Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШКга «Кыргызстандын жашылдар партиясы" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу жөнүндө билдирме түштү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Кыргызстандын жашылдар партиясы» саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү.
Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Алыбаева Анель Кубанычбековнаны, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Аджибаева Жаңыл Бейшеновнаны дайындады.
Календарлык планга ылайык КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин КР БШК эске салат.
Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу коюлуп, саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18.00гө чейин.
Ошону менен бирге, конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирме шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып башталат (6-сентябрга чейин) жана шайлоо күнүнө 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.
Буга чейин КР БШКга "Социал -демократтар" жана “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”,"Альянс" саясий партиялардан КР ЖК депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.
Кененирээк билүү >>
БШКга «Альянс» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу жөнүндө билдирме түштү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Альянс» саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү.
Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Имаралиева Айназик Акматалиевнаны, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Арзымбаева Чынара Кыясовнаны дайындады.
Календарлык планга ылайык КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин КР БШК эске салат.
Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу коюлуп, саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18.00гө чейин.
Ошону менен бирге, конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирме шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып башталат (6-сентябрга чейин) жана шайлоо күнүнө 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.
Буга чейин КР БШКга "Социал -демократтар" жана “Улуттар биримдиги”, “Ишеним” саясий партиялардан КР ЖК депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.
Кененирээк билүү >>
БШКга «Ишеним» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу жөнүндө билдирме түштү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Ишеним» саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү.
Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Рысбаева Асель Алишеровнаны, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Турдакунова Эльвира Алмазбековнаны дайындады.
Календарлык планга ылайык КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин КР БШК эске салат.
Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу коюлуп, саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18.00гө чейин.
Ошону менен бирге, конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирме шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып башталат (6-сентябрга чейин) жана шайлоо күнүнө 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.
Буга чейин КР БШКга "Социал -демократтар" жана "Улуттар Биримдиги" саясий партиялардан КР ЖК депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.
Кененирээк билүү >>
БШКга «Народная партия «Улуттар биримдиги» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу жөнүндө билдирме түштү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Народная партия «Улуттар биримдиги» саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү.
Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Болотбеков Руслан Бейшенбековту, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Сыдыков Камиль Таштанбековичти дайындады.
Календарлык планга ылайык КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин КР БШК эске салат.
Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу коюлуп, саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18.00гө чейин.
Ошону менен бирге, конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирме шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып башталат (6-сентябрга чейин) жана шайлоо күнүнө 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.
Буга чейин КР БШКга "Социал -демократтар" саясий партиясынан КР ЖК депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу мекендештер!
Урматтуу мекендештер!
Урматтуу кесиптештер!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди биздин Мекенибиздин Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктайт!
30 жылдын ичинде өлкөбүз жаңылыштыктардын ачуу даамын дагы татып, жетишкендиктердин кубанычына дагы батып, өнүгүүнүн жолундагы күңгөй-тескейди башынан өткөрдү. Кыргызстандын эли ушул жолдогу мамлекеттүүлүктүн баалуулуктарын жана биримдик менен баш кошкондуктун маанилүүлүгүн түшүнүп, өлкөнүн көз карандысыздыгын сактап кала алды!
30 жылдын ичинде өлкөнүн өнүгүшү менен бирге Кыргыз Республикасынын шайлоо тутуму дагы чоң өзгорүүлөрдү басып өттү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат жана аны шайлоолордо жана референдумдарда ишке ашырат деп аныктайт.
Республиканын жаңы Конституциясында демократиялык эркин шайлоолордун маанилүү принциптери чагылдырылган. Шайлоолор аркылуу шайланма органдар жана жогорку кызмат адамдары легитимдешет, ал эми референдумдарда жалпы элдик добуш берүү менен өлкө тумушунун эң маанилүү маселелери чечилет.
Мамлекеттин милдети – шайлоочулардын эркин добуш берүүсү жана баардык талапкерлер менен партиялардын шайлоого тең катышуусу үчүн бүт зарыл шарттарды түзүү.
Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында бурмалоолордун жана башка одоно бузуулардын кесепетинен шайлоолор коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна себеп болгон учурлар аз эмес.
Жарандардын колдоосу аркасында мамлекет ырааттуу ишке ашырган шайлоо укугунун жана процессинин реформаларынын натыйжасында бүгүнкү этапта добуш берүүнүн натыйжаларынын аныктыгына жетишүүгө, заманбап санариптик технологиялардын жардамы менен бурмалоолорго ишенимдүү бөгөт коюуга жана атаандаш эркин шайлоо өткөрүүгө пайдубал түзүүгө мүмкүн болду.
Бирок маанилүү болсо дагы, жолдун бир бөлүгүн гана басып өттүк. Шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын, жарандык коомдун, ЖМКнын биргелешкен күч-аракеттери менен алдыда шайлоонун саясий жана укук маданиятын мындан ары арттыруу, шайлоодо бузууларга каршы аракеттенүүнүн натыжалуулугун жогорулатуу жана мыйзамдуулукту чыңдоо, жарандардын баардык категорияларынын шайлоо укуктарын толук жүзөгө ашыруу милдеттери турат.
Көз карандысыздык күнү баарыбыз үчүн жарандык биримдиктин, өлкөнүн учуру жана келечеги үчүн ар бирибиздин жоопкерчилигибиздин символу болуп саналат.
Биздин Мекенди сүйүүбүз, өз ара түшүнүүбүз жана бири-бирибизди колдообуз, эмгекчилдигибиз жана биргелешкен күч-аракеттерибиз өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүп, гүлдөтүү үчүн негиз болооруна ишенебиз!
Ушул улуу күнү ар бириңизге, сиздердин үй-бүлөңүздөргө ак дилибизден чың ден соолук жана бакубат турмуш, ийгилик жана гүлдөп, өнүгүү каалайбыз!
КР Борбордук шайлоо комиссиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
КР БШК 2021-жылы 30-августта жыйналышында Каракол, Кочкор, Токтогул жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин карап чыгып, бекитти.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаты Бапаев Чингиз Арстанбековичтин (№1, “Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Казакбаев Нурлан Туратбековичке (№13, “Бирге-Вместе” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айылдык кеңешинин депутаты Сыргак уулу Азиздин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Орозобек уулу Уланбекке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Э. Аралбаев айылдык кеңешинин депутаты Дүйшеев Зайырбек Сыязбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Момунтай” дыйкан чарбасынын мүчөсү Сагынбаев Рамис Алымбековичке өткөрүп берилди.
Каза болгондугуна байланыштуу Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылдык кеңешинин депутаты Кыдыралиев Дамир Көчкөновичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат “Түндүк электр” ААКтын жетектөөчү адиси Бектемирова Мээрим Туратбековнага өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга «Социал-демократтар» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу жөнүндө билдирме түштү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Социал-демократтар» саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү.
Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Касымбеков Нурбек Айтыевичти, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Усубалиев Таалайбек Болотбековичти дайындады.
Календарлык планга ылайык КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин КР БШК эске салат.
Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу коюлуп, саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18.00гө чейин.
Ошону менен бирге, конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирме шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып башталат (6-сентябрга чейин) жана шайлоо күнүнө 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
КР БШК 2021-жылдын 30-августунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады.
Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөт башчысын шайлоо 2021-жылдын 17-сентябрына дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти
2021-жылы 30-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 26-августта өткөн Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти.
Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн 1 талапкер – Жунушалиев Айбек Жанышбекович катталган. Добуш берүүгө Бишкек шаардык кеңешинин
баардык 45 депутаты катышты, А.Ж. Жунушалиев 43 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 2 добуш берилди. Жунушалиев Айбек Жанышбекович Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды.
Ош шаарынын мэринин кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Ош шаардык кеңешинин «Аманат» көпчүлүк коалициясы көрсөткөн 1 талапкер – Мамбетов Алмаз Ишенбекович катталган. Добуш берүүгө Ош шаардык кеңешинин баардык 45 депутаты катышты, А.Ж. Жунушалиев 43 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 2 добуш берилди. Мамбетов Алмаз Ишенбекович Ош шаарынын мэри болуп шайланды.
Чүй облусунун Токмок шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Самаев Урматбек Обозбекович, азчылык коалициясы көрсөткөн Кубатбек уулу Азат катталган. Добуш берүүгө Токмок шаардык кеңешинин 31 депутатынын 30 депутаты катышты, У. О. Самаев – 19 добуш, Кубатбек уулу А. 11 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Самаев Урматбек Обозбекович Токмок шаарынын мэри болуп шайланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 30-августунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 30-август 2021-ж.
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2021-жылдын 26-августунда өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. 2021-жылдын 26-августунда өткөрүлгөн Ош шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. 2021-жылдын 26-августунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнүктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Каракол, Кочкор, Токтогул жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
7. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календарлык планы бекитилди
Кыргыз Республикасынын Президентинин № 370 ПЖ Жарлыгы менен жаңы чакырылыштын депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды. Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүү, ал эми Министрлер Кабинетине шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде уюштуруу-техникалык ж.б. маселелерди чечүүгө көмөктөшүү каралды.
2021-жылы 11-апрелде кабыл алынган КР Конституциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын сандык курамы өзгөртүлүп – 120дан 90го азайтылды жана шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен белгиленери аныкталды.
2021-жылы 28-июлда Жогорку Кеңеш кабыл алган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы 26-августта күчүнө кирди, аны менен депутаттарды аралаш тутум – мажоритардык-пропорционалдык тутум боюнча шайлоонун жаңы тартиби аныкталды.
Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу үчүн жана мыйзамдардын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календарлык планын кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн негизги багыттары жана этаптары:
- шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү жана бекитүү – 2021-жылдын 6-сентябрына чейин;
- округдук шайлоо комиссияларын түзүү – 2021-жылдын 7-сентябрынан тартып;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде шайлоо комиссияларын түзүү – 2021-жылдын 13-сентябрына чейин;
Шайлоочулардын тизмеси менен иштөө:
- УШКларда шайлоочулардын алдын ала тизмесин таанышуу үчүн илүү – 2021-жылдын 19-сентябрына чейин;
- шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 2021-жылдын 29-октябрына чейин;
- шайлоочулардын тизмесиндеги ката же так эместик, шайлоочулардын тизмесинде болбогондук (шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө) шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу – 2021-жылдын 19-сентябрынан тартып 21-октябрына чейин;
- УШКларда шайлоочулардын биротоло тизмелеринин экинчи нускасын илүү – 2021-жылдын 21-ноябрына чейин;
- – 2021-жылдын 6-сентябрына чейин;
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо:
- шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардын шайлоого катышары тууралуу БШКга жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү – 2021-жылдын 3-сентябрдын саат 18:00го чейин;
- КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү – 2021-жылдын 14-октябрына чейин;
- талапкерлердин жана саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан каттоо үчүн тийиштүү документтерди берүүсү – 2021-жылдын 18-октябрына саат 18.00гө чейин;
- КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо – 2021-жылдын 29-октябры;
Шайлоо алдындагы үгүт:
- Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү – 2021-жылдын 29-октябрынан тартып 2021-жылдын 27-ноябрынын саат 08:00нө чейин;
Добуш берүү тартиби:
-добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү – 2021-жылдын 27-ноябры, саат 08:00дөн 20:00гө чейин;
-добуш берүү –2021-жылдын 28-ноябры, саат 08:00дөн 20:00гө чейин;
- КР ЖКга шайлоонун натыйжаларын аныктоо – 2021-жылдын 18-декабрына чейин.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК билдирет: саясий партиялар шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышары тууралуу КР БШКга билдирме жиберүүлөрү керек
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.
2021-жылдын 29-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча календарлык планды бекитти.
Календарлык планга ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен, шайлоого катышары тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш.
Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18.00гө чейин.
КР ЖК депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча календарлык план менен мында кеңири таанышса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого ЖМКларды жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо башталды
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүүгө билдирүүлөрдү кабыл ала баштады.
Мыйзамга ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүттү өзүнө камтыйт. Үгүт процессине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациядан өтүүгө тийиш.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” КР Президентинин Жарлыгы 2021-жылдын 29-августунда жарыялангандыгын БШК эске салат. Ошого байланыштуу аккредитациядан өтүүгө документтерди тапшыруунун акыркы күнү – 2021-жылдын 18-сентябры.
Шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ниети бар жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар белгиленген мөөнөттө – 2021-жылдын 18-сентябрына чейин (кошо алганда) төмөнкүдөй документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш:
- шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүү, анда жалпыга маалымдоо каражатынын жана интернет-басылманын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланышуу маалыматтарын көрсөтүү зарыл;
- жалпыга маалымдоо каражатынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- интернет-басылмалар үчүн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же салык органдарында жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн (патент) (интернет-басылмалар үчүн) көчүрмөсү;
- маалымат жана маалыматтык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсү;
- уставынын көчүрмөсү (эгерде бар болсо);
- эфир убактысын, басма аянтын берүү үчүн акынын өлчөмү жана интернет-басылмада жарыялоо укугу жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтар.
Жалпыга маалымдоо каражаты жана интернет-басылма өкүлдөрүнүн тизмесин жана электрондук варианттагы арызда камтылган башка маалыматты КР БШКнын pr.shailoo@gmail.com электрондук почтасына дагы жөнөтөт.
Алдыдагы шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда, региондордогу жалпыга маалымдоо каражаттарынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларга маалымдоодо жана үгүт жүргүзүүдө ролу жана катышуусу абдан маанилүү.
КР БШК региондордогу жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу баардык керектүү маалыматты берүүгө даяр экендигин билдирет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдык урматына КР БШК бир нече адамдарды Ардак грамота менен сыйлайт
2021-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо тутумун реформалоого, шайлоолорду өткөрүүнү даярдоого кошкон салымдары үчүн аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын бир катар мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди КР БШКнын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына КР БШКнын кайрылуусунун текстин жактырды
2021-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР БШКнын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусун кабыл алды.
Кайрылуу шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына шайлоого катышуу үчүн зарыл мөөнөттөр жана иш-аракеттер тууралуу маалымдоо максатында кабыл алынды.
Сиз Кайрылуу менен мында кеңири таанышсаңыз болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыр
2021-жылдын 29-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйналышында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 26-августундагы № 103 конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу үчүн бир катар ченемдик укуктук актыларды бекитти.
Аталган конституциялык Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу төмөнкү жоболор ага ылайык келтирилип, өзгөртүүлөр киргизилди:
- "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” Жобосу тууралуу" 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосу тууралуу" 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана маалыматтарда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча Жумушчу топту түзүү жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” 2015-жылдын 28-июлундагы №93 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиянын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу” 2015-жылдын 28-июлундагы №94 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө" Жобосу тууралуу” 2020-жылдын 26-июнундагы №112 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- "Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө” Жобосу тууралуу" 2020-жылдын 11 -февралындагы №40 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- "Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ” Жобосу тууралуу” 2020-жылдын 11-февралындагы №38 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына, аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө” Жобосу тууралуу” 2020-жылдын 26-июнундагы №114 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Мындан тышкары, КР БШК “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерди кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө” Жобону бекитти. Ошондой эле ушул токтом менен каттоо үчүн талапкерлер жана саясий партиялар берүүчү документтердин формалары жана тизмеги бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу