Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу
27.12.2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!   «Бир мандаттуу №27 Биринчи Май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 27-декабрындагы №839 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын бир мандаттуу №27 Биринчи Май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына дайындалды. Бир мандаттуу №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар! 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо укугуна ээ. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнүнө активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1 беренесинин 1 абзацына ылайык: «Жергиликтүү жамааттын мүчөсү - бир мандаттуу шайлоо округунун курамына киргизилген тиешелүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда, паспорттун тибинде жазылган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же болбосо Кыргыз Республикасынын Улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (УПМР) жашаган жеринин дарегин каттоо менен аныкталат». Ошону менен бирге, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын                         63-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, кайра шайлоону өткөрүүдө шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат. Добуш берүү күнүнө чейин 53 календарлык күн калганда б.а.                         2022-жылдын 5-январына чейин округдар, участоктор, райондор жана шаарлар боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштырылат, андан Сиз өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактап алсаңыз болот. Ошондой эле 1255 жана 119 кыска номерлерине чалып, же 119 номерине ПИН-кодду (SMS билдирүүлөрдү жөнөтүү жана чалуулар акысыз) жөнөтүү аркылуу шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздү текшере аласыз. Ошондой эле добуш берүү күнүнө 47 календарлык күн калганда б.а. 2022-жылдын 11-январына чейин тиешелүү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмеси таанышуу үчүн илинет. Кандай гана болбосун ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын                                 11-январынан 16-февралына чейин (кошо алганда) Сиз КР жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз, мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт. 2022-жылдын 11-январынан 16-февралына чейин (кошо алганда) шайлоочу мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, мамлекеттик порталдагы «шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу электрондук форматта арыз менен кайрылууга дагы укуктуу.   Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин аяктайт, б.а. 2022-жылдын 27-январына чейин (кошкондо). Саясий партиялардан бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер талапкерлиги добушка коюлган шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде жүзөгө ашырылат. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине КР БШК мүчөсү катышууга укуктуу. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн жана саясий партиянын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн талапкер КР БШКга берилет.  Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Депутаттыкка талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда б.а. 2022-жылдын 7-февралына чейин аяктайт. Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге, саясий партияларга көмөк көрсөтүү максатында КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жайгаштырылган, шайлоого катышуучу талапкерлер, саясий партиялар үчүн шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери – үгүт, шайлоо өнөктүгүн каржылоо жана шайлоо талаш-тартыштары маселелери боюнча усулдук материалдардын жана ченемдик актылардын жыйнагы даярдалды. Жакын арада шайлоого катышуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү семинарлары өткөрүлөт.   Урматтуу округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү! Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык силер менен биздин ишибиздин негизги иш принциптери болуп саналат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе силер менен биздин иш-аракеттерибизге жараша болот. Мекенди сүйүү, жарандык милдеттин жогорку сезими жана коом алдындагы жоопкерчилик бизге мыйзамдуу, ачык-айкын жана анык демократиялык шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет! Шайлоону даярдоо жана өткөрүү принциптерин жана жол-жоболорун сактоону суранабыз. Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү! Мыйзамга ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүттү өзүнө камтыйт. Үгүт процессине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациядан өтүүгө тийиш. Аккредитациядан өтүү максатында КР БШКга жазуу жүзүндө билдирүү берүү керек. 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого мурда аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалар 2022-жылдын 27-февралына дайындалган шайлоого маалыматтык колдоо көрсөтүүнү уланта алышат. Берилген эфирдик убакытты, басылма аянтты төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары же интернет-басылмада жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу тарабынан аккредитация максатында шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын                9-январына чейин (кошо алганда) КР БШКга берилүүгө тийиш. Мында акы төлөнүүчү эфир убактысынын, басылма аянтынын баасы баардык партиялар, талапкерлер үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашпоого тийиш. Шайлоо мыйзамдарын бузган учурда КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу. Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда б.а. 2022-жылдын                                                          7-февралында башталат жана 26-февралында саат 8:00дө аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылбаган маалыматтарды чагылдыруу аркылуу гана катышууга укуктуу. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу: 1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга; 2) шайлоо комиссиясынын протоколдору менен таанышууга; 3) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга; 4) шайлоого даярдык көрүү мезгилинде, ал эми добуш берүү күнү шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото- жана көрмө-тартууну жүзөгө ашырууга; 5) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, алар атынан чыккан уюмдардын аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө. КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана, өз кезегинде, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу баардык керектүү маалыматты берип турууга даяр экендигин билдирет. www.shailoo.gov.kg –КР БШКнын расмий сайты. www.tizme.gov.kg– шайлоочулардын тизмесинин порталы.   Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары! Кыргыз Республикасындагы жана бүтүндөй эле дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык татаал кырдаалга байланыштуу, коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышын болтурбай коюу максатында иш-чараларды (съезд, дебат, жолугушууларды өткөрүү) уюштурууда төмөнкү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо зарыл: - орун-жайларды жана үстүнкү беттерди дезинфекциялоону жүргүзүү; - адамдардын ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоо; - санитайзерлерди, бир жолку бет каптарды жана кол каптарды пайдалануу; - катышуучулардын температураларын контролдоо; - пайдалануучу материалдарды жана буюмдарды кайта-кайта дезинфекциялоо. КР БШК тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана шайлоочулардын, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, шайлоо процессинин катышуучуларынын ден соолугун коргоону камсыздоо боюнча дагы чаралар көрүлөт. Шайлоо укук нугунда өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарындагы ченемдердин талаптарын катуу сактоо, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болуу зарыл. КР БШК өзү тараптан шайлоо процессинин баардык катышуучулары үчүн ачык иштейт, ачык-айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо тынч, туруктуу атмосферада өтүшү үчүн мүмкүн болушунча күч-аракет жумшайт, өлкөбүздүн жарандары шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусу үчүн баардык керектүү шарттарды түзөт.
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календарлык планын бекитти
27.12.2021

БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календарлык планын бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 27-декабрында өткөн жыйналышында 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календарлык планын бекитти. Чечим «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнундө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин негизинде, «№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» БШКнын токтому менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү даярдоону уюшуруу максатында кабыл алынды. № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо боюнча календарлык пландын негизги этаптары: Шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүү – 05.01.2022-ж. чейин; Шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 07.02.2022-ж. чейин; Шайлоочулардын тизмесиндеги ката же так эместик, жок болгондугу жөнүндө (шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө) шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу – 11.01. 2022-ж. тартып 16.02. 2022-ж. чейин; Шайлоочулардын биротоло тизмесин илүү – 22.02.2022-ж. чейин; Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү – 27.01.2022-ж. чейин; КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди каттоо – 07.02.2022-ж. чейин; Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү – 07.02.2022-ж. тартып 26.02.2022-ж. саат 8:00гө чейин; Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү – 26.02.2022-ж. саат 8:00дөн 20:00гө чейин; Добуш берүү күнү – 27.02.2022-ж. саат 8:00дөн 20:00гө чейин; Шайлоо натыйжаларын аныктоо – 12.03.2022-ж. чейин. Календарлык планга шилтеме   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Бишкек шаарынын 2 округунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындады
27.12.2021

БШК Бишкек шаарынын 2 округунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 27-декабрында өткөн жыйналышында № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону жекшембиге – 2022-жылдын 27-февралына дайындады. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38-беренесине, 64-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШКнын 2021-жылдын 13 жана 14-декабрындагы токтомдору менен Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өткөн жок деп таанылган.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  каттады
27.12.2021

БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 27-декабрындагы жыйналышында бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү шайланган депутаттарын каттады: 1. Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич – № 1 Лейлек бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 2. Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич – № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 3. Атажанов Ырысбек Ысламович – № 3 Кадамжай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 4. Бакиров Омурбек Мирзараимович – № 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 5. Коргонбай уулу Жусупбек – № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 6. Нурбаев Жалолидин Паязидинович – № 6 Араван бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 7. Осмонов Айбек Жапарович – № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 8. Алимбеков Нурбек Каарыевич – № 8 Төлөйкөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 9. Матраимов Искендер Исмаилович – № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 10. Толонов Данияр Эрмекович –№ 10 Куршаб бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 11. Примов Улан Бердибаевич – № 11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 12. Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич – № 12 Өзгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 13. Икрамов Тазабек Икрамович – № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 14. Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич – № 14 Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 15. Алтынбеков Айбек – № 15 Базар-Коргон бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 16. Сыдыков Бактыбек Усенович – № 16 Ноокен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 17. Шакиев Нурланбек Тургунбекович – № 17 Аксы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 18. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич – № 18 Ала-Бука бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 19. Сулайманов Кундузбек Кошалиевич – № 19 Токтогул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 20. Джумабеков Дастанбек Артисбекович – № 20 Манас бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 21. Чойбеков Бактыбек Каныбекович – № 21 Талас бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 22. Азыгалиев Нурланбек Асанбекович – № 22 Жайыл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 23. Ханджеза Карим Лемзарович – № 23 Москва бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 24. Кенжебаев Аманкан Батырбекович – № 24 Сокулук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 25. Атамбаев Сеидбек Алмазбекович – № 25 Аламүдүн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 26. Абиров Жаныбек Болотбекович – № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 27. Бекешев Дастан Далабайевич – № 28 Октябрь бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 28. Таштанбеков Акбокон Дукенович – № 30 Ысык-Ата бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 29. Самыйкожо Мирлан – № 32 Кочкор бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 30. Бакасов Улан Болотбекович – № 33 Нарын бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 31. Малиев Арсланбек Касымакунович – № 34 Жети-Өгүз бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 32. Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич – № 35 Ак-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча; 33. Сарбагышев Максатбек Канатбекович – № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 27-декабрында өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору
27.12.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 27-декабрында өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 27 -декабрь 2021-ж. Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Бир мандаттуу №27 Биринчи Май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округтарынын депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсеп, отчеттуулук бөлүмүмдүн башчысы) 5. Шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусу жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жана ыраазычылык билдирүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
22.12.2021

БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 22-декабрындагы жыйналышында Ош, Алай, Жалал-Абад, Токтогул, Кара-Көл, Аламүдүн, Ак-Суу, Ат-Башы жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаты Сулайманов Эльдар Нурлановичтин (№12) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаты Дуйшобаев Уларбек Убайдиллаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Сактанов Мукан Сайпидиновичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаты Караев Канатбек Разаковичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Рыскулов Атарбек Капаровичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Алай районунун Жошолу айылдык кеңешинин депутаты Мадраимова Гулбарчындын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Өсүмдүк өстүрүүчүлүк депатаментинин жетектөөчү адиси Боронов Замирбек Айылчиевичке өткөрүп берилди. Айыл өемөтүнүн башчысы кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ош облусунун Алай районунун К.Бөлөкбаев айылдык кеңешинин депутаты Жаныбай уулу Жыргалбектин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Ленин атындагы орто мектептин мугалими Ташполот уулу Төлөгөнгө өткөрүп берилди. Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигине байланыштуу “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынан Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Караев Баястан Ырысалиевичтин (№8) ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Мейманкулов Искендер Асхатбековичке (№ 25, “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүп берилди. “КСДП” депутаттык фракциясынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Тууганбаев Байызбек Болотбековичтин (№10) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат КАГЭС 2де кампа башчысы Аблесов Мирлан Амантуровичке (№ 11, “КСДП” саясий партиясы) өткөрүп берилди. “Замандаш” депутаттык фракциясынан Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Токтоналыев Эрбол Токтоналыевичтин (№10) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Шатманов Замир Аскаралиевичке (№ 26, “Замандаш” саясий партиясы) өткөрүп берилди. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешинин депутаты Кожокбеков Иманбек Кадырбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Кошокбеков Анарбек Курманбековичке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылдык кеңешинин депутаты Чантуева Гулзана Азаматовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат фермер Тулкубаев Алтынбек Турганбаевичке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык кеңешинин депутаты Курумшуев Тургунбек Кубанычбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат фермер Бекбол уулу Замирбекке өткөрүп берилди. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаты Босумбай уулу Максаттын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Тумонбаев Болот Омуровичке өткөрүп берилди. Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Мыктыбек уулу Бекболоттун ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Бишкек жылуулук тармактары” ААК инженери Майжанов Канат Муратовичке өткөрүп берилди.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 22-декабрында өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору
22.12.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 22-декабрында өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 22 -декабрь 2021-ж. Убактысы: 17.00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ош, Алай, Жалал-Абад, Токтогул, Кара-Көл, Аламүдүн, Ак-Суу, Ат-Башы жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Ар кандай маселелер  
Кененирээк билүү >>
БШК №31 Чүй-Кемин округу боюнча талапкер М. Саккараевди каттоону жокко чыгарды, шайлоо натыйжаларын аныктоо убактылуу токтотулду
19.12.2021

БШК №31 Чүй-Кемин округу боюнча талапкер М. Саккараевди каттоону жокко чыгарды, шайлоо натыйжаларын аныктоо убактылуу токтотулду

БШК №31 Чүй-Кемин округу боюнча талапкер М. Саккараевди каттоону жокко чыгарды, шайлоо натыйжаларын аныктоо убактылуу токтотулду 2021-жылы 18-декабрда №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча талапкер М.Дж. Саккараевди каттоону жокко чыгарды. Чечим М.Дж. Саккараев тарабынан анын башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги тууралуу толук маалыматты бербегендигинин негизинде кабыл алынды. КР БШКнын 2021-жылдын 11-октябрыдагы чечими менен М.Дж. Саккараев №31 Чүй-Кемин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер катары катталган.  2021-жылы 16-ноябрда А. Айдаралиевден болгон маалыматтар боюнча М.Дж. Саккараев Казакстан Республикасынын жараны болуп саналат деген арыз түшкөн. 2021-жылы 16-ноябрда КР БШК М.Дж. Саккараевдин Казакстан Республикасынын жарандыгы бар/жоктугу жөнүндө (белгиленген тартипте) маалымат берүү жөнүндө КР Тышкы иштер министрлигине, КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине жана КР Юстиция министрлигине суроо-талап жөнөткөн. 2021-жылы 23-ноябрда БШКга Чүй облусунун ИИББ тергөө кызматынан №31 Чүй-Кемин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Дж. Саккараевдин кош жарандык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш териштирилүүдө деген маалымат түшкөн. Казакстан Республикасынын Мамлекеттик базасына ылайык жаран Саккараев Медербек Джаманкулович Казакстан Республикасынын жараны болуп саналары тууралуу маалымат Алматы шаарынын полиция департаментинин миграция кызматынын башкармалыгынан териштирүү алкагында (факс аркылуу) алынгандыгы жөнүндө Чүй облусунун ИИББ маалымат берди. 2021-жылы 24-ноябрда талапкер М.Дж. Саккараевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин “12.12.1971-жылы туулган М.Саккараев “Казакстан Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Казакстан Республикасынын Мыйзамынын 21-пунктунун 5-пунктчасына ылайык Казакстан Республикасынын жараны болуп саналбайт” деген 2021-жылдын 22-ноябрындагы маалымкаты (консул Н. Гильмановдун колтамгасы менен) берилди. Элчилик маалымкатта шилтеме жасаган “Казакстан Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Казакстан Республикасынын Мыйзамынын 21-пунктунун 5-пунктчасы башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алгандыгына байланыштуу жарандыгын жоготкондугун билдиргендиктен, КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Дж. Саккараевден тиешелүү документтерди тиркөө менен Казакстандын жарандыгы бар мезгилдер жана  жарандыгын жоготкон датасы тууралуу толук маалымат берүүнү сурады. Мында каттоо учурунда берилген документтерге ылайык талапкер М.Дж. Саккараев талаптарды бузуп, талапкер тапшырган анкетада (№4-1 форма) анын башка мамлекеттин жарандыгы болгондугу жөнүндө маалымат көрсөтүлбөгөндүгү дагы белгиленди (анкетада эгерде буга чейин бар болсо, башка мамлекеттин жарандыгына кабыл алынган жана жарандыктан чыккан датаны көрсөтүү талап кылынат). Документтерди тапшырган учурда жалган маалымат бергендик үчүн жоопкерчилик тууралуу М.Дж. Саккараевге эскертилген, бул тууралуу ал толтурган талапкер жөнүндө маалыматта колтамгасы турат. 2021-жылы 25-ноябрда КР БШК Чүй облусунун Токмок ИИБден алынган документтердин (факс көчүрмөсү) укуктук статусун ырастоо  жөнүндө маалымат берүү жөнүндө КР ИИМге кат жөнөттү. 2021-жылы 25-ноябрда КР ИИМ (жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалык) Алматы шаарынын полиция департаментинин миграция кызматынын башкармалыгынан төмөнкүдөй маалымат алынгандыгы  тууралуу билдирди: “Казакстан Республикасынын жеке жактардын маалыматтар базасына ылайык 12.12.1971-жылы туулган Саккараев Медербек Джаманкулович Казакстан Республикасынын жараны болуп саналат. Мында Казакстан Республикасынын Алматы шаарынын полиция департаментинин миграция кызматынын башкармалыгынын маалыматы боюнча 17.04.2002-жылы  Казакстан Республикасынын ИИМ тараптан М.Дж. Саккараевге 17.04.2012-жылга чейин колдонуу мөөнөтү менен Казакстан Республикасынын жаранынын улуттук паспорту берилген (учурда Казакстан Республикасынын жаранынын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтердин колдонуу мөөнөтү аяктады). Ошондой эле 27.01.2006-жылдан тартып Алматы шаарында катталган (так дареги көрсөтүлгөн) жана турак-жайдын менчик ээсинин арызы боюнча 09.10.2014-жылы каттоодон чыгарылган. Казакстан Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоочу жерге чыгып кеткендик, Казакстан Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы/жарандыгын жоготкондугу жөнүндө маселе боюнча Казакстан Республикасынын Алматы шаарынын полиция департаментинин миграция кызматынын башкармалыгынын маалыматы жок”. 2021-жылы 26-ноябрда талапкер М.Дж. Саккараевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан “Талапкер жөнүндө маалыматтар” №4-1 форма кайрадан толтурулуп, анда ал 2006-2016-жылдар мезгилинде башка мамлекеттин – Казакстан Республикасынын жарандыгы болгондугун көрсөткөн. Ошону менен бирге, маалыматтар Казакстан Республикасынын Элчилигинде такталууда деген шилтеме менен Казакстан Республикасынын жарандыгын алган/жарандыгын жоготкон даталары жөнүндө ал маалымат берген эмес. 2021-жылдын 18-декабрына карата ал маалымат жана тиешелүү документтер тапшырыла элек. 2021-жылы 27-ноябрда КР УКМК “КР УКМКда болгон  маалыматтар боюнча Саккараев М.Дж. 2002-жылы Казакстандын жарандыгын алгандыгын” расмий түрдө билдирди. “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун бардык типтери, жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгүн күбөлөндүргөн башка документтер Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөндүргөн документтер болуп саналат. Кыргыз Республикасынын жарандык актыларды жазуу органдарынын маалыматына ылайык: 1. “12.12.1971-жылы туулган Саккараев М.Дж. Токмок шаарынын ЖААЖБ тарабынан берилген 12.12.1971-жылы туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде Токмок шаарынын ИИБ берген биринчи паспорту (1974-жылдагы үлгүдөгү) менен 22.12.1988-жылы документтештирилген. 2. 23.08.1995-жылы жогоруда көрсөтүлгөн биринчи паспорттун негизинде паспорт (1994-жылдагы үлгүдөгү) менен ИИМ 50-11 тараптан документтештирилген. 3. 29.01.2008-жылы 1995-жылдагы паспорттун негизинде паспорт (2004-жылдагы үлгүдөгү) менен Бишкек шаарынын шашылыш документтештирүү бөлүмү тараптан документтештирилген. 4. 24.04.2015-жылы 2008-жылдагы паспорттун негизинде паспорт (2004-жылдагы үлгүдөгү) менен Бишкек шаарынын шашылыш документтештирүү бөлүмү тараптан документтештирилген. 2015-жылдагы паспорттун көчүрмөсү каттоо учурунда БШКга берилген. Маалыматта “М.Дж. Саккараевдин Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы жана Казакстан Республикасынын жарандыгын алгандыгы жөнүндө маалымат жок” деп билдирилет. 2021-жылы 1-декабрда 3 талапкер – Т. Жансеитовдон, К. Мурсалиевден жана Н.Дуйшеналиевден арыз түштү, алар “КРдин укук коргоо органдары тарабынан ал Казакстан Республикасынын жараны болгондугу далилденгендигине, муну Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары ырастагандыгына” байланыштуу Чүй-Кемин округу боюнча талапкер М. Саккараевди каттоону жокко чыгарууну талап кылышууда. Берилген маалыматты жана материалдарды талкуулап жана изилдеп, талапкер М.Дж. Саккараевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 38-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 59, 61-беренелеринин негизинде  Борбордук шайлоо комиссиясы №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Дж. Саккараевди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Кабыл алынган чечимге байланыштуу, аталган талапкер добуштардын кыйла көп санын алган округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын эске алып,  талапкерди  каттоону жокко чыгарууну сот тартибинде даттануу ниети жөнүндө талапкер М.Дж. Саккараевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн билдирүүсүн көңүлгө алып, БШК №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча шайлоо натыйжаларын аныктоо жөнүндө маселени кароону убактылуу токтотту.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү                   
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 18-декабрында өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору
18.12.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 18-декабрында өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору

-
Кененирээк билүү >>
Партиялардан жана талапкерлерден Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына каттоо үчүн тоскоолдуктар жоктугу тууралуу арыздарды кабыл алуу жүрүп жатат
18.12.2021

Партиялардан жана талапкерлерден Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына каттоо үчүн тоскоолдуктар жоктугу тууралуу арыздарды кабыл алуу жүрүп жатат

  БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы токтому менен бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык: “Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин бул тууралуу депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө кое берилген саясий партияларды, жана депутат болуп шайланган талапкерди кабарландырат. Депутат болуп шайланган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салганы жөнүндө билдирүүнүн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү. Эгерде депутат болуп шайланган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаган учурда, анын депутаттык мандаты кезек боюнча, ушул конституциялык Мыйзамдын 64-беренесинин 4-бөлүгүндө аныкталган тартипте кийинки талапкерге берилет”. Учурда партиялардан жана талапкерлерден депутаттыкка каттоо үчүн тоскоолдуктар жоктугу тууралуу арыздарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө буйруктарды жана башкаруучулук башка документтерди кабыл алуу аяктап жатат. Конституциялык Мыйзамдын жогоруда аталган беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык: “Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталгандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салганы жөнүндө билдирүүлөр алынгандан кийин, 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырат”. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык: “Жогорку Кеңештин депутаты бир эле учурда башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта тура албайт, ишкердик ишти жүзөгө ашыра албайт, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочу кеңешинин курамына кире албайт.  Жогорку Кеңештин депутаты эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында шугулданып жаткан чет өлкөлүк коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын башкаруу органдарынын, камкорчулук кылуучу же байкоочу кеңештеринин, башка органдарынын, ошондой эле алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн курамына кире албайт”.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК Конституциялык мыйзамдын ар бир партиянын мандатынын кеминде 30%ын аял талапкерлерге бөлүштүрүү боюнча талаптарын аткарып жатат
16.12.2021

БШК Конституциялык мыйзамдын ар бир партиянын мандатынын кеминде 30%ын аял талапкерлерге бөлүштүрүү боюнча талаптарын аткарып жатат

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык: "Саясий партия алган мандаттарды бөлүштүрүүдө алгач саясий партия алган мандаттардын жалпы санынын 30 пайызынан кем эмеси добуштардын эң көп санын алган аял-талапкерлерге бөлүштүрүлөт." Буга байланыштуу саясий партия 7 мандат алса, бул мандаттардын 30% кем эмеси 3 мандат дегенди билдирет. Эскертүү: мандаттын 30%дан кем эмесин аялдарга калтыруу боюнча ушул эле жобо айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо да колдонулган, мында дагы 7 мандаттын 3ү аялдарга берилген. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолордо добуш берүү тартибин уюштуруу жөнүндө, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана шайлоо комиссияларынын шайлоонун жыйынтыгын аныктоо боюнча Жобосуна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди. Белгилей кетсек, БШКнын токтомун Конституциялык мыйзамга ылайык келтирүү чечими, БШК добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө чечим кабыл алганга чейин кабыл алынган. Кандай болгон күндө да, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР мыйзамына ылайык, Конституциялык мыйзам Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын актысына караганда жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук акт болуп саналат. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-32-33-беренелерине ылайык, ченемдик укуктук акт өзүнө салыштырмалуу жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга карама-каршы келбөөгө тийиш. Ченемдик укуктук актылардын ортосунда карама-каршылык келип чыккан учурда, укуктук мамилелердин субъекттери жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыны, башкача айтканда Конституциялык мыйзамды жетекчиликке алышат. Ченемдик укуктук актыларда коллизиялар пайда болгондо аларды кабыл алган ченемди кабыл алуучу органдар коллизияларды жоюу үчүн аларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Ошондуктан, бул өзгөртүүлөр КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Конституциялык мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР мыйзамынын талаптарын аткаруунун алкагында киргизилди. Тилекке каршы, преференциялык шайлоо тутумун жана аялдар үчүн квота киргизүүнүн демилгечиси болгон партиянын лидери жана ушуларды колдогон ошол партиянын талапкери, бүгүн ушул маселенин тегерегинде чайкоочулук кылып, өз кезегинде КР Жогорку Кеңешинин депутаттары катары өздөрү кабыл алган конституциялык Мыйзамдын талаптарын аткаруунун ордуна коомчулукту адаштарып жатканы абдан өкүнтөт. КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарды жана шайлоонун натыйжаларын аныктады
15.12.2021

КР БШК бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарды жана шайлоонун натыйжаларын аныктады

Бүгүн, 2021-жылы 15-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп тааныды. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында 2494 участоктук шайлоо комиссиясы, алардын 59у – Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары, жана 36 округдук шайлоо комиссиясы комиссиясы түзүлдү. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин саны 3 703 420 шайлоочуну түздү, добуш берүүгө 1 281 622 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын жалпы санынын 34.61%ын түзөт. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 21 саясий партиядан талапкерлердин тизмелери катталды. Бардыгы 1 046 талапкер көрсөтүлдү, 1 037 талапкери катталды, өз арыздары боюнча 32 талапкер чыгарылды. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн 3 702 646 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде – 2 970 167, орус тилинде – 732 489 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 2 494 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды. Округдук шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде, жыйынды таблицаны жана “Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө” № 2 протоколду түзүүдө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган 20 шайлоо участогу боюнча маалыматтар алып салынганы эске алынды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын натыйжалары боюнча төмөнкү саясий партиялар 5%дык босогодон өткөн жок: «Ата Мекен» - 45 568 добуш же 3.56 %; «Легалайз» -7 943 добуш же 0.62 %; «Күчтүү Регион» - 8 212  добуш же 0,64 %; «Багыт» -12 634  добуш же 0,99 %; «Азаттык» - 52 183  добуш же 4,07 %; «Мекенчил Эл» - 20 522  добуш же 1.60 %; «Кыргызстан Жашылдар Партиясы» - 5 266 добуш же 0.41 %; «Жашасын Кыргызстан» - 5 615 добуш же 0.44 %; «Социал-Демократтар» - 40 280 добуш же 3.14 %; «Аруузат-Эл Куту» - 5 869 добуш же 0.46 %; «Кыргызстандын Бириктирүүчү патриоттук партиясы» - 12 279 добуш же 0.96 %; «Улуттар Биримдиги» - 31 382 добуш же 2.45 %; «Эл Үмүтү» - 57 642 добуш же 4,50 %; «Ордо» - 5 934 добуш же 0.46 %; «Улуу-Журт» - 9 376 добуш же 0.73 %.   Төмөнкү алты саясий партия 5%дык республикалык босогодон жана 0,5%дык региондук босогодон өттү жана депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышты: «Ата-Журт Кыргызстан» - 222 005 добуш же 17.32%, «Ишеним» - 174 470 добуш же 13.61%, «Ынтымак» - 141 009 добуш же 11.00%, «Альянс» - 106 955 добуш же 8.35%, «Бүтүн Кыргызстан» - 90 223 добуш же 7.04%, «Ыйман Нуру» - 79 025 добуш же 6.17%.   «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37 жана 64-беренелерин жетекчиликке алып жана «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 121 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 54 депутаттык мандатын төмөнкү саясий партиялардын ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алды: «Ата-Журт Кыргызстан» – 15 депутаттык мандат; «Ишеним» – 12 депутаттык мандат; «Ынтымак» – 9 депутаттык мандат; «Альянс» – 7 депутаттык мандат; «Бүтүн Кыргызстан» – 6 депутаттык мандат; «Ыйман Нуру» – 5 депутаттык мандат.   «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык, депутаттык мандаттардын төмөнкү саны шайлоочулардын кыйла көп добуштарын алган аял талапкерлердин арасында төмөнкү тартипте бөлүштүрүлдү:   «Ата-Журт Кыргызстан» – 5 депутаттык мандат; «Ишеним» – 4 депутаттык мандат; «Ынтымак» – 3 депутаттык мандат; «Альянс» – 3 депутаттык мандат; «Бүтүн Кыргызстан» – 2 депутаттык мандат; «Ыйман Нуру» – 2 депутаттык мандат.   Төмөнкү саясий партиялардан талапкерлер бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылды: Ата-Журт Кыргызстан»: Торобаев Бакыт Эргешевич Исмаилов Фархат Даткабаевич Сарыбашов Таалайбек Насирбекович Маткеримов Айбек Тураталиевич Токторбаев Жеңишбек Шермаматович Сулайманов Эльдар Нурланович Сабиров Равшанбек Азатович Садырбаева Жылдыз Эсенбековна Козуев Алишер Абибиллаевич Кыдыкбаев Жаныбек Султанович Масабиров Талайбек Айтмаматович Исаева Джамиля Кубанычбековна Нарматова Надира Азимовна Талиева Камила Абдыразаковна Култаева Гулшаркан Оконовна 2. «Ишеним»: Алиев Медербек Кубанычевич Джусупов Эмилбек Рамидинович Таалайбек кызы Жылдыз Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич Ормонов Улугбек Зулпукарович Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович Мураталиев Марат Молдонович Шабазов Бахридин Валиевич Жакышов Русланбек Шергазиевич Темирбаева Миргул Омурзаковна Абдибаева Айсара Нышановна Султанбекова Чолпон Аалыевна 3. «Ынтымак»: Кокулов Эрулан Калчороевич Мажитова Шарапаткан Мамытов Талант Турдумаматович Тентишев Бакыт Эркинович Сыдыков Мурадил Жанышбекович Маматалиев Марлен Абдырахманович Түлөбаев Балбак Зарлыкович Исатбек кызы Аида Лурова Лейла Хияновна 4 «Альянс»: Айдарбеков Чингиз Азаматович Сулайманов Алтынбек Турдубаевич Исираилов Азамат Алмазбекович Алимжанов Фарходбек Айбекович Молдобекова Гулкан Сакиновна Алимжанова Нилуфар Якубжановна Оргалча Токтобубу 5. «Бүтүн Кыргызстан»: Мадумаров Адахан Кимсанбаевич Масалиев Исхак Абсаматович Токтошев Эмиль Токтакунович Эрбаев Алишер Ташбаевич Нарматова Орозайым Кочконбаевна Кожокулова Гуля Акматкуловна 6. «Ыйман Нуру»: Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Айжигитов Султанбай Абдрашитович Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич Раимбачаева Винера Калыбековна Ашимова Динара Ашимовна >>> Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынды таблица >>> Жараксыз деп таанылган 20 шайлоо участогу боюнча маалыматтар КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө Жобону конституциялык мыйзамга ылайык келтирди
15.12.2021

БШК добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө Жобону конституциялык мыйзамга ылайык келтирди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 2021-жылдын 15-декабрындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы №121 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө Жобо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул чечим Кыргыз Республикасынын БШКнын ченемдик укуктук актыларын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. Өзгөртүү 821-пунктуна “Саясий партиялар алган мандаттарды бөлүштүрүүдө, алгач жалпы мандаттардын санынын 30пайыздан кем эмеси шайлоочулардын эӊ көп добушун алган аялдардын арасында бөлүштүрүлөт. Эгер саясий партиялардын тизмесиндеги аял талапкерлер шайлоочулардын добуштарын албай калса, аялдар квотасы боюнча калган мандаттар  Борбордук шайлоо комиссиясында тизмени каттоодо белгиленген саясий партиянын тизмесиндеги аял талапкерлердин жайгашуу тартибине ылайык кезек боюнча бөлүштүрүлөт” резервделген мандаттардын саны боюнча киргизилди: Учурдагы басылыш Сунушталган басылыш       1) 1, 2, 3 мандатты алууда 1 мандат резервделет; 2) 4, 5, 6, 7 мандатты алууда 2 мандат резервделет; 3) 8, 9, 10 мандатты алууда 3 мандат резервделет; 4) 11, 12, 13 мандатты алууда 4 мандат резервделет; 5) 14, 15, 16 мандатты алууда 5 мандат резервделет; 6 17, 18, 19 мандатты алууда 6 мандат резервделет; 7) 20, 21, 22 мандатты алууда 7 мандат резервделет; 8) 23, 24, 25 мандатты алууда 8 мандат резервделет; 9) 26, 27 мандатты алууда 9 мандат резервделет. 1) 1, 2, 3 мандатты алууда 1 мандат резервделет; 2) 4, 5, 6, мандатты алууда 2 мандат резервделет; 3) 7, 8, 9, 10 мандатты алууда 3 мандат резервделет; 4) 11, 12, 13 мандатты алууда 4 мандат резервделет; 5) 14, 15, 16 мандатты алууда 5 мандат резервделет; 6) 17, 18, 19 мандатты алууда 6 мандат резервделет; 7) 20, 21, 22, 23 мандатты алууда 7 мандат резервделет; 8) 24, 25, 26 мандатты алууда 8 мандат резервделет; 9) 27 мандатты алууда 9 мандат резервделет.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын IT-адистери БШКнын сайтында маалыматтардын көрсөтүлүшүнүн анык экендигин ырасташты
15.12.2021

Саясий партиялардын IT-адистери БШКнын сайтында маалыматтардын көрсөтүлүшүнүн анык экендигин ырасташты

Саясий партиялардын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз IT-адистеринен, КР БШК мүчөлөрүнөн жана адистеринен түзүлгөн АЭУ маалыматтарын көз карандысыз түрдө текшерүү боюнча жумушчу топ 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жөнүндө АЭУ маалыматтарынын кошумча кыска таблицасын көрсөтүүдөгү механикалык катанын себептерин карады. Кеңешмеге төмөнкүлөр катышты: • А.Гуринов, программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуучуларынын Кыргыз Ассоциациясынын (КАРПОУ) төрагасы, көз карандысыз IT-эксперт, • Т.Токтогазиев, «Ата-Мекен» СП өкүлү, • А.Козубаев, Г.Кожокулова, «Бүтүн Кыргызстан» СП өкүлдөрү, • А.Айдарбеков, «Альянс» СП өкүлү, • Д. Нурманбетов, «Ынтымак» СП өкүлү, IT-адис, • Алтынбек уулу К., «Азаттык»” СП өкүлү, • А. Курманбаев, «Кыргызстан Жашылдар Партиясы» СП өкүлү, • Б. Жаныбаев, «Социал-демократтар» СП өкүлү, IT-адис, • А. Дыйканбаев, «ОРДО» СП өкүлү, IT-адис, • Сагынбек уулу К., «ОРДО» СП өкүлү, • Т.Арыков, “Таза Шайлоо” КФ өкүлү. КР БШК тараптан КР БШК мүчөсү, МШТны жана АЭУну программалык камсыздоону өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси М.Наспеков, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери катышты. Кеңешменин катышуучуларына newess.shailoo.gov.kg веб-ресурсунан алынган маалыматтардын негизинде добуш берүүнүн алдын ала маалыматтарынын көрсөтүлүшүн визуалдаштырууда колдонулуучу туура скрипт (программа) менен тесттик веб-сайт көрсөтүлдү. Андан кийин кыска алдын ала маалыматтардын көрсөтүлүшүн визуалдаштыруу боюнча туура жана туура эмес скрипттер салыштырылып көрсөтүлдү. Скриптин датасы жана өзгөрүүсү боюнча скрипттин алгоритми формула түрүндө көрсөтүлдү, анда добуш берүүнүн ката жана туура маалыматтары көрүндү. IT-адистер ката көрсөтүүнүн туура эмес скриптинен улам келип чыккандыгын ырасташты, ал эми добуштардын саны жана алардын пайызы автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) алынган маалыматтар менен дал келүүдө. Тышкы кыска таблицадагы катанын көрсөтүлүшүндөгү ката БШКнын МШТ серверине түшүп жаткан АЭУдан алынган алдын ала маалыматтардын жыйындысына таасир эткен эмес. КР БШК ар бир участок боюнча жыйынтык маалыматтар, ошондой эле шайлоочулардын саны боюнча маалыматтар 2016-жылдан тартып жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү менен БШКнын расмий сайтынын “Ачык маалыматтар” бөлүгүндө жарыяланып келатканы тууралуу маалымат берди. Кеңешменин катышуучулары кийинки шайлоолордун алкагында АЭУну тесттен өткөрүүгө шайлоо процессинин ар түрдүү катышуучуларын чакырып турууну, ошондой эле шайлоодо колдоордун алдында АЭУну тесттен өткөрүү боюнча Колдонмо/Окуу куралын түзүүнү сунушташты. Кеңешменин Протоколуна саясий партиялардын өкүлдөрү, IT-адистери кол коюшту.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен талапкерди чыгарды
15.12.2021

БШК «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен талапкерди чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 15-декабрда өткөн жыйналышында «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Дюшембиева Элиза Бакытовнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды. Чечим «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Э.Дюшембиеванын өз арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрында өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору
15.12.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрында өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору

-
Кененирээк билүү >>
1 … 158 160 … 485