Башкы Жаңылыктар БШК №31 Чүй-Кемин округу боюнча талапкер М. Саккараевди …

БШК №31 Чүй-Кемин округу боюнча талапкер М. Саккараевди каттоону жокко чыгарды, шайлоо натыйжаларын аныктоо убактылуу токтотулду

19-Дек, 2021

БШК №31 Чүй-Кемин округу боюнча талапкер М. Саккараевди каттоону жокко чыгарды, шайлоо натыйжаларын аныктоо убактылуу токтотулду

2021-жылы 18-декабрда №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча талапкер М.Дж. Саккараевди каттоону жокко чыгарды.

Чечим М.Дж. Саккараев тарабынан анын башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги тууралуу толук маалыматты бербегендигинин негизинде кабыл алынды.

КР БШКнын 2021-жылдын 11-октябрыдагы чечими менен М.Дж. Саккараев №31 Чүй-Кемин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер катары катталган.

 2021-жылы 16-ноябрда А. Айдаралиевден болгон маалыматтар боюнча М.Дж. Саккараев Казакстан Республикасынын жараны болуп саналат деген арыз түшкөн.

2021-жылы 16-ноябрда КР БШК М.Дж. Саккараевдин Казакстан Республикасынын жарандыгы бар/жоктугу жөнүндө (белгиленген тартипте) маалымат берүү жөнүндө КР Тышкы иштер министрлигине, КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине жана КР Юстиция министрлигине суроо-талап жөнөткөн.

2021-жылы 23-ноябрда БШКга Чүй облусунун ИИББ тергөө кызматынан №31 Чүй-Кемин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Дж. Саккараевдин кош жарандык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш териштирилүүдө деген маалымат түшкөн. Казакстан Республикасынын Мамлекеттик базасына ылайык жаран Саккараев Медербек Джаманкулович Казакстан Республикасынын жараны болуп саналары тууралуу маалымат Алматы шаарынын полиция департаментинин миграция кызматынын башкармалыгынан териштирүү алкагында (факс аркылуу) алынгандыгы жөнүндө Чүй облусунун ИИББ маалымат берди.

2021-жылы 24-ноябрда талапкер М.Дж. Саккараевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин “12.12.1971-жылы туулган М.Саккараев “Казакстан Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Казакстан Республикасынын Мыйзамынын 21-пунктунун 5-пунктчасына ылайык Казакстан Республикасынын жараны болуп саналбайт” деген 2021-жылдын 22-ноябрындагы маалымкаты (консул Н. Гильмановдун колтамгасы менен) берилди.

Элчилик маалымкатта шилтеме жасаган “Казакстан Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Казакстан Республикасынын Мыйзамынын 21-пунктунун 5-пунктчасы башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алгандыгына байланыштуу жарандыгын жоготкондугун билдиргендиктен, КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Дж. Саккараевден тиешелүү документтерди тиркөө менен Казакстандын жарандыгы бар мезгилдер жана  жарандыгын жоготкон датасы тууралуу толук маалымат берүүнү сурады.

Мында каттоо учурунда берилген документтерге ылайык талапкер М.Дж. Саккараев талаптарды бузуп, талапкер тапшырган анкетада (№4-1 форма) анын башка мамлекеттин жарандыгы болгондугу жөнүндө маалымат көрсөтүлбөгөндүгү дагы белгиленди (анкетада эгерде буга чейин бар болсо, башка мамлекеттин жарандыгына кабыл алынган жана жарандыктан чыккан датаны көрсөтүү талап кылынат).

Документтерди тапшырган учурда жалган маалымат бергендик үчүн жоопкерчилик тууралуу М.Дж. Саккараевге эскертилген, бул тууралуу ал толтурган талапкер жөнүндө маалыматта колтамгасы турат.

2021-жылы 25-ноябрда КР БШК Чүй облусунун Токмок ИИБден алынган документтердин (факс көчүрмөсү) укуктук статусун ырастоо  жөнүндө маалымат берүү жөнүндө КР ИИМге кат жөнөттү.

2021-жылы 25-ноябрда КР ИИМ (жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалык) Алматы шаарынын полиция департаментинин миграция кызматынын башкармалыгынан төмөнкүдөй маалымат алынгандыгы  тууралуу билдирди: “Казакстан Республикасынын жеке жактардын маалыматтар базасына ылайык 12.12.1971-жылы туулган Саккараев Медербек Джаманкулович Казакстан Республикасынын жараны болуп саналат.

Мында Казакстан Республикасынын Алматы шаарынын полиция департаментинин миграция кызматынын башкармалыгынын маалыматы боюнча 17.04.2002-жылы  Казакстан Республикасынын ИИМ тараптан М.Дж. Саккараевге 17.04.2012-жылга чейин колдонуу мөөнөтү менен Казакстан Республикасынын жаранынын улуттук паспорту берилген (учурда Казакстан Республикасынын жаранынын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтердин колдонуу мөөнөтү аяктады).

Ошондой эле 27.01.2006-жылдан тартып Алматы шаарында катталган (так дареги көрсөтүлгөн) жана турак-жайдын менчик ээсинин арызы боюнча 09.10.2014-жылы каттоодон чыгарылган.

Казакстан Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоочу жерге чыгып кеткендик, Казакстан Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы/жарандыгын жоготкондугу жөнүндө маселе боюнча Казакстан Республикасынын Алматы шаарынын полиция департаментинин миграция кызматынын башкармалыгынын маалыматы жок”.

2021-жылы 26-ноябрда талапкер М.Дж. Саккараевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан “Талапкер жөнүндө маалыматтар” №4-1 форма кайрадан толтурулуп, анда ал 2006-2016-жылдар мезгилинде башка мамлекеттин – Казакстан Республикасынын жарандыгы болгондугун көрсөткөн.

Ошону менен бирге, маалыматтар Казакстан Республикасынын Элчилигинде такталууда деген шилтеме менен Казакстан Республикасынын жарандыгын алган/жарандыгын жоготкон даталары жөнүндө ал маалымат берген эмес.

2021-жылдын 18-декабрына карата ал маалымат жана тиешелүү документтер тапшырыла элек.

2021-жылы 27-ноябрда КР УКМК “КР УКМКда болгон  маалыматтар боюнча Саккараев М.Дж. 2002-жылы Казакстандын жарандыгын алгандыгын” расмий түрдө билдирди.

“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун бардык типтери, жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгүн күбөлөндүргөн башка документтер Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөндүргөн документтер болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын жарандык актыларды жазуу органдарынын маалыматына ылайык:

1. “12.12.1971-жылы туулган Саккараев М.Дж. Токмок шаарынын ЖААЖБ тарабынан берилген 12.12.1971-жылы туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде Токмок шаарынын ИИБ берген биринчи паспорту (1974-жылдагы үлгүдөгү) менен 22.12.1988-жылы документтештирилген.

2. 23.08.1995-жылы жогоруда көрсөтүлгөн биринчи паспорттун негизинде паспорт (1994-жылдагы үлгүдөгү) менен ИИМ 50-11 тараптан документтештирилген.

3. 29.01.2008-жылы 1995-жылдагы паспорттун негизинде паспорт (2004-жылдагы үлгүдөгү) менен Бишкек шаарынын шашылыш документтештирүү бөлүмү тараптан документтештирилген.

4. 24.04.2015-жылы 2008-жылдагы паспорттун негизинде паспорт (2004-жылдагы үлгүдөгү) менен Бишкек шаарынын шашылыш документтештирүү бөлүмү тараптан документтештирилген.

2015-жылдагы паспорттун көчүрмөсү каттоо учурунда БШКга берилген.

Маалыматта “М.Дж. Саккараевдин Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы жана Казакстан Республикасынын жарандыгын алгандыгы жөнүндө маалымат жок” деп билдирилет.

2021-жылы 1-декабрда 3 талапкер – Т. Жансеитовдон, К. Мурсалиевден жана Н.Дуйшеналиевден арыз түштү, алар “КРдин укук коргоо органдары тарабынан ал Казакстан Республикасынын жараны болгондугу далилденгендигине, муну Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары ырастагандыгына” байланыштуу Чүй-Кемин округу боюнча талапкер М. Саккараевди каттоону жокко чыгарууну талап кылышууда.

Берилген маалыматты жана материалдарды талкуулап жана изилдеп, талапкер М.Дж. Саккараевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 38-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 59, 61-беренелеринин негизинде  Борбордук шайлоо комиссиясы №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Дж. Саккараевди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Кабыл алынган чечимге байланыштуу, аталган талапкер добуштардын кыйла көп санын алган округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын эске алып,  талапкерди  каттоону жокко чыгарууну сот тартибинде даттануу ниети жөнүндө талапкер М.Дж. Саккараевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн билдирүүсүн көңүлгө алып, БШК №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча шайлоо натыйжаларын аныктоо жөнүндө маселени кароону убактылуу токтотту.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

                  

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>