Башкы Жаңылыктар Саясий партиялардын IT-адистери БШКнын сайтында маалыматтардын көрсөтүлүшүнүн анык …

Саясий партиялардын IT-адистери БШКнын сайтында маалыматтардын көрсөтүлүшүнүн анык экендигин ырасташты

15-Дек, 2021

Саясий партиялардын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз IT-адистеринен, КР БШК мүчөлөрүнөн жана адистеринен түзүлгөн АЭУ маалыматтарын көз карандысыз түрдө текшерүү боюнча жумушчу топ 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жөнүндө АЭУ маалыматтарынын кошумча кыска таблицасын көрсөтүүдөгү механикалык катанын себептерин карады.

Кеңешмеге төмөнкүлөр катышты:

• А.Гуринов, программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуучуларынын Кыргыз Ассоциациясынын (КАРПОУ) төрагасы, көз карандысыз IT-эксперт,

• Т.Токтогазиев, «Ата-Мекен» СП өкүлү,

• А.Козубаев, Г.Кожокулова, «Бүтүн Кыргызстан» СП өкүлдөрү,

• А.Айдарбеков, «Альянс» СП өкүлү,

• Д. Нурманбетов, «Ынтымак» СП өкүлү, IT-адис,

• Алтынбек уулу К., «Азаттык»” СП өкүлү,

• А. Курманбаев, «Кыргызстан Жашылдар Партиясы» СП өкүлү,

• Б. Жаныбаев, «Социал-демократтар» СП өкүлү, IT-адис,

• А. Дыйканбаев, «ОРДО» СП өкүлү, IT-адис,

• Сагынбек уулу К., «ОРДО» СП өкүлү,

• Т.Арыков, “Таза Шайлоо” КФ өкүлү.

КР БШК тараптан КР БШК мүчөсү, МШТны жана АЭУну программалык камсыздоону өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси М.Наспеков, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери катышты.

Кеңешменин катышуучуларына newess.shailoo.gov.kg веб-ресурсунан алынган маалыматтардын негизинде добуш берүүнүн алдын ала маалыматтарынын көрсөтүлүшүн визуалдаштырууда колдонулуучу туура скрипт (программа) менен тесттик веб-сайт көрсөтүлдү. Андан кийин кыска алдын ала маалыматтардын көрсөтүлүшүн визуалдаштыруу боюнча туура жана туура эмес скрипттер салыштырылып көрсөтүлдү. Скриптин датасы жана өзгөрүүсү боюнча скрипттин алгоритми формула түрүндө көрсөтүлдү, анда добуш берүүнүн ката жана туура маалыматтары көрүндү.

IT-адистер ката көрсөтүүнүн туура эмес скриптинен улам келип чыккандыгын ырасташты, ал эми добуштардын саны жана алардын пайызы автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) алынган маалыматтар менен дал келүүдө.

Тышкы кыска таблицадагы катанын көрсөтүлүшүндөгү ката БШКнын МШТ серверине түшүп жаткан АЭУдан алынган алдын ала маалыматтардын жыйындысына таасир эткен эмес.

КР БШК ар бир участок боюнча жыйынтык маалыматтар, ошондой эле шайлоочулардын саны боюнча маалыматтар 2016-жылдан тартып жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү менен БШКнын расмий сайтынын “Ачык маалыматтар” бөлүгүндө жарыяланып келатканы тууралуу маалымат берди.

Кеңешменин катышуучулары кийинки шайлоолордун алкагында АЭУну тесттен өткөрүүгө шайлоо процессинин ар түрдүү катышуучуларын чакырып турууну, ошондой эле шайлоодо колдоордун алдында АЭУну тесттен өткөрүү боюнча Колдонмо/Окуу куралын түзүүнү сунушташты.

Кеңешменин Протоколуна саясий партиялардын өкүлдөрү, IT-адистери кол коюшту.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>