Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз келип түштү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 6-ноябрында өткөн жыйналышында №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Калматов Талас Сагынбаевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арызын карап чыкты жана каттоону жокко чыгарып, ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу тууралуу чечимин кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Аруузат» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен 4 талапкерди чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 6-ноябрында өткөн жыйналышында «Ынтымак» саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен кийинкилерди чыгаруу чечимин кабыл алды:
Уркунбаев Нургазы Эркинбековичти;
Жумае Эсена Ариповичти;
Мураталиев Акылбек Кыдыровичти;
Молдосанова Алымжан Сулаймановнаны.
Чечим Н. Уркунбаевдин, Э. Жумаевдин, А.Мураталиевдин, А.Молдосанованын «Аруузат» саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 5-ноябрындагы өз арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун №2186, Сузак районунун №2395 шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-ноябрындагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун №2186 жана Сузак районунун №2395 шайлоо участокторунун даректерин төмөнкүдөй өзгөрттү:
- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун №2395 шайлоо участогунун дареги Боз-Чычкан айылы, Т.Азимов көчөсү дареги боюнча жайгашкан №85 орто мектептин имаратынан, Таштак айылынын Миӊ-Өрүк көчөсүндө жайгашкан №71 орто мектептин имаратына.
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун №2186 шайлоо участогунун дареги Сакалды айылы, Ы.Орозалиев көчөсү - 38 дареги боюнча жайгашкан маданият үйүнүн имаратынан, Сакалды айылы, Ы.Орозалиев көчөсү - 41 дареги боюнча жайгашкан №11 орто мектептин имаратына.
Сузак, Ноокен округдук шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип, шайлоочулар арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылы 6-ноябрьда өтүүчү күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 06-ноябрь 2021-ж.
Убактысы: 15.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун №2395, Ноокен районунун № 2186 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. №4 Көк-Жар шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Калматов Талас Сагынбаевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. «Мекенчил Эл» демократиялык партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Сакматова Ибадат Боругуловнанын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4.«Аруузат-Эл Куту партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Н.Э.Уркунбаевди, Э.А.Жумаевди, А.К. Мураталиевди, А.С.Молдосановны талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исмаилов Муратбек Кубанычбековичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Таштанбеков Акбокон Дукеновичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
7. «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8. Ош МУ окутуучурарына карата Ош шаарынын ИИБнын материалдары жонундо
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
9. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
ЕККУ ДИАУБ миссиясына шайлоо бюллетендерин толтуруу жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо боюнча чаралар тууралуу айтып берди
2021-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекованын ЕККУ ДИАУБ Миссиясынын Башчысы Даме Одри Френсис Гловер менен жолугушуусу болуп өттү.
КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова миссия мүчөлөрүнө алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоолордун өзгөчөлүктөрү, шайлоо процессинин өткөн этаптары жана шайлоонун ачык-айкындуулугун, адилеттүүлүгүн камсыздоо үчүн Боршайком тарабынан көрүлүүчү чаралар тууралуу маалымат берди.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда добуштарды эсептөөдө ишенимдүүлүктү камсыздоочу технологиялар киргизилген. Натыйжада, саясий партиялардын өз өкүлдөрүн шайлоо комиссияларына киргизип жиберүүгө жасаган аракеттери азайды, анткени, добуштардын ишенимдүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүнүн башка да аспаптары бар.
ЕККУ ДИАУБ Миссиясына добуш берүү жол-жобосу, шайлоо бюллетендери боюнча түшүндүрүүлөр берилди. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетенге ылайык шайлоого катышкан бардык саясий партиялар чүчүкулак өткөрүлгөнүнө ылайык киргизилген. Ошол эле бюллетенде партиялык тизмедеги талапкерлердин санына жараша 54 чарчы жайгаштырылат. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүү өзүнчө бюллетень боюнча жүргүзүлөт.
Шайлоочуларга маалымат берүүнүн алкагында КР БШК сайтында «Талапкерлер жана партиялар» бөлүмүндө талапкер же партиялар тууралуу бардык маалыматтар, программалар жайгаштырылган, шайлоо фондунун каражаттарынын кыймылы көрсөтүлгөн (https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/parliamentary). Ошондой эле талапкерлердин тизмеси менен гезиттин тиражы да пландаштырылган, добуш берүүчү ар бир кабинада бардык партиялар боюнча талапкерлердин тизмеси менен брошюралар болот.
Шайлоонун эки тутумун ажыратуу үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетень көгүш тилкелүү, бир мандаттууда – бардыгы ак болот. Кыргызча жана орусча бюллетендердин пропорциясы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына таянуу менен ар бир облус үчүн айрым-айрым болот. БШК бюллетендерди шайлоочулардын санына жараша - 3 млн 686 миӊ плюс 0,1% пропорционалдык тутум боюнча жана бир мандаттуу шайлоо коругдары боюнча дал ушунча бастырып чыгарат. Бардыгы 7,2 млн бюллетен болот.
Участкаларда жарандар каалоосу боюнча тигил же бул бюллетенди тандап алышат. Бул учурда партиянын аталыштары партиялардын өздөрү аркылуу жигердүү жарыяланып турат, муну менен алар өз аталыштарын эстеп калууда татаалдыкты жаратпайт.
Бюллетендерди толтуруу боюнча баракчалар ыктыярчылар тарабынан көчөлөрдө таркатылат, плакаттар коомдук унааларда, аялдамаларда, эл топтолгон жерлерде жайгаштырылат. Маалымат баракчаларында ошондой эле, парламенттин ыйгарым укуктары да түшүндүрүлөт, муну менен шайлоочу КР ЖКга бара жаткан талапкерлер кандай сапаттарга ээ болууга тийиш экендиги, парламент кантип шайлана тургандыгы жөнүндө маалыматка ээ болуусуна шарт түзүлөт. БШК шайлоо комиссиялары үчүн 10миӊ даана чоӊ плакаттарды даярдайт, ал эми кичинекей плакаттардын саны андан да көбүрөөк болот.
КР БШК шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында моделдик добуш берүүнү уюштурат, бул шайлоочу шайлоо участогунда канча убакыт болоорун, кандай кыйынчылыктар чыгышы мүмкүн экендигин аныктоого мүмкүндүк берет, муну менен добуш берүү күнүнө чейин пайда болуучу маселелерди чечүүгө шарт түзүлөт. Добуш берүү кантип жыйынтыктала тургандыгы жөнүндө өзүнчө даярдалган презентация, добуштарды эсептөөнүн ишенимдүүлүгүн көрсөтүүдө саясий партиялар үчүн уюштурулат.
ЕККУ ДИАУБ Миссиясы Кыргызстандагы өз ишин 2021-жылдын 18-октябрынан тартып жүргүзө баштады.
Маалымат иретинде:
2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо Томас Бозеруп тарабынан жетектелген ДИАУБ негизги топтогу 13 мүчөдөн жана 18 узак мөөнөттөгү байкоочулардан турган. ЕККУга катышкан 20 мамлекеттен бардыгы болуп 39 байкоочу болгон.
2021-жылдын 10-январында болуп өткөн КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана КР референдумунда ЕККУ ДИАУБ Миссиясынан жана ЕККУ ПАдан ЕККУга катышкан 26 мамлекеттен бардыгы болуп 91 байкоочу катышкан.
№
Шайлоо өнөктүгү
Жалпы эл аралык байкоочулар
Уюмдар
Өлкөлөр
Президенттик шайлоо 15.10.2017
773
57
59
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 04.10.2020
277
35
43
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдум 10.01.2021
333
35
44
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум 11.04.2021
183
36
31
2021-жылдын 3-ноябрына карата 28 мамлекеттен 109 эл аралык байкоочу аккредиттелген, алар төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү:
Шайлоо органдары:
- 8
Эл аралык уюмдар:
- 5
Дипломатиялык өкүлчүлүктөр:
- 4
ЕККУ ДИАУБ Миссиясы – 40 киши акредиттелген
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Аймактык медиа борборлор маанилүү дебат процессине киришүүдө – КР БШК төрагасы
Бүгүн, 5-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин күнүнө арналган жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга БШК төрагасы Н.Шайлдабекова, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Ч.Эсенгулов, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, аймактык медиа борборлордун жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
БШК төрагасы Н. Шайлдабекова ЖМК кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
«Биздин кубаттуу потенциалды, атап айтканда, ушул тапта абдан маанилүү талкуу процессине киришип жаткан облустук медиа борборлорду колдоого жасаган аракеттерибиз эл аралык өнөктөштөр тарабынан колдоого алынгандыгын кубануу менен билдирмекчибиз. Кыргызстанда биринчи жолу аймактарда бир мандаттуу округдардын деӊгээлинде талкуу жүрүп жатат. Биздин өнөктөштөрүбүз жүргүзгөн сурамжылоолор боюнча, талкуулар бул шайлоодо күтүлүүчү эӊ маанилүү маалыматтык окуялардын бири болмокчу.
Учурда биз жарандык билим берүү долбоорун жайылтып жатабыз, муну менен биз шайлоолор аралыгында жарандарыбыздын өз жарандык жоопкерчилигин түшүнүүсүн күчөтүүгө аракет кылып жатабыз» - деди ал.
Маданият министринин орун басары Чынгыз Эсенгулов шайлоого даярдык көрүү тууралуу айтып, бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлер үчүн талкуулар менен катар эле, ЭЛТР телеканалында аял-талапкерлер жана жаштар ортосунда, ошондой эле партиянын лидерлери үчүн КТРКда теледебаттар уюштурула тургандыгын белгилеп кетти.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө жабдууларды тапшыруу жана Кыргыз Республикасынын облустук телеканалдары менен Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосунда Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Кыргызстандагы шайлоолорго колдоо көрсөтүү боюнча бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеӊешке шайлануучу бардык талапкерлердин катышуусу үчүн акысыз обо убактысын берүү үчүн БУУӨП программасынын алкагында 7 студиялык видеокамера алынды.
КРда шайлоолорго колдоо көрсөтүү боюнча БУУӨП программасынын техникалык кеӊешчиси Риса Арай облустук телеканалдарга тапшырылган 7 видеокамера талапкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү теӊдештирүү боюнча жана шайлоочуларга негиздүү чечим кабыл алуусу үчүн маалыматтын жеткиликтүү болуусун кеӊейтүүдө Борбордук шайлоо комиссиясынын жана аймактык медиаборборлордун аракеттерине өбөлгө түзөөрүн белгилеп кетти.
«Эӊ башкысы, бул камералар шайлоо цикли аяктагандан кийин деле жарандарды жана шайлоочуларды агартуу максатында колдонула берет, андыктан БУУӨП мындай узак мөөнөттөгү өнүгүүгө өз салымын кошуп жаткандыгына абдан кубанычтуу» - дейт Риса Арай.
Ошондой эле Улуттук демократиялык институт (NDI) тарабынан аймактык медиа борборлор үчүн төрттөн чубалгысыз түйүндүү микрофон сатылып алынды, талкууларды өткөрүү үчүн студиялар жабдылды.
“Жыл өткөн сайын талкуулар маанилүү роль ойной баштады, алар жарандардын өз тандоосун жасоосуна олуттуу таасирин тийгизүүдө» - деди ал.
Талас медиа борборунун директору Эрмек Үмөтов Боршайкомго колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.
«Аймактардагы медиа борборлорго баары эле көӊүл бура бербейт, бирок алардын мааниси абдан жогору. Медиа борборлордун карамагында гезиттер, сайттар, ТВ, б.а. бүткүл аймактын маалыматтык тармагы жайгашкан» - деп белгилеп кетти ал.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Ынтымак» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен 2 талапкерди чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 5-ноябрында өткөн жыйналышында «Ынтымак» саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен кийинкилерди чыгаруу чечимин кабыл алды:
Карыбеков Арзыбек Кенжекуловичти;
Келдибаев Сагындык Аширалиевичти.
Чечим Карыбеков Арзыбек Кенжекуловичтин жана Келдибаев Сагындык Аширалиевичтин «Ынтымак» саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 3-ноябрындагы өз арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Сузак округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 5-ноябрда Сузак округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Сузак округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Дуйшо кызы Айгерим жана Тагаева Гуламгапыра комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Ибрагимов Тургунбай жана Асанова Анипа Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Сузак округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн көз жумгандыгына байланыштуу жана Сузак округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2021-жылы 5-ноябрьда өтө турган күн тартибинин долбоору
-
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялар шайлоону мыйзам алкагында өткөрүү жөнүндө меморандумга кол коюшту
Бүгүн – 5-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардын ортосундагы Меморандумга кол коюу болуп өттү.
Кол коюуга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.К. Шайлдабекова, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы М.М. Иманкулов, талапкерлеринин тизмелери БШК тарабынан катталган 21 саясий партиянын лидерлери/ѳкүлдѳрү, эл аралык жана коомдук байкоочулар, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
“Өлкөнүн баардык региондорунда республикалык штабдын жыйындары өткөрүлүп, ар кыл деңгээлдеги жетекчилерге азыркы шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлдү. Алдыдагы шайлоону адил, ачык жана мыйзамдуу өткөрүүгө өлкөнүн жетекчилигинин саясий эрки бар. Мамлекет дагы шайлоону адил өткөрүү үчүн баардык чараларды көрүүдө. Административдик ресурсту колдонбоо камсыздалат. Саясий партиялар дагы шайлоочуларды сатып албоого тийиш”, - деди М.Иманкулов.
КР БШК төрагасы Н.К. Шайлдабекова баардык талапкерлерге жана партияларга тең мүмкүнчүлүктү камсыздоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы көрүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, жергиликтүү бийликтер үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн баардык саясий партияларга тең шарттарда атайын орундарды берди, дебаттарды жана жеке чыгып сүйлөөлөрдү өткөрүү үчүн өлкөнүн телеканалдарында акысыз обо убактысы бөлүндү.
Саясий партиялардын ортосунда Меморандумга кол коюу эл аралык стандарттарга ылайык демократиялык шайлоо өткөрүүнүн маанилүү кепилдиги болуп саналат.
Меморандум – бул катышуучулары мыйзам алкагында гана аракеттенүүгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюусуз аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоого милдеттенүүчү келишим.
Документке кол коюу менен, партиялар өздөрүнө милдеттенме алышты жана төмөнкүлөргө даярдыгын ырасташты:
• добуш берүү күнүнө чейин жана добуш берүү күнү шайлоочулардын добуштарын сатып алууга өзүнүн катышуусун жана партиядагы өз өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, үгүт жүргүзүүчүлөрдүн, туугандарынын, досторунун, тааныштарынын жана башка адамдардын катышуусун болтурбоого, шайлоочуларды сатып алууга каршы бардык чаралар менен күрөшүүгө, анын ичинде укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө;
• социалдык жаатташуу жана каршылашуу, жалаа жабуу, тике жана кыйыр түрдѳ диний тематиканы колдонуу же ага таянуу, ошондой эле күч колдонууга жана коомдук тартипти бузууга кѳкүтүү камтылган маалыматтарды, үгүт жана маалыматтык материалдарды интернет жана башка ресурстар аркылуу расмий же жашырын басып чыгарбоого жана жайылтпоого;
• өз максаттарына жетүү үчүн административдик ресурстарды пайдаланууну жокко чыгарууга;
• Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине аялдардын, жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, ар кандай этносторго таандык адамдардын өкүлчүлүгүн камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын чараларын колдоого жана шайлоо мыйзамидарынын ченемдерин толук баалуу жүзѳгѳ ашырууга кѳмѳктѳшүүгѳ;
• шайлоо ѳнѳктүгүндѳ аял талапкерлерди ар тараптан колдоп, аларга маалыматтык жана укуктук жардам көрсөтүүгѳ, саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесинен аял талапкерлердин мандаттан баш тартуусуна жана тизмеден чыгаруусуна кѳмѳктѳшкѳн басмырлоонун бардык түрлөрүн жокко чыгарууга.
Меморандумда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө – талапкерлер жана саясий партиялар менен өз ара аракеттешүү үчүн калыс жана ачык болууга, республикалык штабга жана укук коргоо органдарына –
административдик ресурстарды колдонууга жол бербѳѳгѳ жана шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарына – бурмалоолорго жана манипуляцияга жол бербестен, адил жана обьективдүү болуу талабы коюлду.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоо дайындалган күндөн тартып БШКга бузуулар боюнча 34 кайрылуу келип түштү
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган бузууларга карата ыкчам чара көрүү максатында 36 шайлоо округунун ар биринде шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнөн, укук коргоо органдарынан ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу (ЫЧЧКТ) түзүлгөн. Чара көрүүнү иликтөө борбору КР БШКда түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкерлерге жана саясий партияларга карата шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча маалыматтар, кайрылуулар Борбордук комиссия тарабынан, ал эми шайлоо процессинин калган субъектилери боюнча – аймактык округдук шайлоо комиссиялары тарабынан каралат.
Өтүлгөн жыйындардын жыйынтыгы боюнча, бардык ЫЧЧКТларга бузууларга ыкчам чара көрүү (үч күндүк мөөнөттө), бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен тыгыз координацияда болуу тапшырмасы берилди.
Борбордук шайлоо комиссиясы 600дөн ашуун ички иштер, прокуратура жана УКМК кызматкерлерин шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүнө, конституциялык-укуктук өзгөчөлүктөргө, шайлоонун жүрүшүндөгү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоодо мыйзамдын сакталуусуна көзөмөл жүргүзүүгө окутту.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо дайындалган күндөн тартып, башкача айтканда, 2021-жылдын 29-августунан 4-ноябрына чейин шайлоо процессинин бузулушу боюнча 34 кайрылуу келип түшкөн.
Алардын ичинен:
БШКнын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна – 17:
Шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча БШК Жумушчу тобуна – 13
БШК Маалымдоо жана үгүттөө маселелери боюнча жумушчу тобуна – 4.
Мүнөзүнө карата кайрылуулар төмөнкүчө бөлүнөт:
шайлоочулардын добуштарынын сатып алынышы тууралуу – 17
административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланылышы тууралуу - 2
шайлоо алдындагы үгүттөө шарттарынын бузулушу тууралуу – 4
участкалык шайлоо комиссиясына даттануу – 1
шайлоо фондун каржылоо тартибинин бузулушу - 4
атайын жалган документтердин колдонулгандыгы тууралуу – 2
талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу - 2
талапкерлердин тизмесинин к/н көрсөтүү тартибин бузуу тууралуу – 1
талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берүү тууралуу тергөө органдарынын өтүнүчү – 1.
Аймактык алкактан караганда, кайрылуулар төмөнкүчө бөлүнөт:
Аймактар:
Бишкек – 13
Чүй облусу – 7
Ош облусу – 8
Жалал-Абад облусу - 2
Нарын облусу – 2
Баткен облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 1
Укук коргоо органдары (ЫЧЧКТ) тарабынан 7 кайрылуу Маалыматты каттоо журналында (МКЖ) катталган. Алардын ичинен 5 – номенклатуралык иш, 1 иш боюнча териштирүү жүрүп жатат, 1 иш ОШКга карап чыгууга берилди.
10 кайрылуу Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде (КЖБР) катталган, алардын ичинен 4 иш боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат, 6 кайрылуу боюнча кылмыш тутумунун жоктугуна байланыштуу териштирүү токтолуган, дагы экөө ИИМдин кароосунда.
Борбордук жана округдук шайлоо комиссиялары тарабынан төмөнкүдөй чаралар кабыл алынды:
Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузуулар үчүн 5 жазуу түрүндөгү эскертүү берилди:
О.Нурбек уулуна, №32 Кочкор округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер;
Н.Талиповго, №3 Кадамжай округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер;
Ш.Ташиевге, №14 Жалал-Абад округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер;
Б.Бегалиевге, №25 Аламүдүн округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер
Б.Бекешевго, №28 Октябрь округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер.
1 айып пул салынды:
И.А.Чотобаевге - 7 500 сом өлчөмүндө шайлоо алдындагы үгүттөө жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандыгы үчүн.
Тийиштүү органдарга жөнөтүү чечими кабыл алынды:
К. Тайчабаровго карата шайлоо алдындагы үгүттөө жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандыгы үчүн мыйзамга ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн КР Президентинин администрациясына материалдарды жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды.
Шайлоо мыйзамдарынын бузуу фактылары тууралуу маалымдоо үчүн шайлоочулар жана шайлоо мыйзамдарынын башка субъектилери үчүн ЫЧЧКТ байланыш каналдары:
- кыска номер - 1255;
- WhatsApp номери: 0990 02- 12- 55; 0 755 00 2965;
- ишеним телефону - 0312 62-62-46;
- коомдук кабылдама: 0312 66-02-40;
- электрондук дарек: kgor_cec@shailoo.gov.kg.
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2021-жылы 4-ноябрьда өтө турган күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 04-ноябрь 2021-ж.
Убактысы: 18:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сураналиев Талгат Чыныбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Хасанов Канат Зерликовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакиров Өмүрбек Мирзараимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мукарамов Асылбек Турабаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеешинин депутаттыгына талапкер Туранов Искендер Эриковичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. «Ыйман Нуру» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
7. «Эл Үмүтү» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8. «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
9. №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мадылбеков Туратбектин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
10. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү графиги
№
Иш-чаранын аталышы
Дата
Убакыт
Өткөрүлүүчү жери
Баткен облусу
№1 Лейлек округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
03.11.2021
12:00
Лейлек раймамадминистрациясынын имараты
№2 Баткен округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
03.11.2021
11:00
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имараты
№3 Кадамжай округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
03.11.2021
9:30
Кадамжай раймамадминистрациясынын имараты
Ош облусу
№4 Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
2021-жылдын 5-14-ноябрына чейин
11-00
Ноокат району, Маданият үйү
№5 Ноокат округдук шайлоо комиссиясы
2
Талапкерлердин жолугушуусу
2021-жылдын 5-13-ноябрына чейин
11-00
Ноокат району, Маданият үйү
№6 Араван округдук шайлоо комиссиясы
3
Талапкерлердин жолугушуусу
2021-жылдын 2-5-ноябрына чейин
10-00, 14-00
Араван району, Маданият үйү
№7 Ош округдук шайлоо комиссиясы
4
Талапкерлердин жолугушуусу
07.11.2021
14-00
Ош ш., Жапалак а., стадион
№8 Төлөйкөн округдук шайлоо комиссиясы
5
Талапкерлердин жолугушуусу
2021-жылдын 15-21-ноябрына чейин
14-00
Кара-Суу району, Маданият үйү, клубу, №4, №5 МТБнин имараты
№9 Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясы
6
Талапкерлердин жолугушуусу
2021-жылдын 11-17-ноябрына чейин
14-00
Кара-Суу району, Маданият үйү
№10 Куршаб округдук шайлоо комиссиясы
7
Талапкерлердин жолугушуусу
10.11.2021
10-00
Өзгөн ш., Ленин көч. 132, раймамадминистрациясынын имараты
№11 Алай округдук шайлоо комиссиясы
8
Талапкерлердин жолугушуусу
2021-жылдын 15-17-ноябрына чейин
10-00, 14-00
Кара-Кулжа айыл өкмөтү, Маданият үйү
№12 Өзгөн округдук шайлоо комиссиясы
9
Талапкерлердин жолугушуусу
09.11.2021
10-00
Өзгөн ш., Ленин көч. 132, раймамадминистрациясынын имараты
Жалал-Абад облусу
№13 Сузак округу
1
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
12.00
Сузак РМА
№14 Жалал-Абад округу
2
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
17.00
Жалал-Абад шаарынын Мэриясынын кичи залы
№15 Базар-Коргон округу
3
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
17.00
Базар-Коргон РМАнын кичи залы
№16 Ноокен округу
4
Талапкерлердин жолугушуусу
01.11.2021
16.00
Ноокен РМАнын кичи залы
№17 Аксы округу
5
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021 г
16-00
Кербен ш.,
Аксы РМА
№18 Ала-Бука округу
6
Талапкерлердин жолугушуусу
01.11.2021 г
16-00
Ала-Бука айылы,
Ала-Бука РМА
№19 Токтогу округу
7
Талапкерлердин жолугушуусу
01.11.2021
16-00
Токтогул РМА
Талас облусу
№20 Манас округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуусу
03.11.2021
11-00
Бакай-Ата
№21 Талас округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуусу
10.11.2021
10.00
Талас шаары, балдар музыкалык мектебинин алды.
Чүй облусу
№22 Жайыл округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
10:00
Кара-Балта ш.,
Кожомбердиева көч.102, раймамадминистрациясынын имараты
№23 Москва округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
14:00
Беловодское а., Ленина көч. 27,
Москва раймамадминистрациясы
№24 Сокулук округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
14:00
Сокулук а., Фрунзе көч. 163, Сокулук раймамадминистрациясы
№25 Аламүдүн округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
12.11.2021
10.00
Лебединовка айылы, РМА имараты
№30 Ысык-Ата округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
16.11.2021
10.00
Кант шаары, Маданият үйүнүн имараты
№31 Чүй-Кемин округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
12.11.2021
11:00
Кемин шаары
Кемин шаары
Маданият үйүнүн имараты
Победа көчөсү
Талапкерлердин жолугушуусу
15.11.2021
11:00
Токмок шаары, Мэриянын имараты
Токмок шаары
Талапкерлердин жолугушуусу
15.11.2021
14:00
РМА имараты
Чүй району
Нарын облусу
№32 Кочкор округдук шайлоо комиссиясы
1
Кочкор, Кочкор
01.11.2021
саат 10.00
Маданият үйүнүн алдындагы аянтча
№33 Нарын округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
01.11.2021
14:00
Нарын ш., Ленина көч. 78, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты (облустук мамлекеттик администрация)
Ысык-Көл облусу
№34 Жети-Өгүз округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
12:00
Боконбаево а.,
Атакан көч. 53,
Тон раймамадминистрациясынын имараты
№35 Ак-Суу округдук шайлоо комиссиясы
2
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
11:00
Облмамадминистрация, пресс-борбор
№36 Ысык-Көл округдук шайлоо комиссиясы
3
Талапкерлердин жолугушуусу
03.11.2021
14:00
Раймамадминистрация, чоң зал
Кененирээк билүү >>
Мамлекеттик органдарга жана ЖӨАБ органдарына добуш берүүчү жайлардын жеткиликтүүлүгүн жана жабдылышын текшерүү тапшырылды
2021-жылдын 3-ноябрында Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын жыйыны болуп өттү.
Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын жыйыны мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.
Штабдын төрагасы - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеӊешинин катчысы М.Иманкулов мамлекеттик органдардын жана органдардын өкүлдөрүнө шайлоого даярдык көрүү боюнча, анын ичинде участкаларды материалдык-техникалык жабдуу, үзгүлтүксүз жарык жана байланыш, интернет-байланыш менен, суук мезгилде жылуулук менен камсыздоо, жайларды дезинфекциялоо жана уюштуруу мүнөзүнө ээ башка чараларды көрүүдө көмөк көрсөтүүнү тапшырды.
Штабдын тең төрагасы – Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы К. Н.Шайлдабекова 2021-жылдын 29-октябрынан тартып шайлоо алдындагы үгүт иштери башталгандыгын айтты. Шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын ишке ашыруунун толуктугун камсыздоонун алкагында мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкерлерге, саясий партияларга жарандар менен жолугушууларды жана жыйындарды өткөрүүнү уюштуруусунда көмөк көрсөтүп, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо тапшырылды.
Мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги, мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын балансындагы жайлар талапкерлерге, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, алардын ишенимдүү адамдарына, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө шайлоочулар менен жолугушуу үчүн бирдей шартта берилет.
Шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүү үчүн мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги жайларды берүү тууралуу талапкерлерден, саясий партиялардан келип түшкөн арыз мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан арыз келип түшкөн күнү каралат. Шайлоочулар менен жолугушуу үчүн талапкерге, саясий партияга жай бөлүп берүүдөн баш тарткан учурда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу себебин түшүндүрүүчү кат түрүндөгү чечимин берүүгө милдеттүү. Эгер көрсөтүлгөн жай массалык иш-чара өткөрүү үчүн талапкерлердин бирине, саясий партиялардын бирине берилген болсо, анда башка талапкерге, башка партияга берүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.
КР БШК төрагасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алар дайындалгандан кийин 10 күн аралыгында ар бир шайлоо участкаларында атайын үгүт материалдарын жайгаштыруучу жерди бөлүп берип, анын жабдылышын камсыздоого милдеттүү экендигин эскертти. Талапкерлер, саясий партиялар тийиштүү шайлоо комиссияларынан шайлоо алдындагы үгүттөөчү материалдарды жайгаштыруучу жайлардын тизмесин алууга укуктуу.
Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардын эркин билдирүүсү жана шайлоонун ачык-айкындуулугу үчүн шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын укуктук жана саясий маданиятын көтөрүү жана аларды маалымдоо боюнча олуттуу иштерди жүргүзүп жаткандыгы да айтылды. Шайлоо белгиленген күндөн тартып жаӊы шайлоо тутуму, шайлоо мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр боюнча маалыматтык-түшүндүрүү материалдары ар кыл форматта – ЖМК, Интернет-басылмалары, социалдык тармактар, КТБдагы LED-экрандар аркылуу берилип, коомдук транспортто, плакаттарда, баннерлерде ж.б. жайгаштырылат.
Маалыматтык өнөктүктүн маанилүү учуру катары шайлоо процессинин бардык катышуучуларын – шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, прокуратура кызматкерлерин, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана блогерлерди, банк кызматкерлерин, соттук корпусту, байкоочуларды окутуу эсептелет. Добуш берүү күнүнө карата БШК шайлоо процессине түздөн-түз тиешеси бар, шайлоого даярдык көрүүгө жана уюштурууга катышкан 50 миӊден ашуун адамды окутмакчы. Учурда идентификациялоочу жана автоматтык эсептөө урналарынын операторлорун, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу жүрүп жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо комиссияларын окутуу үчүн шарттарды түзүп берүү тапшырылды.
Республикалык штабдын тең төрагасы Н.Шайлдабекова шайлоо комиссияларына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына добуш берүүчү жайлардын жеткиликтүүлүгүн жана жабдылышын, анын ичинде жылуулуктун, байланыштын, алардын альтернативалуу булактарын, майыптыгы бар шайлоочулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн болуусун текшерүү тапшырылды.
Ошондой эле 2021-жылдын 5-ноябры саат 18:00гө чейин шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча сунуштарын киргизүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы 1 арыз келип түштү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 3-ноябрында өткөн жыйналышында №13 Сузак шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Мирзакметов Нурболот Сабиржановичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арызын карап чыкты жана Н.С. Мирзахмедовдун арызынын негизинде каттоону жокко чыгаруу жана ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу тууралуу чечимин кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Жашасын Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 3-ноябрында өткөн жыйналышында «Жашасын Кыргызстан» саясий партиясы көрсөткөн Батыркулов Улан Умаровичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим Батыркулов Улан Умаровичтин талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 2-ноябрындагы өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
15.10.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15.10.2026
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
14.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14.10.2026
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
13.10.2026
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады