Башкы Жаңылыктар Facebook: Биздин кызматташтыгыбыз КР БШКнын муктаждыктарына колдоо көрсөтүү …

Facebook: Биздин кызматташтыгыбыз КР БШКнын муктаждыктарына колдоо көрсөтүү үчүн улана бермекчи!

10-Ноя, 2021

2021-жылдын 9-ноябрында Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясында Борбордук Азияда Facebookтун программаларын жана аспаптарын жүзөгө ашырууга жооптуу болгон өкүлдөрү менен онлайн-жолугушуу болуп өттү.  

Жолугушуу БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы офисинин колдоосу менен «Жарандык интернет саясат» КФ тарабынан уюштурулду. 

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө КР БШК төрагасы Нуржан Шайлдабекова 2020-жылы болуп өткөн шайлоолордо натыйжалуу кызматташуу көрсөткөндүгү үчүн Facebookка ыраазычылыгын билдирди.   

 «Социалдык тармактар бүткүл дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да, шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүдө маанилүү роль ойноп келет. Алар баарлашуунун жана маалыматты таркатуунун маанилүү каражаттары болуп эсептелет. Андыктан, биз Facebook тармактары тарабынан буга чейин жасалган кадамдардын канчалык маанилүү экендигин белгилеп кетмекчибиз. Ал шайлоо өнөктүгүнүн, партиялардын жана талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ачык-айкындуулугун көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул, ошондой эле, жалган саясий жарнамалардын жайылтылышы менен күрөшүү үчүн күчтүү негиз боло алат.   

Жооп иретиндеги куттуктоо сөзүндө Facebookтун мамлекеттик саясат боюнча директору Джордж Чен Кыргызстанда «Meta» катары белгилүү болгон «Facebook family Appsтын» маанилүү ролун баса белгилеп кетти.  

 «Биз Кыргызстан Өкмөтү менен жакшы мамиледе болгонубузга сыймыктанабыз. Ал эми өткөн жумада биз Глазгодо (Шотландия) болуп өткөн COP 26 климаттык конференциясы учурунда биздин стендди келип көрүшкөн КР Президентин жана министрлер кабинетинин башчысынын орун басарларынын бирин кабыл алуу урматына ээ болдук.  Президент Садыр Жапаров дүйнө менен алака түзүү жана Кыргызстандын имиджин көтөрүү үчүн социалдык медиа каражаттарын колдонуу зарылдыгы тууралуу белгилеп кетти. Биз Кыргызстан менен ар кыл өӊүттө, анын ичинде шайлоолорго байланыштуу да иш алып барабыз, Борбордук шайлоо комиссиясынын муктаждыктарына колдоо көрсөтүү үчүн биздин кызматташтыгыбыз улана бермекчи» - деп баса белгиледи ал.    

Facebook бар мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык контент (мазмун) боюнча коомчулуктун эрежелери тууралуу Борбордук Азиядагы жана Түштүк Азиядагы Ыкчам чара көрүү программасынын аймактык менеджери Наташа Джог кеӊири баяндап берди. 

«Бизде «Мета» платформасында каттоого алынган жазуулардын колдонуучуларынын жүрүм-турумунун стандарттары бар. Биз эмнелерге жол берип, эмнелерге тыюу сала тургандыгыбыз, ошондой эле бизде, атап айтканда, аккаунттардын аракеттерин токтоткондо кандай жаза колдонулаары тууралуу айткым келип жатат. Биз таптакыр кабылдабаган жана толугу менен тыюу салган белгилүү бир контенттер бар. Буга типтүү мисал катары - терроризмди, экстремизмди, балдарды эксплуатациялоо сыяктуу көрүнүштөрдү айтууга болот. Эгер биз «Мета» корпоративдик көз караштан ушул өӊдүү мыйзамсыз көрүнүштөргө күбө болсок, анда мындай Facebook пайдалануучуларды эсепке алуу жазууларына дароо бөгөт коёбуз. Бул биздин Facebook тарабынан берген кепилдигибиз. Мындай саясат Гонконгдо же Кыргызстанда болуп жатабы, ал маанилүү эмес, ал «Мета» иштеп жаткан бардык өлкөлөргө карата колдонулат. 

Ал эми шайлоо мезгили тууралуу айтсак, ошол эле корпоративдик саясат колдонулат. Биз ыйгарым укуктуу орган, айталы, БШК тарабынан берилген арызга ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузган же алдамчылыкка жол берип, шайлоочуларды адаштырган, башкача айтканда, шайлоонун легитимдүүлүгүн бузган кандай гана контент болбосун, аны дароо өчүрүп салабыз. Андыктан, эгер биз далилдер жана фактылар менен тастыкталган расмий кат ала турган болсок, анда Facebookтун корпоративдик эрежелерин териштирүү боюнча комитетибиз ар бир жагдайды жекече карай тургандыгын Сизге убада беребиз. Анткени, биз шайлоонун чындыгы жана ачык-айкындуулугу сыяктуу маселеге өтө олуттуу мамиле жасайбыз.   

Ачык-айкындуулук чаралары – тынымсыз жаӊылап туруучу абдан маанилүү аспап болуп эсептелет. Бизде акыркы жаӊылоо 6-ноябрда болгон. 

Биз БШК менен иш алып барганыбызга абдан кубанычтабыз. Дүйнө жүзүндөгү бардык БШКлардын эӊ башкы максаты – чыгымдарга көзөмөл жүргүзүү, алар канчалык деӊгээлде мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жаткандыгын, мыйзамда каралган лимиттен ашпагандыгын көзөмөлгө алуу. Аталган аспап силердин мыйзамдарда белгиленген лимиттен ким ашып жаткандыгын, ачык-айкындуулук болуш үчүн: бул адам кайда жүргөндүгүн, тигил же бул саясий жарнаманын артында кайсы саясий партия тургандыгын, ким бул жарнамага канча каражат сарптагандыгын көрүүгө мүмкүндүк берет» - деди Наташа Джог.

Джордж Чендин айтуусунда, КР БШК үчүн санариптик китепкана Facebookта каттоого алынган аккаунттардан, Facebook пайдалануучуларды эсепке алуу жазууларынан чыгуучу потенциалдуу саясий жарнамаларга мониторинг жүргүзүү үчүн керек болгон бүткүл маалыматты алуунун булагына айланмакчы. 

(Маалымат үчүн: Саясий жарнамалардын баары Жарнама китепканасына киргизилет, ага www.facebook.com/ads/library/report дарек боюнча кирүүгө болот, анын үстүнкү баракчасында Кыргызстан өлкөсүн тандоо керек). 

«Биздин бардык тутумдарыбыз, бардык өлкөлөр үчүн, анын ичинде силердин өлкө үчүн да бирдей шартта иштейт. Силердин бул санариптик китепканадагы активдүүлүктү көзөмөлгө алууӊар Кыргыз Республикасындагы иштеп жаткан шайлоо мыйзамдарынын талаптарына жараша болмокчу.  Алсак, АКШда алар башка болсо, Кыргыз Републикасында алар башка экени белгилүү. Ишенип коюӊуздар, тигил же бул Facebook пайдалануучуларды эсепке алуу жазууларынан чыккандардын баары санариптик китепканада чагылдырылат. Ал эми верификация тууралуу айтсак, биз БШК өзүнүн көзөмөл тизмесин жүргүзүүсү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайбыз. Верификация – бул талапкерлердин жалган аккаунттары үчүн кооптуулукту төмөндөтүүнүн мыкты ыкмасы, биз муну башка өлкөлөрдө да жасайбыз, саясий контент, жарнама менен байланышкандардын баарын биз Кыргызстан үчүн да сунуштамакчыбыз» - деп түшүндүрдү Джордж Чен.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташууну улантууга даярдыгын билдиришти жана КР БШК күтүлүүчү парламенттик шайлоого катышуучу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча каттоого алынган бардык партиялардын жана талапкерлердин тизмесин Facebookка көрсөтө тургандыгы тууралуу келишим түзүштү, муну менен өз саясатынын алкагында инсанды документалдык тастыктоо аркылуу идентификациялоо жүрмөкчү, бул учурда белгилүү аккаунт алдында кандай адам катталгандыгы белгилүү болот.   

КР БШК төрагасы Facebookтун мүмкүн болгон даттанууларды жекече кароого даярдыгына ыраазычылыгын билдирди.   

«Жалпысынан, учурда негизги талапкерлер жана партиялар өз билдирүүлөрүндө тыюу салынган ыкмаларды, тыюу салынган контенттерди колдонушпагандыгын көрүүгө болот. Бирок, азырынча бизде партиялардын негизги аккаунттарынын тар чөйрөсүнө гана мониторинг жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал эми силерден маалымат ала турган болсок, соцтармактарда маалыматтык талааны, «МЕТА» тармактарынын бөлүгүндө мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болот, бул бизге  чыныгы шайлоодо маалыматтык жагдайдын тазалыгы боюнча чараларды көрүүгө чоӊ мүмкүнчүлүктөрдү бермекчи.   

Ал эле эмес, кандай гана маалыматтык аспап болбосун, аларды мыйзамдуу жана туура пайдалануу зарылдыгы жөнүндө шайлоонун бардык катышуучуларына эскертүү катары, бүгүнкү күндөгү жолугушуу фактысынын өзү эле канчалык маанилүү» - деп баса белгиледи, Н.Шайлдабекова. 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>