Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

09-Сен, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 9-сентябрда Нарын шаардык, Араван, Алай, Кара-Суу, Чүй, Аксы жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин карап чыгып, бекитти.

Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Джунусов Майрамбек Таласбековичтин (№1, “Патриот Ынтымагы” деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат орто мектептин директору Дыйканбаев Аксатбек Төлөмүшовичке (№ 7, “Патриот Ынтымагы” саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Ош облусунун Араван районунун Маңгыт айылдык кеңешинин депутаты Шаймкулов Алмазбек Абдуганиевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат ФКБ филиалынын директору Абдраимов Сейитбек Сайпидиновичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылдык кеңешинин депутаты Тынчтык уулу Марлистин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Эркинбек уулу Айбекке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө айылдык кеңешинин депутаты Түркөбаев Анарбай Сулаймановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Таштемиров Жаныбек Төлөнбаевичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык кеңешинин депутаты Мусабаев Кадырбек Арапбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Шакир уулу Мукамбетке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Алай районунун Жошолу айылдык кеңешинин депутаты Орозбай уулу Женишбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Курманбек уулу Эламанга өткөрүп берилди.

Ош облусунун Алай районунун Корул айылдык кеңешинин депутаты Турганбаев Мустафа Жанибековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Дайырбаев Момунжан Джолдошбаевичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмазбек Убайдулаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат орто мектептин окутуучусу Кадыров Алмазбек Мийзамовичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Рахимбеков Имом Калмахаматовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Баатыров Шукуржан Насырдыновичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты Азимова Гүлнара Нематовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Баатыров Шукуржан Насырдыновичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айылдык кеңешинин депутаты Молдогазиева Жылдыз Аманбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат орто мектептин окутуучусу Өмүралиева Элина Байышовнага өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин депутаты Чуштуков Ильичбек Бахтяровичтин (№1, “Кыргызстан” деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан Бейшенов Замирбек Анарбековичке (№ 4, “Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Кемин районунун А.Дүйшеев айылдык кеңешинин депутаты Жумабек уулу Азаттын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан Казаков Тилек Рыспековичке (№ 4, “Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Т. Мавлян айылдык кеңешинин депутаты Кадыркулов Чынарбек Анаркуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат почтальон Кокочоев Арзыгул Абдыкеримовичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айылдык кеңешинин депутаты Шарипов Кутманбек Сапарбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Салимов Талгарбек Ыманкуловичке өткөрүп берилди.

Мындан тышкары, өз арыздарынын негизинде Акимов Абдурашит Саитович Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен жана Дүйшөналиев Акылбек Абдрасулович Чүй облусунун Кемин районунун А. Дүйшеев айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>