Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү алкагында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) “Жалпы иш” коомдук фондунан арыздар түштү. Арызында “Жалпы иш” коомдук фонду №№1035, 1061, 1139, 1309 УШКларда добуш берүү жол-жоболору бузулгандыгын көрсөтөт жана ал бузууларды шайлоо мыйзамдарына ылайык кароону өтүнөт.
Бишкек АШК берилген арыздарды карап чыгып, “Жалпы иш” коомдук фондунан арыздарында көрсөтүлгөн маалыматтарды эске алды жана жол-жоболорду бузууга жол бербөө жөнүндө айрым УШК мүчөлөрү менен түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүнү чечти, ошондой эле кат жүзүндө эскертүү берди.
Мындан тышкары, протоколдордун туура толтурулушун жана добуштарды саноону текшерүүдө №1141 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилегенге мүмкүнчүлүк болгон жок, ошого байланыштуу №1141 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү