Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу
Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2021-жылы 28-июлда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамды кабыл алды, бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын аралаш шайлоо тутуму боюнча шайлоону аныктайт:
- 54 депутатты пропорциялык тутум боюнча шайлоо (талапкерлердин ачык тизмеси – саясий партиялардын тизмеси үчүн, ошондой эле партиялык тизмедеги айрым талапкерлер үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүү);
- 36 депутатты мажоритардык тутум боюнча шайлоо (бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер үчүн добуш берүү).
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык:
пропорционалдык тутум боюнча – саясий партияларга;
мажоритардык тутум боюнча – саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!
18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.
Шайлоо мезгилинде анын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктары, өздөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу, тышкы иштер маселелерин алып барган мамлекеттик орган тарабынан камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары аккредитациялоочу өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын сунушу боюнча түзүлгөн шайлоо участокторунда, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин аймагында добуш беришет.
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ жана мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнүнө активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.
Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан бул жол-жободон, ошондой эле шайлоо убагында – аэропортторунун жана темир жол бекеттеринин аймагында биометрикалык каттоо пункттарында да өтө алышат. Башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону жокко чыгаруу үчүн шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар боюнча идентификациялоо абдан маанилүү.
Добуш берүү күнүнө чейин 80 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 9-сентябрына чейин округдар, участоктор, райондор жана шаарлар боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштырылат, андан Сиз өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактап алсаңыз болот.
Ошондой эле добуш берүү күнүнө 70 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 19-сентябрына чейин тиешелүү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмесин таанышуу үчүн илинет.
Кандай гана болбосун ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына чейин (кошо алганда) Сиз КР жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз (Кыргыз Республикасынан сырткары жашаган адамдар үчүн – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү, ал жок болгондо – Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун, кызматтык же дипломатиялык паспортунун көчүрмөсү), мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.
2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына чейин (кошо алганда) шайлоочу мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, мамлекеттик порталдагы «шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу электрондук форматта арыз менен кайрылууга дагы укуктуу.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда жашаган же жүргөн жарандар 2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына чейин (кошо алганда) участкалык шайлоо комиссиясына шайлоо дарегин өзгөртүү жөнүндө жеке өзү же авторлоштуруудан өтүп, электрондук форматта арыз берип (биометрикалык идентификациядан өтүп), добуш берүү күнү жүргөн өз шайлоо дарегин өзгөртүүгө укуктуу.
Ал арыздар участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз жөнөтүлөт.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын өкүлдөрү!
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде (2021-жылдын 3-сентябры – билдирме берүүнүн акыркы күнү) шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен, шайлоого катышары тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – КР БШК) жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн жана\же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот.
Эгерде анын уставында камтылган аталышынын жана энбелгисинин кыскача сыпаттамасы саясий партиянын шайлоо документтеринде пайдаланылуучу кыскача аталышынан жана энбелгисинен айырмаланган учурда, аларды КР БШК менен макулдашат. Саясий партиянын аталышы жана энбелгиси КР БШКга көрсөтүлгөндөн кийин, шайлоо жүрүмү аяктаганга чейин аларды өзгөртүүгө жол берилбейт.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 601-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 45 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими жашыруун добуш берүү менен саясий партиянын съездинде кабыл алынат. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында) жүзөгө ашырылат.
Пропорционалдык тутум боюнча шайлоо боюнча саясий партия 54 талапкерден ашпаган санда талапкерлердин тизмесин саясий партиядан көрсөтөт.
Талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия төмөнкү өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү:
- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;
- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
- ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
- кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.
Саясий партиялардан бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер талапкерлиги добушка коюлган шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде жүзөгө ашырылат. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине КР БШК мүчөсү катышууга укуктуу. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
Кол тамга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси КР БШКга берилет.
Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Депутаттыкка талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 29-октябрына чейин аяктайт.
Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге, саясий партияларга көмөк көрсөтүү максатында КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жайгаштырылган, шайлоого катышуучу талапкерлер, саясий партиялар үчүн шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери – үгүт, шайлоо өнөктүгүн каржылоо жана шайлоо талаш-тартыштары маселелери боюнча усулдук материалдардын жана ченемдик актылардын жыйнагы даярдалды. Жакын арада шайлоого катышуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү семинарлары өткөрүлөт.
Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!
Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык силер менен биздин ишибиздин негизги иш принциптери болуп саналат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе силер менен биздин иш-аракеттерибизге жараша болот. Мекенди сүйүү, жарандык милдеттин жогорку сезими жана коом алдындагы жоопкерчилик бизге мыйзамдуу, ачык-айкын жана анык демократиялык шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет!
Өз тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо үчүн керектүү баардык чараларды көрөт.
шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү чечүүчү ролду аткарат.
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
Мыйзамга ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүттү өзүнө камтыйт. Үгүт процессине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациядан өтүүгө тийиш.
Аккредитациядан өтүү максатында КР БШКга жазуу жүзүндө билдирүү берүү керек.
Берилген эфирдик убакытты, басылма аянтты төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары же интернет-басылмада жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу тарабынан аккредитация максатында шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 17-сентябрына чейин (кошо алганда) КР БШКга берилүүгө тийиш. Мында акы төлөнүүчү эфир убактысынын, басылма аянтынын баасы баардык партиялар, талапкерлер үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашпоого тийиш.
Шайлоо мыйзамдарын бузган учурда КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу.
Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда б.а. 2021-жылдын 29-октябрында башталат жана 27-ноябрда саат 8:00дө аяктайт.
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылбаган маалыматтарды чагылдыруу аркылуу гана катышууга укуктуу.
Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
2) шайлоо комиссиясынын протоколдору менен таанышууга;
3) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
4) шайлоого даярдык көрүү мезгилинде, ал эми добуш берүү күнү шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото- жана көрмө-тартууну жүзөгө ашырууга;
5) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, алар атынан чыккан уюмдардын аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө.
КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана, өз кезегинде, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу баардык керектүү маалыматты берип турууга даяр экендигин билдирет.
www.shailoo.gov.kg –КР БШКнын расмий сайты.
www.tizme.gov.kg– шайлоочулардын тизмесинин порталы.
Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!
Кыргыз Республикасындагы жана бүтүндөй эле дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык татаал кырдаалга байланыштуу, коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышын болтурбай коюу максатында иш-чараларды (съезд, дебат, жолугушууларды өткөрүү) уюштурууда төмөнкү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо зарыл:
- орун-жайларды жана үстүнкү беттерди дезинфекциялоону жүргүзүү;
- адамдардын ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоо;
- санитайзерлерди, бир жолку бет каптарды жана кол каптарды пайдалануу;
- катышуучулардын температураларын контролдоо;
- пайдалануучу материалдарды жана буюмдарды кайта-кайта дезинфекциялоо.
КР БШК тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана шайлоочулардын, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, шайлоо процессинин катышуучуларынын ден соолугун коргоону камсыздоо боюнча дагы чаралар көрүлөт.
Шайлоо укук нугунда өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарындагы ченемдердин талаптарын катуу сактоо, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болуу зарыл.
КР БШК өзү тараптан шайлоо процессинин баардык катышуучулары үчүн ачык иштейт, ачык-айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо тынч, туруктуу атмосферада өтүшү үчүн мүмкүн болушунча күч-аракет жумшайт, өлкөбүздүн жарандары шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусу үчүн баардык керектүү шарттарды түзөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 29-августунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы:29-август2021-ж.
Убактысы:16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” Жобосу тууралуу" 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосу тууралуу"2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерди кабыл алуу жана текшерүү тартиби, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө документтердин формалары жана тизмеги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана маалыматтарда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча Жумушчу топту түзүү жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” 2015-жылдын 28-июлундагы №93 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиянын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу” 2015 -жылдын 28 -июлундагы №94 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө" Жобосу тууралуу” 2020-жылдын 26 -июнундагы №112 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
7. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө” Жобосу тууралуу" 2020-жылдын 11 -февралындагы №40 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
8. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ” Жобосу тууралуу” 2020-жылдын 11-февралындагы №38 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
9. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына, аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө” Жобосу тууралуу” 2020-жылдын 26-июнундагы №114 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
10. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
11. Шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүңө жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун тексти жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
12. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө
(баяндамачы – Дамир кызы А., адам ресурстарын башкаруу секторунун башчысы)
13. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
Урмат Самаев Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри болуп шайланды
2021-жылы 26-августта Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Токмок шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – көпчүлүк коалициясы ("Бирге-Вместе", "Патриот Ынтымагы", "Эл Биримдиги") көрсөткөн Самаев Урмат Обозбекович жана азчылык коалициясы ("Эмгек", "Асыл Мурас-Жаштары") көрсөткөн Кубатбек уулу Азат катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Самаев Урмат Обозбекович Токмок шаарынын мэри болуп шайланды, ал үчүн 30 депутаттын 19 депутаты добуш берди. Кубатбек уулу Азатты Токмок шаардык кеңешинин 11 депутаты колдоду.
Токмок АШК шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Алмаз Мамбетов Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэри болуп шайланды
Бүгүн – 2021-жылы 26-августта Ош шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
«Аманат» көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Мамбетов Алмаз Ишенбекович Ош шаарынын болуп шайланды.
Ош шаардык кеңешинде баардыгы 45 депутат бар. А.И. Мамбетовду катышкан 45 депутаттын 43 депутаты колдоду. Ош шаарынын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер болду.
Ош АШК шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурду.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды
Бүгүн – 2021-жылы 26-августта Бишкек шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Жунушалиев Айбек Жанышбекович шаар башчысы болуп шайланды.
Бишкек шаардык кеңешинде баардыгы 45 депутат бар. А.Ж. Жунушалиевди катышкан 45 депутаттын 43 депутаты колдоду.
Маалымат үчүн: “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде иш стажы бар же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло алат.
Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган, соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон, ошондой эле чет мамлекеттин жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло албайт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
БШК Ош шаарында саясий партиялардын катталган тизмелеринен аялдардын жапырт чыгуусун текшерет
Эки саясий партиянын – «Биздин Кыргызстан» партиясынын тизмесинен 38 аял талапкерди (Ош АШКнын 2021-жылдын 15-июлундагы чечими) жана «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинен 39 талапкерди, анын ичинде 31 аял талапкерди (Ош АШКнын 2021-жылдын 12- августундагы чечими) катталган тизмелерден чыгаруу жѳнүндѳ Ош АШКнын чечимдери БШКга түштү. Ошол эле учурда Ош шаардык кеңешинин 6 депутатынын, анын ичинде 5 аялдын, ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош мандаттарды тизме боюнча кийин турган талапкерлерге өткөрүп берүү жѳнүндѳ ушул эки саясий партиянын чечимдери түштү.
Мында «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө АШКлардын чечимдери БШК тарабынан бекитилүүгө тийиш.
Бүгүн – 2021-жылдын 25-августундагы жыйналышында талкуудан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү талапкерлердин катталган тизмелеринен аялдардын жапырт чыгаруу, ошондой эле аял депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдеринин баардык жагдайлары кылдат иликтөөнү талап кылат деп чечишти.
Ошентип, бул маселени БШК карап чыккыча, өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыз берген депутаттар Ош шаардык кеңешинин иштеп жаткан депутаттары катары кала беришет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Токмок АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 25-августундагы жыйналышында Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан
көрсөтүлгөн Аманданова Гулиза Авышкановна жана Касымов Форухжон
Махмутжанович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан
көрсөтүлгөн Сергеева Оксана Андреевна жана Базарбаева Жыпаргүл
Манасбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин;
Токтом Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 25-августунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Убактысы: 18:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Аял-активисттерге жаңы шайлоо мыйзамынын гендерлик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Аялдар демократиялык түйүнүнүн Кыргызстандагы өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өттү.
Жаңы шайлоо тутуму боюнча маселелер, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр жолугушуунун темасы болду.
КР БШК мүчөсү Кайрат Маматов катышуучуларга жаңы мыйзамдарга киргизилген гендерлик жана жаштар үчүн квоталар, пропорциялык жана мажоритардык тутумдар боюнча көрсөтүлгөн аял талапкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди.
Пропорциялык тутум боюнча талапкерлердин тизмелерин түзүүдө төмөнкү квоталар каралууда:
бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;
35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;
кеминде 2 талапкердин – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо алкагында Медиа мектеп таризинде өттү. Ал Медиа мектеп жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, блогерлерге, биринчи кезекте жаштардын арасынан жарандык коомдун өкүлдөрүнө багытталган. Жолугушууларда этаптарынын кезектүүлүгүнө ылайык шайлоо процессинин актуалдуу маселелери чагылдырылат.
Актуалдуу шайлоо маселелерин чагылдыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана кызматкерлерин, шайлоо процесси жана мыйзамдары, медиа, фактчекинг ж.б. чөйрөлөрүндөгү көз карандысыз эксперттерди тартылууда.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК менен облустук медиа борборлор шайлоо алдындагы үгүттүн тариздерин талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо алкагында Медиа мектеп таризинде онлайн жолугушуулардын сериясын баштады.
Ал Медиа мектеп жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрүнө, блогерлерге, биринчи кезекте жаштардын арасынан жарандык коомдун өкүлдөрүнө багытталган.
Жолугушууларда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ж.б. ченемдик укуктук актыларга ылайык жаңы шайлоо тутуму боюнча маселелер, шайлоо процессинин алкагында ЖМКларды аккредиттөө, маалымдоо, үгүт эрежелери маселелери чагылдырылат. Катышуучуларга шайлоо процессинин этаптарынын кезектүүлүгүнө ылайык маалымат берилет.
Актуалдуу шайлоо маселелерин чагылдыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана кызматкерлерин, шайлоо процесси жана мыйзамдары, медиа, фактчекинг ж.б. чөйрөлөрүндөгү көз карандысыз эксперттерди тартуу мерчемделүүдө.
Бүгүн – 26-августта КР БШК төрагасынын кеңешчиси Айнура Темирбекованын, медиа эксперттердин жана облустук медиа борборлорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн биринчи жолугушууда алдыдагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө түшүндүрмө берилди.
Катышуучулар аралаш шайлоо тутумунун алкагында маалымдоо эрежелерин жана тариздерин, партиялык тизме боюнча жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн талапкерлерге обо убактысын берүү маселелерин кеңири талкуулашты.
Мыйзамдарга ылайык талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо өткөрүлүп жаткан аймактарда телерадио берүүлөрдү жүзөгө ашыруучу телерадио уюмдарынын каналдарында аларга акысыз берилүүчү обо убактысына укуктуу. Ошондой эле уюштуруучулары (тең уюштуруучулары, ээлери) мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган ЖМКлар жана интернет-басылмалары, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка ЖМКларга салыштырганда жеңилдиктери бар ЖМКлар жана интернет-басылмалары талапкерлерге, саясий партияларга талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген материалдар үчүн тең шарттарда А4 өлчөмүндө бир беттен кем эмес акысыз басылма же тиешелүүлүгүнө жараша электрондук аянтын бөлүп берүүгө тийиш.
Онлайн жолугушуу алкагында биринчи кезекте мажоритардык тутум боюнча көрсөтүлгөн талапкерлер үчүн обо убактысын жана басылма аянтын берүү тариздерин талкуу уюштурулду.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКнын Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө Кайрылуусу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо максатында, саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү тууралуу жарыялайт.
Аймактык шайлоо комиссиялары – жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалык орган болуп саналат. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт.
Ошол себептен, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык деңгээлин, иш тажрыйбасын эске алуу зарыл.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүгө тийиш.
Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. БШКага саясий партиянын жетекчисинин (жана чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
-аймактык шайлоо комиссиялардын резервинде иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
-паспортунун көчүрмөсү;
-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);
-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин негизинде төмөнкүлөр АШКнын мүчөсү боло албайт:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда терс негиздер боюнча бошотулган адамдар.
Көрсөтүү субъектилери шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калк жашаган пунктта жашашы керек экенин эске алуулары зарыл.
Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 25-августунун саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары сессиясында каралган документтерди (сессиялардын токтомдору жана көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси менен) тиешелүү АШКга берет. БШКнын тиешелүү АШКдагы атайын өкүлү бүт документтерди БШКга тапшырат.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 25-августунун саат 18-00гө чейин саясий партиянын жетекчи органынын өкүлү тарабынан БШКга тапшырылат.
«Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» жана «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» жоболор менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыздар болот.
Маалымат алуу телефону: (0312) 66-01-16, (0312) 66-01-18
Эскертүү: «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн, башкача айтканда, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын курамында турган саясий партиялар (БШКнын расмий сайтын караңыз) ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервине документтерди берүүсү мүмкүн эмес.
Кененирээк билүү >>
Аймактык шайлоо комиссиялары Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлеринин кызмат ордуна талапкерлерди каттады
Бишкек, Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлерден кабыл алынган документтердин мыйзам талаптарына ылайыктыгын ведомстволор аралык электрондук “Түндүк” тутуму аркылуу дагы текшергенден кийин төмөнкүдөй чечим кабыл алышты.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Бишкек шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Жунушалиев Айбек Жанышбековичти каттады.
Ош аймактык шайлоо комиссиясы «Аманат» көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Мамбетов Алмаз Ишенбековичти каттады.
Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 2 талапкерди – көпчүлүк коалициясы ("Бирге-Вместе", "Патриот Ынтымагы", "Эл Биримдиги") көрсөткөн Самаев Урмат Обозбековичти жана азчылык коалициясы ("Эмгек", "Асыл Мурас-Жаштары") Кубатбек уулу Азатты каттады.
Маалымат үчүн:
1. Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде иш стажы бар же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаар мэри боло алат.
2. Шаар мэринин кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Өкмөт бекиткен "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат (мындан ары – мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат) менен ырасталат.
Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.
Шаар мэринин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу өз сертификатын аймактык шайлоо комиссиясына бербей коюусу каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.
3. Кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон жана соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жоюлбаган, ошондой эле талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жараны, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар шаардын мэри боло албайт.
Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерин шайлоону өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жобо менен жөнгө салынат.
Шаар мэри тиешелүү шаардык кеңештин депутаттары тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө жашырын добуш берүү жолу менен шайланат.
Тиешелүү шаардык кеңештеги депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, шайлоо өттү деп деп эсептелет.
Тиешелүү шаардык кеңештеги депутаттардын көпчүлүк бөлүгүнүн добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелет.
Токмок шаарынын мэрин шайлоону өткөрүү тартиби “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана “Шаар мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” Жобо менен жөнгө салынат.
Шаардык кеңештеги депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк бөлүгү катышса, мэрди шайлоо өттү деп деп эсептелет.
Тиешелүү шаардык кеңештеги депутаттардын көпчүлүк бөлүгүнүн добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелет.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоо 26-августка дайындалганын эске салабыз. Шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт.
Аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ведомстволор аралык жумушчу топ Жалал-Абад облусунда, Ош шаарында жана Ош облусунда шайлоо округдарын түзүү маселелери боюнча экинчи жыйналышын өткөрдү
Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо алкагында 2021-жылы 20-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Жалал-Абад облусунда, Ош шаарында жана Ош облусунда шайлоо округдарын түзүү маселелери боюнча экинчи жыйналышы өттү.
Жумушчу топтун жыйналышына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары (Карашев А.А., Бакиров О.М., Сулайманов А.Т.), мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана онлайн режиминде Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, Ош шаарынын вице-мэри, Ош жана Жалал-Абад облустарынын райондорунун мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилери катышты.
Жалал-Абад облусунун шайлоо округдарынын схемаларынын жана чек араларынын долбоорун талкуулоодо райондорунун мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилери мүмкүн болгон баардык варианттарды изилдеп чыгып, Жалал-Абад облусунун шайлоо округдарынын схемаларынын жана чек араларынын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сунуштаган долбоору боюнча бир пикирге келишти.
Талкууга төмөнкүлөр катышты: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Акматов М.Т., Аксы районунун акими Сыдыков З.Б., Ала-Бука районунун акими Сатаров Н.Б., Базар-Коргон районунун акими Сатыбалдиев Д.М., Ноокен районунун акими Шаршеналиев Н.А., Сузак районунун акими Сыдыкназаров Б.Ж., Тогуз-Торо районунун акими Карагулов М.К., Чаткал районунун акими Сенирбаев А.Ж., Токтогул районунун акиминин орун басары Кожобергенов Н.К., Жалал-Абад шаарынын мэри Ормоков Э.А., Майлуу-Суу шаарынын мэри Умаров Н.Э., Таш-Көмүр шаарынын мэри Доулбеков Н.Т., Кара-Көл шаарынын вице-мэри Курамаев М.С.
Ош шаарынын жана Ош облусунун шайлоо округдарынын схемаларынын жана чек араларынын долбоорун талкуулоодо жыйналыштын катышуучуларынын пикири экиге бөлүндү. Ушуга байланыштуу Ош шаарынын жана Ош облусунун шайлоо округдарынын схемаларынын жана чек араларынын оптималдуу варианттарын иштеп чыгууну улантуу чечими кабыл алынды. Мында райондордун мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилерине ведомстволор аралык жумушчу топтун кароосуна кошумча сунуш киргизүү тапшырылды.
Талкууга төмөнкүлөр катышты: Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Алайчиев Б.Б., Ош шаарынын вице-мэри Юсупов З.Б., Өзгөн районунун акими Раматов М.С., Кара-Кулжа районунун акими Кенжебаев А.Б., Араван районунун акими Кулубаев С.Д., Чоң-Алай районунун акими Абыкеев Т.А., Ноокат районунун акиминин орун басары Абилов М.Р., Алай районунун акими Апбасов К.С., Кара-Суу акиминин орун басары Куланова А.М.
2021-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Конституциялык мыйзам кабыл алды. Бул мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жаңы тартибин – аралаш тутум боюнча шайлоо тартибин аныктайт:
- 54 депутат пропорциялык тутум боюнча шайланат (талапкерлердин ачык тизмеси – саясий партиялар жана партиялык тизмедеги талапкерлер үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүү);
- 36 депутат мажоритардык тутум боюнча шайланат (бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүү).
Шайлоо округдарын түзүүнүн н6егизги критерийлери
Жогорку Кеңештин 54 депутатын пропорциялык тутум боюнча шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бүт аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп саналат.
Жогорку Кеңештин 36 депутатын бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоону өткөрүлөт.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин 36 депутатын шайлоону өткөрүү калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо күнү дайындалгандан кийинки 3 календардык күндөн кечиктирбестен беришкен маалыматтардын негизинде түзүлгөн шайлоо округдарында жүзөгө ашырылат.
Шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
- шайлоочулардын саны боюнча шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен, эреже катары, 20 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги;
- шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, бири-бири менен чектешпеген шайлоо округдарында шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт.
Жогоруда аталган талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү эске алынат.
2021-жылдын 12-августуна карата шайлоочулардын саны 3 млн. 657 миң 805 адамды түздү.
Ар бир шайлоо округу болжолдуу эсеп боюнча 100 миң 266 сандагы шайлоочудан түзүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнү дайындалгандан кийинки 7 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын, ар бир шайлоо округуна кирген калктуу пункттардын тизмегин, ар бир шайлоо округунун номурун жана борборун, ар бир шайлоо округундагы шайлоочулардын санын түзөт жана бекитет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Токмок АШКнын резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 20-августундагы жыйналышында Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан төмөнкүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды:
- Демильханова Лейла Вахаевнаны;
- Степанова Анастасия Михайловнаны;
- Исакова Мөөркан Шүкүрбековнаны;
- Баялинов Кылыч Абдыбековичти;
- Сардиева Шахноза Каримовнаны;
- Иманалиева Арсар Чыныбековнаны;
- Сансызбаева Асель Намырбековнаны;
- Ахунова Гульнар Хашимовнаны;
- Коноплева Елена Александровнаны;
- Максутбоева Эхтибарды;
- Коноплева Ольга Филипповнаны;
- Сергеева Оксана Андреевнаны;
- Базарбаева Жыпаргүл Манасбековнаны;
- Евсюкова Елена Александровнаны.
Токтом Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин 2021 2021-жылдын 13-августундагы № 6/2-5 токтомунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу