Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК кээ бир шайлоо округдарынын чек араларын өзгөрттү
2021-жылы 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №684 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
токтомго тиркемеде:
- 2-пунктта бешинчи абзацтан 13 абзацты кошуп алгандагы абзацтар төмөнкү редакцияда баяндалсын:
№4 Көк-Жар шайлоо округу
№5 Ноокат шайлоо округу
№6 Араван шайлоо округу
№7 Ош шайлоо округу
№8 Төлөйкөн шайлоо округу
№9 Кара-Суу шайлоо округу
№10 Куршаб шайлоо округу
№11 Алай шайлоо округу
№12 Өзгөн шайлоо округу»;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо бир мандаттуу шайлоо округдарынын чек аралары №4төн тартып №12ге чейин (кошуп алганда) төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«№4 Көк-Жар шайлоо округу
Борбору: Ноокат району, Ноокат шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты
Шайлоочулардын саны: 80426
Чек аралары: Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагы толугу менен; Ноокат районунун Төөлөс, Ынтымак, Т. Кулатов, Он-Эки-Бел, Найман, Көк-Жар, Бел, Жаңы-Ноокат айыл аймактары, Гулистан айыл аймагындагы № 5402, № 5403 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен кирет.
№5 Ноокат шайлоо округу
Борбору: Ноокат району, Ноокат шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты
Шайлоочулардын саны: 82006
Чек аралары: Ноокат районунун Гулистан айыл аймагындагы № 5400, № 5401, № 5525, № 5593 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу, Ноокат шаары, Мирмахмудов, Кара-Таш, Т.Зулпуев, Кыргыз-Ата, Кеңеш, Н. Исанов, Көк-Бел айыл аймактары толугу менен кирет.
№6 Араван шайлоо округу
Борбору: Араван району, Араван айылы, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты
Шайлоочулардын саны: 91029
Чек аралары: Араван районунун Алля Анаров, Керме-Тоо, Мангыт, Нурабад, С.Юсупов, Тепе-Коргон, Чек-Абад айыл аймактары толугу менен; Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагы толугу менен кирет.
№7 Ош шайлоо округу
Борбору: Ош шаары, мэриянын имараты
Шайлоочулардын саны: 110685
Чек аралары: Ош шаарынын Ош-МТУ-Жапалак, Ош-МТУ-1, Ош-МТУ-2, Ош-МТУ-3, Ош-МТУ-5 толугу менен кирет.
№8 Төлөйкөн шайлоо округу
Борбору: Кара-Суу шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты
Шайлоочулардын саны: 118551
Чек аралары: Кара-Суу районунун Мады, Шарк, Төлөйкөн, Папан айыл аймактары толугу менен; Ош шаарынын Ош-МТУ-4, Ош-МТУ-6 толугу менен кирет.
№9 Кара-Суу шайлоо округу
Борбору: Кара-Суу шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты
Шайлоочулардын саны: 100604
Чек аралары: Кара-Суу районунун Сарай, Кара-Суу шаары, Ак-Таш, Жоош, Нариман, Кашкар-Кыштак айыл аймактары толугу менен кирет.
№10 Куршаб шайлоо округу
Борбору: Өзгөн району, Өзгөн шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 112847
Чек аралары: Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы № 5058, № 5059, №5060, № 5062, № 5063, № 5473, № 5498, № 5578, № 5579 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен, Кароол, Куршаб, Кара-Таш, Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь айыл аймактары толугу менен кирет; Кара-Суу районунун Кызыл-Суу, Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Катта-Талдык, Сары-Колот, Савай айыл аймактары толугу менен; Алай районунун Жаңы-Алай айыл аймагы толугу менен кирет.
№11 Алай шайлоо округу
Борбору: Алай району, Гүлчө айылы, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын имараты
Шайлоочулардын саны: 115944
Чек аралары: Алай районунун Будалык, Бүлөлү, Гүлчө, Жошолу, К.Белекбаев ат. Алай, Кабылаң-Көл, Коңур-Дөбө, Корул, Ленин, Сары-Могол, Сары-Таш, Талды-Суу, Үч-Төбө айыл аймактары толугу менен; Чоң-Алай районунун Жекенди, Кашка-Суу, Чоң-Алай айыл аймактары толугу менен; Кара-Кулжа районунун Алайку, Капчыгай, Кара-Гүз, Кеңеш, Кызыл-Жар, Ой-Тал, Сары-Булак, Чалма, Ылай-Талаа, Кашка-Жол, Кара-Кочкор, Кара-Кулжа айыл аймактары толугу менен кирет.
№12 Өзгөн шайлоо округу
Борбору: Өзгөн району, Өзгөн шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты
Шайлоочулардын саны: 90047
Чек аралары: Өзгөн районунун Ак-Жар, Алтын-Булак, Жазы, Зергер, Колдук, Кызыл-Тоо, Мырза-Аке, Салам-Алик, Баш-Дөбө, Дөң-Булак, Жылалды, Ийри-Суу, Төрт-Көл, Чаңгет айыл аймактары толугу менен кирет, Өзгөн шаарындагы №5499, № 5064, № 5065, № 5061, № 5066 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен кирет»;
«№31 Кемин округдук шайлоо комиссиясынын курамы» деген сөздөр «№31 Чүй-Кемин округдук шайлоо комиссиясынын курамы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү маселелери боюнча Жумушчу топтун 2021-жылдын 14-сентябрындагы №2 чечимин эске алып кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Чет өлкөлөрдө 57 шайлоо участогу түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 15-сентябрындагы отурумунда 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депуттатарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында чет өлкөдө 57 шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 13 -беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылуу жѳнүндѳ жобону жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын 13-сентябрындагы No 13-025 / 11310 сунуштарынын жана Свердлов райондук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы No1 / 1 чечиминин негизинде кабыл алынды.
2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде түзүлгөн шайлоо участкаларынын
ТИЗМЕСИ
№ к/н
№ УШК
Чет өлкөдөгү мекеме
Дарек
Электрондук почта
1.
9001
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги
Москва ш.,
Большая Ордынка көч., 64
kgembassy.ru@mfa.gov.kg
2.
9002
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы
Санкт-Петербург ш., Чехов көч., 14 б лит А үйү,2Н жайы
kgstpetersburg@mfa.gov.kg
3.
9003
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Красноярск шаарындагы канцеляриясы
Красноярск ш., Мир проспекти 132
kgkrasnoyarsk@mfa.gov.kg
4.
9004
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Владивосток шаарындагы канцеляриясы
Владивосток ш., Алеутский көч., 15 “В”, офис 402
kgvladivostok@mfa.gov.kg
5.
9005
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги
Москва ш.,
Большая Ордынка көч., 64
kgembassy.ru@mfa.gov.kg
6.
9006
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Якутск шаарындагы канцеляриясы
Якутск ш.,
Поярков 4 көч.,
kgyakutsk@mfa.gov.kg
7.
9007
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Иркутск шаарындагы канцеляриясы
Иркутск ш.,
Декабрьских событий көч.107
kgirkutsk@mfa.gov.kg
8.
9008
Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Элчилиги
Д 2/2, ВасантВихар, Нью-Дели ш. 110057.
kgembassy.in@mfa.gov.kg
9.
9009
Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу
Екатеринбург ш., Щорс көч., 54а, офис 5
kgconsulate.ekb@mfa.gov.кg
10.
9010
Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы башкы консулдугу
Новосибирск ш., Крылов көч., 64/1
kgconsulate.sib@mfa.gov.kg
11.
9011
Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилиги
Ашхабат ш., Гарашсызлыкшаелы, 17-үй
kgembassy.tm@mfa.gov.kg
12.
9012
Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилиги
Баку ш., Башир Сафар оглу көч., 133 (Бизнес центр «SatPlaza», 16- кабат)
kgembassy.az@mfa.gov.kg
13.
9013
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы канцеляриясы
Южно-Сахалинск ш.,
Мир проспекти 2б/5
kgysakhalinsk@mfa.gov.kg
14.
9014
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Сургут шаарындагы канцеляриясы
Сургут ш.,
Югорский тракт, 1-үй
kgsurgut@mfa.gov.kg
15.
9015
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги
Москва ш.,
Большая Ордынка көч., 64
kgembassy.ru@mfa.gov.kg
16.
9016
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги
Житная 6/8 көч., Москва ш., (№ 627-мектеп)
kgembassy.ru@mfa.gov.kg
17.
9017
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги
Житная 6/8 көч., Москва ш., ( № 627-мектеп)
kgembassy.ru@mfa.gov.kg
18.
9018
Тюмень ш.
kgconsulate.ekb@mfa.gov.кg
19.
9019
Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги
1-5-7 Mita, Minato-ku,
Tokyo 108-0073
kgembassy.jp@mfa.gov.kg
20.
9020
Томск ш.
kgconsulate.sib@mfa.gov.kg
21.
9021
Хабаровск ш.
kgembassy.ru@mfa.gov.kg
22.
9022
Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги
Киев ш., Печерский р-н, Редутный чолок көч.19/34
kgembassy.ua@mfa.gov.kg
23.
9023
Кыргыз Республикасынын Беларустагы Элчилиги
Минск ш., Старовиленский көч., 57
kgembassy.by@mfa.gov.kg
24.
9024
Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги
Душанбе ш., Саид Носиров көч., 56 а
kgembassy.tj@mfa.gov.kg
25.
9025
Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Элчилиги
Ташкент ш., Мирзо-Улугбек району, Ниёзбекйули көч., 6 проезд, 30-ү
kgembassy.uz@mfa.gov.kg
26.
9026
Казань ш.
kgembassy.ru@mfa.gov.kg
27.
9027
Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы башкы консулдугу
Алматы ш., Луганский көч., 30 "А"
kgconsulate.almaty@mfa.gov.kg
28.
9028
Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Элчилиги
Нур-Султан ш., Дипломатический шаарчасы, В-5, Кунаева 1 көч.
kgembassy.kz@mfa.gov.kg
29.
9029
Кыргыз Республикасынын ГФРдеги Элчилиги (Берлин шаары)
Otto-Suhr-Allee 146, 10585 Berlin.
kgconsulate.berlin@mfa.gov.kg
30.
9030
Франкфурт-на-Майне шаарындагы консулдук агенттиги
Broennerstrasse 20, 60313 Frankfurt am Main .
kgconsulate.frankfurt@mfa.gov.kg
31.
9031
Кыргыз Республикасынын ГФРдеги Элчилигинин Бонн шаарындагы бөлүмчөсү
Aennchenstrasse 61, 53177 Bonn.
kgconsulate.bonn@mfa.gov.kg
32.
9032
Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчилиги
Invalidenstrasse 3/8, 1030 Wien
kgembassy.at@mfa.gov.kg
33.
9033
Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилиги
Рим ш.,
via Clitunno 2, 00198
kgembassy.it@mfa.gov.kg
34.
9034
Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги
2360 Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008.
kgembassy.usa@mfa.gov.kg
35.
9035
Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу
Lamartin Caddesi No:7, Taksim, 34437 Beyoğlu, İstanbul.
kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg
36.
9036
Кыргыз Республикасынын Турция Республикасындагы Элчилиги
Turan Gunes Bulvari, Galip Erdemcaddesi 25, Yildiz/Oran, Ankara 06450.
kgembassy.tr@mfa.gov.kg
37.
9037
Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Элчилиги
Rue de l`Abbaye 47, 1050 Bruxelles
kgembassy.be@mfa.gov.kg
38.
9038
Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги
Ascot House, 119 Crawford str., London, W1U 6BJ
kgembassy. uk@mfa.gov.kg
39.
9039
Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Элчилиги
Avenue Blanc 51, 1202 Geneve
kgembassy.ch@mfa.gov.kg
40.
9040
Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Элчилиги
Пекин ш., 100125, Чаоян р-н, Сяоюнь Лу көч., 18, Цзинжунь Шуэйшан Хуаюань Бешу, H10/11.
kgembassy.cn@mfa.gov.kg
41.
9041
Кыргыз Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдугу
Гуанчжоу ш., Тяньхэ району, Тяньхэлу 228, Гуаншэн имараты, к. 707.
kgconsulate.guangzhou@mfa.gov.kg
42.
9042
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги
Сеул ш., Йонгсан-гу, Собингго-ро 91 лагиль 16-10 (Донгбингго-донг 28-17).
kgembassy.kr@mfa.gov.kg
43.
9043
Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилиги
Тегеран ш., Пасдаран /Наренджестан көч. 5, № 24-үй, почта индекси 19579-35611.
kgembassy.ir@mfa.gov.kg
44.
9044
Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы башкы консулдугу
Дубай ш., Дейра, Ригга Аль Бутеен району, Грин Тауэр имараты, офис № 1204.
kgconsulate.dubai@mfa.gov.kg
45.
9045
Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Элчилиги
6575 Amr Al Damri Street - Assafarat Dist. RIYADH 12511 - 3562 Kingdom of Saudi Arabia
kgembassy.sa@mfa.gov.kg
46.
9046
Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилиги
Кувейт, Сурра району, Блок 6, 13-я көч., Вилла -34.
kgembassy.kw@mfa.gov.kg
47.
9047
Кыргыз Республикасынын Франциядагы Элчилиги
Париж ш.,
49, rue de Bellechasse 75007
kgembassy.fr@mfa.gov.kg
48.
9048
Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилиги
10-кабат, WismaSinHeapLee, 346 JalanTunRazak, 50400 Куала-Лумпур көч.
kgembassy.my@mfa.gov.kg
49.
9049
Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилиги
Исламабад ш., №12, 33-көч. сектор F-8/1.
kgembassy.pk@mfa.gov.kg
50.
9050
Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги
Вилла 4, 545 (Саха 75) көч., Зона-66, Вест Бей, Доха, Катар
kgembassy.qa@mfa.gov.kg
51.
9051
Кыргыз Республикасынын БАЭдеги Элчилиги
Bayn Al Jesrain, Villa 5, Qaryat Al BeriАбу-Даби.
kgembassy.ae@mfa.gov.kg
52.
9052
Самара ш.
kgembassy.ru@mfa.gov.kg
53.
9053
Краснодар ш.
kgembassy.ru@mfa.gov.kg
54.
9054
Нью-Йорк ш.
kyrgyzstan.un.ny@mfa.gov.kg
55.
9055
Чикаго ш.
kgembassy.usa@mfa.gov.kg
56.
9056
Анталья ш.
kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg
57.
9057
Кальяри ш.
Барчелонна көч., 10
kgembassy.it@mfa.gov.kg
Кененирээк билүү >>
КР БШК Талас облусунун Талас районунун А. Нуржанов айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
2021-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 4-октябрына Талас облусунун Талас районунун А. Нуржанов айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Талас аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир нече депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 15-сентябрындагы жыйналышында Аксы, Базар-Коргон, Өзгөн жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Райышбеков Курсантбек Шеремановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Чыныбеков Арстанбек Манасовичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылдык кеңешинин депутаты Олжобаева Нуржамал Курманбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Аширова Гулзар Акимбердиевнага өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Камалдинов Адылбек Камалдиновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Юсупов Уланбек Манаповичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты Абакиров Данияр Жанболотовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Ысмайылов Эмил Ысмаиловичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак айылдык кеңешинин депутаты Хасанова Сүйүмкан Бекмуратовнанын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Айдашева Сабирахан Маматамимовнага өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылдык кеңешинин депутаты Аширматов Нургазы Арзыматовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жайыт комитетинин төрагасынын орун басары Төрөев Мамат Эргешовичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылдык кеңешинин депутаты Досбаев Аскарбек Асаталлаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат аялдар кеңешинин төрагасы Жапарова Тажиканга өткөрүп берилди.
Мындан тышкары, жыйналышта Алмазов Апастанды өз арызынын негизинде Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарышты.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК “КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү үчүн бир катар ченемдик укуктук актыларга өзгөртүү киргизди
2021-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КРдин 2021-жылдын 26-августундагы № 103 конституциялык Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү үчүн бир катар ченемдик укуктук актыларга (ЧУА) өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ошентип, төмөнкү ЧУАларга өзгөртүүлөр киргизилди:
- «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын атайын өкүлү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» 2011-жылдын 14-июлундагы №23 токтомуна;
- «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобо тууралуу» 2020-жылдын 26-июнунда №118 токтомуна;
- «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө» Жобого;
- «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобого;
- «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тартиби жөнүндө» 2020-жылдын 26-июнундагы № 117 Жобого;
- «Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» 2017-жылдын 11-сентябрындагы № 437 Нускамага.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 15-сентябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 15-сентябрь 2021-ж.
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын атайын өкүлү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» 2011-жылдын 14-июлундагы №23-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобо тууралуу» 2020 -жылдын 26 -июнунда №118-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
3. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө» Жобо тууралуу
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
4. «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобо тууралуу
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө («Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» Нускама, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тартиби жөнүндө» Жобо)
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы
6. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке?ешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы- Бекматов А. Г., шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси)
7. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндгү Аксы, Базар-Коргон, Өзгөн жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8. Талас облусунун Талас районунун А.Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Малиев Арсланбек Касымакуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча талапкер катары көрсөтүлгөн Дурсунов Атамша Латифовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
11. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК парламенттик шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп, 2021-жылы 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сайтындагы шайлоочулардын “Тизме” - https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталына жайгаштырылды.
Алдын ала тизмедеги шайлоочулардын жалпы саны - 3 686 921 адам, алардын 1 766 898и же 47,92%ы – эркек, 1 920 023 же 52,08%ы – аял. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүү) катышуучуларынын санына салыштырганда шайлоочулардын саны 80 720 адамга көбөйдү.
Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттешип, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын тактыгын камсыздоо максатында күн сайын жүргүзүлөт.
Шайлоочулардын тизмесин тактоо 2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына чейин жүргүзүлөт.
Шайлоочулардын таанышуусу жана маалыматтарды тактоосу үчүн УШК тизмени шайлоо участогуна илет.
Шайлоочулардын биротоло тизмеси түзүлүп, 2021-жылдын 18-ноябрында “Тизме” порталына жайгаштырылат.
Урматтуушайлоочулар!
2021-жылдын 19-сентябрынан тартып 12-ноябрына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:
1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
«tizme.gov.kg» сайтында;
шайлоо участогунда;
өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).
Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.
Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.
Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.
Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде шайлоочулардын тизмесине киргизилген, Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандар, мындан тышкары, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыруу үчүн жашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ – ЦОН) кайрылуусу зарыл.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арыз түштү
2021-жылы 13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Дурсунов Атамша Латифовичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Ысык-Ата №30 шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү.
БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.
Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 18-октябрын кошуп алганда саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.
Буга чейин КР БШК га КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндө талапкер Сариев Акылбек Аблабекович жана Малиев Арсланбек Касымакуновичтен билдирүү түшкөн.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арыз түштү
2021-жылы 13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Малиев Арсланбек Касымакуновичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Жети-Өгүз №34 шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү.
БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.
Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 18-октябрын кошуп алганда саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.
Буга чейин КР БШК га КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндө талапкер Сариев Акылбек Аблабековичтен билдирүү түшкөн.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК округдук шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитти
2021-жылы 12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине округдук шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитти.
Маалымат үчүн: Борбордук шайлоо комиссиясы округдук шайлоо комиссиясын ар бир шайлоо округу боюнча 12 мүчөдөн аз эмес курамда төмөнкүдөй түздү:
- эгерде бир шаардын же райондун (АШК) аймагында бир шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн ичинен жана ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардан түзүлөт;
- эгерде бир шаардын же райондун (АШК) аймагында эки же андан ашык шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиялары аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн ичинен жана ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардан түзүлөт;
- эгерде эки же андан ашык шаарлардын же райондордун (АШК) аймагында бир шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиясы ошол аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн ичинен түзүлөт.
Зарылчылык болгондо округдук шайлоо комиссияларынын саны иш процессинде округдук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
Шайлоо округдардын облустар боюнча санына жараша курамына 490 мүчө кирген 36 округдук шайлоо комиссиясы түзүлдү.
Округдук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып башталат жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча токтотулат.
Кененирээк ушул шилтеме боюнча көрсө болот
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Эгль” КФ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзөт
2021-жылы 12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу “Эгль” коомдук фондунун билдирмесин эске алды.
БШК белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү менен Өмүрканова Чолпон Аскербековнаны, Медетов Мирлан Кубатовичти, Дүйшекеева Каухар Каныбековнаны “Эгль” коомдук фондунан коомдук байкоочулар катары каттоо чечимин кабыл алды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Таза Шайлоо Ассоциациясы” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо байкоо жүргүзөт
2021-жылы 12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу “Таза Шайлоо Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин билдирмесин эске алды.
БШК белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү менен Бова Эдир Исмаровичти, Талканчиев Медер Неербековичти “Таза Шайлоо Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинен коомдук байкоочулар катары каттоо чечимин кабыл алды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамы түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын түздү.
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн курамы Ош аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган төмөнкү адамдардан түзүлдү:
№
Фамилиясы Аты-жөнү
Көрсөткөн субъект
1
Абдраимов Бексултан Тыныбекович
«Биримдик Элдик Кыргызстан» саясий партиясы
2
Примкулов Таалайбек Сыргабаевич
«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы
3
Алматов Бакытбек Камилжанович
«Биздин Кыргызстан» саясий партиясы
4
Исаков Элдияр Болотович
«Тилектештик» саясий партиясы
5
Карыбеков Бактыбек Ыбышович
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
6
Ысмаилова Зуура Абжапаровна
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
7
Баймуратов Нургазы Исмаилович
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
8
Бердибекова Күлийпа Турдибековна
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
9
Жабаркулова Нигора Нематжановна
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
10
Мизанов Нурсултан Идрисович
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
11
Раимова Нуржамал Сайпидиновна
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
12
Ашимов Кутман Нурланбекович
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Токтом «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 12-сентябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 12-сентябрь 2021-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине округдук шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмесинин билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
4. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Эгль» коомдук фондунун билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
5. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө биринчи арыз түштү
2021-жылы 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Сариев Акылбек Аблабековичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 33 Нарын шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү.
БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.
Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 18-октябрын кошуп алганда саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы БШК мүчөсү А.Дж. Эшимовдун «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмышка шектүү катары кармалуусу боюнча төмөнкүлөрдү билдирет:
Партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча маселелер Борбордук шайлоо комиссиясынын жана анын мүчөлөрүнүн ыйгарым укугуна кирбейт, партиялардын мындай маселелерди чечүүсүнө кийлигишкенге БШКнын укугу жок, кийлигишпейт.
Шайлоодо партиялардын талапкерлеринин тизмесин түзүү маселеси партиянын гана ички компетенциясына кирет: партиялар шайлоого талапкерлердин тизмесин өз алдынча түзөт жана өз съездинде бекитет.
Демек, укук коргоо органдарынын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн жагдайдын БШК ишмердигинин маселелерине эч кандай тиешеси жок.
БШК компетенттүү органдар тарабынан объективдүү жана калыс иликтөө жүргүзүлөт деп ишенет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
13.10.2026
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби