Башкы Жаңылыктар БШКда Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору …

БШКда Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору ачылды

10-Ноя, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору ачылды.

Иш-чарага КР Мамкатчысы С. Касмамбетов, БШК төрагасы  Н. Шайлдабекова, ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин башчысы А. Рогов, БУУнун Өнүктүрүү программасынын  КРдеги туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, Швейцариянын КРдеги элчиси Оливье Бангертер, Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун КРдеги өкүлчүлүгүнүн директору Рената Левовски, ошондой эле ЖМК жана КР маморгандарынын өкүлдөрү катышты.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун ачылышы Борбордук шайлоо комиссиясы үчүн эле эмес, жалпы эле бүт өлкө үчүн абдан чоң мааниле ээ. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 48-беренесине ылайык мамлекет жарандардын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт.

Жарандык билим берүү өлкөнү өнүктүрүүдө маанилүү роль аткарат, анын багытына таасир этет жана коомдо басымдуулук кылган баалуулуктарды аныктайт. “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин (2021-жылдын 29-январындагы ПЖ № 1) эң алгачкы Жарлыгын ишке ашыруу алкагында Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепция бекитилген.

Өлкө Президенти бекиткен Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциянын негизги милдеттеринин бири – өсүп келаткан муунга заманбап демократиялык принциптерге, адам укуктарын урматтоого жана коргоого негизделген жарандык компетенттүүлүктү, демократиялык маданиятты, өлкөнүн саясий турмушуна конструктивдүү катышуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багыт берүү”, - деди С.Касмамбетов.

БШК төрагасы  Н. Шайлдабекова колдогондугу үчүн ЕККУга, БУУӨПкө, Шайлоо тутумдарынын эл аралык фонду (IFES) атынан чыккан USAIDге, Швейцариянын, Германиянын, Япониянын, Түштүк Кореянын өкмөттөрүнө, Кореянын эл аралык кызматташуу боюнча агенттигине (KOICA) ыраазычылык билдирди. ЖББнын тутумдуу жана максатка багытталган иши укук мамлекетин курууга көмөктөшөөрүнө ишенгендигин айтты.

“Жарандык билим берүү борбору өткөрүлүп жаткан парламенттик шайлоонун алкагында өз ишин баштады. Борбордун иши демократиялык негиздерди бекемдөөгө, шайлоонун укуктук жана саясий маданиятын, башкаруу институттарына ишенимди арттырууга, өлкөнүн турмушуна жана аны өнүктүрүүгө катышууга жарандарды жана жарандык коомду  жигердетүүгө көмөктөшүүгө тийиш.

Шайлоого тийиштүү маселелер тууралуу жарандардын кабардар болуусун жана аларды түшүнүүсүн жакшыртуу демократиянын жана шайлоо эркиндигинин чечүүчү көрсөткүчү болуп саналат. Жарандык билим берүү борборунун милдети – шайлоо процессинин ар түрдүү катышуучуларын агартуу, аларды окутууну уюштуруу, Кыргыз Республикасындагы шайлоо технологияларына байкоо жүргүзүү жана аларды өркүндөтүү. ЖББнын иши Кыргыз Республикасынын баардык социалдык катмарларына жана калкынын жаш курак топторуна багытталат. Борбор жарандык коомдун уюмдары, билим берүү мекемелери, эксперттер коому жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттешүүнүн натыйжасында ачылды.

Жарандык билим берүүнү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору түрүндөгү институт менен тутумдалышы тарбиялоо, билим берүү маселелерин укуктук өңүттөр менен интеграциялоого мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенем”, - деди ал.

ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин башчысы А.Рогов түзүлүп жаткан борбордун уникалдуу экендигин белгиледи.

“Жарандык билим берүү борборунун уникалдуулугу шайлоочулардын баардык категориялары, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн анын ишине толук баалуу катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөнүндө турат. Борбордун бөлмөлөрү жарандардын баардык категорияларынын муктаждыктарын эске алуу менен акыркы технологиялар боюнча жабдылган жана офлайн түрүндө да, онлайн таризинде да окутууну натыйжалуу өткөрүүгө шарт түзөт. Бул борбор жаңы социалдык долбоорлорду ишке ашыруучу жай болушу керек”, - деди ал.

“Жарандык билим берүү борбору жарандардын өлкөнүн саясий жана шайлоо тутумун түшүнүүсүн жакшыртууда тездеткич роль ойнойт деп биз ишенебиз. БУУӨП БШКнын демилгелерин мындан ары да колдоого жана жарандык билим берүүнүн комплекстүү тутумун түзүү үчүн баардык тийиштүү кызыкдар улуттук уюмдар менен иштешүүгө даяр” – деп белгиледи БУУнун Өнүктүрүү программасынын  КРдеги туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен.

Швейцариянын КРдеги элчиси Оливье Бангертердин айтымында Швейцария өкмөтү Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун реформалоо жаңыдан башталгандан тартып эле шайлоонун аныктыгын жана айкындуулугун камсыздоочу жаңы технологияларды киргизүүнү колдоп келатат. Учурда Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун калыптануусуна, шайлоонун инклюзивдүүлүгүн арттырууга, шайлоо процессинин катышуучуларынын кабардар болуусун кеңейтүүгө багытталган иш-чараларды уюштурууга көмөк көрсөтүүдө.

Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун КРдеги өкүлчүлүгүнүн директору Рената Левовскинин айтуусу боюнча Кыргызстанда мындай биринчи борбордун ачылышы Кыргызстандагы шайлоонун айкындуулугун жана эркиндигин күчөтүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.

“IFES бүт дүйнө боюнча жарандык билим берүүгө көңүл бурат, себеби бул шайлоону адил жана ачык-айкын өткөрүүгө өбөлгө түзөт, шайлоо процессинин бүтүндүгүн камсыздоого чоң таасир этет. Мындай борборлорду ачуу шайлоону башкаруу органдарына коомчулуктун ишенимин арттыраарын жана бекемдээрин дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүүдө. 1987-жылдан тартып IFES дүйнөнүн 145 өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда шайлоо практикаларынан өз тажрыйбасын топтоодо. Интерактивдүү усул аркылуу биз татаал нерселер – шайлоо процесси, шайлоо реформасы, шайлоонун эл аралык стандарттары жөнүндө айтып беребиз. Кыргызстанда биз жарандык билим берүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырабыз, шайлоо комиссияларынын дараметин жана өнүгүүсүн чыңдайбыз, аялдардын, жаштардын, майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарын колдойбуз”, - деп айтты ал.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>