Башкы Жаңылыктар КР БШК бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын …

КР БШК бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарды жана шайлоонун натыйжаларын аныктады

15-Дек, 2021

Бүгүн, 2021-жылы 15-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп тааныды.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында 2494 участоктук шайлоо комиссиясы, алардын 59у – Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары, жана 36 округдук шайлоо комиссиясы комиссиясы түзүлдү.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин саны 3 703 420 шайлоочуну түздү, добуш берүүгө 1 281 622 шайлоочу катышты, бул шайлоочулардын жалпы санынын 34.61%ын түзөт.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 21 саясий партиядан талапкерлердин тизмелери катталды. Бардыгы 1 046 талапкер көрсөтүлдү, 1 037 талапкери катталды, өз арыздары боюнча 32 талапкер чыгарылды.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн 3 702 646 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде – 2 970 167, орус тилинде – 732 489 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 2 494 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.

Округдук шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде, жыйынды таблицаны жана “Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө” № 2 протоколду түзүүдө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган 20 шайлоо участогу боюнча маалыматтар алып салынганы эске алынды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын натыйжалары боюнча төмөнкү саясий партиялар 5%дык босогодон өткөн жок:

  1. «Ата Мекен» - 45 568 добуш же 3.56 %;

  2. «Легалайз» -7 943 добуш же 0.62 %;

  3. «Күчтүү Регион» - 8 212  добуш же 0,64 %;

  4. «Багыт» -12 634  добуш же 0,99 %;

  5. «Азаттык» - 52 183  добуш же 4,07 %;

  6. «Мекенчил Эл» - 20 522  добуш же 1.60 %;

  7. «Кыргызстан Жашылдар Партиясы» - 5 266 добуш же 0.41 %;

  8. «Жашасын Кыргызстан» - 5 615 добуш же 0.44 %;

  9. «Социал-Демократтар» - 40 280 добуш же 3.14 %;

  10. «Аруузат-Эл Куту» - 5 869 добуш же 0.46 %;

  11. «Кыргызстандын Бириктирүүчү патриоттук партиясы» - 12 279 добуш же 0.96 %;

  12. «Улуттар Биримдиги» - 31 382 добуш же 2.45 %;

  13. «Эл Үмүтү» - 57 642 добуш же 4,50 %;

  14. «Ордо» - 5 934 добуш же 0.46 %;

  15. «Улуу-Журт» - 9 376 добуш же 0.73 %.

 

Төмөнкү алты саясий партия 5%дык республикалык босогодон жана 0,5%дык региондук босогодон өттү жана депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышты:

  1. «Ата-Журт Кыргызстан» - 222 005 добуш же 17.32%,

  2. «Ишеним» - 174 470 добуш же 13.61%,

  3. «Ынтымак» - 141 009 добуш же 11.00%,

  4. «Альянс» - 106 955 добуш же 8.35%,

  5. «Бүтүн Кыргызстан» - 90 223 добуш же 7.04%,

  6. «Ыйман Нуру» - 79 025 добуш же 6.17%.

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37 жана 64-беренелерин жетекчиликке алып жана «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 121 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 54 депутаттык мандатын төмөнкү саясий партиялардын ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алды:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» – 15 депутаттык мандат;

  • «Ишеним» – 12 депутаттык мандат;

  • «Ынтымак» – 9 депутаттык мандат;

  • «Альянс» – 7 депутаттык мандат;

  • «Бүтүн Кыргызстан» – 6 депутаттык мандат;

  • «Ыйман Нуру» – 5 депутаттык мандат.

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык, депутаттык мандаттардын төмөнкү саны шайлоочулардын кыйла көп добуштарын алган аял талапкерлердин арасында төмөнкү тартипте бөлүштүрүлдү:

 

  • «Ата-Журт Кыргызстан» – 5 депутаттык мандат;

  • «Ишеним» – 4 депутаттык мандат;

  • «Ынтымак» – 3 депутаттык мандат;

  • «Альянс» – 3 депутаттык мандат;

  • «Бүтүн Кыргызстан» – 2 депутаттык мандат;

  • «Ыйман Нуру» – 2 депутаттык мандат.

 

Төмөнкү саясий партиялардан талапкерлер бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылды:

Ата-Журт Кыргызстан»:

  1. Торобаев Бакыт Эргешевич

  2. Исмаилов Фархат Даткабаевич

  3. Сарыбашов Таалайбек Насирбекович

  4. Маткеримов Айбек Тураталиевич

  5. Токторбаев Жеңишбек Шермаматович

  6. Сулайманов Эльдар Нурланович

  7. Сабиров Равшанбек Азатович

  8. Садырбаева Жылдыз Эсенбековна

  9. Козуев Алишер Абибиллаевич

  10. Кыдыкбаев Жаныбек Султанович

  11. Масабиров Талайбек Айтмаматович

  12. Исаева Джамиля Кубанычбековна

  13. Нарматова Надира Азимовна

  14. Талиева Камила Абдыразаковна

  15. Култаева Гулшаркан Оконовна

2. «Ишеним»:

  1. Алиев Медербек Кубанычевич

  2. Джусупов Эмилбек Рамидинович

  3. Таалайбек кызы Жылдыз

  4. Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич

  5. Ормонов Улугбек Зулпукарович

  6. Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович

  7. Мураталиев Марат Молдонович

  8. Шабазов Бахридин Валиевич

  9. Жакышов Русланбек Шергазиевич

  10. Темирбаева Миргул Омурзаковна

  11. Абдибаева Айсара Нышановна

  12. Султанбекова Чолпон Аалыевна

3. «Ынтымак»:

  1. Кокулов Эрулан Калчороевич

  2. Мажитова Шарапаткан

  3. Мамытов Талант Турдумаматович

  4. Тентишев Бакыт Эркинович

  5. Сыдыков Мурадил Жанышбекович

  6. Маматалиев Марлен Абдырахманович

  7. Түлөбаев Балбак Зарлыкович

  8. Исатбек кызы Аида

  9. Лурова Лейла Хияновна

4 «Альянс»:

  1. Айдарбеков Чингиз Азаматович

  2. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич

  3. Исираилов Азамат Алмазбекович

  4. Алимжанов Фарходбек Айбекович

  5. Молдобекова Гулкан Сакиновна

  6. Алимжанова Нилуфар Якубжановна

  7. Оргалча Токтобубу

5. «Бүтүн Кыргызстан»:

  1. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич

  2. Масалиев Исхак Абсаматович

  3. Токтошев Эмиль Токтакунович

  4. Эрбаев Алишер Ташбаевич

  5. Нарматова Орозайым Кочконбаевна

  6. Кожокулова Гуля Акматкуловна

6. «Ыйман Нуру»:

  1. Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович

  2. Айжигитов Султанбай Абдрашитович

  3. Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич

  4. Раимбачаева Винера Калыбековна

  5. Ашимова Динара Ашимовна

>>> Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынды таблица

>>> Жараксыз деп таанылган 20 шайлоо участогу боюнча маалыматтар

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>