Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 1 арыз түштү
10.11.2021

БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 1 арыз түштү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 10-ноябрда өткөн жыйналышында №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Жаныбеков Боконбай Жаныбековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арызын карап чыкты жана Б.Ж. Жаныбековдун арызынын негизинде каттоону жокко чыгарып, ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу тууралуу чечимин кабыл алды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Facebook: Биздин кызматташтыгыбыз КР БШКнын муктаждыктарына колдоо көрсөтүү үчүн улана бермекчи!
10.11.2021

Facebook: Биздин кызматташтыгыбыз КР БШКнын муктаждыктарына колдоо көрсөтүү үчүн улана бермекчи!

2021-жылдын 9-ноябрында Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясында Борбордук Азияда Facebookтун программаларын жана аспаптарын жүзөгө ашырууга жооптуу болгон өкүлдөрү менен онлайн-жолугушуу болуп өттү.   Жолугушуу БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы офисинин колдоосу менен «Жарандык интернет саясат» КФ тарабынан уюштурулду.  Өзүнүн куттуктоо сөзүндө КР БШК төрагасы Нуржан Шайлдабекова 2020-жылы болуп өткөн шайлоолордо натыйжалуу кызматташуу көрсөткөндүгү үчүн Facebookка ыраазычылыгын билдирди.     «Социалдык тармактар бүткүл дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да, шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүдө маанилүү роль ойноп келет. Алар баарлашуунун жана маалыматты таркатуунун маанилүү каражаттары болуп эсептелет. Андыктан, биз Facebook тармактары тарабынан буга чейин жасалган кадамдардын канчалык маанилүү экендигин белгилеп кетмекчибиз. Ал шайлоо өнөктүгүнүн, партиялардын жана талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ачык-айкындуулугун көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул, ошондой эле, жалган саясий жарнамалардын жайылтылышы менен күрөшүү үчүн күчтүү негиз боло алат.    Жооп иретиндеги куттуктоо сөзүндө Facebookтун мамлекеттик саясат боюнча директору Джордж Чен Кыргызстанда «Meta» катары белгилүү болгон «Facebook family Appsтын» маанилүү ролун баса белгилеп кетти.    «Биз Кыргызстан Өкмөтү менен жакшы мамиледе болгонубузга сыймыктанабыз. Ал эми өткөн жумада биз Глазгодо (Шотландия) болуп өткөн COP 26 климаттык конференциясы учурунда биздин стендди келип көрүшкөн КР Президентин жана министрлер кабинетинин башчысынын орун басарларынын бирин кабыл алуу урматына ээ болдук.  Президент Садыр Жапаров дүйнө менен алака түзүү жана Кыргызстандын имиджин көтөрүү үчүн социалдык медиа каражаттарын колдонуу зарылдыгы тууралуу белгилеп кетти. Биз Кыргызстан менен ар кыл өӊүттө, анын ичинде шайлоолорго байланыштуу да иш алып барабыз, Борбордук шайлоо комиссиясынын муктаждыктарына колдоо көрсөтүү үчүн биздин кызматташтыгыбыз улана бермекчи» - деп баса белгиледи ал.     Facebook бар мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык контент (мазмун) боюнча коомчулуктун эрежелери тууралуу Борбордук Азиядагы жана Түштүк Азиядагы Ыкчам чара көрүү программасынын аймактык менеджери Наташа Джог кеӊири баяндап берди.  «Бизде «Мета» платформасында каттоого алынган жазуулардын колдонуучуларынын жүрүм-турумунун стандарттары бар. Биз эмнелерге жол берип, эмнелерге тыюу сала тургандыгыбыз, ошондой эле бизде, атап айтканда, аккаунттардын аракеттерин токтоткондо кандай жаза колдонулаары тууралуу айткым келип жатат. Биз таптакыр кабылдабаган жана толугу менен тыюу салган белгилүү бир контенттер бар. Буга типтүү мисал катары - терроризмди, экстремизмди, балдарды эксплуатациялоо сыяктуу көрүнүштөрдү айтууга болот. Эгер биз «Мета» корпоративдик көз караштан ушул өӊдүү мыйзамсыз көрүнүштөргө күбө болсок, анда мындай Facebook пайдалануучуларды эсепке алуу жазууларына дароо бөгөт коёбуз. Бул биздин Facebook тарабынан берген кепилдигибиз. Мындай саясат Гонконгдо же Кыргызстанда болуп жатабы, ал маанилүү эмес, ал «Мета» иштеп жаткан бардык өлкөлөргө карата колдонулат.  Ал эми шайлоо мезгили тууралуу айтсак, ошол эле корпоративдик саясат колдонулат. Биз ыйгарым укуктуу орган, айталы, БШК тарабынан берилген арызга ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузган же алдамчылыкка жол берип, шайлоочуларды адаштырган, башкача айтканда, шайлоонун легитимдүүлүгүн бузган кандай гана контент болбосун, аны дароо өчүрүп салабыз. Андыктан, эгер биз далилдер жана фактылар менен тастыкталган расмий кат ала турган болсок, анда Facebookтун корпоративдик эрежелерин териштирүү боюнча комитетибиз ар бир жагдайды жекече карай тургандыгын Сизге убада беребиз. Анткени, биз шайлоонун чындыгы жана ачык-айкындуулугу сыяктуу маселеге өтө олуттуу мамиле жасайбыз.    Ачык-айкындуулук чаралары – тынымсыз жаӊылап туруучу абдан маанилүү аспап болуп эсептелет. Бизде акыркы жаӊылоо 6-ноябрда болгон.  Биз БШК менен иш алып барганыбызга абдан кубанычтабыз. Дүйнө жүзүндөгү бардык БШКлардын эӊ башкы максаты – чыгымдарга көзөмөл жүргүзүү, алар канчалык деӊгээлде мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жаткандыгын, мыйзамда каралган лимиттен ашпагандыгын көзөмөлгө алуу. Аталган аспап силердин мыйзамдарда белгиленген лимиттен ким ашып жаткандыгын, ачык-айкындуулук болуш үчүн: бул адам кайда жүргөндүгүн, тигил же бул саясий жарнаманын артында кайсы саясий партия тургандыгын, ким бул жарнамага канча каражат сарптагандыгын көрүүгө мүмкүндүк берет» - деди Наташа Джог. Джордж Чендин айтуусунда, КР БШК үчүн санариптик китепкана Facebookта каттоого алынган аккаунттардан, Facebook пайдалануучуларды эсепке алуу жазууларынан чыгуучу потенциалдуу саясий жарнамаларга мониторинг жүргүзүү үчүн керек болгон бүткүл маалыматты алуунун булагына айланмакчы.  (Маалымат үчүн: Саясий жарнамалардын баары Жарнама китепканасына киргизилет, ага www.facebook.com/ads/library/report дарек боюнча кирүүгө болот, анын үстүнкү баракчасында Кыргызстан өлкөсүн тандоо керек).  «Биздин бардык тутумдарыбыз, бардык өлкөлөр үчүн, анын ичинде силердин өлкө үчүн да бирдей шартта иштейт. Силердин бул санариптик китепканадагы активдүүлүктү көзөмөлгө алууӊар Кыргыз Республикасындагы иштеп жаткан шайлоо мыйзамдарынын талаптарына жараша болмокчу.  Алсак, АКШда алар башка болсо, Кыргыз Републикасында алар башка экени белгилүү. Ишенип коюӊуздар, тигил же бул Facebook пайдалануучуларды эсепке алуу жазууларынан чыккандардын баары санариптик китепканада чагылдырылат. Ал эми верификация тууралуу айтсак, биз БШК өзүнүн көзөмөл тизмесин жүргүзүүсү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайбыз. Верификация – бул талапкерлердин жалган аккаунттары үчүн кооптуулукту төмөндөтүүнүн мыкты ыкмасы, биз муну башка өлкөлөрдө да жасайбыз, саясий контент, жарнама менен байланышкандардын баарын биз Кыргызстан үчүн да сунуштамакчыбыз» - деп түшүндүрдү Джордж Чен. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташууну улантууга даярдыгын билдиришти жана КР БШК күтүлүүчү парламенттик шайлоого катышуучу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча каттоого алынган бардык партиялардын жана талапкерлердин тизмесин Facebookка көрсөтө тургандыгы тууралуу келишим түзүштү, муну менен өз саясатынын алкагында инсанды документалдык тастыктоо аркылуу идентификациялоо жүрмөкчү, бул учурда белгилүү аккаунт алдында кандай адам катталгандыгы белгилүү болот.    КР БШК төрагасы Facebookтун мүмкүн болгон даттанууларды жекече кароого даярдыгына ыраазычылыгын билдирди.    «Жалпысынан, учурда негизги талапкерлер жана партиялар өз билдирүүлөрүндө тыюу салынган ыкмаларды, тыюу салынган контенттерди колдонушпагандыгын көрүүгө болот. Бирок, азырынча бизде партиялардын негизги аккаунттарынын тар чөйрөсүнө гана мониторинг жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал эми силерден маалымат ала турган болсок, соцтармактарда маалыматтык талааны, «МЕТА» тармактарынын бөлүгүндө мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болот, бул бизге  чыныгы шайлоодо маалыматтык жагдайдын тазалыгы боюнча чараларды көрүүгө чоӊ мүмкүнчүлүктөрдү бермекчи.    Ал эле эмес, кандай гана маалыматтык аспап болбосун, аларды мыйзамдуу жана туура пайдалануу зарылдыгы жөнүндө шайлоонун бардык катышуучуларына эскертүү катары, бүгүнкү күндөгү жолугушуу фактысынын өзү эле канчалык маанилүү» - деп баса белгиледи, Н.Шайлдабекова.  КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 10-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибинин долбоору
10.11.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 10-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибинин долбоору

        Өткөрүү датасы: 10-ноябрь 2021-ж.                                                                                    Убактысы: 17.00                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. №9 Кара-Суу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жаныбеков Бөкөнбай Жаныбековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дунканаев Айбек Медетбековичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. №15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакиев Кубанычбектин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 4. №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кунакунов Максат Касымжановичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 5.№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакир Бакытбектин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 6. «Ишеним» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 7. «Улуу Журт» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 8. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун №22 Жайыл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катталаган Б.К. Райымкулов боюнча маалыматы жөнүндө (баяндамачы - Исмаилова Ч.С., Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун катчысы) 9. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катталаган К.И. Мамыров боюнча маалыматы жөнүндө (баяндамачы - Исмаилва Ч.С., Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун катчысы) 10. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун №24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катталаган боюнча Э.Т. Аширбаев маалыматы жөнүндө (баяндамачы - Исмаилова Ч.С., Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун катчысы) 11. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катталаган У.Б. Примов боюнча маалыматы жөнүндө (баяндамачы - Исмаилова Ч.С., Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун катчысы) 12. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун “Ынтымак” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катталаган Б.Э.Тентишев боюнча маалыматы жөнүндө (баяндамачы - Исмаилова Ч.С., Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун катчысы) 13. Ар кандай маселелер  
Кененирээк билүү >>
БШКда Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору ачылды
10.11.2021

БШКда Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору ачылды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору ачылды. Иш-чарага КР Мамкатчысы С. Касмамбетов, БШК төрагасы  Н. Шайлдабекова, ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин башчысы А. Рогов, БУУнун Өнүктүрүү программасынын  КРдеги туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, Швейцариянын КРдеги элчиси Оливье Бангертер, Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун КРдеги өкүлчүлүгүнүн директору Рената Левовски, ошондой эле ЖМК жана КР маморгандарынын өкүлдөрү катышты. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун ачылышы Борбордук шайлоо комиссиясы үчүн эле эмес, жалпы эле бүт өлкө үчүн абдан чоң мааниле ээ. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 48-беренесине ылайык мамлекет жарандардын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт. Жарандык билим берүү өлкөнү өнүктүрүүдө маанилүү роль аткарат, анын багытына таасир этет жана коомдо басымдуулук кылган баалуулуктарды аныктайт. “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин (2021-жылдын 29-январындагы ПЖ № 1) эң алгачкы Жарлыгын ишке ашыруу алкагында Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепция бекитилген. Өлкө Президенти бекиткен Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциянын негизги милдеттеринин бири – өсүп келаткан муунга заманбап демократиялык принциптерге, адам укуктарын урматтоого жана коргоого негизделген жарандык компетенттүүлүктү, демократиялык маданиятты, өлкөнүн саясий турмушуна конструктивдүү катышуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багыт берүү”, - деди С.Касмамбетов. БШК төрагасы  Н. Шайлдабекова колдогондугу үчүн ЕККУга, БУУӨПкө, Шайлоо тутумдарынын эл аралык фонду (IFES) атынан чыккан USAIDге, Швейцариянын, Германиянын, Япониянын, Түштүк Кореянын өкмөттөрүнө, Кореянын эл аралык кызматташуу боюнча агенттигине (KOICA) ыраазычылык билдирди. ЖББнын тутумдуу жана максатка багытталган иши укук мамлекетин курууга көмөктөшөөрүнө ишенгендигин айтты. “Жарандык билим берүү борбору өткөрүлүп жаткан парламенттик шайлоонун алкагында өз ишин баштады. Борбордун иши демократиялык негиздерди бекемдөөгө, шайлоонун укуктук жана саясий маданиятын, башкаруу институттарына ишенимди арттырууга, өлкөнүн турмушуна жана аны өнүктүрүүгө катышууга жарандарды жана жарандык коомду  жигердетүүгө көмөктөшүүгө тийиш. Шайлоого тийиштүү маселелер тууралуу жарандардын кабардар болуусун жана аларды түшүнүүсүн жакшыртуу демократиянын жана шайлоо эркиндигинин чечүүчү көрсөткүчү болуп саналат. Жарандык билим берүү борборунун милдети – шайлоо процессинин ар түрдүү катышуучуларын агартуу, аларды окутууну уюштуруу, Кыргыз Республикасындагы шайлоо технологияларына байкоо жүргүзүү жана аларды өркүндөтүү. ЖББнын иши Кыргыз Республикасынын баардык социалдык катмарларына жана калкынын жаш курак топторуна багытталат. Борбор жарандык коомдун уюмдары, билим берүү мекемелери, эксперттер коому жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттешүүнүн натыйжасында ачылды. Жарандык билим берүүнү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору түрүндөгү институт менен тутумдалышы тарбиялоо, билим берүү маселелерин укуктук өңүттөр менен интеграциялоого мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенем”, - деди ал. ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин башчысы А.Рогов түзүлүп жаткан борбордун уникалдуу экендигин белгиледи. “Жарандык билим берүү борборунун уникалдуулугу шайлоочулардын баардык категориялары, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн анын ишине толук баалуу катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөнүндө турат. Борбордун бөлмөлөрү жарандардын баардык категорияларынын муктаждыктарын эске алуу менен акыркы технологиялар боюнча жабдылган жана офлайн түрүндө да, онлайн таризинде да окутууну натыйжалуу өткөрүүгө шарт түзөт. Бул борбор жаңы социалдык долбоорлорду ишке ашыруучу жай болушу керек”, - деди ал. “Жарандык билим берүү борбору жарандардын өлкөнүн саясий жана шайлоо тутумун түшүнүүсүн жакшыртууда тездеткич роль ойнойт деп биз ишенебиз. БУУӨП БШКнын демилгелерин мындан ары да колдоого жана жарандык билим берүүнүн комплекстүү тутумун түзүү үчүн баардык тийиштүү кызыкдар улуттук уюмдар менен иштешүүгө даяр” – деп белгиледи БУУнун Өнүктүрүү программасынын  КРдеги туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен. Швейцариянын КРдеги элчиси Оливье Бангертердин айтымында Швейцария өкмөтү Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун реформалоо жаңыдан башталгандан тартып эле шайлоонун аныктыгын жана айкындуулугун камсыздоочу жаңы технологияларды киргизүүнү колдоп келатат. Учурда Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун калыптануусуна, шайлоонун инклюзивдүүлүгүн арттырууга, шайлоо процессинин катышуучуларынын кабардар болуусун кеңейтүүгө багытталган иш-чараларды уюштурууга көмөк көрсөтүүдө. Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун КРдеги өкүлчүлүгүнүн директору Рената Левовскинин айтуусу боюнча Кыргызстанда мындай биринчи борбордун ачылышы Кыргызстандагы шайлоонун айкындуулугун жана эркиндигин күчөтүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналат. “IFES бүт дүйнө боюнча жарандык билим берүүгө көңүл бурат, себеби бул шайлоону адил жана ачык-айкын өткөрүүгө өбөлгө түзөт, шайлоо процессинин бүтүндүгүн камсыздоого чоң таасир этет. Мындай борборлорду ачуу шайлоону башкаруу органдарына коомчулуктун ишенимин арттыраарын жана бекемдээрин дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүүдө. 1987-жылдан тартып IFES дүйнөнүн 145 өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда шайлоо практикаларынан өз тажрыйбасын топтоодо. Интерактивдүү усул аркылуу биз татаал нерселер – шайлоо процесси, шайлоо реформасы, шайлоонун эл аралык стандарттары жөнүндө айтып беребиз. Кыргызстанда биз жарандык билим берүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырабыз, шайлоо комиссияларынын дараметин жана өнүгүүсүн чыңдайбыз, аялдардын, жаштардын, майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарын колдойбуз”, - деп айтты ал.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК жана БУУӨП жарандык билим берүү программалары боюнча кызматташууну талкуулады
09.11.2021

БШК жана БУУӨП жарандык билим берүү программалары боюнча кызматташууну талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайылдабекованын БУУӨПтүн шайлоо маселелери боюнча Улук кеӊешчиси Риса Араи менен жолугушуусу болду.     КР БШК төрагасы «Бир шайлоочу – бир добуш» принциби боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөөнүн ишенимдүүлүгүн камсыздоодо алдыда күтүлгөн парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, аралаш шайлоо тутуму, реформалоодо жетишкен жыйынтыктар тууралуу айтып берди. Жаӊы шайлоо тутуму аймактардын, ар кыл саясий жана социалдык топтордун өкүлчүлүгүн камсыздайт, чечим чыгарууда аялдардын, жаштардын, этникалык азчылыктын, майыптыгы бар адамдардын катышуу мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет.    Ошондой эле 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин дептаттарын шайлоого карата даярдык көрүүнүн алкагында шайлоо алдындагы үгүттөө этабы башталгандыгы тууралуу да айтылды.    Жолугушууда шайлоонун ар кыл этаптарында БУУӨПтүн, Япония, Германия, Швейцария өнөктөштөрүнүн колдоо көрсөткөндүгү баса белгиленип, кызматташуунун ар бир багыты жемиштүү жүрүп жаткандыгы, алдыга коюлган максаттаришке ашырылгандыгы айтылды. 2021-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында эӊ маанилүү болуп БУУӨПтүн аймактык телеканалдарга колдоо көрсөтүүсү эсептелет, алар биринчи жолу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн талапкерлер үчүн теледебаттарды өткөрүшөт, мындай теледебаттарды өткөрүү үчүн аларга техникалар сатылып берилди.  Кеӊири масштабдагы маалыматтык өнөктүктү өткөрүүнүн алкагында күч-аракеттин баары шайлоо эркиндигин камсыздоого багытталгандыгы айтылды, анткени, шайлоочулардын маалыматка ээ болуусу жана түшүнүүсү эркин шайлоонун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Мына ушуга байланыштуу, КР БШК шайлоочуларга ар кыл форматта маалымат берүүнү уюштурду, ошондой эле талапкерлер тууралуу чоӊ тираждагы басма сөз продукциясы даярдалууда. Боршайкомдун сайтында талапкерлер жана саясий партиялар, ошондой эле шайлоо фонддорунун каражаттарынын кирешеси жана чыгымдары тууралуу автоматтык режимде жаӊыланып туруучу маалыматты камтыган бөлүм иштейт. Бул жерде, ошондой эле партиялардын жана талапкерлердин программалары жайгаштырылган.    Риса Араи демократиялык шайлоолорду камсыздоо боюнча КР БШК жасаган иштерин белгилеп кетти. Шайлоо мыйзамдарын, жарандык билим берүү программаларын жакшыртуунун алкагында кызматташууну улантуу тууралуу да сөз болду.  КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
БШК «Азаттык» Демократиялык Партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
09.11.2021

БШК «Азаттык» Демократиялык Партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 9-ноябрында өткөн жыйналышында «Азаттык» Демократиялык Партиясы» саясий партиясы көрсөткөн Сайпидинов Мунарбек Акимжановичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды. Чечим М. Сайпидинов «Азаттык» Демократиялык Партиясы» саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылы 9-ноябрында боло турган күн тартибинин долбоору
09.11.2021

КР БШКнын 2021-жылы 9-ноябрында боло турган күн тартибинин долбоору

                                                                                   Өткөрүү датасы: 09-ноябрь 2021-ж.                                                                                    Убактысы: 17:30                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Сайпидинов Мунарбек Акимжановичти талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сагымбаев Канат Райымбековичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мадылбеков Туратбектин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 4. №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Молдоташев Ишенбай Курмановичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 5. «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө  (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 6. «Эл үмуту» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 7. «Бутун Кыргызстан» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж. Бакировдун «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкер А. Эгембердиевге карата арызы жөнүндө. (баяндамачы - А. Осмоналиев – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 8. «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлерине карата Койчуман кызы О. арызы жөнүндө (баяндамачы - А. Осмоналиев – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 9. А. Тумонбаевдин Р.К. Амантуровго карата  арызы тууралуу (баяндамачы - А. Осмоналиев – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 10. «Бутун Кыргызстан» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж. Бакировдун "Багыт" Кыргызстан либералдык-демократиялык партиясы”  саясий партиясына карата арызы жөнүндө (баяндамачы - А. Осмоналиев – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 11. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери А. Мадумаровдун катышуусундагы үгүт иш-чаралары тууралуу «Facebook» социалдык түйүнүнө жайгаштырылган жарыялоону, ошондой эле кайтыш болгон диний ишмер Чубак ажы Жалиловдун сүрөтүн пайдаланууну кароо жөнүндө (баяндамачы - А. Осмоналиев – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 12. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 24-октябрындагы №857чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 13. Ар кандай маселелер  
Кененирээк билүү >>
БШК кээ бир шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
08.11.2021

БШК кээ бир шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 8-ноябрындагы жыйналышында Чүй облусунун Сокулук районунун №7241, № 7225, № 7417, № 7268; Алай районунун №5442, № 5142, № 5133; Ош облсунун Араван районунун №5518; Баткен облусунун Кадамжай районунун №8126, №8127, №8136 шайлоо участокторунун даректерин төмөнкүдөй өзгөрттү: - Чүй облусунун Сокулук районунун №7241 шайлоо участогунун дареги Фрунзе айылынын клубунун имаратынан, Фрунзе айылынын №1 орто мектебинин имаратына. - Чүй облусунун Сокулук районунун №7225 шайлоо участогунун дареги Жаңгарач айылынын Жетикашкаев атындагы орто мектебинин имаратынан, Жаңгарач айылынын клубунун имаратына. - Чүй облусунун Сокулук районунун №7417 шайлоо участогунун дареги Военно-Антоновка айылынын СКХ «Рассвет» клубунун имаратынан, Военно-Антоновка айылынын «Султан-Хол» кафесинин имаратына. - Чүй облусунун Сокулук районунун №7268 шайлоо участогунун дареги Камышановка айылынын клубунун имаратынан, Камышановка айылынын орто мектебинин имаратына. - Ош облусунун Алай районунун №5442 шайлоо участогунун дареги Сары-Могол айылынын спорт залынын имаратынан, Сары-Могол айылынын Маданият үйүнүн имаратына. - Ош облусунун Алай районунун №5142 шайлоо участогунун дареги Арпа-Тектир айылынын Маданият үйүнүн имаратынан, Арпа-Тектир айылынын №24 орто мектебинин имаратына. - Ош облусунун Алай районунун №5133 шайлоо участогунун дареги Согонду айылынын Маданият үйүнүн имаратынан, Согонду айылынын айылдык китепкананын имаратына. - Ош облусунун Араван районунун №5518 шайлоо участогунун дареги Маңгыт айылынын Маданият үйүнүн имаратынан, Маңгыт айылынын ФАПынын имаратына. - Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын №8126 шайлоо участогунун дареги Кадамжай шаарынын сморт залынын имаратынан, Кадамжай шаарынын ЭТРнин имаратына. - Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын №8127 шайлоо участогунун дареги Ж.Мамажанов атындагы Маданият үйүнүн имаратынан, Кадамжай шаарынын сурьма чыгаруучу комбинатынын имаратына. - Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын №8136 шайлоо участогунун дареги Актурпак айылынын Ш.Жээнбаев атындагы орто мектебинин имаратынан, Актурпак айылынын клубунун имаратына. Сокулук, Алай, Араван, Кадамжай округдук шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип, шайлоочулар арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. КР БШЕ аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КМШ Миссиясына Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди
08.11.2021

КМШ Миссиясына Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова Көз карандысыз  Мамлекеттердин Шериктештиги Миссиясынын өкүлдөрү – КМШ Аткаруу комитети бөлүмүнүн башчысы Евгений Козяк жана КМШ Аткаруу комитетинин кеӊешчиси Олег Кулеба менен жолугушту.  КР БШК төрагасы 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, республиканын шайлоо тутумун реформалоонун жыйынтыгы, Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарындагы жаӊылыктар тууралуу айтып берди.   Негизги басым 2021-жылдын 29-октябрынан 27-ноябрына чейин өтүүчү үгүт өнөктүгүнө жасалды. Учурда эӊ маанилүү үгүттөө этабы – дебаттардын мезгили. Аймактык телеканалдарда биринчи жолу 36 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча теледебаттар өтөт. Бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү, анткени, сурамжылоолор боюнча шайлоочулар талапкерлер тууралуу маалымат алуунун негизги булагы катары дебаттардан көптү күтүшүүдө.    Партиялар ортосундагы дебаттар үч этап менен эки улуттук телеканалда – ЭлТР (жаштар жана аялдар дебаттары) жана КТРК (партия лидерлери ортосунда) өтөт.  КР БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер тууралуу жана бүткүл аймактарга жайылтыла турган саясий партиялардан чыккан талапкерлердин тизмеси менен материалдардын чоӊ тиражын даярдоодо. Ошондой эле «Талапкер» сайты да иштейт, мында талапкерлердин жана партиялардын шайлоо фонддору тууралуу толук маалымат жайгаштырылган.  Шайлоо фонддорунун кирешелери жана чыгымдалган каражаттары боюнча маалыматтары банктан автоматтык түрдө келип түшүп, дароо эле Боршайкомдун сайтында чагылдырылат. Бул шайлоо өнөктүгүнүн дагы бир жаӊылыгы – банктык операциялардын автоматташтырылышы.   Ошондой эле Жогорку Кеӊештин депутатынан же Президенттен, жергиликтүү кеӊештин депутаттарынан башка саясий кызматкер, мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү 30 пайыздан көбүрөөк мамлекеттик, муниципалдык  ишканалардын, мекемелердин, алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери болгон талапкерлер Жогорку Кеӊешке шайлоого көрсөтүлгөн учурдан тартып кызматтарын аткарууну жана ыйгарым укуктарын токтоткон. Мамлекеттик кызматтын (жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломатиялык) түрүнө карабастан, мамлекеттик кызматкер, муниципалдык кызматкер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери болгон талапкерлер Жогорку Кеӊешке шайлоого көрсөтүлгөн учурдан тартып кызматын аткарууну токтотуп турат.   Учурда КР БШКга бузуулар боюнча 56 кайрылуу келип түштү, алардын айрымдары кайталанды. Округдук жана аймактык шайлоо комиссияларынын, бардык деӊгээлдеги укук коргоо органдарынын өкүлдөрү камтылган ыкчам чара көрүү топтору иштейт.  Бул  комиссиялардын жана укук коргоо органдарынын карым-катышын камсыздоого мүмкүндүк берет, келип түшкөн сигналдардын баары катчылыкта иликтөөгө алынат, бузуулар болгон жер боюнча сигналды карай турган органдын компетенциясы аныкталат, териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат катчылыкка берилет.    Талапкерлер жана саясий партиялар боюнча даттануулар Борбордук шайлоо комиссиясында, башка субъектилер тарабынан – даттануулар аймагы боюнча шайлоо комиссияларында каралат.  “КМШ Миссиясы ишке киришти, мында Парламент аралык Ассамблея өкүлдөрү катышат, 120 байкоочунун катышуусу пландаштырылууда, Миссиянын штабы ишин баштады. Бул Кыргызстандагы 15 миссия жана Кызматташтык мейкиндигиндеги 115 миссия» - деп белгиледи Евгений Козяк. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК «Кыргызстандын «Багыт» Либерал-Демократиялык Партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
08.11.2021

БШК «Кыргызстандын «Багыт» Либерал-Демократиялык Партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 8-ноябрында өткөн жыйналышында «Кыргызстадын «Багыт» Либерал-Демократиялык Партиясы» саясий партиясы көрсөткөн Махмутова Сакура Махматсабыровнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды. Чечим С. Махмутованын «Кыргызстадын «Багыт» Либерал-Демократиялык Партиясы» саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Талас округдук шайлоо комиссиясынын жана Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди
08.11.2021

БШК Талас округдук шайлоо комиссиясынын жана Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 8-ноябрда Талас округдук шайлоо комиссиясынын жана Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди. Талас округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: - Азимбаева Гульнара Токушовна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - Садырбаева Чолпон Ырызбековна Талас аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: - Курманкулов Акылбек Бегматович комиссиянын курамынан чыгарылсын; - Бекжанов Даирбек комиссиянын курамынан чыгарылсын; - Гулиза Аширалиевна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - Зулумбекова Динара Жанышовна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - Ахмедов Муродбек Махамадович комиссиянын курамына киргизилсин; - Назаров Нурлан Токторбаевич комиссиянын курамына киргизилсин; - Раимбердиев Турдали комиссиянын курамына киргизилсин; - Ирисалиев Акпарали Алтымышович комиссиянын курамына киргизилсин – Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз келип түштү
08.11.2021

БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз келип түштү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 8-ноябрында өткөн жыйналышында №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Карашев Аалы Азимовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арызын карап чыкты жана каттоону жокко чыгарып, ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу тууралуу чечимин кабыл алды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылы 8-ноябрында өтүүчү күн тартибинин долбоору
08.11.2021

КР БШКнын 2021-жылы 8-ноябрында өтүүчү күн тартибинин долбоору

                                                                                                                                     Өткөрүү датасы: 08-ноябрь 2021-ж.                                                                                                                                                                     Убактысы:18:00                                                                                                                                      Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Чүй облусунун Сокулук районунун №7241, № 7225, № 7417, № 7268, Ош облусунун Алай районунун №5442, № 5142, № 5133, Араван районунун № 5518, Баткен облусунун Кадамжай районунун №8126, №8127, №8136 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ат-Башы, Сузак, Кара-Суу жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. Талас округдук шайлоо комиссиясынын жана Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 4. №12 Узген шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Карашев Аалы Азимовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 5. «Багыт» Кыргызстан Либерал-Демократиялык Партиясы» демократиялык партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Махмутова Сакура Махматсабыровнаны талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 6. №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Атамбаев Сеидбек Алмазбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 7. «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамы жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 8. №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тоотаев Улукмырза Абдилашимовичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 9. №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бегалиев Болотбек Касымбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 10. «Ишеним» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 11. №16 Ноокен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Арстанбеков Акылбек Советбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 12. «Эл Үмүтү» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 13. №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Нурбаев Жалолидин Паязидиновичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 14. Ар кандай маселелер  
Кененирээк билүү >>
Францияда шайлоо фондуна акча каражаттарын төккөн адамдардын ачык маалыматтары жок - Европарламент депутаты
08.11.2021

Францияда шайлоо фондуна акча каражаттарын төккөн адамдардын ачык маалыматтары жок - Европарламент депутаты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова Европа парламентинин депутаттары – Европа парламентинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана Монголия менен достук тобунун төрагасы Фульвио Мартушелло жана ушул топтун мүчөсү Тьерри Мариани менен жолугушту. Н. Шайлдабекова Кыргызстандагы шайлоо процесси тууралуу маалымат берип, 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган парламенттик шайлоо өлкөдөгү саясатты турукташтыруунун аяктоочу этабы болуп саналат деп белгиледи. Парламентти шайлоо тартибин караган учурда КР БШК тарабынан шайлоонун демократиялык стандарттарын сактоого багытталган, анын ичинде шайлоонун инклюзивдүүлүгүнө тийиштүү чаралар сунушталды. Шайлоонун аралаш тутумунун милдети – өлкөнү өнүктүрүүнүн ушул этабында маанилүү болуп саналган парламенттин өкүлчүлүктүү ролун күчөтүү. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 36 депутатты шайлоо парламентте региондордун өкүлчүлүгүн камсыздоо, партиялык тизме боюнча 54 депутатты шайлоо саясий, социалдык топтордун өкүлчүлүгүн камсыздоо милдетин аткарат. Мында партиялар депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүчү субъект болот жана аялдардын, жаштардын, этностук азчылыктын жана майыптыгы бар адамдардын өкүлчүлүгүн камсыздоого тийиш. Партия добуш берүүнүн натыйжасында 27 мандаттан ашпаган мандат алышы мүмкүн. 2014-жылдан бери жүргүзүлүп келаткан реформа процессинде, Кыргызстанда эки технологияны – шайлоочуларды биометрикалык иденттөөнү жана кол менен саноодогу контролдун алдын ала каражаты катары добуштарды автоматтык түрдө эсептөөнү киргизүүнүн аркасында шайлоочулардын добуштарын эсептөөнүн абсолюттуу аныктыгына жетишилди. Шайлоочулардын добуштарын эсепке алуунун жана добуштарды эсептөөнүн аныктыгы жарандык контролдун бир катар каражаттары менен жөнгө салынат. Ушул бөлүгүндө реформа алдыга койгон максатына жетти. Үстүбүздөгү жылдагы шайлоо өнөктүктөрүн даярдоо жана өткөрүү процессинде КР БШК шайлоонун ачыктыгын жана акыйкаттыгын арттыруу боюнча төмөнкү чараларды көрдү: шайлоонун айкындуулугунун жана аныктыгынын жетишилген деңгээлин сактап калды, сатып алууну жана административдик ресурсту колдонуунун проблемасын чечти, бузууларды кароодо укук коргоо органдары тараптан тандалма мамилени четтетти. Реформа процессинде КР БШК эл аралык өнөктөштөр тараптан олуттуу колдоо алды. Анын ичинде «Шайлоо тутумун реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо» программасы боюнча 2015-2019-жылдарга каржы Келишими дагы бар. Аны ишке ашыруу мезгилинде айкындуулук, инклюзивдүүлүк, жарандарды шайлоочуларды биометрикалык иденттөөгө байланыштуу кырдаалды жакшыртуу боюнча чаралар аткарылды. Маселен, шайлоочулардын тизмеси дээрлик 1 млн шайлоочуга көбөйтүлдү. Европа парламентинин депутаттарын Борбордук шайлоо комиссиясын мүчөлөрүн дайындоо, арыздарды даттануу тартиби, шайлоо процессин каржылоо, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү жана пайдалануу маселелери кызыктырды. Европа парламентинин депутаттары Кыргыз Республикасынын шайлоо тутуму, атап айтканда, 2021-жылдын 28-ноябрындагы КР ЖК депутаттарын шайлоо Европа өлкөлөрүндө алигиче колдонула элек ачык-айкындык боюнча бир катар чараларды камтыгандыгына таңгалгандыктарын билдиришти. “Силер Франциядан өтүп кетиптирсиңер, Францияда парламенттин депутаттыгына талапкердин шайлоо күрөөсүнө акча каражаттарын төккөн адамдардын ачык маалыматтары жок”, - деди Европа парламентинин депутаты Тьерри Мариани. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!
07.11.2021

БШК Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!

Кымбаттуу курч калем ээлери, ардактуу журналисттер! Борбордук шайлоо комиссиясы бардыгын келе жаткан кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт! Мезгил жаңырып, коом алдыга жылган сайын журналисттердин кызматы эл үчүн мурдагыдан да баалуу жана жоопкерчиликтүү боло баштады. Себеби коомчулуктун акты карадан, чынды жалгандан ажырата билүүсүндө журналисттердин эмгеги абдан зор.  Бир аз артка кайрылсак, өлкөбүздөгү ар кандай башаламандыктар болгондо журналисттер гана өз вазийпасын так аткарып, элибизге так, туура маалымат жеткирүү менен өлкөбүзгө, элибизге ак кызмат өтөп келишкенин билебиз.  Ал эми акыркы кездерде журналисттик иликтөөлөр коррупциялык иштердин бетин ачууга негиз болуп, анын арты менен мамлекеттин казынасына миллиарддаган пайда кирип жатканы да факт.  28-ноябрда Кыргызстанда биринчи жолу аралаш система менен КР Жогорку Кеңешине шайлоо өткөнү турат. Мамлекетибиз, элибиз үчүн абдан маанилүү болгон ушул шайлоону да ар тараптуу, туура чагылдырып бересиздер деген үмүт чоң. Себеби, туура, так маалымат гана шайлоонун мыйзамдуу өтүшүнө, элибиз өз убагында, туура кабардар болушуна өбөлгө болот. Баарыңыздардын үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо, бекем ден соолук жана элибиз үчүн талыкпай кызмат кыла беришиңерди каалайбыз!
Кененирээк билүү >>
БШК «Мекенчил Эл» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
06.11.2021

БШК «Мекенчил Эл» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 6-ноябрында өткөн жыйналышында «Мекенчил Эл демократиялык партиясы» саясий партиясы көрсөткөн Сакматова Ибадат Боругуловнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды. Чечим И.Б.Сакматованын «Мекенчил Эл» саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 5-ноябрындагы өз арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 168 170 … 484