Башкы Жаңылыктар Кербен шаарында ОШК мүчөлөрүнүн, талапкерлердин жана саясий партиялардын …

Кербен шаарында ОШК мүчөлөрүнүн, талапкерлердин жана саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоо талаш-тартыштары боюнча окутуу өттү

08-Окт, 2021

Депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өклдөрү, округдук шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү, банктын кызматкерлери үчүн “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген темадагы тренингдердин сериясы Кербен шаарында улантылды.

Иш-чара 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында БУУӨПтүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулду.

КР БШКнын шайлоо процессин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүүнүн тартиби жана мөөнөтү тууралуу айтып берди. Өзгөчө басым шайлоонун инклюзивдүүлүгүнө жасалды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү талапкер көрсөтүлгөн учурда жана буга байланыштуу ушул конституциялык Мыйзамда каралган өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды өз алдынча жазууга, башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, бул адам башка адамдын жардамынан пайдаланууга укуктуу экендиги белгиленди. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам берип жаткан адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Талапкерлерди жана саясий партияларды каттоодон баш тартуунун негиздери тууралуу айтылды. Булар: талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө; көрсөтүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартибин сактабоо; талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу; талапкердин башка саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде катталуу фактысынын болушу, талапкердин бирден ашык шайлоо округунда катталган фактысынын болушу; саясий партиянын, талапкердин өз шайлоо фондун түзбөгөнү; талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү. Талапкерлердин тизмесине киргизилген айрым талапкерлерге карата “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамындагы 61-беренеде каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болгону, талапкерлердин тизмесинен аларды гана чыгарып салуу үчүн негиз катары кызмат кылат.

Шайлоо фонддордун айкындуулугу боюнча, эгерде кайрымдуулук ушундай кайрымдуулукту жасоого укугу болбогон жаран же юридикалык жак тарабынан берилген болсо, (б.а. тыюу салынган болсо)  ал кайрымдуулук берүүчүгө толугу менен кайра кайтарылууга тийиш экендиги баса белгиленди. Эгерде кайрымдуулук чектелген сумма боюнча талаптарды бузуу менен жаран же юридикалык жак тарабынан берилген болсо, анда ал кайрымдуулук берүүчүгө толугу менен кайра кайтарылууга тийиш же ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген кайрымдуулуктун максималдуу өлчөмүнөн ашкан бөлүгү кайра кайтарылууга тийиш, мында кайра кайтаруунун себептери көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына кѳрсѳтүүнү ишке ашырган телерадио уюмдарынын каналдарында ѳткѳрүлгѳн кошмо үгүт иш-чараларында (дебаттарда жана башка ошого окшош иш-чараларда) катталган талапкерлердин, анын ичинде саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлердин ѳздѳрү гана катышууга тийиш. Бул тууралуу тренингдин катышуучуларына шайлоо алдындагы үгүт боюнча компонентинде айтылды. Дебаттар боюнча катталган талапкердин же саясий партиянын ѳкүлдѳрүнүн жана колдоочу топторунун мындай иш-чарага катышуусуна жол берилбегендиги такталды. Кошмо үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартканда же келбей койгондо башка учурга эфирдик убакыт берилбейт.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>