БШК Конституциялык мыйзамдын ар бир партиянын мандатынын кеминде 30%ын аял талапкерлерге бөлүштүрүү боюнча талаптарын аткарып жатат
16 декабря 2021
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык:
"Саясий партия алган мандаттарды бөлүштүрүүдө алгач саясий партия алган мандаттардын жалпы санынын 30 пайызынан кем эмеси добуштардын эң көп санын алган аял-талапкерлерге бөлүштүрүлөт."
Буга байланыштуу саясий партия 7 мандат алса, бул мандаттардын 30% кем эмеси 3 мандат дегенди билдирет.
Эскертүү: мандаттын 30%дан кем эмесин аялдарга калтыруу боюнча ушул эле жобо айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо да колдонулган, мында дагы 7 мандаттын 3ү аялдарга берилген.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолордо добуш берүү тартибин уюштуруу жөнүндө, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана шайлоо комиссияларынын шайлоонун жыйынтыгын аныктоо боюнча Жобосуна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.
Белгилей кетсек, БШКнын токтомун Конституциялык мыйзамга ылайык келтирүү чечими, БШК добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө чечим кабыл алганга чейин кабыл алынган.
Кандай болгон күндө да, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР мыйзамына ылайык, Конституциялык мыйзам Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын актысына караганда жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук акт болуп саналат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-32-33-беренелерине ылайык, ченемдик укуктук акт өзүнө салыштырмалуу жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга карама-каршы келбөөгө тийиш. Ченемдик укуктук актылардын ортосунда карама-каршылык келип чыккан учурда, укуктук мамилелердин субъекттери жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыны, башкача айтканда Конституциялык мыйзамды жетекчиликке алышат. Ченемдик укуктук актыларда коллизиялар пайда болгондо аларды кабыл алган ченемди кабыл алуучу органдар коллизияларды жоюу үчүн аларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
Ошондуктан, бул өзгөртүүлөр КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Конституциялык мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР мыйзамынын талаптарын аткаруунун алкагында киргизилди. Тилекке каршы, преференциялык шайлоо тутумун жана аялдар үчүн квота киргизүүнүн демилгечиси болгон партиянын лидери жана ушуларды колдогон ошол партиянын талапкери, бүгүн ушул маселенин тегерегинде чайкоочулук кылып, өз кезегинде КР Жогорку Кеңешинин депутаттары катары өздөрү кабыл алган конституциялык Мыйзамдын талаптарын аткаруунун ордуна коомчулукту адаштарып жатканы абдан өкүнтөт.
КР БШК Маалымат бөлүмү