Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Саат 18.00гө карата үч шаар боюнча добуш берүүгө келүү 25,22%ды түздү
11.07.2021

Саат 18.00гө карата үч шаар боюнча добуш берүүгө келүү 25,22%ды түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын саат 18.00гө карата добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымдайт. Шайлоочулардын добуш берүүгө жалпы келүүсү 155 707 адамды же шайлоочулардын жалпы санынын 25,22%ын түздү. Шаарлар боюнча добуш берүүгө келүү төмөнкүдөй: Бишкек шаары боюнча – 85 411 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 20,02%ы. Ош шаары боюнча – 56 610 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 37,07%ы. Токмок шаары боюнча – 13 686 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 35,92%ы.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
Үч шаардагы кайталап шайлоодогу шайлоочулардын тизмесинде 7 165 майып жаран бар
11.07.2021

Үч шаардагы кайталап шайлоодогу шайлоочулардын тизмесинде 7 165 майып жаран бар

КР БШК ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасын туруктуу негизде түзүп турат, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын (ДМЧШ) иш жүзүндөгү санын эсепке алат. Учурда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында муктаждык картасына ылайык  Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында ДМЧАлардын жалпы саны 7 165 жаранды түздү. Ал муктаждык карталары социалдык таксини уюштуруу, ыктыярчыларды, сурдокотормочуларды ишке тартуу, чакыруу нукумасын орнотуу ж.б. жолу менен ДМЧШлардын жашаган жеринен добуш берүүчү жайларга чейинки кыймыл каттамдарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча чара көрүү үчүн ЖӨБОлорго жана мамлекеттик органдардын аймактык башкармалыктарына өткөрүп берилет. Добуш берүү күнү УШКлардын пандустар менен камсыздалуусу 78%ды түзөт: Бишкек шаары боюнча – 228 УШКнын 181 участогунда  пандустар орнотулган, 9 участок пандуска мутаж эмес. Ош шаары боюнча – 78 УШКнын 56 участогунда  пандустар орнотулган, 5 участок пандуска мутаж эмес. Токмок шаары боюнча – 20 УШКнын 17синде пандустар орнотулган. Шайлоонун инклюзивдүүлүгүн кеңейтүү үчүн столдор, добуш берүүчү кабиналар жана урналар, ошондой эле маалыматтык такталар коляска пайдалануучу же өз алдынча кыйынчылык менен кыймылдаган шайлоочуларга жеткиликтүүлүк камсыздалгандай жайгаштырылышы керек (бийиктиги, туурасы, жайгашуусунун узатасы жана орду боюнча). Баардык УШКларда чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (лупа) жана/же Брайль трафарети бар. Талапкерлер, саясий партиялар карата жалпы нускасынын бир пайызынан аз эмес саны ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн окуганга ыңгайлуу чоңойтулган арипте, сурдокотормону же субтитрди колдонуу, ошондой эле Брайль арибин же атайын каражаттарды колдонуу менен басылып чыккан үгүт материалдарын жарыялоого жана таркатууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн арттыруу боюнча тутумдуу саясатты ишке ашырууда.   КР БШК маалымат бөлүмү            
Кененирээк билүү >>
Саат 16.00гө карата үч шаар боюнча добуш берүүгө келүү 21,40%ды түздү
11.07.2021

Саат 16.00гө карата үч шаар боюнча добуш берүүгө келүү 21,40%ды түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын саат 16.00гө карата добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымдайт. Шайлоочулардын добуш берүүгө жалпы келүүсү 132 139 адамды же шайлоочулардын жалпы санынын 21,40%ын түздү. Шаарлар боюнча добуш берүүгө келүү төмөнкүдөй: Бишкек шаары боюнча – 71 629 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 16,79%ы. Ош шаары боюнча – 48 977 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 32,07%ы. Токмок шаары боюнча – 11 533 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 30,27%ы.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Ош жана Токмок шаарларында кайталап шайлоодо саат 14.00гө карата добуш берүүгө келүү мурдагыдай эле апрелдегиден ашык
11.07.2021

Ош жана Токмок шаарларында кайталап шайлоодо саат 14.00гө карата добуш берүүгө келүү мурдагыдай эле апрелдегиден ашык

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын саат 14.00гө карата добуш берүүгө келүүсү мурдагыдай эле ушул эле шаарлардагы 2021-жылдын апрелиндеги шайлоого шайлоочулардын бул убакытка карата добуш берүүгө келүүсүнөн ашты. Ош шаары боюнча – 1 959 шайлоочуга же 1,11%га көп. Токмок шаары боюнча – 1 592 шайлоочуга же 4,42%га көп. Бишкек шаарында шайлоочулардын жигердүүлүгүнүн айырмасы 10 038 шайлоочуну же 2,6%ды түзөт. 2021-жылдын 11-июлундагы кайталап шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны Шайлоо округу Шайлоочулардын саны 10:00гө келүү  12:00гө келүү 14:00 гө келүү саны (%) саны (%) саны (%) Бардыгы 617517 35506 5,75 77026 12,47 105362 17,06 Бишкек шаардык кеңеши 426699 17569 4,12 39271 9,20 55515 13,01 Ош шаардык кеңеши 152718 14868 9,74 30940 20,26 40695 26,65 Токмок шаардык кеңеши 38100 3069 8,06 6815 17,89 9152 24,02                 2021-жылдын 11-апрелиндеги шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны Шайлоо округу Шайлоочулардын саны 10:00гө келүү  12:00гө келүү 14:00 гө келүү саны (%) саны (%) саны (%) Бардыгы 610149 26698 4,38 73095 11,98 111849 18,33 Бишкек шаардык кеңеши 419901 12920 3,08 40746 9,70 65553 15,61 Ош шаардык кеңеши 151671 11976 7,90 27395 18,06 38736 25,54 Токмок шаардык кеңеши 38577 1802 4,67 4954 12,84 7560 19,60   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саат 14.00гө карата үч шаар боюнча добуш берүүгө келүү 17,06%ды түздү
11.07.2021

Саат 14.00гө карата үч шаар боюнча добуш берүүгө келүү 17,06%ды түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын саат 14.00гө карата добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымдайт. Шайлоочулардын добуш берүүгө жалпы келүүсү 105 362 адамды же шайлоочулардын жалпы санынын 17,06%ын түздү. Шаарлар боюнча добуш берүүгө келүү төмөнкүдөй: Бишкек шаары боюнча – 55 515 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 13,01%ы. Ош шаары боюнча – 40 695 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 26,65%ы. Токмок шаары боюнча – 9 152 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 24,02%ы.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Эки шаарда кайталап шайлоодо саат 12.00 гө карата добуш берүүгө келүү мурдагыдай эле апрелдегиден ашык
11.07.2021

Эки шаарда кайталап шайлоодо саат 12.00 гө карата добуш берүүгө келүү мурдагыдай эле апрелдегиден ашык

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын саат 12.00гө карата добуш берүүгө келүүсү мурдагыдай эле ушул эле шаарлардагы 2021-жылдын апрелиндеги шайлоого шайлоочулардын бул убакытка карата добуш берүүгө келүүсүнөн ашты. Шайлоочулардын добуш берүүгө жалпы келүүсү 3 931 шайлоочуга же шайлоочулардын жалпы санынан 0,49%га көп. Ош жана Токмок шаарлары боюнча шайлоочулардын жигердүүлүгү төмөнкүдөй: Ош шаары боюнча – 3 545 шайлоочуга же 2,2%га көп. Токмок шаары боюнча – 1 861 шайлоочуга же 5,05%га көп. Бишкек шаарында жигердүүлүк бир аз солгундады – 11-июлдагы шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү апрелдегиден 1 475 шайлоочуга же 0,5%га төмөн. 2021-жылдын 11-апрелиндеги шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны Шайлоо округу Шайлоочулардын саны 10:00 % 12:00 % Бардыгы: 610149 26698 4,38 73095 11,98 Бишкек шаардык кеңеши 419901 12920 3.08% 40746 9.70% Ош шаардык кеңеши 151671 11976 7.90% 27395 18.06% Токмок шаардык кеңеши 38577 1802 4.67% 4954 12.84%                         2021-жылдын 11-июлундагы кайталап шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны Шайлоо округу Шайлоочулардын саны 10:00 % 12:00 % Бардыгы: 617517 35506 5,75 77026 12,47 Бишкек шаардык кеңеши 426699 17569 4.12% 39271 9.20% Ош шаардык кеңеши 152718 14868 9.74% 30940 20.26% Токмок шаардык кеңеши 38100 3069 8.06% 6815   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
Кайталап шайлоону даярдоо мезгилинде Ош АШКга 22 арыз түштү
11.07.2021

Кайталап шайлоону даярдоо мезгилинде Ош АШКга 22 арыз түштү

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) маалыматы боюнча  шаардык кеңештин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо мезгилинде Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна шайлоо процессинин катышуучуларынан 22 кайрылуу түштү. Шайлоо өнөктүгүнүн шарттарын бузгандык жөнүндө маалымат – 3; Добуштарды сатып алуу жөнүндө маалымат – 16; Администрациялык ресурсту кыянат пацдалануу жөнүндө маалымат – 3. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) 9 кайрылуу катталган. Маалымат болбогондугуна байланыштуу 1 иш токтотулгун, 6 иш боюнча тергөө жүрүүдө. Башка эки учур боюнча кылмыштын курамы болбогондугуна байланыштуу сотко чейинки тергөө убактылуу токтотулуп турат, материалдар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык кароо үчүн АШКга өткөрүлдү. Маалыматтардын электрондук реестрине 13 билдирүү катталган. Атап айтканда, 1 материал текшерилди, 8 материал АШКга өткөрүлдү, 4  материал номенклатуралык ишке тиркелди, ал эми прокуратура чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерди.  Ош аймактык шайлоо комиссиясы 50 миң сом суммасына 4 жаранга айып пул салды, анын ичинде эки жаранга талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалымат тараткандыгы үчүн, бир жаранга шайлоо өнөктүгүнүн шарттарын бузгандык, талапкердин ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкерлик беделин шылдыңдагандык, ЖМКга маалымат тараткандык үчүн айып пул салды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Саат 12.00гө карата үч шаар боюнча добуш берүүгө жалпы келүү 12,47%ды түздү
11.07.2021

Саат 12.00гө карата үч шаар боюнча добуш берүүгө жалпы келүү 12,47%ды түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын саат 12.00гө карата добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымдайт. Шайлоочулардын добуш берүүгө жалпы келүүсү 77 026 адамды же шайлоочулардын жалпы санынын 12,47%ын түздү. Шаарлар боюнча добуш берүүгө келүү төмөнкүдөй: Бишкек шаары боюнча – 39 271 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 9,20%ы. Ош шаары боюнча – 30 940 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 20,26%ы. Токмок шаары боюнча – 6 815 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 17,89%ы.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Добуш  берүү жыйынтыктарын чагылдырууну онлайн режиминде кантип көрсө болот
11.07.2021

Добуш  берүү жыйынтыктарын чагылдырууну онлайн режиминде кантип көрсө болот

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжаларын ачык жана ыкчам чагылдырууну камсыз кылууда. КР БШКнын маалыматтык шайлоо тутуму (МШТ) добуш  берүүнүн жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды даярдоого жана ѳткѳрүүгө, ошондой эле чагылдырууга арналган. МШТ Кыргыз Республикасындагы шайлоонун жана референдумдун баардык этаптарындагы процесстерге жарандык контролду камсыз кылууда. Добуш берүүнүн жыйынтыктарынын көрсөтүлүшүн төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз:: https://newess.shailoo.gov.kg/ru/election/11107/turnout?type=CC_COUNCIL&id=1065 КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Үч шаарда кайталап шайлоодо добуш берүүгө келүү апрелдеги добуш берүүгө келүүдөн ашууда
11.07.2021

Үч шаарда кайталап шайлоодо добуш берүүгө келүү апрелдеги добуш берүүгө келүүдөн ашууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын саат 10.00гө карата добуш берүүгө келүүсү ушул эле шаарлардагы 2021-жылдын апрелиндеги шайлоого шайлоочулардын бул убакытка карата добуш берүүгө келүүдөн ашты. Шайлоочулардын добуш берүүгө жалпы келүүсү 8 808 шайлоочуга же шайлоочулардын жалпы санынан 1,37%га көп. Шаарлар боюнча шайлоочулардын жигердүүлүгү төмөнкүдөй: Бишкек шаары боюнча – 4 649 шайлоочуга же 1,04%га көп. Ош шаары боюнча – 2 829 шайлоочуга же 1,84%га көп. Токмок шаары боюнча – 1 267 шайлоочуга же 3,39%га көп. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саат 10.00гө карата үч шаар боюнча добуш берүүгө келүү 5,75%ды түздү
11.07.2021

Саат 10.00гө карата үч шаар боюнча добуш берүүгө келүү 5,75%ды түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын саат 10.00гө карата добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымдайт. Шайлоочулардын добуш берүүгө жалпы келүүсү 35 506 адамды же шайлоочулардын жалпы санынын 5,75%ын түздү. Шаарлар боюнча добуш берүүгө келүү төмөнкүдөй: Бишкек шаары боюнча – 17 569 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 4,12%ы. Ош шаары боюнча – 14 868 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 9,74%ы. Токмок шаары боюнча – 3 069 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 8,06%ы. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кайталап шайлоонун бүт мезгилинде Бишкек АШКга 14 арыз түштү
11.07.2021

Кайталап шайлоонун бүт мезгилинде Бишкек АШКга 14 арыз түштү

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) 2021-жылдын 27-майынан 2021-жылдын 9-июлуна чейинки мезгилде түшкөн арыздар жөнүндө маалымдайт. Бардыгы 14 арыз түштү, анын ичинде 8и шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тиешелүү. Баардык арыздар Бишкек АШКда каралып, алар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды. 11-июлга карата КЖБРге төмөнкүлөр катталды: жазык иштери  боюнча - 6 иш; жорук  иштери  боюнча - 2 иш; номенклатуралык ишке өткөрүлдү – 10 иш. 18 саясий партия, 1 238 талапкер катталды. Бишкекте шайлоочулардын саны – 426 699 адам. 183 УШКда жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө 2 605 арыз берилген, 2 277  шайлоочу добуш берди.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бузуу фактылары жөнүндө кайрылуу үчүн телефондор
11.07.2021

Бузуу фактылары жөнүндө кайрылуу үчүн телефондор

Борбордук шайлоо комиссиясы шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого катышуучу саясий партиялардын өкүлдөрүн жана талапкерлерди шайлоо мыйзамдарын бузуучу, шайлоочулардын добуштарын мыйзамсыз жол менен ээлөө ыкмаларын колдонуучу аракеттерге жол бербөөгө чакырат. Урматтуу шайлоочулар, шайлоо мыйзамдарын бузуунун күбөсү болуп калсаңыз ал фактылар тууралуу баардык үч шаарда түзүлгөн Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна билдирүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы өтүнөт. Мыйзам бузуулар жөнүндө төмөнкү даректер боюнча билдирүүгө болот: Кыска номур – 1255 WhatsApp – 0990 02-12-55 Жарандардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары үчүн – 0502001255 Телефон доверия – 0312 62-62-46 Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40 Электрондук дарек– kgor_cec@shailoo.gov.kg Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүн Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого жигердүү катышууга, өз өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн аң-сезимдүү жана эркин тандоо жасоого чакырат.  
Кененирээк билүү >>
Жарандардын саламаттыгын коргоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин баардык катышуучуларын санитардык-эпидемиологиялык ченемдер катуу сактоону өтүнөт 11.07.2021

Жарандардын саламаттыгын коргоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин баардык катышуучуларын санитардык-эпидемиологиялык ченемдер катуу сактоону өтүнөт

Жарандардын саламаттыгын коргоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин баардык катышуучуларын санитардык-эпидемиологиялык ченемдер катуу сактоону өтүнөт Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты. Бекитилген алгоритмге ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары: добуш берүү үчүн орун-жайды нымдуу чүпүрөк менен кылдат жууп-тазалоо жана дезинфекциялоо жүргүзөт; добуш берүү үчүн орун-жайга кире бериште дезинфекциялык эритме менен нымдалган килемче жайгаштырат; добуш берүү күнү шайлоо участогуна кире бериште контактысыз жол менен шайлоочулардын дене табын текшерүү жүргүзөт Добуш берүү күнү ички иштер органдарынын кызматкерлери шайлоо участогуна кире бериштин алдында жана УШК орун-жайынын ичинде шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын 1,5-2 м. кем эмес аралыкты сактоолоруна көмөктөшөт, ошондой эле шайлоо участогунун аймагында коомдук тартипти камсыздайт. Шайлоо участкаларына келгенде Сизге жеке коргонуу каражаттары –кол кап жана бет кап берилет. Маанилүү: Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын саламаттыгын коргоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми шайлоо процессинин баардык катышуучуларын шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан кыйшаюусуз сакталууга тийиш!  
Кененирээк билүү >>
Укук коргоо органдарынын үч миңден ашык кызматкери шайлоо участкаларында коопсуздукту камсыздашат
11.07.2021

Укук коргоо органдарынын үч миңден ашык кызматкери шайлоо участкаларында коопсуздукту камсыздашат

Укук коргоо органдарынын атайын даярдыктан өткөн үч миңден ашык кызматкери шайлоо участкаларында коопсуздукту камсыздашат. Мындан тышкары, ар бир шаарда Ыкчам чара көрүүнүн координациялык топтору түзүлдү, алардын курамына аймактык шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет. Алар кырдаалга байкоо жүргүзүп, зарыл болгон учурда ар кандай укук бузууларга ыкчам чара көрүү үчүн баардык зарыл иш-аракеттерди жасашат.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо участкасында добуш берүү жол-жобосу
11.07.2021

Шайлоо участкасында добуш берүү жол-жобосу

Добуш берүү үчүн шайлоочу документин – паспортун же ID картасын көрсөтүп, манжаларынын изи же бет түзүлүшү боюнча биометрикалык идентификациядан өтүүгө тийиш. Ар бир шайлоо участкасы шайлоочуларды биометрикалык идентификациядан өткөрүү үчүн 650-700 шайлоочуга жабдыктардын 1 комплектиси туура келген эсеп боюнча керектүү жабдыктар менен камсыздалды. Мисалы, адамды кармабай идентификациядан өткөрүү үчүн участкада 1 400 шайлоочу болсо, жабдыктардын  эки комплектиси, 1 600 болсо, жабдыктардын үч комплектиси менен камсыздалды. Ошондой эле негизги шайлоо урналары бузулуп калса, пайдаланылуучу запастагы шайлоо урналары бар. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүү үчүн 611 071 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, Брайль тамгасы менен 326 бюллетень даярдалды. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 425 532 бюллетень, Ош АШКга – 148 370, Токмок АШКга – 37 169 бюллетень жөнөтүлдү. Добуш берүү үчүн шайлоочу шайлоо бюллетенине саясий партиянын тушуна бир гана белги коюп, шайлоо бюллетенин автоматтык эсептөөчү урна аркылуу өткөрүүгө тийиш Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого катышуучу саясий партиялар тууралуу маалыматтар менен Сиз шайлоо участкаларында тааныша аласыз, баардык шайлоо участкалары саясий партиялар тууралуу маалыматтык плакаттар менен жабдылган. Мындан тышкары, саясий партиялар тууралуу баардык  маалыматтар «Талапкер» электрондук порталында жайгаштырылган, анда ар бир саясий партия, алардын программалары менен таанышса болот. Ошондой эле сайтта саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каржылык кыймылдары жөнүндө маалыматтар бар. Борбордук шайлоо комиссиясы аң-сезимдүү тандоо жасашы үчүн жарандарды зарыл баардык  маалыматтар менен камсыздады. Кабардар болуңуз, аң-сезимдүү жана эркин тандоо жасаңыз!
Кененирээк билүү >>
1 … 205 207 … 484