Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

19-Июн, 2021

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын
ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык

мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы 2021-жылдын 19-июнунда Балыкчы, Ак-Суу, Манас,
Тогуз-Торо жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз
Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын
ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоттуу жана бош калган
депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге
өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Ысык-Көл облусу боюнча:
Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты Сыдыков Аманат
Калыбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Мандат “Кыргыз Көмүр” МИ бухгалтери Тыналиев Айжигит Казакбаевичке
(№ 7, “Өнүгүү-Прогресс” деп. фракциясы) өткөрүп берилди.
Ак-Суу районунун Отрадное айылдык кеңешинин депутаты Кулетов
Эрмек Маралбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде
токтотулду. Мандат мугалим Шабданбекова Чинара Солтонбековнага
өткөрүп берилди.
Ак-Суу районунун Ак-Чий айылдык кеңешинин депутаты Дорбаев
Максат Кудаваевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде
токтотулду. Мандат инженер-гидротехник Байбосунов Жолдошбек
Орозбековичке өткөрүп берилди.
Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык кеңешинин депутаты
Джаманкеев Абдрахат Абдыбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын
негизинде токтотулду. Мандат фермер Успеев Памир Мелисовичке өткөрүп
берилди.
Ак-Суу районунун Теплоключенка айылдык кеңешинин депутаты
Көбөнбаев Талант Шайлообековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын
негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Мадамбеков Кенжебек
Сакеновичке өткөрүп берилди.
Ак-Суу районунун Энилчек айылдык кеңешинин депутаты Усубакунов
Бактыбек Асановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде
токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Алапаев Эрнис Мелисовичке
өткөрүп берилди.
Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылдык кеңешинин депутаты Эмил
уулу Арстанбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Мандат фермер Осмонов Төлөн Мамытовичке өткөрүп берилди.

Таласской облусу боюнча:
Манас районунун Покровка айылдык кеңешинин депутаты Дуйшобаев
Мукталы Бошкоевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде
токтотулду. Мандат жеке ишкер Өмүралиев Медербек Калдыбековичке
өткөрүп берилди.
Манас районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Узенбеков
Кубатбек Каныбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде
токтотулду. Мандат спорттук мектептин машыктыруучусу Садырбек уулу
Эрланга өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусу боюнча:
Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айылдык кеңешинин депутаты
Олжотоев Марлис Жээнбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын
негизинде токтотулду. Мандат спорттук мектептин машыктыруучусу
Садырбек уулу Эрланга өткөрүп берилди.
Чүй облусу боюнча:
КР БШК мүчөлөрү Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын
талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими дагы
бекитилди. Браун Максим Андреевич өз арызынын негизинде Чүй айылдык
кеңешинин талапкерлеринин тизмесинен чыгарылды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>