Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШК каттоо жана үгүттөө маселелери боюнча талапкерлер жана саясий партиялар үчүн окутуу уюштурат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы талапкерлер жана талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар үчүн 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген парламенттик шайлоого катышуу маселеси боюнча окутуу өткөрмөкчү. Бул тууралуу БШК мүчөлөрүнүн жыйынында КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова билдирди.
Анын айтуунча, 13-октябрда өтүүчү окутуу тренингинде талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо алдындагы үгүттөө эрежелери тууралуу, анын ичинде телеберүү жана радио боюнча, жалпыга маалымдоо басма сөз каражаттары жана интернет-басылмалар аркылуу негизги эрежелер боюнча маалымат жана консультация ала алышат. Мында массалык иш-чараларды өткөрүү аркылуу шайлоо алдындагы үгүттөө эрежелери; басма сөз, аудиовизуалдык жана башка үгүттөө материалдарын чыгарууга жана жайылтууга карата талаптар тууралуу айтылмакчы. Катышуучулар оюн эркин билдирүү укуктарын чектөөнүн мыйзамдык алкактарын, комиссиялар, сот органдары тарабынан шайлоо талаш-тартыштары кандайча каралары тууралуу биле алышат. Иш-чара онлайн жана оффлайн режиминде өтөт.
14-октябрда КР БШК оффлайн жана онлайн режиминде бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди каттоо маселелери боюнча оффлайн жана онлайн режиминде семинар өткөрөт. «Е-талапкер» программасына маалыматтарды киргизүү тартиби; шайлоо фондун түзүү, шайлоо күрөөсүн төлөө тууралуу маалымат берилет. Талапкерлерге жана партияларга шайлоо фонддоруна каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалуусу боюнча отчетторду берүү; шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттарды кайтаруу тартиби тууралуу айтып беришет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК талапкерлерди жана партияларды парламенттик шайлоого катышуу маселелери боюнча семинарга чакырат
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого талапкерлигин көрсөткөн талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын эсине
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 14-октябрда саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого талапкерлигин көрсөткөн талапкерлер, талапкерлердин жана талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн семинар (офлайн жана онлайн режиминде) өткөрөт.
Талапкерлер, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү төмөнкү маселелер боюнча маалымат жана кеңеш алышат:
- бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди каттоо тартиби;
- талапкерлердин маалыматтарын «е-талапкер» программасына киргизүү тартиби;
- шайлоо фондун түзүү тартиби, шайлоо күрөөсүн төгүү;
- шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын түшүшү жана алардын чыгымдалышы тууралуу саясий партиянын каржы отчётторун КР БШКга берүүсү;
- талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна түшкөн акча каражаттарын кайтарып берүү тартиби;
Катышуу маселелери боюнча шайлоо процессинин катышуучулары менен ѳз ара аракеттешүү жана окутуу методологиясы бѳлүмүнө төмөнкү байланыш телефон номурларына чалып, кайрылууга болот: 62-08-29, 62-62-87.
Подключиться к конференции Zoom можно по ссылке:
https://us02web.zoom.us/j/8690689629?pwd=aUhiTkhick9rOVlDZUxrdGJobjBkZz09
Идентификатор конференции: 869 068 9629
Код доступа: 112233
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого көмөктөшүү боюнча республикалык штаб менен бирдикте Бишкекте штабдын көчмө жыйынын өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча Бишкек шаарында ишке ашырылып жаткан чараларга көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын көчмө жыйыны болуп өттү.
Жыйынга штабдын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы М. Иманкулов, штабдын тең төрагасы, КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова, Бишкек шаарынын мэри, мамлекеттик райондук администрациялардын башчылары - акимдер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек шаарындагы округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары катышты.
Бишкек шаарында 428 599 шайлоочу катталган. 4 округдук шайлоо комиссиясында 228 шайлоо участогу ачылды. Даярдыкты шайлоо комиссияларынын 3118 мүчөсү ишке ашырат.
Округдарга бөлүнүү жана шайлоочулардын саны төмөнкүчө:
№26 Ленин шайлоо округу төмөнкүлөрдү камтыйт: Ленин району толугу менен (Ленин районунун №1002, 1003, 1004, 1005, 1006, 1007, 1040, 1041, 1042, 1043, 1044 шайлоо участкаларынын чектерин кошпогондо). Шайлоочулардын жалпы саны 110 870 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 51. Ленин шайлоо округунун курамына 12 ОШК мүчөсү кирген.
№27 Биринчи Май шайлоо округуна төмөнкүлөр кирет: Биринчи Май району толугу менен, Ленин районундагы №1002, 1003, 1004, 1005, 1006, 1007, 1040, 1041, 1042, 1043, 1044 шайлоо участкаларынын чектери толугу менен кирет. Шайлоочулардын жалпы саны 109 308 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 60. Биринчи Май шайлоо округунун курамына 12 ОШК мүчөсү кирет.
№28 Октябрь шайлоо округуна төмөнкүлөр кирет: Октябрь району толугу менен (Октябрь районунун №1150, 1157 шайлоо участокторунан башка). Шайлоочулардын жалпы саны 105 320 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 57. Октябрь шайлоо округуна 12 ОШК мүчөсү кирет.
№29 Свердлов шайлоо округу төмөнкүлөрдү камтыйт: Свердлов району толугу менен, Октябрь районунун №1150, 1157 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен кирет. Шайлоочулардын жалпы саны 103101 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 60. Свердлов шайлоо округунун курамына 12 ОШК мүчөсү кирет.
Республикалык штабдын башчысы, Коопсуздук Кеңешинин катчысы М. Иманкулов Бишкек шаарынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө шайлоого даярдык көрүү боюнча шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди койду, анын ичинде шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жабдуу, үзгүлтүксүз жарык, байланыш, Интернет байланышы, суук мезгилде жылытуу, имараттарды дезинфекциялоочу чараларды көрүү жана башка уюштуруу чаралары бар. Шайлоону уюштурууга мүмкүн болгон бардык жардам менен бирге, башкаруу органдары комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол бербеши керек. Укук коргоо органдары үчүн маанилүү артыкчылыктуу милдети катары, Коопсуздук кеңешинин катчысы партиялардын жана талапкерлердин кызыкчылыгында административдик ресурсту мыйзамсыз пайдаланууга жана добуштарды сатып алууга каршы натыйжалуу чаралардын алдын алууну жана көрүүнү белгиледи.
Штабдын тең төрагасы Н. Шайлдабекова Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жол-жобосунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.
«Бир мандаттуу округдардан 36 депутат, ал эми 54 депутат пропорционалдык система боюнча шайланган аралаш система аймактардын, саясий жана социалдык топтордун өкүлчүлүгүнүн балансын камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан. Саясий партиялардын тизмелеринде аялдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин, жаштардын жана этникалык топтордун өкүлдөрүнө мүмкүнчүлүк берген квоталар сакталган. Аралаш системаны тандап алуу өлкөнү өнүктүрүүнүн бул маанилүү этабында биздин коомдо болгон аймактык, коомдук жана саясий топторду мүмкүн болушунча өкүлчүлүк кылуу үчүн зарыл болгондуктан келип чыкты.
Шайлоонун канчалык эркин өткөнү, жарандардын шайлоо жана шайлануу укуктары канчалык толук ишке ашканы демократиялык шайлоонун негизги көрсөткүчү болуп саналат. Мамлекеттин аракеттери да ушул укуктарды камсыз кылууга багытталышы керек. Ар бир орган мыйзамда белгиленген компетенциялардын чегинде жана шайлоо процессинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. Шайлоонун негизги өзгөчөлүгү - бул мөөнөт. Экинчи өзгөчөлүк – шайлоолор бул саясий процесс, шайлоого катышкан талапкерлерге же партияларга карата ар кандай теңсиз шарт же мамиле коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна алып келиши мүмкүн»,-деди ал.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, прокурорлорду, укук коргоо органдары жана шайлоо комиссиялары менен бирдикте шайлоонун көп субъекттүүлүгүн эске алууга, шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам жооп берүүгө жана административдик ресурсту колдонууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө чакырышты. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү шайлоо субъекттеринин ар биринин укуктарын эске алышы керек, айрыкча алдыдагы шайлоолордун көп субъекттүүлүгү аралаш шайлоо системасынын эсебинен бир мандаттуу округдарда да пропорционалдык системада да көбөйүп жаткандыктан, бул жеке талапкерлердин санынын көбөйүшүн билдирет.
Ачыкталган мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат берүүнүн, келип түшкөн даттануулар жана сигналдар боюнча иштерди аягына чейин жеткирүүнүн, шайлоодо мыйзам бузууларды кароонун 2-3 күндүк мөөнөтүн жана тартибин сактоо маанилүү экени белгиленди. Үгүт жүргүзүү мезгили - активдүү иш күтүлгөн эң активдүү этап болуп саналат. Көп нерсе шайлоонун алдыңкы күнү имараттын сыртында добуш берүүгө байланыштуу болот.
Шайлоочуларга карата негизги милдет - жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, биометрикалык каттоодон өтпөгөн шайлоочулардын тизмеси менен иштөө тапшырмасы берилди. Бишкекте 45 миң жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилген эмес. Ошол эле учурда 2015-жылдан тарта республикада шайлоочулардын тизмеси 1 миллион кишиге көбөйгөн. Парламенттик шайлоону уюштуруунун алкагында калкты тейлөө борборлорунун иш убактысын көбөйтүү, мобилдүү топтордун чогуу жашаган жерлерде иштөөсү каралууда. Жалпысынан республика боюнча 300 миң адам биометрикалык каттоодон өткөн эмес, 2015 -жылга салыштырганда ошол кезде алардын саны 900 миң адам болгон.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын шайлоо укуктарын камсыз кылууну дыкат иштеп чыгуу тапшырылды. "Кошунаңды өзүң менен ала кел" акциясын кайра баштоо зарыл, анын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шайлоо участкаларына барууда жардам көрсөтүлөөрү айтылды. КР БШК төрагасы ошондой эле бул акцияга жаш ыктыярчылар тартыларын маалымдады.
Ар бир округда округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларынын, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн ыкчам аракет кылуучу координациялык топторунун ишмердүүлүгү жана өз ара аракеттенүүсү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
БШК төрайымы жогорку компетенттүүлүгү жана жоопкерчилиги шайлоо системасынын иши үчүн маанилүү негиз болгон шайлоо комиссияларындагы мугалимдердин ишине ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерди, саясий партияларды колдоо үчүн үгүт иштерине билим берүү кызматкерлерин тартуунун жол берилбестиги белгиленди.
«Ар бир жетекчи өзүнүн функционалдык милдеттерине жана алардын сапаттуу аткарылышына көңүл бурушу керек. Биздин катышуубуз шайлоо участокторун материалдык -техникалык жактан камсыздоо жагынан болушу керек. Шайлоо процессине бир дагы жетекчи катышпашы керек», - деди Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине төмөнкү милдеттер жүктөлдү:
үзгүлтүксүз байланышты, электр энергиясын, транспортту, жылуулук менен камсыздоону, шайлоо комиссияларын материалдык -техникалык камсыздоо үчүн шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүү:
коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн санитардык -эпидемиологиялык талаптарды сактоо:
укук коргоо органдары тарабынан шайлоо участкаларынын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;
биометрикалык каттоодон өтүү боюнча шайлоочулар арасында маалыматтык -консультациялык иштерди жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин тактоо;
административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алуу, ошондой эле башка мыйзамды бузуу учурларында ыкчам чара көрүү;
муктаждыктар картасын тактоо, кыймыл - аракети чектелген адамдар үчүн шарттарды түзүү (пандустар, тосмолор, чалуу баскычтары менен жабдуу), өзгөчө категориядагы жарандар менен иштөө;
шайлоого даярдыктын жана уюштуруунун жүрүшү жөнүндө республикалык штабга өз убагында маалымат берүү.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылы 11-октябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 11-октябрь 2021-ж.
Убактысы: 18:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Обдунов Элмурат Адбуваповичти №6 Араван шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
2. Аширбаев Элкинбек Токтогоновичти №24 Сокулук шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
3. Сагымбаев Канат Райымбековичти №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
4. Абдылдаев Райымбек Жумагуловичти №33 Нарын шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
5. Мадмаров Уланбек Аданбековичти №4 Көк-Жар шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
6. Таштанбеков Акбокон Дукеновичти №30 Ысык-Ата шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
7. Кебекбаев Сабыралы Тойчуевти №13 Сузак шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
8. Сегизбаев Мирбек Абдрахимовичти №1 Лейлек шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
9. Токтакунов Нурбек Акбаровичти №27 Биринчи май шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
10. Кулматов Эделбек Маматкуловичти №13 Сузак шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
11. Саккараев Медербек Джанкуловичти №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
12. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Акылбеков Русланбек Акылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
13. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
14. №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Нурбаев Жалолидин Паязидиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
15. №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Миркадыров Мухтар Мирсалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
16. №22 Жайыл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Рыскулбек уулу Нурматтын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
17. №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Сыргабаев Замирбек Самаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
18. №14 Жалал-Абад шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Салымбаев Чынгыз Жусуповичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
19. №32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Омолдошова Айжан Рыскуловнанын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
20. №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Каниметов Адыл Жанкорозовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
21. №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Бакиров Өмүрбек Мирзараимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
22. №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Аспек уулу Азаматтын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
23. №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Абдыразаков Нурсултан Эркинбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
24. №33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Джаанбаев Тойгонбай Сейитказиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
25. №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Зулпуев Абдивап Момуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
26. №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Иманкулов Талай Маданбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
27. №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Калыков Улугбек Абдисатаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
28. №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Коргонбай уулу Жусупбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
29. №21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Чойбеков Бактыбек Каныбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
30. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК Маасы айылында шайлоо процессинин катышуучулары үчүн окутуу өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Маасы айылында “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген темада тренинг өткөрдү.
Иш-чара 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Программасынын БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн уюштурулду.
КР БШК аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги Төлөгөн Айтикеев катышуучуларга аралаш шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрүн, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдарында талапкерлерди көрсөтүү тартибин, шайлоо округдарын түзүүнүн принциптерин, алардын схемаларын жана чек араларын түшүндүрдү. Тренингде шайлоо процессинин этаптары, анын ичинде бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо мөөнөттөрү тууралуу айтылды.
Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон аш тартуунун негиздери жөнүндө айтылды. Ал төмөнкү негиздер болушу мүмкүн: талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык зарыл болгон документтерди бербөө; көрсөтүүнүн “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган тартибин сактабоо; талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу; талапкердин башка саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде катталуу фактысынын болушу, талапкердин бирден ашык шайлоо округунда катталган фактысынын болушу; саясий партиянын, талапкердин өз шайлоо фондун түзбөгөнү; талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү. Талапкерлердин тизмесине киргизилген айрым талапкерлерге карата “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинде каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болгону, талапкерлердин тизмесинен аларды гана чыгарып салуу үчүн негиз катары кызмат кылат.
Катышуучулар талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү тартибин, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин окуп-үйрөнүштү. Шайлоо фонддорун түзүү, акча каражаттарынын чыгымдалыш тартибин бузуу, шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашырып жиберүү, каржы отчётторун бербөө жана жарыялабоо, талапкерлердин, саясий партиялардын отчётторунда анык эмес маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет. Талапкер, саясий партия шайлоо өнөктүгүн каржылоодо шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда талапкердин, саясий партиянын каттоосу жокко чыгарылат.
Катышуучуларга шайлоо комиссияларына даттануу, арыз берүү мөөнөттөрү, аларды кароо мөөнөттөрү, даттануу, арыз менен шайлоо комиссияларына кимдер кайрыла ала тургандыгы түшүндүрүштү, арызды кароонун натыйжалары боюнча конституциялык-укуктук (шайлоо) жоопкерчиликке же Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартууга боло тургандыгы белгиленди.
Катышуучуларга шайлоо алдындагы үгүт эрежелери, аларды бузгандык үчүн жоопкерчилик тууралуу айтылды.
Ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн укуктук жоопкерчилик окутуп-үйрөтүлдү. Атап айтканда, шайлоочунун, шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин, депутаттыкка же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкердин, талапкердин ишенимдүү адамынын, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, байкоочунун, эл аралык байкоочунун укуктарын бузуу – 3-категориядагы айып пул салууга (жеке адамдар үчүн – 5 500 сом, укуктук жактар үчүн – 17 000 сом) алып келет. Жеке жана укуктук жактардын шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган маалыматтарды же материалдарды белгиленген мөөнөттөрдө шайлоо комиссиясына бербөөсү, ошого тете шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган шайлоо комиссиясынын чечимдерин жана талаптарын аткарбоосу, - 3-категориядагы айып пул салууга (укуктук жактар үчүн – 5 000 сом)алып келет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Талас шаарында ЖМКны жана блогерлерди шайлоого байкоо жүргүзүүгө окутту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгү менен биргеликте USAIDдин колдоосу алдында Талас облусунун жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрү жана блогерлери үчүн окутууну уюштурду.
Жолугушууда катышуучуларга 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү, КР ЖКга шайлоо процессинин негизги этаптары, шайлоо процессинин жүрүшүндө маалымдоо жана үгүт жүргүзүүнүн эрежелери тууралуу айтылды.
КР БШК төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаровдун айтымында алдыдагы парламенттик шайлоону даярдоо алкагында ЖМКнын ролу өсөт, жаңы шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрү ар бир шайлоочуга толук негизде жеткизилиши керек. Өзүн шайлоочулардын тизмесинен кандай такташ керек, бирдиктүү шайлоо округу жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча кандай добуш берүү керек экендиги тууралуу айтылды. ЖМКны жана блогерлерди шайлоо мыйзамдарын бузууларга активдүү чара көрүүгө, бузуулар тууралуу арыздарды ар бир шайлоо округунда түзүлгөн ыкчам чара көрүүчү координациялык топторго жөнөтүүгө чакырышты. Мындан тышкары, КР БШКнын сайтында даттануулардын электрондук реестри – https://shailoo.gov.kg/kg/reestr-zhalob-i-narushenij-vybory-JK-28-11-2021/ бар, андан ЖМК жана шайлоочулар маморгандардын иш-аракеттерине байкоо жүргүзө алышат.
Медиа эксперт Авланбек Джумабаевдин айтымында ЖМК жана блогерлер шайлоо процесси тууралуу керектүү кеңештерди КР БШКнын маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу тобу аркылуу алууга мүмкүнчүлүктөрү бар.
“Жумушчу топ шайлоо өнөктүгү мезгилинде талапкерлер, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар тарабынан жол берилген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин жөнгө салган колдонуудагы мыйзамдарды бузуу жөнүндө материалдарды чогултат жана тутумга салат. Кыргызстанда добуш берүүнүн жыйынтыктарын саноодо аныктык камсыздалган, силердин жана биздин милдет – сатып алуу жана администрациялык ресурсту пайдалануу сыяктуу бузууларга жол бербөө. Башталыш этабында өз убагында чара көрүү ошондой бузууларды төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет”, - деди ал.
КР БШКнын маалымдоо жана үгүт жүргүзүү боюнча Жумушчу тобунун мүчөлөрү Наргиза Нанакеева жана Кыргызстандын журналисттеринин көз карандысыз бирлигинин төрагасынын орун басары Семетей Аманбеков катышуучуларга шайлоо процессинин жүрүшүнө байкоо жүргүзүүдө фактчекинг каражаттарын кандай пайдаланса болорун, шайлоодо маалымдоонун жана үгүт жүргүзүүнүн жүрүшүндө кастык тилин пайдаланууну кантип азайтуу керектигин түшүндүрүштү.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарында укук коргоо органдары үчүн шайлоо мыйзамдарын бузууга чара көрүү боюнча окутуу өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, БУУӨПтүн колдоосу менен шайлоо процессинин бардык этаптарындагы бузууларга карата аракеттерде укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатуунун туруктуулугун жана системдүүлүгүн камсыздоонун алкагында Бишкек шаарында окутуу өткөрдү.
Тренинг Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузууларга чара көрүүлөрдү жана аракеттерди иштеп чыгуу боюнча уюштурулду. Окутуу процессине карата жаӊыча мамилени калыптандырууну эске алуу менен тренингге тергөө, сурак органдарынын тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери чакырылды. Жолугушууда шайлоо мыйзамдарын бузууну алдын алуу жана ага каршылык көрсөтүү боюнча шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын өз ара аракеттеринин алгоритми талкууга алынды.
КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова катышуучуларга аралаш шайлоо тутуму боюнча алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, шайлоо округдарды түзүү, шайлоонун негизги этаптары жана укук коргоо органдары өз ишмердигинде кандай учурларды эске алуулары зарыл экендиги тууралуу маалымат берди.
Анын айтуунча, Кыргызстанда талапкерлердин бирдей катышуусу менен демократиялык форматта шайлоо өткөрүүгө эрк бар. 2020-жылы октябрда болгондой бузууларга карата чара көрүлбөй калуусун кайталабоо эӊ маанилүү, анткени ал шайлоо процессинин мыйзамдуулугуна ишенбөөчүлүккө алып келген. Алдыда боло турган парламенттик шайлоодо бузууларга карата чара көрүүлөр калыс болуш керек. Укук коргоо органдарыөз ишмердигинде мөөнөттөрдү эске алуулары зарыл – шайлоо процесси кыска мөөнөттүү, шайлоонун ар бир этабында өзүнүн өзгөчөлүктөрү жана өзүнүн милдеттери бар.
Талапкерлерди каттоо учурунан тартып эӊ активдүү этап башталат, бул – үгүттөө этабы, ал 2021-жылдын 27-ноябры, саат 8.00гө чейин созулат. Негизги күн – 28-ноябрь, добуш берүү күнү, бул учурда участкадагы кандай гана үгүт иштери болбосун шайлоо мыйзамдарын одоно бузуу деп эсептелет жана добуш сатып алуу сыяктуу эле кесепттүү таасирге ээ.
Катышуучуларга, ошондой эле, бир мандаттуу округдар боюнча аталган участкада 2021-жылдын 30-августуна чейин, башкача айтканда, добуш берүү күнүнө чейин 90 күн калганда каттоодон өткөн жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү гана добуш бере ала тургандыгы маалымданды.
Ошондой эле, шайлоо мыйзамдарын бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын Жоруктар тууралуу Кодексинде жана Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинде жоопкерчилик каралган деп айтылды. Сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу органдар бардык жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу арызды жана билдирүүнү кабыл алып, каттоодон өткөрүүгө милдеттүү. Арыз берүүчүгө кабыл алынган кылмыш тууралуу арызы же билдирүүсү, аны каттоого алган убактысы жана каттоо номери тууралуу, каттоого алган адамды көрсөтүү менен документ берилет.
Жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу арызды же билдирүүнү каттоодон баш тартуу же жашырып коюу Кылмыш кодексинин 377-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат (50 миӊ сомдон 100 миӊ сомго чейин айып пул төлөө, эки жылга чейин эркинен, белгилүү бир кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу).
Жаранга өзүнүн шайлоо укуктарын эркин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу, добуш берүү купуялыгын бузуу кырк сааттан жүз саатка чейин коомдук иштерге салуу же эки айдан бир жылга чейин түзөтүү иштери менен, же 200дөн 500гө чейинки эсептик көрсөткүч менен айып пул төлөтүү аркылуу жазаланат.
Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан шайлоо комиссиясынын же шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишмердигине кийлигишүү аркылуу, анын ичинде кызмат абалынан пайдаланып алардын чечимине таасир этүү максатында шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук жаратуу, атап айтканда, кызматтагы адамдын талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо, шайлоочулардын добуштарын саноо жана башка маселелер боюнча талап кылуусу же көрсөтмө берүүсү, же ишти атайылап бузуусу же шайлоо процессинде колдонулуучу мамлекеттик маалыматтык тутумдардын маалыматтарын жокко чыгаруу, жүз сааттан үч жүз саатка чейин коомдук иштерге салуу же бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү иштери менен же 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүчөрдөн айып пул төлөтүү менен жазаланат.
Төлөп берүү же акча каражатын таратуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кандайдыр бир кызматты алууга же башка жыргалчылыктарга жетишүүгө өбөлгө түзүү, ошондой эле шайлоо өтүп жаткан мезгилде эл алдында убада берүү аркылуу шайлоочулардын добушун сатып алуу 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүчөрдөн айып пул төлөтүү менен жазаланат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер тарабынан, ошондой эле талапкердин жубайы, жакын туугандары жана анын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан мындай иштин жасалышы 1000ден 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчөрдөн айып пул төлөтүү менен же беш жылга чейин эркинен ажыратуу аркылуу жазаланат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылы 10-октябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 10-октябрь 2021-ж.
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Токтогул жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. Сулайманов Кундузбек Кошалиевичти №19 Токтогул шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
3. Танабаев Нурлан Исамидиновичти №10 Куршаб шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
4. Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевичти №12 Өзгөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
5. Ибраев Саматбек Кулукеевичти №34 Жети-Огуз шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
6. Кулбараков Абтандил Илдузовичти №32 Кочкор шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
7. №10 Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бакыев Улукбек Хаджимуканович ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8. №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Карашев Аалы Азимович ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
9. №32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Керимкулов Нурлан Бейшенбекович ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
10. №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Атамбаев Сеидбек Алмазбекович ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
11. №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Максутов Мурсалим Султаналиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
12. №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Айтакунов Бактыбек Кубатовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
13. №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Назарбеков Мирлан Рысбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
14. №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Жороев Исманали Эгембердиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
15. №10 Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Келдибаев Төлөгөн Кыязовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
16. №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Эргешов Толкун Турдукуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
17. №16 Ноокен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Тешебаев Акимбай Сатылгановичдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
18. №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Эгембердиев Омурбек Калыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
19. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Токторов Абдыштын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
20. №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Түмөнов Чынгыз Сүйүнбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
21. №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Примов Улан Бердибаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
22. №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Абдылдаев Таалайбек Дюшекеевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
23. №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Ажыбеков Бактыгул Ажыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
24. №16 Ноокен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Матсаков Кадырбек Мусаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
25. №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Таштанкулов Касым Абдусаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүнд.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
26. «2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 16-сентябрындагы №701 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Г. К. Дюшембиева, Пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү)
27. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында шайлоо процессинин катышуучулары үчүн окутуу өткөрүлдү
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан, БУУӨПтүн колдоосу менен 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн алкагында уюштурулган “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” темасында тренинг болуп өттү.
Тренингге депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери катышты.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо жана документтерин берүү тартибин түшүндүрүүчү блоктон башталды. КР БШК мүчөсү Кайрат Маматов катышуучуларга аралаш шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрү, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү тартибин, шайлоо округдарын схемасын жана чек араларын түзүү принциптерин түшүндүрдү.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда аяктагандыгы айтылды (2021-жылдын 13-октябрга чейин кошуп алганда). Саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер көрсөтүлүп жаткан шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде ишке ашырылат. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бир гана талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү тууралуу чечим жашыруун добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын Борбордук шайлоо комиссиясына берүү жолу менен жүргүзүлөт. Мында талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн (100 000 сом) төгөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга шайлоо талаш-тартыштарын көрсөтүү жана карап чыгуу мөөнөтү жана тартиби, конституциялык жоопкерчилик, каржы айкындуулугу тууралуу айтып беришти. Ошентип, жарандын өз шайлоо укуктарын же референдумга катышуу укугун эркин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу, добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуу IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат. Шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын ишине же болбосо шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсүнүн өз милдеттерин аткаруу, анын ичинде, комиссиянын чечимдерине таасир этүү максатында кызмат ордун жана кызмат абалын пайдалануу менен байланышкан иштерине кийлигишүү аркылуу шайлоо комиссияларынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын иштерине тоскоолдук кылуу, атап айтканда, кызмат адамынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо, шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын добуштарын эсепке алуу маселелери же башка маселелер боюнча талабы же көрсөтмөсү, же болбосо, шайлоо процессинде колдонулуучу мамлекеттик маалымат системаларынын ишин бузууга атайылап аракет жасоо же маалыматтарын бурмалоо IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү иштерине же IV категориядагы айып салууга жазаланат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жасаган ошол эле жосун IV категориядагы түзөтүү иштерине же V категориядагы айып салууга жазаланат.
Чогулгандарга талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү тартиби, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери тууралуу айтып беришти. Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттары банктагы же башка мекемедеги атайын эсепке которулгандыгы белгиленди. Ушул эсеп Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен (талапкерлерге тиешелүү ОШКнын уруксаты менен) саясий партия, талапкер тарабынан ачылат.
Саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин эсептик көрсөткүчтөн 15000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон өз каражаттарынан;
саясий партиянын эсептик көрсөткүчтөн 100 000 0 эседен ашуусу мүмкүн болбогон өз каражаттарынан;
жеке жактардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;
укуктук жактардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 30000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.
Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдарынын чектик суммасы эсептик көрсөткүчтөн 3000000 эседен ашуусу мүмкүн эмес.
Шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын, саясий партиялардын тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же болбосо аларга каршы добуш берүүгө шайлоочуларды түртүү же түрткү берүү максаты бар шайлоо өнөктүгүнүн менчигиндеги маалымат даярдоо жана таратуу боюнча иши тууралуу айтылды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоого шайлоо алдындагы үгүт 2021-жылдын 29-октябрында башталып, 2021-жылдын 27-ноябрында саат 8:00дө аяктайт. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин саясий партиялар, талапкерлер менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
"Эмгек партиясы" саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирме берди
«Эмгек партиясы» саясий партиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырып алуу жөнүндө билдирме берди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-октябрында өткөн жыйналышында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен, партиянын билдирмесин карап чыгып, аны эске алуу жөнүндө чечим кылды.
«Эмгек партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
"Либералдык-прогрессивдүү партиясы” саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирме берди
«Либералдык-прогрессивдүү партиясы» саясий партиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырып алуу жөнүндө билдирме берди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-октябрында өткөн жыйналышында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен, партиянын билдирмесин карап чыгып, аны эске алуу жөнүндө чечим кылды.
«Либералдык-прогрессивдүү партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
"Ар-Намыс" саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирме берди
«Ар-Намыс» саясий партиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырып алуу жөнүндө билдирме берди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-октябрында өткөн жыйналышында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен, партиянын билдирмесин карап чыгып, аны эске алуу жөнүндө чечим кылды.
«Ар-Намыс» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-октябрындагы жыйналышында Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысын шайлоону 2021-жылдын 28-октябрында саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүүнү дайындады.
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Пасанов Эржигит Жетимишович өз арызы боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Баткен облусунун Лейлек районундагы №8026 жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 3145 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөрттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-октябрындагы жыйынында Баткен облусунун Лейлек районундагы № 8026 жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №3145 шайлоо участкаларынын даректерин төмөнкүчө өзгөртүү чечимин кабыл алды:
- Баткен облусунун Лейлек районундагы № 8026 шайлоо участкасынын дарегин Гөлбө айылынын Жалал-Абад 20 көчөсүндөгү коомдук иш-чараларды өткөрүү борборунун эски имаратынан, Гөлбө айылынын Мектеп 1 көчөсүндөгү Кожояр Казыев атындагы орто мектебинин жаңы имаратына.
-Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 3145 шайлоо участкасынын дарегин Каракол ш., Торгоева 57 көчөсүндөгү шаардык салык башкармалыгынын эски имаратынан, Каракол ш., Гречко 29 көчөсүндөгү №9 орто мектебинин жаңы имаратына.
Лейлек жана Ак-Суу округдук шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Токтом Лейлек жана Ак-Суу округдук шайлоо комиссияларынын шайлоо участкаларынын имараттарынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-, 4-пункттарына ылайык, № 8026, № 3145 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү тууралуу сунушунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 9-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 9-октябрь 2021-ж.
Убактысы: 18:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. Баткен облусунун Лейлек районунун № 8024 жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №3145 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. Төлөйкөн жана Жети-Өгүз округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. № 25 Аламүдүн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Калдарбеков Элдияр Султановичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. Абдыкадыров Эмилбек Мырзакуловичти №21 Талас шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
6. Дуйшеналиев Нурлан Кадырбековичти №31 Чуй-Кемин шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
7. Сураналиев Талгат Чыныбековичти №36 Ысык-Көл шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
8. Исламбеков Белек Мамасалиевичти №2 Баткен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
9. «Ар-Намыс» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
10. «Либерал-Прогрессивдик партиясы» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
11. «Эмгек» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
12. №19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Турдумамбетов Осман Жолдошбековичдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
13. №32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Самыйкожо Мирландын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
14. №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Орозбаев Таалайбек Айтбаевичдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
15. №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Ташиев Рустам Рахимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
16. №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Рысбаев Равшанбек Рысбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
17. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Койчуманов Мээримбек Нурбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
18. №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Назарбаев Абдунаби Салыевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
19. №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Жолболдуева Памирбека Бакыевичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
20. №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Мадылбеков Туратбек ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
21. №2 Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Абылкасым уулу Канатбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
22. №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Кунакунов Максат Касымжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
23. №2 Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Ражабалиев Нурлан Аскаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
24. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 8-сентябрда өткөн жыйналышында Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан киргизилген Абдыкадыров Замирбек Кочкорбаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан Бошкоева Перизат Нуршамиловна комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Токтогул округдук шайлоо комиссияларынын мүчөсүнүн шайлоо комиссиясынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
13.10.2026
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби