Башкы Жаңылыктар 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык …

2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмеси аталган шаарлардын баардык шайлоо участкаларында илинди

09-Июл, 2021

2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык ар бир шайлоо комиссиясы боюнча түзүлгөн шайлоочулардын биротоло тизмеси шайлоочулар баардык шайлоо участкаларында жана илинди жана шайлоочулардын “Тизме” - tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесине 617 517 шайлоочу киргизилди. Бишкек АШК боюнча – 426 699 (69%) шайлоочу, анын ичинде: Ош АШК боюнча – 152 718 (6%) шайлоочу,  Токмок АШК боюнча – 38 100 (25%) шайлоочу.

Ар бир шайлоочу өзү тууралуу маалыматтарды шайлоочулардын тизмесинен төмөнкүдөй тактай алат:

  • шайлоочулардын “Тизме” – https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталынан;
  • өз шайлоо участогунан;
  • 1255 жана 119 номурлары боюнча чалуу менен же паспортто көрсөтүлгөн өзүнүн ПИН-номурун көрсөтүп, 119 номуруна СМС жөнөтүү (чалуу жана  СМС акысыз) менен шайлоочу өз шайлоо участогунун номурун жана дарегин алат.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө  ылайык шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.

2021-жылдын 11-июлундагы шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесине киргизилген шайлоочулар катыша алышат.

Шаардык кеңештердин депутаттары үчүн добуш берүү партиялардын талапкерлеринин тизмелери үчүн добуш берүү менен ишке ашырылат, орундар шайлоочулардын 7%дан ашык добушун алган саясий партиялардын ортосунда шайлоочулардын добушунун санына пропорциялуу бөлүштүрүлөт.

 

МААНИЛҮҮ: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 18 жашка толгон жана андан жогору курактагы, биометрикалык каттоодон өткөн жергиликтүү жамааттын – шаардын мүчөсү болуп саналган жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги (же болбосо 2017-жылдын үлгүсүндөгү eiD-паспортундагы чиптеги жазуу) менен аныкталат.

Жашаган жерин каттоонун актуалдуу дареги паспорттогу жашаган жердин чипте көрсөтүлгөн дарегине/жазууга дал келүүсү маанилүү.

 

2015-ж. тартып 2021-жылга чейин Бишкек, Ош, Токмоктогу шайлоочулардын санынын динамикасы тууралуу маалымат

 

Регион / АШКнын аталышы

Участоктук  шайлоо  комиссияларынын саны

04.10.2015 КР ЖКга шайлоо

11.12.2016 КР жерг. кеңештерге шайлоо

15.10.2017 КР Президентин шайлоо

04.10.2020   КР ЖКга шайлоо

10.01.2021 КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо

11.04.2021 КР жерг. кеңештерге шайлоо

11.07.2021 дайындалган шаардык. кеңештерге кайталап шайлоо

%

3 шаар боюнча бардыгы

326

529565

455831

620443

716301

606609

610149

617517

100%

Бишкек шаары

228

368194

309580

426722

497692

416123

419901

426 699

69%

Ош шаары

78

133388

117752

159348

179972

151115

151671

152 718

6%

Чүй облусу, Токмок шаары

20

27983

28499

34373

38637

39371

38577

38 100

25%

 

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>