Башкы Жаңылыктар БШКда БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУӨПтүн Европа жана …

БШКда БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУӨПтүн Европа жана КМШ үчүн региондук бюросунун Директору Мирьяна Сполярич Эггер менен жолугушуу өттү

19-Июн, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н.Шайлдабекованын БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Европа жана КМШ өлкөлөрү үчүн региондук бюросунун Директору Мирьяна Сполярич Эггер менен жолугушуусу болуп өттү.

КР БШК Төрагасы Н.Шайлдабекова жолугушууга келгендиги жана шайлоо укугун жана процессин өнүктүрүү маселелерине көңүл бөлгөндүгү үчүн Сполярич Эггер Мирьяна айымга ыракмат айтып, бул кыргыз тараптан шайлоо тутумун демократиялаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын күч-аракеттерине БУУнун колдоо көрсөтүүсүнүн белгиси катары кабыл алынып жаткандыгын билдирди.

Кыргызстан демократиялаштыруу процессинде, анын ичинде шайлоо процессинде баардык деңгээлдеги шайлоолор боюнча оптималдуу чечимдерди издеп табууда татаал жолдон өтүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы реформа алкагында жетишилген оң натыйжаларды турукташтыруу, орун алган кемчиликтерди четтетүү, алдыдагы шайлоолор эркин түрдө, мыйзамдуу, тынч өтүп, Кыргызстанды өнүктүрүүгө көмөктөшүүсү үчүн баардык зарыл чараларды көрүү үстүндө иш жүргүзүүдө.

2020-жылы октябрда парламенттик шайлоо өткөрүлүп, добуштарды жапырт сатып алуунун жана администрациялык ресурс колдонуунун натыйжасында ал шайлоо жараксыз деп таанылганы тууралуу Мирьяна Сполярич Эггерге маалымат берилди. Бирок бул БУУӨП менен биргелешкен долбоордун алкагында көрүлгөн комплекстүү чаралардын маанисин төмөндөтпөйт, ал долбоордун жардамы менен шайлоо процессин өнүктүрүүнүн чечүүчү милдеттерин чечүүгө мүмкүн болду. 2020-жылдын октябрындагы,  2021-жылдын январь, апрелиндеги шайлоолорго катышкан байкоочулардын эл аралык миссияларынын берген баалары буга далил, ал миссиялар шайлоо процессин уюштуруунун деңгээлин жана шайлоонун инклюзивдүүлүгүн, аныктыгын жана ачык-айкындуулугун, атаандаштыгын арттыруу боюнча өлкө көрүп жаткан чараларга оң баа беришти. Ошону менен бирге шайлоонун жалпы саясий маданиятына, сатып алуу жана администрациялык ресурс колдонуу боюнча талапкерлер менен партиялардын мыйзамсыз аракеттерине, бузуулар үчүн жоопкерчиликке натыйжалуу тартуу зарылдыгына байланыштуу проблемалар дагы эле орун алууда. Борбордук шайлоо комиссиясы укук коргоо органдары менен биргеликте ал көйгөй маселелерди чечүү боюнча мындан ары дагы күч-аракет жумшайт.

Конституцияга ылайык учурда шайлоо мыйзамдарына парламентке шайлоого байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү мерчемделүүдө. Пропорциялык жана мажоритардык-аралаш шайлоо тутумдарын тандоо боюнча талкуу жүрүүдө, бул жаатта парламент кандай чечим кабыл алса дагы, реформа процессинде Кыргызстан жетишкен эркин жана демократиялык шайлоонун принциптери жана стандарттары сакталып калууга тийиш. Шайлоо ичиндеги реалдуу кырдаалды жаңылоого, атаандаш жана эркин процессти камсыздоого, шайлоонун мыйзамдуулугу боюнча баардык чараларды көрүүгө өлкөнүн жетекчилигинин саясий эрки бар.

Өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо үч шаарда көп сандаган бузуулардын натыйжасында шайлоо жараксыз деп таанылды жана учурда кайталап шайлоо процесси жүрүүдө. Ошону менен бирге ошол эле шайлоолордо олуттуу өзгөрүүлөр байкалууда: атап айтканда, көп райондордо жана шаарларда комиссиялар менен маморгандардын шайлоого көмөктөшүү боюнча жүргүзгөн иштеринин аркасында жана талапкерлер менен партиялардын мыйзамдарды сактоосунун аркасында шайлоо тынч, атаандаштык негизде өттү, партиялар шайлоочулардын тең салмактагы добуштарын алышты (мисалы, 9 шаарда шайлоого катышкан баардык партиялар кеңешке өтүштү). Бул райондордо жана шаарларда бузууларга байланыштуу даттануулар дээрлик болгон жок, - деди Н.Шайлдабекова. Бул адил шайлоого жетишүү үчүн ал багытта шайлоонун баардык катышуучуларынын – комиссиялардын дагы, талапкерлер менен партиялардын дагы, укук коргоо органдарынын дагы, ЖӨБ органдарынын дагы аркеттери маанилүү экендигин көрсөтүүдө.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын Европа жана КМШ өлкөлөрү үчүн региондук бюросунун Директору М.Сполярич Эггер БУУ жана БУУнун Өнүктүрүү программасы шайлоо процессин демократиялаштыруу процессинде кыргыз тарапты мындан ары дагы колдоорун билдирди. Ал алдыдагы парламенттик шайлоодо Кыргызстан үчүн маанилүү керектөөлөр жана мүмкүн болуучу колдоо маселелери БУУӨП тараптан изилдене тургандыгын айтты.

Мирьяну Сполярич Эггер ошондой эле турмуштун баардык чөйрөлөрүндө – саясат сыяктуу эле экономика  чөйрөлөрүндө аялдардын катышуусун илгерилетүү зарылдыгына басым жасады. “Жолугушууда мен бул тууралуу президентке айттым, ал дагы бул анын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын билдирди. Биз аялдардын катышуусун кеңейтүүгө көмөктөшсүн үчүн саясатта жана экономикада жогорку позицияларды ээлеген аялдардын Борбор Азия тобун түзүү боюнча демилгени ишке киргиздик. Эгерде кыргыз тарап улуттук деңгээлде ушундай платформага кызыкдар болсо,  биз колдоо көрсөтүүгө даярбыз”, - деди ал.

Н.К. Шайлдабекова БУУнун Өнүктүрүү программасына жана БУУнун башка агенттиктерине бир нече жылдардан бери Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун реформалоодо жана демократиялаштырууда ырааттуу колдоо көрсөтүп келаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, БУУӨПтүн Кыргызстандагы башчысы Луиз Чемберлендин жеке салымын, анын өлкөнү өнүктүрүү маселелерин терең түшүнгөндүгүн жана бул процесстерди колдоодогу керектөөлөргө дилгир мамиле жасагандыгын, БУУӨПтүн бүт командасы БШК менен жигердүү өз ара аракеттешкендигин белгиледи.

БУУӨПтүн Кыргызстандагы башчысы Луиз Чемберлен шайлоону реформалоодогу долбоорлорду ишке ашыруунун бир катар маанилүү маселелерин белгилеп, парламенттик шайлоодо мындан ары дагы биргелешип иштөөгө даяр экендигин билдирди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>