына жеткирүү
Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кеч эмес
(2021-жылдын 8-апрелине чейин)
КР БШК
“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 15-бер., 5-б. үчүнчү абзацы
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-бер.
Референдумду каржылоо
31.
Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү
Референдум дайындалгандан кийин
БШК,
ПЭО бөлүмү
32
Үгүт топтордун каражаттары боюнча атайын эсеп-кысапты жана отчеттуулукту жүргүзүү жана ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо
“Референдумду дайындоо жөнүндө” Мыйзам күчүнө киргенден тартып
БШК, ПЭО бөлүмү
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 43-бер. 5-б.
33.
Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү үчүн АШК жана УШК каржылоо
Чыгашалардын сметасы бекитилгенден кийин
КР БШК.,
КР Өкмөтү,
КР Финансы министрлиги,
ПЭО бөлүмү
34.
Үгүт топторунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындоо
Үгүт топторун
каттоодон кийин
(эки күндүк
мөөнөттө)
Үгүт топтору,
БШК,
Жумушчу топ
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 43-бер. 1-б.
35.
Референдумдун жүрүшүндө үгүттү каржылоо үчүн өзүнүн фондуларын түзүү
КР БШКда үгүт топтору каттоодон өткөндөн кийин 4 календардык күндүн ичинде
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы КТТ
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 43-бер. 1-4-б.
36.
Финансылык операцияларды, анын ичинде атайын эсептер боюнча жеке жана юридикалык жактар менен эсептөөлөрдү жүргүзүүнү токтотуу
2021- жылдын 10-апрелине саат 18.00гө чейин (добуш берилүүчү күндөн мурунку күнү саат 18.00дө токтотулат)
Банктар, БШК алдындагы КТТ
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 43-бер. 11-б.
37.
Үгүт топторунун фонддорунун өлчөмү жана түзүлгөн бардык булактары, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө отчетту берүү
Референдумдун натыйжалары жарыялангандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен
БШК алдындагы КТТ
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 43-бер. 12-б.
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу
38.
Талапкерлердин, ЖМК, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана референдумдун башка катышуучулары үчүн окуу семинарларын өткөрүү
Өзүнчө план жана график боюнча
КР БШК
39
АШК, УШК мүчөлөрү, АЭУ жана референдумга катышуучуларды идентификациялоо операторлору үчүн окуу тренингдерин өткөрүү
Өзүнчө план жана график боюнча
КР БШК
Эл аралык жана коомдук байкоочулар
40.
Эл аралык байкоочуларды чакыруу жана аккредиттөө
“Референдумду дайындоо жөнүндө” мыйзам күчүнө киргенден кийин
БШК, эл аралык кызматташтык бөлүмү
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-бер. 1-бөл.
41.
Коммерциялык эмес уюмдардын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, жазуу жүзүндөгү жолдомону бергенде коомдук байкоочуларды каттоо
Тапшырыктардын келип түшүшүнө жараша КЭУ жолдомолорун билдирүүнүн негизинде жана шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып аяктайт
БШК, АШК
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-1-бер.
Референдумда добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссияларга өткөрүп берүү тартиби
42.
Референдумда добуш берүү үчүн бюллетендин формасын жана текстин бекитүү
Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 22- мартына чейин)
БШК, Шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүм
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 31-бер. 4-бөл.
43.
Добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо
Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 1-апрелине чейин)
БШК, Шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүм
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 31-бер. 5-бөл.
44.
Добуш берүү үчүн референдум бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн калганда (2020-жылдын 1-апрелине чейин)
БШК, Шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүм
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 31-бер. 9-бөл.
45.
Добуш берүү үчүн бюллетендерди УШКларга өткөрүп берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн калганда (2021-жылдын 9-апрелине чейин)
БШК, Шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүм
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 31-бер. 9-бөл.
Добуш берүү тартиби
46.
Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү
Добуш берүүгө чейин 1 календардык күн калганда (2021-жылдын 10-апрели)
УШК, Шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүм
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 33-бер. 1-бөл.
47.
Добуш берүүнү өткөрүү
2021- жылдын
11-апрели
Саат 8.00дөн 20.00гө чейин
УШК
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 32-бер.
Референдумда добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо
48.
Ар бир участка боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын (АЭУнун маалыматтары боюнча) БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу
КР БШКга добуш берүүнүн жыйынтыктары түшкөн сайын токтоосуз түрдө
БШК, Маалыматтык бөлүм
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 39-бер. 1-бөл.
49.
Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) натыйжаларын аныктоо
Добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен
2021-жылдын 2-майына чейин
БШК, Шайлоолордуу юштуруу боюнча бөлүм
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 37-бер. 1-бөл.,48-бер. 2- бөл.
50.
Кыргыз Республикасынын референдумунун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо
Референдумдун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө
БШК
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 39-бер. 3-бөл.
Кайра добуш берүү
51.
Кайра добуш берүүнү өткөрүү
Бир айдын ичинде
БШК
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 38-бер. 2-бөл.
52.
Референдумга катышуучуларга добуш бурүүнүн убактысы жана жайы жөнүндө ЖМК же башка ыкма аркылуу билдирүү
Кайра добуш берүү дайындалгандан кү9ндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде
БШК
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 38-бер.3-бөл.
53.
Кайра добуш берүүнү өткөрүү (добуш берүүнүн жыйынтыктары бир же бир нече участкаларда жараксыз деп табылган учурда)
Кайра добуш берүү дайындалган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттүн ичинде
БШК
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 38-бер. 1-бөл.
Кененирээк билүү >>
БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Осмонов Айбек Жапаровичке тапшырды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан, Осмонов Айбек Жапаровичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары таануу токтомун чыгарды.
БШК токтому менен Осмонов Айбек Жапарович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталып ага күбөлүк жана төш белги берилди.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1 бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
08.10.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 8-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
07.10.2026
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады