Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

17-Авг, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 17-августундагы жыйналышында Токтогул, Аламүдүн, Жайыл, Кадамжай жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Осмонов Талантбек Маматазизовичтин (№1, «Энергетиктер» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Ташболотов Улан Коргонбековичке (№4, «Энергетиктер» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Каза болгондугуна байланыштуу Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаты Васильев Николай Павловичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат пенсионер Савицкий Александр Васильевичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Рыскулбек уулу Нурматтын (№9, “Социал-Демократтар” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Мырзалиев Азизбек Темирбаевичке (№15, “Социал-Демократтар” саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаты Асанбаев Адильбек Асанбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Ишеналиев Капар Айылчиевичке өткөрүп берилди.

КР БШКнын 2021-жылдын 21-июнундагы № 117 чечимине байланыштуу Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты Асанов Нурдин Айдаркуловичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Мандат «Газпром Кыргызстан» ЖЧК оператору Курбанов Нузүпбек Топчубаевичке өткөрүп берилди.

Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айылдык кеңешинин депутаты Максутов Замирбек Нурмаматовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Сайитов Абдирасил Саттаровичке өткөрүп берилди.

Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Кадамжай районунун Масалиев айылдык кеңешинин депутаты Маматкулов Давранбек Жамшидовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Кадамжай ГЭСтин электриги Мамажанов Абубакир Махаматсадыковичке өткөрүп берилди.

Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айылдык кеңешинин депутаты Дыканов Жыргалбек Рахмановичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Горький атындагы орто мектептин мугалими Эргашов Данияр Джалиловичке өткөрүп берилди.

Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айылдык кеңешинин депутаты Таабалдиев Райимбек Исмаиловичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Эшматов Адам Нурмаматовичке өткөрүп берилди.

Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин депутаты Русланов Кудайберген Руслановичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Сапарбеков Алмазбек Алымбековичке өткөрүп берилди.

Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылдык кеңешинин депутаты Боталиев Таалайбек Эсенгуловичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жайыт комитетинин төрагасы Насырбаев Майрамбек Шаршенбаевичке өткөрүп берилди.

Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айылдык кеңешинин депутаты Чыныбаев Өмүрбек Карыбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Капаков Жолдубай Сооронбаевичке өткөрүп берилди.

Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинин депутаты Абдылдаев Алмаз Орозбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Шыгаев Курман Абдыралиевичке өткөрүп берилди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>