Башкы Жаңылыктар Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдарына шайлоо алдындагы үгүттү …

Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдарына шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестиги түшүндүрүлдү

07-Окт, 2021

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, БУУӨПтүн колдоосу менен шайлоо процессинин бардык этаптарындагы бузууларга карата аракеттерде укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатуунун туруктуулугун жана системдүүлүгүн камсыздоонун алкагында Жалал-Абад облусунда окутуу өткөрдү.

Тренинг Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузууларга чара көрүүлөрдү жана аракеттерди иштеп чыгуу боюнча уюштурулду. Окутуу процессине карата жаӊыча мамилени калыптандырууну эске алуу менен тренингге тергөө, сурак органдарынын тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери чакырылды.

КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова катышуучуларга аралаш шайлоо тутуму боюнча алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, шайлоо округдарды түзүү, шайлоонун негизги этаптары жана укук коргоо органдары өз ишмердигинде кандай учурларды эске алуулары зарыл экендиги тууралуу маалымат берди.

Катышуучуларга шайлоо алдындагы өнөктүктү жүргүзүү укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестиги тууралуу кеңири айтып беришти (КР КМ 28-бер., 2-бөл.)

Участникам подробно рассказали о недопустимости злоупотребления правом на проведении предвыборной агитации (ч. 2 ст. 28 КЗ КР):

  1. жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбейт: басмырлдоого чакырган улуттук, этностук, расалык, диндик, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды пропагандалоого тыюу салынат (КР КМ 28-бер., 2-бөл.). Ушул эле номалар КР ЖК 313-беренесинин (жаңы редакцияда 330) диспозициясында каралган, Эти же нормы предусмотрены в диспозиции ст.313 (330 в нов. ред.) УК КР, «Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар ​​аралык кастыкты козутуу».
  2. Шайлоочуларды сатып алууга тыюу салынган (КР КМ 28-бер., 3-бөл; КР ЖК 192-бер. (196) «шайлоочуларды сатып алуу»)
  3. Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз (КР КМ 28-бер., 4-бөл; КР ЖК 192-бер. (196) «шайлоочуларды сатып алуу» жана КР бузуулар жөнүндө кодексинин 44-бер., (КР жоруктар жөнүндө кодексинин 65-бер.) «шайлоо алдындагы өнөктүгүнүн шарттарын бузуу).
  4. билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин тизмесинен киргизилген талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишкер беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. (КР КМ 28-бер., 5-бөл; КР бузуулар жөнүндө кодексинин 45-бер., (КР жоруктар жөнүндө кодексинин 66-бер.) «Талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу).

Талапкер, саясий партия үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген телеберүүнү ишке ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн берилген эфир убактысын, басылма продукцияны, аянтчаны төмөнкү максаттарга колдонууга укугу жок:

  • талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга;
  • тигил же бул талапкер шайланган учурда мүмкүн болуучу терс натыйжаларды сыпаттоого;
  • кайсы бир талапкер (кайсы бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия тууралуу маалыматтар көз көрүнөө басымдуулук кылган, терс пикирлер менен коштолгон маалыматтарды таратууга;
  • талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга (КР КМ 28-бер., 6-бөл.).

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>