Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК: Шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык мажоритардык шайлоо тутуму боюнча шайлоо округдарынын расмий схемасын жана чек араларын жарыялоодо.
Мыйзамдарга ылайык шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталды:
шайлоо округдарынын шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;
шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт.
ушул көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү эске алынат.
Бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү үчүн БШК калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарга ылайык берилген маалыматтарга негизденди.
Ар бир округ 100 миң 476 +/- 20% шайлоочу болжолдуу саны менен түзүлөт.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу округдардын санын облустар боюнча бөлүштүрүү схемасы төмөнкүдөй:
Облус
Шайлоочулардын саны
Округдардын саны
Бишкек шаары
428 599
4
Ош шаары, Ош облусу
898 569
9
Баткен
305 053
3
Жалал-Абад
686 364
7
Талас
163 109
2
Чүй
609 774
6
Нарын
209 101
2
Ысык-Көл
316 572
3
Баардыгы:
3617141
36
Шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары ушул шилтеме боюнча көрсө болот
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү этабы башталды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда аяктайт.
Саясий партиялардан бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер талапкерлиги добушка коюлган шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде жүзөгө ашырылат.
Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, 2021-жылдын 18-октябрын кошуп алганда жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин төмөнкү документтерди берет:
1) саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин же болбосо өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерди көрсөтүү жөнүндө арызды;
2) талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын атайын формаларын, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалымдаманы, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө, соттолгондук жөнүндө маалыматтарды, чет мамлекеттин жарандыгы (ошондой эле мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) бар же жок экендиги жагынан жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун;
3) шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти.
Талапкер жеке каражатынан мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эсе өлчөмүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине шайлоо күрөөсүн төгөт (100 миң сом).
Мажоритардык тутум боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.
Көңүл буруңуз!
Жогорку Кеңештин депутатынан же Президенттен, жергиликтүү кеңештин депутатынан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматкерлери; ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык, мамлекеттин (муниципалдык) катышуусу 30 пайыздан ашкан үлүшкө ээ ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери саналган талапкерлер Жогорку Кеңешке шайлоого талапкерлиги көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот.
Мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломаттык) карабастан мамлекеттик кызматчы, муниципалдык кызматчы, жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери болуп саналган талапкерлер Жогорку Кеңешке шайлоого талапкерлиги көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турат.
Талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана органдардын тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде, менчигинин түрүнө карабастан эмгек акысынын орточо өлчөмүн мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотуп турууга милдеттүү.
Талапкерлер же болбосо алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкер, талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Партиялар аялдардын шайлоого жана башкарууга катышуусун кеңейтүү боюнча өлкөдөгү күч-аракеттерди формалуулукка жана куру сөзгө айландырбашы керек
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 9-сентябрда Ош АШКнын кээ бир чечимдерин жокко чыгарды жана анын курамын таркатты.
2021-жылы 9-сентябрда өткөн жыйналышта БШК мүчөлөрү эки саясий партиянын – «Биздин Кыргызстан» партиясынын тизмесинен 38 аял талапкерди (2021-жылдын 15-июлундагы чечими) жана «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинен 39 талапкерди, анын ичинде 31 аял талапкерди (2021-жылдын 12-августундагы чечими) катталган тизмелерден чыгаруу жѳнүндѳ Ош АШКнын чечимдерин жокко чыгаруу жана мыйзамдарды бузгандыгы үчүн анын курамын таркатуу чечимин бир добуштан кабыл алды.
Мында Жогорку Кеңешке шайлоого бараткан партиялардын тизмелерин түзүү этабында коргоо квоталарын киргизүү жана добуш берүүдөн кийин гендерлик квоталарды коргоо боюнча ченемдерди киргизүү аялдардын шайлоого жана башкарууга катышуусун кеңейтүү боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналарына, бул күч-аракеттерди формалуулукка жана куру сөзгө айландырууга партияларга мүмкүнчүлүк берүүгө болбой тургандыгына БШК мүчөлөрү макул болду.
Мурда, 2021-жылы 25-августта КР БШК жыйналышында баардык жагдайларды аныктаганга чейин Ош АШКнын 2021-жылдын 23-августундагы 6 чечимин кароону кийинкиге калтыруу менен “Талапкерлердин катталган тизмелеринен аялдардын жапырт чыгуусу, ошондой эле аял депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” чечим кабыл алынган.
Ошол эле учурда Ош шаардык кеңешинин 6 депутатынын, анын ичинде 5 аялдын, ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош мандаттарды тизме боюнча кийин турган талапкерлерге өткөрүп берүү жѳнүндѳ ушул эки саясий партиянын чечимдери түштү.
«Биздин Кыргызстан» жана «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиялары тарабынан каттоо учурунда бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүк тууралуу ченемдер сакталган жана аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы эки позициядан ашкан эмес. Бирок «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы добуш берүү күнүнөн кийин талапкерлердин катталган тизмесиндеги депутаттык мандаттарды бөлүштүргөнгө чейин 2021-жылдын 14-июлундагы № 3 чечими менен 38 аял талапкерди чыгарып салган.
Өз кезегинде Ош АШК мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерин эске албастан, «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын 2021-жылдын 14-июлундагы чечиминин негизинде 38 аял талапкерди аталган саясий партиянын катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 15-июлунда 41/1 чечимин кабыл алган.
Мындан тышкары, 2021-жылдын 9-августтагы №10 чечими менен «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы 39 аял талапкерди саясий партиянын катталган тизмесинен чыгарган, ал эми Ош АШК 2021-жылдын 12-августтагы чечими менен аларды саясий партиянын катталган тизмесинен алып салган, ошол эле учурда бул тууралуу БШКга өз убагында билдирген эмес.
Аял депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда жапырт токтотуусу коомдо резонанс жаратты, бул жарандардын жана КЭУлардын Ош АШКнын жогоруда көрсөтүлгөн чечимдерин жокко чыгаруу талабы менен БШКнын дарегине кайрылууларына себеп болду (2021-жылдын 28-августунан 1сентябрына чейин 18 кайрылуу түштү).
Маалымат үчүн: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык “шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында саясий партиядан, шайлоочулардын топторунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш”.
Мында «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык: “талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тизмени тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясында каттоодо белгиленген, бул тизмедеги талапкерлердин жайгашуусунун тартибине ылайык жүргүзүлөт”.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы “шайлоо мыйзамдары бузулган учурда, шайлоо комиссияларынын чечимдерин жокко чыгарууга” укуктуу.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык: “аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат”.
Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык: “мыйзамдын талаптарына ылайык кабыл алынган соттун же жогору турган шайлоо комиссиясынын чечимдерин шайлоо комиссиясы аткарбаганда” аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы таркатылат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Аалам” саясий партиясынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-сентябрындагы жыйналышында “Аалам” саясий партиясынын мурда дайындалган шайлоо боюнча жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырып алуу жөнүндө билдирмесин карады.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, БШК “Аалам” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Г.Э. Атакулованы жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Г.С. Жаныкулованы каттоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Ыйгарым укуктуу өкүлдөргө берилген күбөлүктөр жараксыз деп таанылды.
“Аалам” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Б.М. Малабаев, ал эми каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары А.К. Арыкбаева катталды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Жалпы иш” КФ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзөт
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-сентябрында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу “Жалпы иш” коомдук фондунун билдирмесин эске алды.
БШК белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү менен Асылбеков Таалайбек Спартаковичти, Мамытова Канышай Болотбековнаны, Самаков Бакытбек Таалайбековичти “Жалпы иш” коомдук фондунан коомдук байкоочулар катары каттоо чечимин кабыл алды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы №226 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда коомдук байкоочулардын каттоо тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 9-сентябрда Нарын шаардык, Араван, Алай, Кара-Суу, Чүй, Аксы жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин карап чыгып, бекитти.
Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Джунусов Майрамбек Таласбековичтин (№1, “Патриот Ынтымагы” деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат орто мектептин директору Дыйканбаев Аксатбек Төлөмүшовичке (№ 7, “Патриот Ынтымагы” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Ош облусунун Араван районунун Маңгыт айылдык кеңешинин депутаты Шаймкулов Алмазбек Абдуганиевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат ФКБ филиалынын директору Абдраимов Сейитбек Сайпидиновичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылдык кеңешинин депутаты Тынчтык уулу Марлистин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Эркинбек уулу Айбекке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө айылдык кеңешинин депутаты Түркөбаев Анарбай Сулаймановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Таштемиров Жаныбек Төлөнбаевичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык кеңешинин депутаты Мусабаев Кадырбек Арапбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Шакир уулу Мукамбетке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Алай районунун Жошолу айылдык кеңешинин депутаты Орозбай уулу Женишбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Курманбек уулу Эламанга өткөрүп берилди.
Ош облусунун Алай районунун Корул айылдык кеңешинин депутаты Турганбаев Мустафа Жанибековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Дайырбаев Момунжан Джолдошбаевичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмазбек Убайдулаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат орто мектептин окутуучусу Кадыров Алмазбек Мийзамовичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Рахимбеков Имом Калмахаматовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Баатыров Шукуржан Насырдыновичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты Азимова Гүлнара Нематовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Баатыров Шукуржан Насырдыновичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айылдык кеңешинин депутаты Молдогазиева Жылдыз Аманбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат орто мектептин окутуучусу Өмүралиева Элина Байышовнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин депутаты Чуштуков Ильичбек Бахтяровичтин (№1, “Кыргызстан” деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан Бейшенов Замирбек Анарбековичке (№ 4, “Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Кемин районунун А.Дүйшеев айылдык кеңешинин депутаты Жумабек уулу Азаттын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан Казаков Тилек Рыспековичке (№ 4, “Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Т. Мавлян айылдык кеңешинин депутаты Кадыркулов Чынарбек Анаркуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат почтальон Кокочоев Арзыгул Абдыкеримовичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айылдык кеңешинин депутаты Шарипов Кутманбек Сапарбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Салимов Талгарбек Ыманкуловичке өткөрүп берилди.
Мындан тышкары, өз арыздарынын негизинде Акимов Абдурашит Саитович Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен жана Дүйшөналиев Акылбек Абдрасулович Чүй облусунун Кемин районунун А. Дүйшеев айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 9-сентябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 09-сентябрь 2021-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык, Араван, Алай Кара-Суу, Чүй, Аксы жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Жалпы иш» коомдук фондунун билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
4. «Аалам» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын айрым чечимдерин жокко чыгаруу жана Ош аймактык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутаттарын шайлоого эл аралык байкоочуларды чакыруу процессин баштады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү үчүн төмөнкү бир катар эл аралык уюмдарга чакыруу жөнөттү: Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин аткаруу комитетине, Шанхай кызматташтык уюмуна, ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюросуна, Ислам конференциясы уюмуна, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешине, шайлоо органдарынын Бүткүл дүйнөлүк, Азия жана Европа ассоциацияларына, ошондой эле чет мамлекеттердин бир катар шайлоо комиссияларына.
Маалымат үчүн:
№
Өнөктүк
Жыл
БШК
аккредитациядан өткөргөн баардык эл аралык байкоочу
Уюм
Өлкө
Президент шайлоо
15.10.2017
773
57
59
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо
04.10.2020
277
35
43
Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум
10.01.2021
333
35
44
Референдум
11.04.2021
183
36
31
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо
28.11.2021
Мыйзамдарга ылайык, эл аралык байкоочулар шайлоо дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин Президент, Жогорку Кеңеш, Министрлер Кабинети же БШК тарабынан жиберилген чакыруу болгондо, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланат. Жогорку Кеңеш тарабынан чакыруу парламенттер аралык бирикмелердин даректерине, атап айтканда, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясына, ЖККУ Парламенттер ассамблеясына, ЕККУ Парламенттер ассамблеясына, Европа Кеңешинин Парламенттер ассамблеясына, Европа Парламентине жана ТүркПАга жиберилиши мүмкүн.
Тышкы иштер министрлиги салт боюнча Кыргыз Республикасында аккредитациядан өткөн дипломатиялык жана консулдук корпуска, анын ичинде, резиденциясы башка мамлекеттерде болгон ошондой корпуска чакыруу жөнөтөт. ТИМ шайлоо роцессин чагылдыруу үчүн чет элдик ЖМК өкүлдөрүнө дагы чакыруу жиберет.
2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитацияга билдирмелер түшкөнүнө жараша БШК аларды карап, тиешелүү чечим чыгарат жана БШКнын расмий сайтынын (www.shailoo.gov.kg) “Эл аралык байкоочулар” бөлүгүнө өз убагында жайгаштырат.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, “эл аралык байкоочу – мыйзамда белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан чыгуучу адам”.
Эл аралык байкоочуларды чакыруу жана аккредитациялоо тартиби аталган конституциялык Мыйзамдын 10-беренеси, ошондой эле КР БШКнын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобо менен жөнгө салынат.
Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Борбордук шайлоо комиссиясы аны аккредитацияланган күндөн тартып башталат жана шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күнү аяктайт. Мында Кыргыз Республикасынын жарандары эл аралык байкоочулар катары аккредитацияланышы мүмкүн эмес.
Эл аралык байкоочулар ары-бери эркин жүрүүгө жана каалаган шайлоо участокторунда жана шайлоо комиссияларында болууга укуктуу.
Шайлоону жана референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча эл аралык байкоо миссиясы тиешелүү билдирүү, ошондой эле сунуштама жарыялайт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга ниеттенген талапкерлерге жана саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет-басылмаларга БШКнын кайрылуусу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга ниеттенген талапкерлерге жана саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет-басылмаларга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын
КАЙРЫЛУУСУ
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы ПЖ №370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, «Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт».
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 10-бѳлүгүндѳ белгиленген: төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:
1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү;
3) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;
4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.
Ушуга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга ниеттенген талапкерлерден жана саясий партиялардан конституциялык Мыйзамда белгиленген нормаларды бузууга алып келген аракеттерден сактанууну, анын ичинде мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келүүчү жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалары, социалдык тармактар аркылуу басылма, аудиокѳрүү жана башка материалдарды таркатуу түрүндѳ убактысынан мурда үгүт жүргүзүүгѳ жол бербѳѳнү кѳптѳн кѳп суранат.
Маалымат иретинде:
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 29-августундагы №663 токтому менен бекитилген, 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планынын 42-пунктуна ылайык, шайлоо алдындагы үгүт 2021-жылдын 29-октябрынан башталып, 27-ноябрында саат 8:00 аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын көбөйүшү күтүлүүдө
БШКда 2021 -жылдын 28 -ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынан сырткары жүргөн же жашаган жарандарынын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.
Жыйында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев, Санариптик өнүктүрүү министри Догоев Д.Д., Чет өлкөдө жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча БШКнын топ башчысы А.Дубанбаева, КР БШК мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
1. Жыйында Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн же жашаган жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо боюнча Иш-аракеттердин планы бекитилди. Аталган планды ишке ашыруунун алкагында Чет өлкөдө убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө” Жобосу конституциялык Мыйзамдын жаңы редакциясына ылайыкталды.
Иш-чаралардын планы БШКнын, Тышкы иштер министрлигинин жана ЭКККнын чет өлкөлөрдө шайлоо участкаларын түзүү, чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын тизмеси, биометрикалык маалыматтарды жеринде чогултууну уюштуруу, жабдуулар камсыздоо (АЭУ, шайлоочуларды идентификациялоочу жабдуу ж.б.) менен камсыздоо, маалыматтык иштер, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары түзүлгөн УШК мүчөлөрү үчүн окутууларды жүргүзүү боюнча уюштуруучулук, маалыматтык жана техникалык чаралардын комплексин камтыйт.
2. Андан сөӊ, чет өлкөлөрдө шайлоо участкаларын түзүү маселеси каралды. Мыйзамга ылайык, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкалары Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча, тиешелүү өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуунун негизинде түзүлөт.
Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн чет өлкөлөрдө шайлоо участкаларын түзүү боюнча Тышкы иштер министрлигинин сунуштары тууралуу маалымат берди.
Буга чейин болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоо жана 2021 -жылдын 10 - январындагы референдум учурунда дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн шарттарды кеңейтүү максатында Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого карата алдыдагы парламенттик шайлоодо өлкөдөн тышкары жашагандар үчүн чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын санын. 57 участокко чейин көбөйтүү сунушталууда.
Ошентип, төмөнкү шаарларда 9 жаңы шайлоо участкаларын түзүү каралып жатат: Россия –Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шш.; АКШ - Нью -Йорк жана Чикаго шш.; Түркия - Анталия ш.; Италия – Кальяри ш..
Жумушчу топтун мүчөлөрү чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун көбөйтүү зарылдыгын колдоого алды жана бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлигинин сунуштарын айтышты. Ошол эле учурда БШКнын Төрагасы Россиянын шайлоо участкаларын уюштуруу маселесинде Россия Федерациясынын БШКсынын көмөгү тууралуу Кыргыз Республикасынын БШКда иштелип жаткандыгы жөнүндө маалымат берди.
Бардык зарыл макулдашуулар жана процедуралар өткөрүлгөн учурда, Россиядагы участоктордун саны 20га жетиши мүмкүн, анын ичинде Москвада - 5 сайт; Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Южно-Сахалинск, Сургут, Тюмень, Краснодар, Самара, Казань, Томск жана Хабаровск шш. -1сайт.
3-участок боюнча: Германияда - Берлин, Франкфурт-на-Майне жана Бонн шш.; АКШда - Вашингтон, Нью -Йорк, Чикаго шш.; Түркияда - Анкара, Стамбул жана Анталия шш..
2-участок боюнча: Италияда - Рим менен Кальяри шш., Казакстанда - Нур-Султан жана Алматы шш.; Кытайда - Пекин жана Гуанчжоу шш.; БАЭде - Абу -Даби жана Дубай шш.;
1-участок боюнча: Ашхабад, Баку, Брюссель, Вена, Доха, Душанбе, Женева, Исламабад, Киев, Куала -Лумпур, Лондон, Минск, Нью -Дели, Париж, Сеул, Ташкент, Тегеран, Токио, Кувейт, Эр-Рияд шш..
3. Тышкы иштер министри Р.Казакбаев чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын маселеси боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Мыйзамга ылайык, добуш берүүгө 85 календардык күн калгандан кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилери Тышкы иштер министрлиги аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) каттоого турган жана биометрикалык каттоого алынган шайлоочулар жөнүндө маалыматты беришет.
3-сентябрга карата берилген Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, биометрикалык каттоодон өткөн жана чет өлкөлүк мекемелерде консулдук кызматкерлердин каттоосунда турган чет өлкөдө катталган шайлоочулардын жалпы саны 60 миңден ашуун адамды түзөт, алардын ичинде, 26 миңге жакыны – Москвада .
Катталган жарандар автоматтык түрдө шайлоочулардын тизмесине киргизилет, анткени чет өлкөдө консулдук каттоого алуу каттоо функциясын аткарат. Р.Казакбаев консулдук каттоонун шарттары мүмкүн болушунча жагымдуу жана акысыз экенин маалымдады. Консулдук каттоого алынбаган же биометрикалык каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк жарандар муну чет өлкөлүк мекемелерде ишке ашыра алышат. Каттоого алуу документтерди электрондук түрдө тапшыруу аркылуу да жүргүзүлүшү мүмкүн.
БШКнын төрагасы алдын ала шайлоочулардын тизмеси түзүлгөнгө чейин – 9-сентябрда, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана БШКнын өз ара карым-катышуусунун негизинде чет өлкөдөгү шайлоочулар тууралуу алынган маалыматты акуталдаштыруу жүргүзүлөт.
19-сентябрдан тарта тизмелер бардык шайлоо участкаларында, анын ичинде чет өлкөлөрдө илинет, жарандар 12-ноябрга чейин шайлоочулардын тизмесине кирүүгө, такталбаган учурда ал тизмеге оңдоолорду киргизүү үчүн арыз менен кайрылууга укуктуу.
Санариптик өнүктүрүү министри Д.Д.Догоев алынган маалыматты актуалдаштыруунун алкагында Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрине ылайык биометрикалык маалыматтын болушу, жарандыктан чыгуу жана башка параметрлер боюнча салыштырып текшерүү жүргүзүлөрүн маалымдады. Ал жарандардын өздөрү тууралуу маалыматын тактоонун маанилүү экендигин белгиледи, анткени пандемияга байланыштуу жана башка себептерден улам, учурда чет өлкөлөрдөгү тизмеге кирген, бирок республикага кайтып келген (консулдук каттоодон чыкпаган) ) жана өлкөдө туруктуу катталган жеринде жашап жаткан айрым жарандар бар экенин жана мындай жарандарды өз маалыматтарын тактоо үчүн калкты тейлөө борборлоруна, шайлоо участкаларына кайрылууга чакырышты.
4. Жумушчу топ жакынкы арада БШКнын, Тышкы иштер министрлигинин жана ЭККнын – үч органдын өкүлдөрүнөн түзүлгөн "ыкчам топторду" Жогорку Кеңеш жана добуш берүүгө катышуу, шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыз үчүн жер-жерлерде түшүндүрүү кызматтарын көрсөтүү үчүн - биометрикалык каттоодон өтүү, консулдук каттоодон өтүү, электрондук санарип кол тамганы каттоо, паспортторго арыздарды кабыл алуу ж.б. боюнча чет өлкөлөргө жөнөтүү графигин бекитишти. Чет өлкөдөгү шайлоочулар үчүн маалыматтык иштер ПРООНдун колдоосу менен жүргүзүлөт.
5. Жумушчу топ ошондой эле чет өлкөлөрдөгү жарандарды шайлоого катышуу тартиби, парламенттин депутаттарын шайлоо тартибин түшүндүрүү, партиялардын программалары, партиялардын талапкерлеринин тизмелери, убактылуу чет өлкөдө жүргөн же жашаган КР жарандары үчүн дагы башка маалыматтык материалдарды сайттарга жана БШК, ИИМ, СӨМ, КР чет элдик мекемелеринин, мекендештердин коомдук уюмдарынын социалдык тармактарында жана ММКда жайылтуу тууралуу пландаштырылган иш-чараларды жактырды, алар чет өлкөдөгү шайлоочуларга маалымат берүүгө жана шайлоодо добуш берүүдө алага өбөлгө түзмөөкчү.
Казакбаев Р.А. Тышкы иштер министрлигинде жакынкы күндөргө пландаштырылган чет өлкөдөгү жарандар менен онлайн-конференциянын пландары менен тааныштырды, мында көптөгөн актуалдуу маселелер менен катар эле жарандар үчүн парламенттик шайлоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө суроолор да каралмакчы.
Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча чет өлкөдөгү шайлоочулар менен онлайн жолугушуулар БШКнын Жумушчу тобунда да жума сайын өткөрүлүп турмакчы.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 5-сентябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти.
1. Саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелери боюнча Жогорку Кеңештин 54 депутатын пропорционалдык тутум боюнча шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп саналат. Мында Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна катталган болуп эсептелет.
2. Жогорку Кеңештин 36 депутатын мажоритардык тутум боюнча шайлоо өткөрүү үчүн бир мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт.
Бир мандаттуу шайлоо округдарын аныктоо маселесин ар тараптуу талкуулоо үчүн бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү маселелери боюнча Ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлгөн. Талкууларга облустардагы жана райондордогу мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери катышты.
Мыйзамдарга ылайык шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
шайлоо округдарынын шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;
шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт.
ушул көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү эске алынат.
Бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү үчүн БШК мыйзам талаптарына ылайык калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген маалыматтарга негизденди.
Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин (СӨМ) 2021-жылдын 4-сентябрына карата маалыматтарына ылайык шайлоочулардын саны жалпысынан 3 686 921 адамды түзөт, КР ТИМдин чет өлкөлөрдөгү шайлоочулар тууралуу КР ТИМдин маалыматтарын эсепке албагандагы сан – 3 617 141 адам.
Ар бир округ 100 миң 476 шайлоочу +/- 20% болжолдуу саны менен түзүлөт.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу округдардын санын облустар боюнча бөлүштүрүү схемасы төмөнкүдөй:
Облус
Шайлоочулардын саны
Округдардын саны
Бишкек
428 599
4
Ош, Ош облусу
898 569
9
Баткен облусу
305 053
3
Жалал-Абад облусу
686 364
7
Талас облусу
163 109
2
Чүй облусу
609 774
6
Нарын облусу
209 101
2
Ысык-Көл облусу
316 572
3
Баардыгы:
3617141
36
Бир мандаттуу шайлоо округдарынын катар номуру расмий тилдеги алфавит тартибинде жүргүзүлөт: адегенде Баткен облусу, андан кийин – Ош облусу, Жалал-Абад облусу, Талас облусу, Чүй облусу, Бишкек шаары, Нарын облусу, Ысык-Көл облусу.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык шайлоо округдарынын тизмелери, алардын чектери жана округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын даректери көрсөтүлүү менен, алардын графикалык сүрөттөлүшүн кошуп алганда, округдар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде б.а. 2021-жылдын 10-сентябрына чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрына чейин (кошуп алганда) аяктайт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Эне жүрөгү – Мекен” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон баш тартты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-сентябрындагы жыйналышында “Эне жүрөгү – Мекен” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон баш тартты.
2021-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына ыйгарым укуктуу өкүлдөрү көрсөтүлүп, Ж.К. Кадыракунованын колтамгасы менен “Эне жүрөгү – Мекен” саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөткөн саясий партиялардын тизмесинде “Эне жүрөгү – Мекен” саясий партиясынын жетекчиси катары Молокоев Кадыракун көрсөтүлгөн.
Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясына “Эне жүрөгү – Мекен” саясий партиясы берген билдирмеге Кадыракунова Жайнагүл Кадыракуновнанын колтамгасы коюлган, ал жетекчи катары көрсөтүлгөн.
Аталган билдирмени кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер жана саясий партиялар берүүчү документтерди кабыл алуу жана каттоо боюнча Жумушчу топ тарабынан көрсөтүлгөн дал келбестиктер жөнүндө билдирме берилген.
2021-жылдын 6-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясы “Эне жүрөгү – Мекен” саясий партиясынын жетекчисине байланыштуу актуалдашкан маалымат берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине суроо-талап жиберген.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 2021-жылдын 6-сентябрындагы катында Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматтарына ылайык Молокоев Кадыракун “Эне жүрөгү – Мекен” саясий партиясынын жетекчиси болуп саналарын билдирди.
Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык: “Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу өкүлдөргө ырастама берет же ушул конституциялык Мыйзамга ылайык каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат”.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Эркин Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон баш тартты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-сентябрындагы жыйналышында “Эркин Кыргызстан” саясий партиясынын Т. Бакир уулу сунуштаган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон баш тартты.
2021-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына каттоо үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү көрсөтүлүп, Т. Бакир уулунун колтамгасы менен “Эркин Кыргызстан” (ЭрК) саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөткөн саясий партиялардын тизмесинде “Эркин Кыргызстан” (ЭрК) саясий партиясынын жетекчиси Алымкулов Раис Термечикович, акыркы катталган/кайра катталган датасы 2001-жылдын 9-ноябры көрсөтүлгөн.
Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясына “Эркин Кыргызстан” (ЭрК) саясий партиясы берген билдирмеде Т. Бакир уулунун колтамгасы коюлган, билдирмеге 1997-жылдын 27-февралында мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү тиркелген.
Аталган билдирмени кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер жана саясий партиялар берүүчү документтерди кабыл алуу жана каттоо боюнча Жумушчу топ тарабынан көрсөтүлгөн дал келбестиктер жөнүндө билдирме берилген.
2021-жылдын 6-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясы “Эркин Кыргызстан” (ЭрК) прогрессивдүү-демократиялык партиясы” саясий партиясынын жетекчисине жана мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн аныктыгына байланыштуу актуалдашкан маалымат берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине суроо-талап жиберген.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 2021-жылдын 6-сентябрындагы катында Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматтарына ылайык Алымкулов Раис Термечикович “Эркин Кыргызстан” (ЭрК) прогрессивдүү-демократиялык партиясы” саясий партиясынын жетекчиси болуп саналарын билдирди.
Мындан тышкары, 1997-жылдын 27-февралында мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүккө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Юстиция министрлигинин 2001-жылдын 9-ноябрындагы буйругу менен көрсөтүлгөн саясий партияны мамлекеттик кайра каттоо жүргүзүлгөндүгүн жана мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө жаңы күбөлүк берилгендигин, ошондуктан тиркелген мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүк жараксыз болуп саналарын билдирди.
Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык: “Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу өкүлдөргө ырастама берет же ушул конституциялык Мыйзамга ылайык каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат”.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Ата Мекен” саясий партиясынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү катталды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-сентябрындагы жыйналышында “Ата Мекен” саясий партиясынын мурда дайындалган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырып алуу жөнүндө билдирмесин карады.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, БШК “Ата Мекен” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Ч.А. Аблакееваны каттоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Ыйгарым укуктуу өкүлгө берилген күбөлүк жараксыз деп таанылды.
“Ата Мекен” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Мамасалиева Махабат Мелисовна катталды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Бийлик элге” саясий партиясынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү катталды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-сентябрындагы жыйналышында “Бийлик элге” саясий партиясынын мурда дайындалган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырып алуу жөнүндө билдирмесин карады.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, БШК “Бийлик элге” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Т.Р. Еремченкону каттоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Ыйгарым укуктуу өкүлгө берилген күбөлүк жараксыз деп таанылды.
“Бийлик элге” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Жумалиев Кубанычбек Боронбаевич катталды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 6-сентябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 06-сентябрь 2021-ж.
Убактысы: 19:30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. «Бийлик элге» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. «Ата Мекен» саясий Социалистик партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. "Эркин Кыргызтан" Прогрессивдүү Демократиялык Партиясы (ЭрК) саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон баш тартуу жөнүндө
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
4. "Эне жүрөгү - Мекен" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон баш тартуу жөнүндө
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
5. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
13.10.2026
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби