Башкы Жаңылыктар КМШ Миссиясына Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат …

КМШ Миссиясына Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди

08-Ноя, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова Көз карандысыз  Мамлекеттердин Шериктештиги Миссиясынын өкүлдөрү – КМШ Аткаруу комитети бөлүмүнүн башчысы Евгений Козяк жана КМШ Аткаруу комитетинин кеӊешчиси Олег Кулеба менен жолугушту. 

КР БШК төрагасы 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, республиканын шайлоо тутумун реформалоонун жыйынтыгы, Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарындагы жаӊылыктар тууралуу айтып берди.  

Негизги басым 2021-жылдын 29-октябрынан 27-ноябрына чейин өтүүчү үгүт өнөктүгүнө жасалды. Учурда эӊ маанилүү үгүттөө этабы – дебаттардын мезгили. Аймактык телеканалдарда биринчи жолу 36 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча теледебаттар өтөт. Бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү, анткени, сурамжылоолор боюнча шайлоочулар талапкерлер тууралуу маалымат алуунун негизги булагы катары дебаттардан көптү күтүшүүдө.   

Партиялар ортосундагы дебаттар үч этап менен эки улуттук телеканалда – ЭлТР (жаштар жана аялдар дебаттары) жана КТРК (партия лидерлери ортосунда) өтөт. 

КР БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер тууралуу жана бүткүл аймактарга жайылтыла турган саясий партиялардан чыккан талапкерлердин тизмеси менен материалдардын чоӊ тиражын даярдоодо. Ошондой эле «Талапкер» сайты да иштейт, мында талапкерлердин жана партиялардын шайлоо фонддору тууралуу толук маалымат жайгаштырылган. 

Шайлоо фонддорунун кирешелери жана чыгымдалган каражаттары боюнча маалыматтары банктан автоматтык түрдө келип түшүп, дароо эле Боршайкомдун сайтында чагылдырылат. Бул шайлоо өнөктүгүнүн дагы бир жаӊылыгы – банктык операциялардын автоматташтырылышы.  

Ошондой эле Жогорку Кеӊештин депутатынан же Президенттен, жергиликтүү кеӊештин депутаттарынан башка саясий кызматкер, мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү 30 пайыздан көбүрөөк мамлекеттик, муниципалдык  ишканалардын, мекемелердин, алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери болгон талапкерлер Жогорку Кеӊешке шайлоого көрсөтүлгөн учурдан тартып кызматтарын аткарууну жана ыйгарым укуктарын токтоткон. Мамлекеттик кызматтын (жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломатиялык) түрүнө карабастан, мамлекеттик кызматкер, муниципалдык кызматкер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери болгон талапкерлер Жогорку Кеӊешке шайлоого көрсөтүлгөн учурдан тартып кызматын аткарууну токтотуп турат.  

Учурда КР БШКга бузуулар боюнча 56 кайрылуу келип түштү, алардын айрымдары кайталанды. Округдук жана аймактык шайлоо комиссияларынын, бардык деӊгээлдеги укук коргоо органдарынын өкүлдөрү камтылган ыкчам чара көрүү топтору иштейт.  Бул  комиссиялардын жана укук коргоо органдарынын карым-катышын камсыздоого мүмкүндүк берет, келип түшкөн сигналдардын баары катчылыкта иликтөөгө алынат, бузуулар болгон жер боюнча сигналды карай турган органдын компетенциясы аныкталат, териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат катчылыкка берилет.   

Талапкерлер жана саясий партиялар боюнча даттануулар Борбордук шайлоо комиссиясында, башка субъектилер тарабынан – даттануулар аймагы боюнча шайлоо комиссияларында каралат. 

“КМШ Миссиясы ишке киришти, мында Парламент аралык Ассамблея өкүлдөрү катышат, 120 байкоочунун катышуусу пландаштырылууда, Миссиянын штабы ишин баштады. Бул Кыргызстандагы 15 миссия жана Кызматташтык мейкиндигиндеги 115 миссия» - деп белгиледи Евгений Козяк.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>