Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу

29-Авг, 2021

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2021-жылы 28-июлда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамды кабыл алды, бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын аралаш шайлоо тутуму боюнча шайлоону аныктайт:

- 54 депутатты пропорциялык тутум боюнча шайлоо (талапкерлердин ачык тизмеси – саясий партиялардын тизмеси үчүн, ошондой эле партиялык тизмедеги айрым талапкерлер үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүү);

- 36 депутатты мажоритардык тутум боюнча шайлоо (бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер үчүн добуш берүү).

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык:

пропорционалдык тутум боюнча – саясий партияларга;

мажоритардык тутум боюнча – саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!

18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.

Шайлоо мезгилинде анын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктары, өздөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу, тышкы иштер маселелерин алып барган мамлекеттик орган тарабынан камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары аккредитациялоочу өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын сунушу боюнча түзүлгөн шайлоо участокторунда, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин аймагында добуш беришет.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ жана мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнүнө активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан бул жол-жободон, ошондой эле шайлоо убагында – аэропортторунун жана темир жол бекеттеринин аймагында биометрикалык каттоо пункттарында да өтө алышат. Башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону жокко чыгаруу үчүн шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар боюнча идентификациялоо абдан маанилүү.

Добуш берүү күнүнө чейин 80 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 9-сентябрына чейин округдар, участоктор, райондор жана шаарлар боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштырылат, андан Сиз өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактап алсаңыз болот.

Ошондой эле добуш берүү күнүнө 70 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 19-сентябрына чейин тиешелүү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмесин таанышуу үчүн илинет.

Кандай гана болбосун ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына чейин (кошо алганда) Сиз КР жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз (Кыргыз Республикасынан сырткары жашаган адамдар үчүн – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү, ал жок болгондо – Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун, кызматтык же дипломатиялык паспортунун көчүрмөсү), мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына чейин (кошо алганда) шайлоочу мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, мамлекеттик порталдагы «шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу электрондук форматта арыз менен кайрылууга дагы укуктуу.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда жашаган же жүргөн жарандар 2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына чейин (кошо алганда) участкалык шайлоо комиссиясына шайлоо дарегин өзгөртүү жөнүндө жеке өзү же авторлоштуруудан өтүп, электрондук форматта арыз берип (биометрикалык идентификациядан өтүп), добуш берүү күнү жүргөн өз шайлоо дарегин өзгөртүүгө укуктуу.

Ал арыздар участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз жөнөтүлөт.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын өкүлдөрү!

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде (2021-жылдын 3-сентябры – билдирме берүүнүн акыркы күнү) шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен, шайлоого катышары тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – КР БШК) жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн жана\же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот.

Эгерде анын уставында камтылган аталышынын жана энбелгисинин кыскача сыпаттамасы саясий партиянын шайлоо документтеринде пайдаланылуучу кыскача аталышынан жана энбелгисинен айырмаланган учурда, аларды КР БШК менен макулдашат. Саясий партиянын аталышы жана энбелгиси КР БШКга көрсөтүлгөндөн кийин, шайлоо жүрүмү аяктаганга чейин аларды өзгөртүүгө жол берилбейт.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 601-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 45 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими жашыруун добуш берүү менен саясий партиянын съездинде кабыл алынат. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында) жүзөгө ашырылат.

Пропорционалдык тутум боюнча шайлоо боюнча саясий партия 54 талапкерден ашпаган санда талапкерлердин тизмесин саясий партиядан көрсөтөт.

Талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия төмөнкү өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү:

- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;

- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

- ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

- кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

Саясий партиялардан бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер талапкерлиги добушка коюлган шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде жүзөгө ашырылат. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине КР БШК мүчөсү катышууга укуктуу. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Кол тамга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси КР БШКга берилет.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

Депутаттыкка талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 29-октябрына чейин аяктайт.

Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге, саясий партияларга көмөк көрсөтүү максатында КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жайгаштырылган, шайлоого катышуучу талапкерлер, саясий партиялар үчүн шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери – үгүт, шайлоо өнөктүгүн каржылоо жана шайлоо талаш-тартыштары маселелери боюнча усулдук материалдардын жана ченемдик актылардын жыйнагы даярдалды. Жакын арада шайлоого катышуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү семинарлары өткөрүлөт.

Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык силер менен биздин ишибиздин негизги иш принциптери болуп саналат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе силер менен биздин иш-аракеттерибизге жараша болот. Мекенди сүйүү, жарандык милдеттин жогорку сезими жана коом алдындагы жоопкерчилик бизге мыйзамдуу, ачык-айкын жана анык демократиялык шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет!

Өз тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо үчүн керектүү баардык чараларды көрөт.

шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү чечүүчү ролду аткарат.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Мыйзамга ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүттү өзүнө камтыйт. Үгүт процессине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациядан өтүүгө тийиш.

Аккредитациядан өтүү максатында КР БШКга жазуу жүзүндө билдирүү берүү керек.

Берилген эфирдик убакытты, басылма аянтты төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары же интернет-басылмада жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу тарабынан аккредитация максатында шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 17-сентябрына чейин (кошо алганда) КР БШКга берилүүгө тийиш. Мында акы төлөнүүчү эфир убактысынын, басылма аянтынын баасы баардык партиялар, талапкерлер үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашпоого тийиш.

Шайлоо мыйзамдарын бузган учурда КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу.

Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда б.а. 2021-жылдын 29-октябрында башталат жана 27-ноябрда саат 8:00дө аяктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылбаган маалыматтарды чагылдыруу аркылуу гана катышууга укуктуу.

Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;

2) шайлоо комиссиясынын протоколдору менен таанышууга;

3) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

4) шайлоого даярдык көрүү мезгилинде, ал эми добуш берүү күнү шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото- жана көрмө-тартууну жүзөгө ашырууга;

5) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, алар атынан чыккан уюмдардын аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө.

КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана, өз кезегинде, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу баардык керектүү маалыматты берип турууга даяр экендигин билдирет.

www.shailoo.gov.kg –КР БШКнын расмий сайты.

www.tizme.gov.kg– шайлоочулардын тизмесинин порталы.

 

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

Кыргыз Республикасындагы жана бүтүндөй эле дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык татаал кырдаалга байланыштуу, коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышын болтурбай коюу максатында иш-чараларды (съезд, дебат, жолугушууларды өткөрүү) уюштурууда төмөнкү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо зарыл:

- орун-жайларды жана үстүнкү беттерди дезинфекциялоону жүргүзүү;

- адамдардын ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоо;

- санитайзерлерди, бир жолку бет каптарды жана кол каптарды пайдалануу;

- катышуучулардын температураларын контролдоо;

- пайдалануучу материалдарды жана буюмдарды кайта-кайта дезинфекциялоо.

КР БШК тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана шайлоочулардын, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, шайлоо процессинин катышуучуларынын ден соолугун коргоону камсыздоо боюнча дагы чаралар көрүлөт.

Шайлоо укук нугунда өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарындагы ченемдердин талаптарын катуу сактоо, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болуу зарыл.

КР БШК өзү тараптан шайлоо процессинин баардык катышуучулары үчүн ачык иштейт, ачык-айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо тынч, туруктуу атмосферада өтүшү үчүн мүмкүн болушунча күч-аракет жумшайт, өлкөбүздүн жарандары шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусу үчүн баардык керектүү шарттарды түзөт.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>