Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти
20.08.2021

БШК Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-августундагы жыйналышында 2021-жылы 16-августта болуп өткөн Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-августундагы протоколдорун бекитти. Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими көрсөткөн 1 талапкер – Дүйшөнбек уулу Амантур катталган. Добуш берүүгө Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10 депутаты катышкан. А. Дүйшөнбек уулу 9 добуш алган, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш берилген. Шайлоонун натыйжасы тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-августундагы протоколу менен Дүйшөнбек уулу Амантур Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп аныкталган. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Абдугапаров Авазбек Абибулаевичке өткөрүп берди
20.08.2021

БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Абдугапаров Авазбек Абибулаевичке өткөрүп берди

Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Абдугапаров Авазбек Абибулаевичти «Республика - Ата Журт» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды. КР БШК токтому менен Абдугапаров Авазбек Абибулаевич КР Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталды, ага күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылды. Токтом «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»   Кыргыз   Республикасынын   конституциялык    Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1 бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 20-августунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
20.08.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 20-августунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 20-август 2021-ж. Убактысы: 16.30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. 2021-жылдын 16-августунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 3. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резервине  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 4. Ар түрдүү маселелер  
Кененирээк билүү >>
Ведомстволор аралык жумушчу топ бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүүгө киришти
19.08.2021

Ведомстволор аралык жумушчу топ бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүүгө киришти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобунун биринчи жыйналышы өттү. Бул топ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо алкагында КР БШК мүчөлөрүнөн, КР ЖК депутаттарынан, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн. Жыйналышта Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын шайлоо округдарынын схемаларынын жана чек араларынын долбоорлору талкууланып, сын-пикирлер, сунуштар айтылды. Маалымат үчүн: Алдыдагы парламент депутаттарын шайлоо шайлоонун аралаш тутуму боюнча өтөт: - 54 депутат пропорциялык тутум боюнча шайланат (талапкерлердин ачык тизмеси – саясий партиялар жана партиялык тизмедеги талапкерлер үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүү); - 36 депутат мажоритардык тутум боюнча шайланат (бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүү). Шайлоо округдары кандай түзүлөт: 1. Бирдиктүү шайлоо округу республиканын бүт аймагында түзүлөт. 2. 36 бир мандаттуу шайлоо округдары төмөнкү талаптарды эске алуу менен түзүлөт: - шайлоочулардын саны боюнча шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен, эреже катары, 20 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги; - шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, бири-бири менен чектешпеген шайлоо округдарында шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт. Учурда бир шайлоо округунун мандаты алдын ала эсеп боюнча 100 миң 266 шайлоочуга барабар.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында мэрдин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү аяктады
18.08.2021

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында мэрдин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Бүгүн – 2021-жылы 18-августта саат 18:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин кызмат орундарына талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктады. Көрсөткөн субъектилер тапшырган документтердин ылайыктыгы текшерилгенден кийин аймактык шайлоо комиссиялары Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин кызмат орундарына талапкерлерди каттоо жөнүндө чечим кабыл алышат. № п/п Шаарлардын аталыштары Көрсөтүлгөн талапкерлердин ФАА Көрсөткөн субъект Депутаттардын жалпы саны Бишкек ш. 1. Бишкек ш.   2021-жылдын 18-августу Депутаттардын саны - 45 Жунушалиев Айбек Жанышбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Бишкек шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы         Ош ш. 2. Ош ш. 2021-жылдын 18-августу Депутаттардын саны - 45 Мамбетов Алмаз Ишенбекович «Аманат» көпчүлүк коалициясы   Токмок ш. 3. Токмок ш. 2021-жылдын 18-августу Депутаттардын саны - 31 Самаев Урмат Обозбекович Көпчүлүк коалициясы ("Бирге-Вместе", "Патриот Ынтымагы", "Эл Биримдиги")   Кубатбек уулу Азат Азчылык коалициясы ("Эмгек", "Асыл Мурас-Жаштары")     Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоо 2021-жылдын 26-августуна дайындалды. Шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт. Аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктары жана алдыдагы парламенттик шайлоого карата аймактык шайлоо комиссияларынын милдеттери боюнча БШКнын аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен Координациялык кеңешмеси өттү
18.08.2021

Өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктары жана алдыдагы парламенттик шайлоого карата аймактык шайлоо комиссияларынын милдеттери боюнча БШКнын аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен Координациялык кеңешмеси өттү

БШК аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары, КР БШКнын региондордогу атайын өкүлдөрү менен Координациялык кеңешме өткөрдү. Кеңешме эл аралык өнөктөштөр – ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин жана Кыргыз Республикасындагы Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун көмөктөшүүсү менен өттү. Кеңешменин катышуучулары 2020-2021-жылдардагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жана сабактарын талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тартиби жөнүндө шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо комиссияларынын алдыдагы милдеттери, шайлоочулардын тизмесин түзүү тартибиндеги өзгөртүүлөр, даттануулар жана шайлоодогу бузуулар боюнча шайлоо комиссияларынын иш тартиби, мыйзамдардагы өзгөртүүлөр жана ыкчам чара көрүүчү координациялык топтордун иш алкагында өз ара аракеттешүү маселелери менен таанышты. Кеңешменин катышуучулары пикир алмашып, парламенттик шайлоону даярдоонун төмөнкү маселелери боюнча жалпы ыкмаларды аныкташты: - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдары, округдук комиссияларды түзүү жана алардын иши; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди кабыл алуу маселелери, бул процессте УШУ жана ОШКлардын ыйгарым укуктарын тактоо; - шайлоо бюллетендеринин, добуш берүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу тартибинин оптималдуу форматы – мыйзам ченемдери жана аларды ишке ашыруунун мүмкүн болуучу практикалары; - бир мандаттуу шайлоо округдар жана партиялык тизмедеги талапкерлер үчүн преференциялык добуш берүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын саноо боюнча оптималдуу жол-жоболору тандоо; - шайлоо комиссияларынын шайлоо процессинин субъектилери менен өз ара аракеттешүү маселелери, шайлоону даярдоонун ж.б. маселелери. Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров өзүнүн видеокайрылуусунда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн куттуктап, аларга иштерине ийгилик каалады. Шайлоону уюштуруу боюнча маанилүү озуйпаны аткарууга ак ниет жана жоопкерчиликтүү мамилеси үчүн БШК аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Маалымат үчүн: Алдыдагы парламент депутаттарын шайлоо шайлоонун аралаш тутуму боюнча өтөт: - 54 депутат пропорциялык тутум боюнча шайланат (талапкерлердин ачык тизмеси – саясий партиялар жана партиялык тизмедеги талапкерлер үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүү); - 36 депутат мажоритардык тутум боюнча шайланат (бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүү). Шайлоо округдарын түзүү 1. Бирдиктүү шайлоо округу республиканын бүт аймагында түзүлөт. 2. 36 бир мандаттуу шайлоо округдары төмөнкү талаптарды эске алуу менен түзүлөт: - шайлоочулардын саны боюнча шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен, эреже катары, 20 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги; - шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, бири-бири менен чектешпеген шайлоо округдарында шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт. Учурда бир шайлоо округунун мандаты алдын ала эсеп боюнча 100 миң 266 шайлоочуга барабар.  Округдук шайлоо комиссияларын түзүү Округдук шайлоо комиссиялары иштеп жаткан аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана резервинин ичинен түзүлөт. Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо аралаш тутум боюнча өтөт. Мыйзамдарга ылайык шайлоочулардын тизмесине 18 жашка толгон, биометрикалык каттоодон өтүшкөн, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет. “Жергиликтүү жамааттын мүчөсү – бир мандаттуу шайлоо округунун курамына киргизилген тиешелүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда жасалган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги менен аныкталат” (“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 50-абзацы) Кыргыз Республикасынын каттоо органынын маалыматы боюнча учурда паспорттогу даректери иш жүзүндө туруктуу жашаган дарегинен (ДМБ – Дарек-маалымдама базасы) айырмаланган жарандар бар. Жарандардын шайлоо укуктарын толук камсыздоо жана шайлоонун инклюзивдүүлүгүн арттыруу үчүн шайлоо комиссиялары айрым категориядагы жарандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоого көңүл буруп, бул боюнча маселелерди күн мурун иштеп чыгууга тийиш. Шайлоо мыйзамдарына ылайык айрым категориядагы шайлоочулар (добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда болгон шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү) жөнүндө маалыматтар аталган мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо, добуш берүү үчүн орун-жайлардын жогорку деңгээлде жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында шайлоо комиссиялары социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөө картасынтүзөт, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте добуш берүү үчүн орун-жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча иш жүргүзөт, добуш берүү үчүн орун-жайлардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөөлөрүнө ылайыктуулугун, пандустун, жардамга чакырууу баскыч жабдыктардын  бар-жогун текшерет. Талапкерлерди,  талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана каттоо Пропорциялык тутум боюнча шайлоодо саясий партиялар документтерди БШКга тапшырат. Мажоритардык тутум (бир мандаттуу шайлоо округу) боюнча шайлоодо талапкерлер документтердин түп нускаларын БШКга түздөн-түз же болбосо округдук шайлоо комиссиялары аркылуу тапшырат, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү маалыматтарды «Э-талапкерге» киргизет. Талапкерлер берген маалыматтардын (паспортунун жарактуулугу, билими, соттолгондугу, жарандыгы ж.б.) аныктыгы ведомстволор арлык «Түндүк» тутуму аркылуу текшерилет.  Маалыматтар текшерилгенден кийин БШК талапкерлерди,  талапкерлердин тизмесин каттоо же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Маалыматтарды «Э-талапкерге» туура киргизүү үчүн округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, саясий партиялар үчүн (онлайн жана офлайн форматтарында) окутуу иш-чаралары өткөрүлөт. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө жана каттоодо шайлоо мыйзамдарынын квоталоо бөлүгүндөгү талаптары сакталууга тийиш: бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун; 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; кеминде 2 талапкердин – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек. Маалымдоо жана үгүт Шайлоо комиссиялары баардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей укуктук шарттардын сакталышын камсыздайт. Округдук шайлоо комиссиялары (ОШК) талапкерлер, саясий партиялар үчүн коомдук аянтчаларды бөлүү маселелерин биргелешип чечишет, алардын округдарда шайлоочулар менен чогуу жолугушууларын уюштурат. Бул үчүн ОШК талапкерлердин  шайлоочулар менен жолугушууларынын (4-5-жолугушуу) графиктерин түзүүлөрү керек, бул шайлоочуларга талапкерлердин программалары менен таанышып, суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Шайлоочуларга маалымдоо максатында округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте  маалыматтык материалдарды жайгаштыруу үчүн орунду аныкташат. Ошондой эле талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө маалыматтар БШКнын расмий сайтына жайгаштырылат. Добуш берүү жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу тартиби Бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын эки тизмеси түзүлөт – добуш берүүгө катышкан шайлоочулар өз-өзүнчө эсепке алынат. Иденттештирүүдөн өткөндөн кийин шайлоочу бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча өз-өзүнчө чектерди алат. Добуш берүү үчүн өз-өзүнчө бюллетендер даярдалат: бир мандаттуу шайлоо округдары үчүн талапкерлердин ФАА, туулган жылдары көрсөтүлүү менен, ал эми бирдиктүү округ үчүн – саясий партиялардын аталыштары жана саясий партиялардан талапкерлердин ирет номурлары көрсөтүлүп, бош квадраттар менен. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочу шайлоо бюллетенине талапкерге же “баарына каршы” позициясына тийиштүү квадратка белги коёт. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочу партияга тийиштүү бир квадратка белги коёт, башка бөлүгүндө конкреттүү талапкердин ирет номуру үчүн белги коёт. Эгерде шайлоочу бир дагы партияны тандабаса, “баарына каршы” позициясына тийиштүү квадратка белги коёт. Эгерде шайлоочу партия үчүн квадратка белги коюп, конкреттүү талапкердин ирет номуру үчүн белги койбосо, же болбосо чыгып калган талапкердин квадратына белги койсо, шайлоочунун добушу ал партиянын пайдасына эсептелет. Эгерде шайлоочу талапкер үчүн белги коюп, партия үчүн белги койбосо, анда мыйдай бюллетень бирдиктүү шайлоо округу боюнча жараксыз деп таанылат. МШТ добуштарды автоматтык түрдө эсептөө жана АЭУлардан маалыматтарды б.а. добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын алуу үчүн пайдаланылат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары белгилөө кол менен саноонун жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда шайлоочулардын добуштарын саноо адегенде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жүргүзүлөт, андан кийин бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялар жана алардын талапкерлери үчүн жүргүзүлөт. Мында округдук шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыктарын тиешелүү округ боюнча чыгарат, ал эми БШК шайлоо натыйжаларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарынын алкагында чыгарат. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көпчүлүк санын б.а. жөнөкөй көпчүлүк добуш алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутат деп таанылат. БШК бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын 5 жана андан ашык пайыз добушун алган саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелери үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын суммасын эсептейт.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мобилдик топтору алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу боюнча чет өлкөлөрдө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт
18.08.2021

КР БШКнын мобилдик топтору алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу боюнча чет өлкөлөрдө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт

  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы үстүбүздөгү жылдын сентябрында чет өлкөлөрдө жүргөн же жашаган кыргызстандыктардын арасында алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн мобилдик топторду жөнөтөт. Мобилдик топтордун иши БУУӨПтүн 2020-2021-жылдары жергиликтүү жана парламенттик шайлоолорду колдоо үчүн дараметти өнүктүрүү боюнча долбоорунун алкагында Германия, Швейцария жана Япония өкмөттөрүнүн колдоосу алдында чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен өткөрүлгөн онлайн жолугушуулардын жыйынтыгында уюштурулат. Мобилдик топтордун курамына Борбордук шайлоо комиссиясынын, Тышкы иштер министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери киргизилет. Мобилдик топторду жөнөтүү графигин пландоодо COVID-19 пандемия шартында ар бир конкреттүү мамлекетте болуучу санитардык-эпидемиологиялык чектөөлөр милдеттүү түрдө эске алынат, ал эми топтордун мүчөлөрүнүн жарандар менен жолугушуусунун жүрүшүндө тиешелүү талаптар кыйшаюусуз сакталат. Жарандар менен жолугушууларда чет өлкөлөрдөгү мекемелерде  офлайн жана онлайн боюнча консулдук каттоого коюу маселелери талкууланат, биометрикалык маалыматтарды жана электрондук санариптик колтамганы чогултуу уюштурулат, жарандык маселелер боюнча түшүндүрмөлөр, шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн керектүү  документтер берилет, шайлоо участокторунун даректери жана саны такталат, ошондой эле  жаңы шайлоо тутуму боюнча кеңештер айтылат.    Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мобилдик топторду пайдалануунун оң тажрыйбасы бар, анда жарандарга консулдук каттоого коюу жол-жобосун камсыздоо боюнча мамлекеттик органдар көргөн чаралардын натыйжасында чет өлкөлөрдө шайлоочулардын тизмеси кыйла өскөнү катталган. Ошого жараша Кыргызстандын чет өлкөлөрдө жашаган көп сандагы жарандары өздөрүнүн шайлоо укуктарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышты. Атап айтканда, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо чет өлкөлөрдө катталган 15 312 шайлоочу үчүн чет өлкөлөрдө 36 шайлоо участогу ачылган, 2017-жылы КР Президентин шайлоодо катталган 18 580 шайлоочу үчүн чет өлкөлөрдө 37 шайлоо участогу ачылган. Мобилдик топтордун ишинин жыйынтыгы боюнча 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата чет өлкөлөрдө 45 УШК түзүлгөн, анда чет өлкөлөрдө катталган шайлоочулардын саны кескин түрдө көбөйгөн жана бул сан 32 602 шайлоочуну түзгөн. 2021-жылдын январындагы КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо чет өлкөлөрдөгү УШКлардын саны 48ди түзгөн, мында катталган шайлоочулардын саны 49 479 жаранга өсүп, жетти.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
17.08.2021

БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 2021-жылдын 17-августундагы жыйналышында “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. КР БШК депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен коошпогон ишке өткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык КР ЖК депутаты Т.У. Кыдыралиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну токтом кылды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин күбөлүгү анык эмес деп таанылды.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
17.08.2021

БШК Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 17-августта Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рахманов Алмазбек Азирткулович, Туйчиев Рустамжон Абдуллаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тагаев Жеңишбек Рыскулович, Мамадалиев Кубанычбек Хасанбаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Токтом Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А.А. Рахманов менен Р.А. Туйчиевдин шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобосуна ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
17.08.2021

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 17-августундагы жыйналышында Токтогул, Аламүдүн, Жайыл, Кадамжай жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Осмонов Талантбек Маматазизовичтин (№1, «Энергетиктер» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Ташболотов Улан Коргонбековичке (№4, «Энергетиктер» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Каза болгондугуна байланыштуу Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаты Васильев Николай Павловичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат пенсионер Савицкий Александр Васильевичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Рыскулбек уулу Нурматтын (№9, “Социал-Демократтар” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Мырзалиев Азизбек Темирбаевичке (№15, “Социал-Демократтар” саясий партиясы) өткөрүп берилди. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаты Асанбаев Адильбек Асанбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Ишеналиев Капар Айылчиевичке өткөрүп берилди. КР БШКнын 2021-жылдын 21-июнундагы № 117 чечимине байланыштуу Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты Асанов Нурдин Айдаркуловичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Мандат «Газпром Кыргызстан» ЖЧК оператору Курбанов Нузүпбек Топчубаевичке өткөрүп берилди. Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айылдык кеңешинин депутаты Максутов Замирбек Нурмаматовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Сайитов Абдирасил Саттаровичке өткөрүп берилди. Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Кадамжай районунун Масалиев айылдык кеңешинин депутаты Маматкулов Давранбек Жамшидовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Кадамжай ГЭСтин электриги Мамажанов Абубакир Махаматсадыковичке өткөрүп берилди. Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айылдык кеңешинин депутаты Дыканов Жыргалбек Рахмановичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Горький атындагы орто мектептин мугалими Эргашов Данияр Джалиловичке өткөрүп берилди. Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айылдык кеңешинин депутаты Таабалдиев Райимбек Исмаиловичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Эшматов Адам Нурмаматовичке өткөрүп берилди. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин депутаты Русланов Кудайберген Руслановичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Сапарбеков Алмазбек Алымбековичке өткөрүп берилди. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылдык кеңешинин депутаты Боталиев Таалайбек Эсенгуловичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жайыт комитетинин төрагасы Насырбаев Майрамбек Шаршенбаевичке өткөрүп берилди. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айылдык кеңешинин депутаты Чыныбаев Өмүрбек Карыбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Капаков Жолдубай Сооронбаевичке өткөрүп берилди. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинин депутаты Абдылдаев Алмаз Орозбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Шыгаев Курман Абдыралиевичке өткөрүп берилди.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК менен Кореянын Эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн ортосундагы  өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун долбоорун КР БШК жактырды
17.08.2021

КР БШК менен Кореянын Эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун долбоорун КР БШК жактырды

КР БШК 2021-жылы 17-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары –БШК) Кореянын Эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун долбоорун жактырды 2021-жылы 28-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тартибин пропорциялык тутумдан аралаш тутумга төмөнкүдөй өзгөртүү каралган: 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча шайланат, 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунда талапкерлердин ачык тизмелери менен пропорциялык тутум боюнча шайланат. Алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону программалык-техникалык жактан камсыздоо максатында БШК Маалыматтык шайлоо тутумунун модулун өркүндөтүү үчүн каржылоо булагын аныктоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүздү. Атап айтканда, жогоруда белгиленген милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн КР БШК менен Кореянын Эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол коюу аркылуу Кореянын Эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү менен келишимге жетишилди.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК Бишкек шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоо үчүн документтерди кабыл алды
17.08.2021

Бишкек АШК Бишкек шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоо үчүн документтерди кабыл алды

2021-жылы 17-августта Бишкек шаар мэринин кызмат ордуна талапкер катары каттоо үчүн Жунушалиев Айбек Жанышбековичтин документтери Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы А.Ж. Жунушалиевди көрсөткөн субъектилер болуп саналат.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жарандардан  паспорттогу дарегин каттоо дарегине шайкеш келтирүүнү өтүнөт
17.08.2021

БШК жарандардан паспорттогу дарегин каттоо дарегине шайкеш келтирүүнү өтүнөт

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо алкагында добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочулардын тизмесинен өзүн күн мурунтан тактоону шайлоочулардан өтүнөт. Мыйзамдарга ылайык шайлоочулардын тизмесине 18 жашка толгон, биометрикалык каттоодон өтүшкөн, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет. “Жергиликтүү жамааттын мүчөсү – бир мандаттуу шайлоо округунун курамына киргизилген тиешелүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда жасалган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги менен аныкталат” (“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 50-абзацы) Кыргыз Республикасынын каттоо органынын маалыматы боюнча учурда паспорттогу даректери иш жүзүндө туруктуу жашаган дарегинен (ДМБ – Дарек-маалымдама базасы) айырмаланган жарандар бар. Ушуга байланыштуу паспорттогу даректери иш жүзүндө туруктуу жашаган дарегинен айырмаланган жарандарды Жогорку Кеңешке шайлоо дайындалганга чейин) калкты каттоо органдарында (КТБ, паспорт столдору) өз паспортундагы маалыматтарын шайкеш келтирүүнү көптөн-көп өтүнөт. Бул үчүн жарандар калкты каттоо органдарына (КТБ, паспорт столдору) кайрылып, төмөнкүдөй жол-жободон өтүүсү керек: - 2017-жылдагы eID-карта үлгүсүндөгү паспорту бар жарандар иш жүзүндө жашаган дареги боюнча каттоо жүргүзүп, паспорттун чибине актуалдуу дарегин кайра жаздырышы зарыл; - 2004-жылдагы паспорту (AN сериясындагы ID-карта – сары түстөгү паспорт) бар жарандар иш жүзүндө жашаган дареги боюнча каттоо жүргүзүп, 2017-жылдагы үлгүдөгү жаңы паспорт (eID-карта) алышы керек; - мурда чет өлкөдө жүргөн, бирок ушул учурда республикада жашаган жеринин иш жүзүндө катталган дареги боюнча жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны консулдук каттоодон чыгаруу жана өз паспортундагы маалыматтарын актуалдаштыруу үчүн калкты каттоо органдарына кайрылышы зарыл! Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо аралаш тутум боюнча өтөөрүн Борбордук шайлоо комиссиясы эске салат. Шайлоодо Жогорку Кеңештин 36 депутаты бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча шайланат, ал эми Жогорку Кеңештин 54 депутаты бирдиктүү шайлоо округунда ачык тизмелер менен пропорциялык тутум боюнча шайланат. Жаран өзүн шайлоочулардын тизмесинен 1255, 119 түз байланыш телефон номурлары боюнча же https://tizme.gov.kg/ сайтынан тактаса болот.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 17-августунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
17.08.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 17-августунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

                                                                                               Өткөрүү датасы: 17 август 2021-ж.                                                                                                Убактысы: 17: 00                                                                                                Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясыынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Токтогул, Аламүдүн, Жайыл, Кадамжай жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу   (баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке киргизүүгѳ жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сатып алууну ишке ашыруунун Эрежелери жөнүндө (баядамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин ѳкүлчүлүгүнүн ортосундагы ѳз ара түшүнүшүү жѳнүндѳ меморандумдун долбоорун жактыруу жѳнүндѳ (баядамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 5. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
16.08.2021

Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

2021-жылы 16-августта Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Дүйшөнбек уулу Амантур катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Дүйшөнбек уулу Амантур Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды, ал үчүн Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9 депутаты добуш берди.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу шайлоону жана референдумду даярдоого жана өткөрүүгө акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын текшерүүдө
16.08.2021

БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу шайлоону жана референдумду даярдоого жана өткөрүүгө акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын текшерүүдө

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу шайлоону жана референдумду даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен шайлоо комиссияларына бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын текшерүүдө. Текшерүү иш сапары региондордо 2021-жылдын 16-августунан тартып 6-сентябрына чейин созулат: Баткен облусу –16-августтан 23-августка чейин; Ош ш., Ош облусу – 24-августтан 6-сентябрга чейин; Жалал-Абад облусу – 16-августтан 31-августка чейин; Бишкек ш., Чүй облусу – 16- августтан 31-августка чейин. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, шайлоону жана референдумду даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен шайлоо комиссияларына бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдында көзөмөлдөө-текшерүү тобу түзүлгөнүн эске салабыз. КР БШК мүчөсү Гайпкулов Искендер Төрөбаевич көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси болуп саналат.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү       
Кененирээк билүү >>
1 … 200 202 … 484