Башкы Жаңылыктар Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардан …

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардан талапкерлердин тизмесин каттоо аяктады

13-Мар, 2021

Жергиликтүү кеңештердин депутттарын шайлоо жѳнүндѳ мыйзамга ылайык добуш берүү күнүнѳ чейин 30 күн калганда, б.а. 2021-жылдын 11-мартында шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесин каттоо аяктады.

Бардыгы болуп 28 шаардык кеңештерге 796 депутатты шайлоо  болот.

Аймактык шайлоо кломиссиялары шайлоого катышууга ниеттерин билдиришкен 59 партиядан  56 партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады.

  • Ош АШК зарыл документтерди бербегендигине байланыштуу «Тилектештик» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартты.
  • Бишкекте 2 саясий партия -  «Элдик» жана «Кыргызстандын прогрессивдүү жаштар партиясы» шайлоого андан ары катышуудан баш тартышты.  
  • Сүлүктү АШК талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү жол-жобосу сакталбагандыгына байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартты.

237 тизмеде катталган талапкерлдердин жалпы саны 11782 адамды түздү.

Бир бош мандатка орточо алганда 14тѳн ашык  талапкер  туура келет, партиялардын жана талапкерлердин кыйла кѳп саны борбор шаарда: 1 орунга 25 партия жана 40 талапкер туура келет. Партиялардын жана талапкерлердин кыйла аз саны Кѳк-Жаңгак шаарында: бир орунга 3 партия жана 5 адам.

Бардык талапкерлердин тизмеси жергиликтүү ЖМКда жарыяланат, ошондой эле БШКнын сайтына, https://talapker.shailoo.gov.kg шилтемеси боюнча Талапкер системасына жайгаштырылат. Эми партиялар аталган ресурстарга жарыялоо үчүн  ѳздѳрүнүн шайлоо алдындагы программаларын берүүлѳрү керек, ошол жерлерде  партиялардын шайлоо фонддоруна каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы жѳнүндѳ маалыматтар да жайгаштырылат. 

№

Шаардык кеңештердин 

аталыштары

Мандаттардын

саны

С/п саны

Талапкерлер-дин

саны

Эркектер

Аялдар 

 

28 ш/к

796

237

11782

7300

4482

1

Бишкек ш/к 

45

25

1820

1091

729

2

Ош ш/к 

45

9

702

466

236

3

Баткен ш/к  

31

9

444

283

161

4

Кызыл-Кыя ш/к 

31

12

605

369

236

5

Исфана ш/к 

31

9

467

288

179

6

Сүлүктү ш/к 

31

7

363

228

135

7

Кадамжай ш/к 

21

11

378

241

137

8

Айдаркен ш/к 

21

8

276

180

96

9

Жалал-Абад ш/к 

31

5

293

194

99

10

Кербен ш/к

31

5

246

165

81

11

Кѳк-Жангак ш/к

21

3

102

66

36

12

Майлы-Суу ш/к 

31

5

306

201

105

13

Кочкор-Ата ш/к 

21

5

187

127

60

14

Кара-Кѳл ш/к 

31

7

341

227

114

15

Базар-Коргон ш/к 

31

5

265

175

90

16

Чолпон-Ата ш/к 

21

7

226

139

87

17

Каракол ш/к 

31

17

847

492

355

18

Балыкчы ш/к 

31

14

692

417

275

19

Нарын ш/к 

31

9

439

270

169

20

Ноокат ш/к 

21

5

162

95

67

21

Өзгѳн ш/к 

31

7

351

239

112

22

Талас ш/к 

31

11

558

324

234

23

Кемин ш/к 

21

9

312

186

126

24

Орловка ш/к 

21

5

176

105

71

25

Шопоков ш/к 

21

7

228

129

99

26

Кайыңды ш/к 

21

6

204

121

83

27

Кант ш/к 

31

10

497

287

210

28

Токмок ш/к 

31

5

295

195

100

Шаардык кеңештердин шайлоолоруна партиялардын активдүүлүгү тѳмѳндѳгүдѳй:

Шаардык кеңештин дептутаттарын шайлоого бардыгы болуп 56 партия катышууда, алардын ичинен:

20 партия - 1 шаарга, 10 партия – 2 шаарга, 7 партия – 3 шаарга, 5 партия – 4 шаарга, 3 партия – 5 шаарга, 11 партия  6 жана андан кѳп шаарларга тизмелерин кѳрсѳтүшкѳн. 

Саясий партиялардын аталыштары

Партиялардан талапкерлердин тизмеси кѳрсѳтүлгѳн шаардык кеңештердин саны

«Ата Журт Кыргызстан»

21

«Өнүгүү-Прогресс»

17

«Замандаш»

16

«Ыйман-Нуру»

15

«Ынтымак»

14

«Социал Демократтар»

13

«Республика»

12

«Эмгек партиясы»

11

«Улуу Журт»

10

«Бутун Кыргызстан»

9

«Бирге Вместе»

6

3 партия - «Ишеним», «Кыргызстан», «Тынчтык»

5

5 партия - «Бир-Бол», «Жаны-Доор», «Ата-Журт»,

«Кыргызстан элдик демократиялык партиясы», «Патриот ынтымагы»

4

7 партия - «Аманат», «Мекен Ынтымагы», «Нур»,

«Улуттар биримдиги  элдик партиясы», «Ордо», «Табылга»,

«Чоң-Казат»

3

10 партия «Мурас», «Айкѳл-Кыргызстан», «Асман Ала-Тоо»,

«Ата-Мекен», «Бийлик элге», «Кыргызстан жашылдар партиясы»,

«Кыргызстан коммунисттер партиясы», «Реформа»,

«Кыргызстан социалисттик партиясы», «Улуу Кыргызстан»

2

20 партия «Улутман», «Акшумкар», «Калк ынтымагы», «Энергетиктер»,

«Адилет», «Адилеттүү Кыргызстан», «Ак-Бата», «Ала-Тоо-кыргыз жери»,

«Бүткүл Жаштар»,  «Кыргызстан демократиялык кыймыл партиясы»,

«Патриот», «Шайлоо эркиндиги», «Эл биримдиги», «Элдик Народная»,«Асыл Мурас-Жаштар», «Күчтүү Коом», «Борбор», «Тазалык», «Калыс», «Биздин эл»

1

Шайлоо алдындагы үгүт 2021-жылдын 12-мартында башталган жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда, б.а. 2021-жылдын 10-апрелинде 8.00 саатта  токтойт.

28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган.

КР БШК маалымат бѳлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>