Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Бир мандаттуу 5 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды
13.12.2021

Бир мандаттуу 5 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 13-декабрындагы жыйналышында бир мандаттуу беш шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады. Бир мандаттуу төрт шайлоо округунда шайлоо болуп өттү деп таанылды. Тиешелүү округдардын аймактарында добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылды: - № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Икрамов Тазабек Икрамович; - № 14 Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич; - № 34 Жети-Өгүз бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Малиев Арсланбек Касымакунович; - № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Сарбагышев Максатбек Канатбекович. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү “Баарына каршы” позициясы үчүн берилген добуштардын саны кыйла көп добуш алган талапкерге берилген добуштардын санынан көп болуп калгандыктан № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өткөн жок деп таанышты. ОШКларда округдар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда жана БШКда шайлоо натыйжаларын аныктоодо түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдерди кабыл алды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 13-декабрында өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору
13.12.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 13-декабрында өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                                      Өткөрүү датасы: 13-декабрь 2021-ж.                                                                                    Убактысы: 18.00                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. №13 Сузак шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу тууралуу №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ю.В. Лилиенталдын арызы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.,  укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 2. Жети-Өгүз округдук шайлоо комиссиясынын аракетсиздигине карата жана №№ 3194, 3239, 3207, 3208, 3211, 3212 - 3223, 3227 - 3229, 3232, 3234 - 3237, 3239, 3241, 3202, 3198, 3199, 3252 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу тууралуу №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А. Абдрахматованын арызы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.,  укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 3. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун № 34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Малиев Арсланбек Касымакунович тууралуу маалыматы жөнүндө (баяндамачы – Исмаилова Ч.С., ЫЧККТ катчысы) 4. № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. № 14 Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. № 34 Жети-Өгүз бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 8. № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 9. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө жобо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 121 токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ  (баяндамачы – Кутбердиева М.,  укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 10. Ар кандай маселеле    
Кененирээк билүү >>
Бир мандаттуу 7 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды
12.12.2021

Бир мандаттуу 7 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 12-декабрындагы жыйналышында бир мандаттуу жети шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп тааныды жана шайлоо натыйжаларын аныктады. Тиешелүү округдардын аймактарында добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылды: - № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич; - № 3 Кадамжай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Атажанов Ырысбек Ысламович; - № 4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Бакиров Омурбек Мирзараимович; - № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Коргонбай уулу Жусупбек; - № 19 Токтогул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Сулайманов Кундузбек Кошалиевич; - № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Абиров Жаныбек Болотбекович; - № 20 Манас бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Джумабеков Дастанбек Артисбекович. ОШКларда округдар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда жана шайлоо натыйжаларын аныктоодо БШК түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдерди кабыл алды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 12-декабрында өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору
12.12.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 12-декабрында өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору

-
Кененирээк билүү >>
Бир мандаттуу 4 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
12.12.2021

Бир мандаттуу 4 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

  2021-жылдын 11-декабрындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 4 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өттү деп таап, анын жыйынтыктарын аныктады. Тиешелүү округдардын аймактары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланды деп табылды: - № 12 Өзгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча - Элмурза Ракиевич Сатыбалдиев; - №10 Куршаб бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Төлөнов Данияр Эрмекович; - № 18 Ала-Бука бир мандаттуу шайлоо округу боюнча - Турсунбаев Азизбек Атакозуевич; - № 35 Ак-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча - Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич. ОШК шайлоо округдары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда жана шайлоонун жыйынтыгын аныктоодо БШК келип түшкөн бардык арыздарды жана даттанууларды карайт, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган. Жыйында ошондой эле укук коргоо органдарынын компетенциясына кирген укук бузуулар тууралуу сигналдарды текшерүү жана иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча ЫАККТ маалыматы берилди: 1. Ала-Бука шайлоо округунун шайлоочуларынын арызы боюнча талапкер А. Турсунбаевдин шайлоо өнөктүгүнүн үгүт эрежелерин бузуу, административдик ресурсту пайдалануу жана шайлоочулардын добушун сатып алуусу боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы угулду. Ала-Бука районунун ички иштер башкармалыгынын башчысы массалык иш-чарада талапкер тарабынан сыйлыктарды тапшыруу боюнча Ала-Бука районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш курамынын жоктугунан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынганын билдирди. Талапкердин үгүт иш-чараларына баш ийген кызматкерлердин катышуусун уюштуруу максатында райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы тарабынан мектептердин биринин директоруна карата административдик ресурс колдонулгандыгы боюнча мыйзам бузуу белгилери жоктуктан улам, муну номенклатуралык иштин эсебине которуу чечими кабыл алынган. Ошол эле учурда бул фактыларды текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ала-Бука районунун прокуратурасынын берилген сунушу менен райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги ээлеген кызматынан бошотулган. Ала-Бука районунун прокурорунун орун басарынын берген маалыматына караганда, райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жана номенклатуралык ишке чыгаруу боюнча кабыл алынган чечимдерине көзөмөлдүк кылуу үчүн иликтөөнүн жыйынтыгында алар негиздүү деп табылды. 2. Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин талапкер Д.Төлөновго карата арызы каралды. Арыз ээлери талапкердин шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузгандыгына байланыштуу аны каттоону жокко чыгарууну жана шайлоо округу боюнча шайлоочулардын добуштарын кайра санап берүүнү өтүнүштү. Добуштарды сатып алуу фактылары тууралуу маалымат КР ИИМдин компетенциясына караштуу болгондуктан, ЫАККТ аркылуу жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү 2021-жылдын 28-ноябрында талапкердин жакындары тарабынан добуш сатып алуу фактылары тастыкталбагандыгына жана шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына байланыштуу тиешелүү текшерүү иш-чараларынын жыйынтыгында, маалымат номенклатуралык иштин эсебине чыгарылган. Ушунун негизинде БШК талапкер Д.Төлөновду каттоону жокко чыгаруу үчүн негиздердин жоктугуна жана добуштарды кайра саноо негизсиздигине байланыштуу арыздагы талаптарды канааттандыруудан баш тартты. КР БШК Маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Бир мандаттуу 8 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды
11.12.2021

Бир мандаттуу 8 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-декабрындагы жыйналышында бир мандаттуу сегиз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп тааныды жана шайлоо натыйжаларын аныктады. Тиешелүү округдардын аймактарында добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылды: - бир мандаттуу № 15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Алтынбеков Айбек; - бир мандаттуу № 16 Ноокен шайлоо округу боюнча Сыдыков Бактыбек Усенович; - бир мандаттуу № 22 Жайыл шайлоо округу боюнча Азыгалиев Нурланбек Асанбекович; - бир мандаттуу № 23 Москва шайлоо округу боюнча Ханджеза Карим Лемзарович; - бир мандаттуу № 7 Ош шайлоо округу боюнча Осмонов Айбек Жапарович; - бир мандаттуу № 28 Октябрь шайлоо округу боюнча Бекешев Дастан Далабайевич; - бир мандаттуу № 33 Нарын шайлоо округу боюнча Бакасов Улан Болотбекович; - бир мандаттуу № 8 Төлөйкөн шайлоо округу боюнча Алимбеков Нурбек Каарыевич. ОШКларда округдар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда жана шайлоо натыйжаларын аныктоодо БШК түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдерди кабыл алды. Ошондой эле Ноокен шайлоо округундагы бузуулар тууралуу билдирүүлөр боюнча текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу ички иштер органдарынын өкүлдөрүнүн маалыматы угулду. ИИМ өкүлү билдиргендей, текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча жазыктын жана жоруктун курамы болбогондуктан, сотко чейинки өндүрүш токтотулду. Төлөйкөн шайлоо округу боюнча талапкер тараптан сатып алуу жөнүндө билдирүүнү териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча Ош шаарынын прокуратура органдарынын өкүлү чыгып сүйлөдү. Берилген маалыматка ылайык териштирүү токтотулду, прокуратура ички иштер органдары тараптан талапкерге карата териштирүүнү токтотулгандыгы мыйзамдуу жана негиздүү болгон деп тааныды. БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобу талапкерлердин шайлоо фонддорундагы каражаттардын кыймылынын мыйзамдарга ылайыктыгын текшерүү жыйынтыктары боюнча өз корутундусун берди.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021 - жылдын 11-декабрындагы отурумунун күн тартибинин долбоору
11.12.2021

КР БШКнын 2021 - жылдын 11-декабрындагы отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                                     Өткөрүү датасы: 11 -декабрь 2021-ж.                                                                                    Убактысы: 17.00                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. №12 Өзгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №10 Куршаб шайлоо округу боюнча талапкерлердин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д. Толоновдун каттоосун жокко чыгаруу жана №10 Куршаб шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетендердин кайталап эсептөөнү жүргүзүү тууралуу жамааттык арызы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)  3. №10 Куршаб бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына № 18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевич тууралуу маалыматы жөнүндө (баяндамачы – Исмаилова Ч.С.,   Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун катчысы) 5. №18 Ала-Бука бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө (баяндамачы – Исмаилова Ч.С., ЫЧКТ катчысы) 6. №35 Ак-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо күрөөлөрү боюнча Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы (жаңыланды)
10.12.2021

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо күрөөлөрү боюнча Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы (жаңыланды)

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо күрөөлөрү жөнүндө маалымат берет. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесине ылайык: шайлоо күрөөсү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге “төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилет: 1) бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайызообан кем эмес добушун алгандарга, алар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмү жана аны түзгөн бардык булактар, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө отчет бергенден кийин; 4) эгерде ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн отчет Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин шайлоо өткөн жок же жараксыз деп таанылса”. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого иш жүзүндө 282 талапкер катышып, алардын ар бири БШКнын депозит эсебине 100 миң сомдон шайлоо күрөөсүн төгүштү, алардын жалпы суммасы 28 млн. 200 сомду түздү. Алдын ала маалыматтар боюнча бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштары төмөнкүдөй бөлүндү (төмөн жактагы Тиркемедеги 1-таблицаны караңыз). № 27 Биринчи май шайлоо округунда жана № 29 Свердлов шайлоо округунда “Баарына каршы” сабы көп сандагы добуш алгандыгын (тийиштүүлүгүнө жараша 32,98% жана 37,51%) белгилөө керек, демек, бул шайлоо округдарында шайлоо өткөн жок деп таанылууга тийиш жана кайра шайлоо өткөрүлүүгө тийиш. Ошентип, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес добушун алган талапкерлердин саны 156 адамды түздү. Шайлоо өткөн жок деп таанылган эки бир мандаттуу шайлоо округунда шайлоого катышкан талапкерлердин саны 11 адамды түздү. Өз фондусунун каражаттарынын өлчөмү жана ага түшкөн каражаттардын бардык булактары, ошондой эле  бардык чыгымдар тууралуу Жыйынтык каржы отчётун мыйзамда белгиленген мөөнөттө (календарлык планга ылайык 2021-жылдын 8-декабрына чейин  (кошуп алганда) тапшыргандан кийин ошол төккөн ар бир талапкерге 100 миң сомдон шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет. Талапкерлерге кайтарылуучу шайлоо күрөөсүнүн жалпы суммасы 16 млн. 700 миң сомду түзөт (Тиркемедеги 2-таблицаны караңыз). Калган 11 млн. 500 миң сом сумма мыйзам ченемдери боюнча республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш. Тиркеме 1-таблица. КР ЖК депутаттарын шайлоодо алган добуштарынын пайызы боюнча бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси (алдын ала жыйынтыктар)         № Округдун №у жана аталышы Добушт. саны % 100 000 сом шайлоо күрөөсү кайтрылат (босого ≥ 5%)   № 1 Лейлек шайлоо округу       1 Таштанкулов Касым Абдусаматович 561 1,74%  бюджетке 2 Абдираимова Назгул Назыровна 2 085 6,45% ооба 3 Имматов Ина Имматович 1 908 5,90% ооба 4 Жороев Исманали Эгембердиевич 7 298 22,58% ооба 5 Бекмуратов Баймурат Асатович 2 839 8,59% ооба 6 Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич 10 847 33,56% ооба 7 Сегизбаев Мирбек Абдрахимович 386 1,19%  бюджетке 8 Мукарамов Асылбек Турабаевич 2 358 7,30% ооба 9 Жусупов Аширбай Бапович 2 553 7,90% ооба   №2 Баткен шайлоо округу       1 Салихов Кенеш Каримович 3 188 8,99% ооба 2 Төлөмүшов Бегали Пирмаматович 5 099 14,38% ооба 3 Артыкбаев Гыламидин Урустомович 2 472 6,97% ооба 4 Аширалиев Чынтемир Камчыбекович 6 310 17,79% ооба 5 Юсупалиев Мунарбек Худайбердиевич 1 224 3,45%  бюджетке 6 Абылкасым уулу Канатбек 1 815 5,12% ооба 7 Дыйканов Максатбек Дыйканович 2 574 7,26% ооба 8 Мадалиев Асылбек Алтымышович 2 251 6,35% ооба 9 Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич 6 556 18,49% ооба 10 Аркабаев Номанжан Акматович 1 605 4,53%  бюджетке   №3 Кадамжай шайлоо округу       1 Максутов Мурсалим Султаналиевич 1 191 3,22%  бюджетке 2 Шамшидин уулу Абдулхамид 891 2,41%  бюджетке 3 Акматов Айданбек Акматович 1 824 4,93%  бюджетке 4 Сыргабаев Замирбек Самаматович 4 621 12,48% ооба 5 Атажанов Ырысбек Ысламович 6 047 16,33% ооба 6 Курванбаев Суйунбек Бурканидинович 3 334 9,00% ооба 7 Досанов Нурбек Маликович 1 777 4,80%  бюджетке 8 Насиров Абдижамил Жусупович 1 880 5,08% ооба 9 Маматалиева Өмүркан Турсуналиевна 777 2,10%  бюджетке 10 Талипов Нурали Орозалиевич 3 021 8,16% ооба 11 Садыкова Эркеайым Гульбаевна 603 1,63%  бюджетке 12 Миркадыров Мухтар Мирсалиевич 2 054 5,55% ооба 13 Ганыев Каныбек Токтоматович 2 043 5,52% ооба 14 Мурадилов Бекболот Мурадилович 1 532 4,14%  бюджетке 15 Алибеков Шерахмад Халилович 1 801 4,86%  бюджетке 16 Маманова Розакан Султановна 244 0,66%  бюджетке 17 Назарбаев Абдунаби Салыевич 1 206 3,26%  бюджетке   №4 Көк-Жар шайлоо округу       1 Рысбаев Равшанбек Рысбаевич 10 358 29,66% ооба 2 Бакиров Өмүрбек Мирзаимович 11 411 32,68% ооба 3 Мадмаров Уланбек Аданбекович 5 568 15,95% ооба 4 Абдрахманов Азамат Абдилазизович 1 776 5,09% ооба 5 Түмөнов Чынгыз Сүйүнбаевич 964 2,76%  бюджетке 6 Турсункулов Мирланбек Эшматович 652 1,87%  бюджетке 7 Зулпуев Абдивап Момунович 2 645 7,57% ооба   №5 Ноокат шайлоо округу       1 Коргонбай уулу Жусупбек 13 323 43,08% ооба 2 Абдивалиев Артыкбай Турабидинович 2 588 8,37% ооба 3 Марипов Бакытбек Асамидинович 13 274 42,92% ооба   №6 Араван шайлоо округу       1 Нурбаев Жалолидин Паязидинович 14 913 44,95% ооба 2 Абдувалиев Давлатбек Маматурдиевич 2 531 7,63% ооба 3 Обдунов Элмурат Адбувапович 2 403 7,24% ооба 4 Нурбаев Бакытбек Токтосунович 3 344 10,08% ооба 5 Гаипов Адахамжон Алимжонович 1 321 3,98%  бюджетке 6 Маннанов Ильхом Абдукахарович 6 446 19,43% ооба   №7 Ош шайлоо округу       1 Камчиев Жамбылбек 1 329 3,10%  бюджетке 2 Сайпидинов Эмил Жумабаевич 1 987 4,64%  бюджетке 3 Арзибаев Бекболот Осконбаевич 7 470 17,43% ооба 4 Осмонов Айбек Жапарович 21 348 49,80% ооба 5 Сагынбаев Дайыр Баяманович 1 125 2,62%  бюджетке   №8 Төлөйкөн шайлоо округу       1 Алимбеков Нурбек Каарыевич 17 382 40,20% ооба 2 Жуков Виталий Юрьевич 1 627 3,76%  бюджетке 3 Атазов Шайлообек Карыбекович 16 258 37,60% ооба 4 Орозбаев Айбек Маматович 2 524 5,84% ооба   №9 Кара-Суу шайлоо округу       1 Абдыразаков Нурсултан Эркинбекович 1 025 2,84%  бюджетке 2 Эргешов Толкун Турдукулович 2 614 7,25% ооба 3 Примкулов Гавхарбек Асылбекович 1 717 4,77%  бюджетке 4 Бакир Бакытбек 1 597 4,43%  бюджетке 5 Матраимов Искендер Исмаилович 22 480 62,39% ооба   №10 Куршаб шайлоо округу       1 Танабаев Нурлан Исамидинович 2 019 5,01% ооба 2 Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич 6 734 16,71% ооба 3 Пасанов Эржигит Жетимишович 7 924 19,67% ооба 4 Толонов Данияр Эрмекович 10 015 24,85% ооба 5 Токторов Алтынбек Эгембердиевич 2 899 7,19% ооба 6 Садыков Нурбек Аданбекович 2 329 5,78% ооба 7 Келдибаев Төлөгөн Кыязович 1 053 2,61%  бюджетке 8 Бакыев Улукбек Хаджимуканович 33 8,31% ооба   №11 Алай шайлоо округу       1 Примов Улан Бердибаевич 21 938 50,63% ооба 2 Божонов Замирбек Сабиржанович 4 551 10,50% ооба 3 Саипов Бакытбек Саипович 6 118 14,12% ооба 4 Орунбеков Дайырбек Тейишович 6 439 14,86% ооба 5 Тоотаев Улукмырза Абдилашимович 1 239 2,86%  бюджетке   №12 Өзгөң шайлоо округу       1 Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич 22 136 73,39% ооба   №13 Сузак шайлоо округу       1 Кебекбаев Сабыралы Тойчуевич 2 146 5,68% ооба 2 Икрамов Тазабек Икрамович 11 912 31,54% ооба 3 Максутов Манас Кутчубекович 526 1,39%  бюджетке 4 Лилиенталь Юлия Викторовна 867 2,30%  бюджетке 5 Камбаров Абдиллабек Ракманович 2 044 5,41% ооба 6 Кулматов Эделбек Маматкулович 10 133 26,83% ооба 7 Джээнбеков Жусупжон Амрожанович 1 265 3,35%  бюджетке 8 Эгембердиев Омурбек Калыбекович 3 054 8,09% ооба 9 Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахапович 2 275 6,02% ооба   №14 Жалал-Абад шайлоо округу     ооба 1 Жээнбеков Келдибек Эркинбекович 1 978 5,77% ооба 2 Шаимкулов Манас Каныбекович 1 842 5,38% ооба 3 Салымбаев Чынгыз Жусупович 585 1,71%  бюджетке 4 Атабеков Таалайбек Айтышович 1 173 3,42%  бюджетке 5 Мамасыдыков Кумарбек Канболотович 1 365 3,98%  бюджетке 6 Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич 21 287 62,14% ооба   №15 Базар - Коргон шайлоо округу       1 Уметалиев Артур Алимжанович 999 2,58%  бюджетке 2 Конурбаева Айгуль Казыбековна 1 116 2,89%  бюджетке 3 Алтынбеков Айбек 23 779 61,48% ооба 4 Арзыкулов Сүйүнбек Абитович 1 376 3,56%  бюджетке 5 Бакиев Кубанычбек 7 680 19,86% ооба   №16 Ноокен шайлоо округу       1 Арстанбеков Акылбек Советбекович 10 276 26,98% ооба 2 Матсаков Кадырбек Мусаевич 1 863 4,89%  бюджетке 3 Кадыркулов Мурат Калмаматович 1 076 2,82%  бюджетке 4 Сыдыков Бактыбек Усенович 20 991 55,11% ооба   №17 Аксы шайлоо округу       1 Шайдиев Алмазбек Усупбаевич 1 009 3,18%  бюджетке 2 Шакиев Нурланбек Тургунбекович 12 082 38,04% ооба 3 Токтобаев Суйунбай Жумаканович 1 837 5,78% ооба 4 Момунов Акат Акынович 2 697 8,49% ооба 5 Эргешов Алмазбек Манасбекович 5 923 18,65% ооба 6 Чомонов Манас Алишерович 6 864 21,61% ооба   №18 Ала-Бука шайлоо округу     ооба 1 Алымов Адылбек Шарипович 6 519 21,70% ооба 2 Сулайманкулов Медеркул Ормонович 6 779 22,57% ооба 3 Оморов Чынгыз Ашырбекович 2 176 7,24% ооба 4 Туранов Искендер Эрикович 1 447 4,82%  бюджетке 5 Турсунбаев Азизбек Атакозуевич 11 279 37,54% ооба   №19 Токтогул шайлоо округу       1 Байгазиев Беканас Замирбекович 1 269 3,47%  бюджетке 2 Дуйшеналиев Болотбек Согушбекович 3 694 10,11% ооба 3 Тотонов Нурбек Темирбекович 6 313 17,27% ооба 4 Кармышов Тимурлан Апизканович 2 607 7,13% ооба 5 Сулайманов Кундузбек Кошалиевич 7 957 21,77% ооба 6 Бекишов Абдыбек Дуйшебекович 1 684 4,61%  бюджетке 7 Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович 6 924 18,94% ооба 8 Матмусаев Жанышбек Мырзабекович 832 2,28%  бюджетке 9 Ракаев Акылбек Калышевич 1 547 4,23%  бюджетке   №20 Манас шайлоо округу       1 Шаршенбек Сардар 859 2,56%  бюджетке 2 Назарбеков Мирлан Рысбекович 13 193 39,25% ооба 3 Мамбеткулов Замирбек Токтогулович 1 207 3,59%  бюджетке 4 Джакыпбеков Шадыкан Мырзаканович 345 1,03%  бюджетке 5 Джакеев Алмазбек Алманбетович 3 080 9,16% ооба 6 Джумабеков Дастанбек Артисбекович 13 252 39,43% ооба   №21 Талас шайлоо округу     ооба 1 Айткулов Муктарбек Мукулович 1 885 6,57% ооба 2 Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович 3 589 12,50% ооба 3 Жунусбеков Төрөкан Бейшенбекович 821 2,86%  бюджетке 4 Чойбеков Бактыбек Каныбекович 9 773 34,05% ооба 5 Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович 7 204 25,10% ооба 6 Сариев Эсен Тыныбекович 2 938 10,24% ооба   №22 Жайыл шайлоо округу       1 Бакеев Аскарбек Колхозбекович 616 1,94%  бюджетке 2 Райымкулов Бактыбек Кемелбекович 4 967 15,67% ооба 3 Мамаев Замирбек Дакимович 1 566 4,94%  бюджетке 4 Азыгалиев Нурланбек Асанбекович 8 932 28,18% ооба 5 Карабаев Манасбек Токтогулович 2 613 8,24% ооба 6 Аманкулов Эмир Эркинбекович 3 550 11,20% ооба 7 Рыскулбек уулу Нурмат 5 293 16,70% ооба   №23 Москва шайлоо округу       1 Енгалычев Евгений Равильевич 581 2,12%  бюджетке 2 Зикиров Жусупбек Камчыбекович 4 279 15,58% ооба 3 Мырзаканов Раад Бакашевич 2 158 7,86% ооба 4 Иманкулов Талай Маданбекович 2 386 8,69% ооба 5 Мадылбеков Туратбек 2 104 7,66% ооба 6 Джекшенов Мирлан Ратынбекович 3 480 12,67% ооба 7 Булекбаев Эркин Касымович 925 3,37%  бюджетке 8 Ханджеза Карим Лемзарович 5 436 19,80% ооба 9 Джабаев Ринат Шаршенбекович 1 548 5,64% ооба 10 Нажиев Мирбек Дуйшенбекович 765 2,79%  бюджетке   №24 Сокулук шайлоо округу       1 Аширбаев Элкинбек Токтогонович 3 776 14,56% ооба 2 Карымшакова Гүлүйпа Өмүрзаковна 1 398 5,39% ооба 3 Джунусалиев Рамис Майрамбекович 4 108 15,84% ооба 4 Садалиев Улан Шейшенбекович 3 285 12,67% ооба 5 Абдылдаев Сооронбай Эргешович 1 456 5,61% ооба 6 Сарымсаков Каныбек Кубанычбекович 1 117 4,31%  бюджетке 7 Кенжебаев Аманкан Батырбекович 5 005 19,30% ооба   №25 Аламүдүн шайлоо округу       1 Абдувалиев Зарылбек Рубенович 1 050 3,43%  бюджетке 2 Бегалиев Болотбек Касымбекович 4 169 13,61% ооба 3 Дунканаев Айбек Медетбекович 537 1,75%  бюджетке 4 Атамбаев Сейитбек Алмазбекович 7 976 26,03% ооба 5 Момункулов Эмил Базаркулович 2 068 6,75% ооба 6 Аспек уулу Азамат 967 3,16%  бюджетке 7 Момонкулов Талгат Мелисович 526 1,72%  бюджетке 8 Чынтемиров Бердибек Айбекович 3 458 11,29% ооба 9 Иманалиев Каныбек Капашович 2 978 9,72% ооба   №30 Ысык-Ата шайлоо округу       1 Касымов Аскар Тумурчинович 1 019 3,40%  бюджетке 2 Курманов Байыш Жантаевич 2 797 9,34% ооба 3 Таштанбеков Акбокон Дукенович 4 806 16,05% ооба 4 Дурсунов Атамша Латифович 3 371 11,26% ооба 5 Джыргалбаев Нурбек Усенкулович 2 992 9,99% ооба 6 Бекитаев Мирлан Абдыбекович 1 110 3,71%  бюджетке 7 Эдигеев Джанат Асылбекович 4 507 15,05% ооба 8 Рыскулов Максат Борисович 2 798 9,35% ооба 9 Садовников Вадим Александрович 1 204 4,02%  бюджетке 10 Будайчиев Дуйшомбек Кадыркулович 288 0,96%  бюджетке 11 Кожокеев Акылбек Алмарбекович 499 1,67%  бюджетке   №31 Чүй-Кемин шайлоо округу       1 Саккараев Медербек Джаманкулович 10 152 24,78% ооба 2 Мамыров Кубатбек Шамырбекович 690 1,68%  бюджетке 3 Жансеитов Тынайбек Каныбекович 8 771 21,41% ооба 4 Ташиев Рустам Рахимович 3 128 7,64% ооба 5 Дуйшеналиев Нурлан Кадырбекович 765 1,87%  бюджетке 6 Сейтказиев Анаш Токтосунович 553 1,35%  бюджетке 7 Осмоналиев Каныбек 2 111 5,15% ооба 8 Исеналиев Эмилбек Аскеевич 2 601 6,35% ооба 9 Шаршеналиев Нурлан Алтымышович 3 144 7,68% ооба 10 Ботобаев Айбек Курманович 1 540 3,76%  бюджетке 11 Мурсалиев Акылбек Рыскелдиевич 1 981 4,84%  бюджетке 12 Сариев Абаскан Казакбаевич 300 0,73%  бюджетке 13 Абакиров Аскар Джумабекович 596 1,46%  бюджетке   №26 Ленин шайлоо округу       1 Джээнбеков Равшан Батырбекович 4 085 10,62% ооба 2 Нурланбеков Актилек Нурланбекович 842 2,19%  бюджетке 3 Эсенаманов Мурат Кубанович 1 128 2,93%  бюджетке 4 Алсеитов Айбек Жусупович 706 1,84%  бюджетке 5 Кунакунов Максат Касымжанович 3 961 10,30% ооба 6 Усупбекова Анаркул Мырзабековна 1 361 3,54%  бюджетке 7 Ташиев Анарбек Рыскулович 1 442 3,75%  бюджетке 8 Абиров Жаныбек Болотбекович 11 827 30,75% ооба 9 Калыков Улугбек Абдисатарович 428 1,11%  бюджетке 10 Макешов Кубанычбек Бектемирович 541 1,41%  бюджетке   №27 Биринчи май шайлоо округу *       1 Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич 3 519 9,85% ооба 2 Марлис уулу Эдил 1 894 5,30% ооба 3 Акылбеков Русланбек Акылбекович 5 574 15,61% ооба 4 Абдраманова Эркингуль Абыловна 1 886 5,28% ооба 5 Койчуманов Мээримбек Нурбекович 4 248 11,89% ооба 6 Абдразаков Бейшенбек Токтобаевич 1 488 4,17% ооба 7 Токтакунов Нурбек Акбарович 4 063 11,38% ооба   Против всех 11780 32,98%     №28 Октябрь шайлоо округу       1 Керимбеков Бакыт Макенович 690 1,88%  бюджетке 2 Усупов Тилек Сабырович 672 1,83%  бюджетке 3 Кыдырмышев Руслан Жаманакович 4 160 11,32% ооба 4 Бекешев Дастан Далабайевич 17 474 47,54% ооба 5 Турганбаев Мелис Токтомамбетович 7 018 19,09% ооба   №29 Свердлов шайлоо округу *       1 Самаков Нурдин Талантбекович 2 402 7,56% ооба 2 Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович 5 481 17,24% ооба 3 Кенжебаев Акназар Аскарбекович 1 713 5,39% ооба 4 Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич 8 814 27,73% ооба   Против всех 11923 37,51%     №32 Кочкор шайлоо округу       1 Кулбараков Абтандил Илдузович 7 461 17,86% ооба 2 Жумаев Сайранбек Кенешбекович 257 0,62%  бюджетке 3 Джапанов Аттокур Асаналиевич 443 1,06%  бюджетке 4 Турумбеков Максатбек Медербекович 344 0,82%  бюджетке 5 Алымжанов Айбек Орозбекович 2 063 4,94%  бюджетке 6 Асанбаев Майрамбек Жекшенович 1 001 2,40%  бюджетке 7 Омолдошова Айжан Рыскуловна 649 1,55%  бюджетке 8 Керимкулов Нурлан Бейшенбекович 3 107 7,44% ооба 9 Ажыманбетов Актан Айылчиевич 496 1,19%  бюджетке 10 Турдубаев Сьездбек Жумашалиевич 110 0,26%  бюджетке 11 Самыйкожо Мирлан 9 419 22,54% ооба 12 Нурбек уулу Ормон 7 800 18,67% ооба 13 Сардарбеков Сабырбек 488 1,17%  бюджетке 14 Ниязалиева Дамира Абаскановна 6 440 15,41% ооба   №33 Нарын шайлоо округу       1 Аянкулов Самат Шамусаевич 1 200 3,21%  бюджетке 2 Джаанбаев Тойгонбай Сейитказиевич 139 0,37%  бюджетке 3 Мадинов Орозобек Капарбекович 343 0,92%  бюджетке 4 Жунусов Мелисбек Абдрасулович 1 587 4,25%  бюджетке 5 Капаров Чынгыз Капарович 923 2,47%  бюджетке 6 Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович 7 779 20,82% ооба 7 Сариев Акылбек Аблабекович 1 504 4,03%  бюджетке 8 Бакасов Улан Болотбекович 19 978 53,48% ооба 9 Кылжыров Эсенбек Токонович 509 1,36%  бюджетке 10 Абдылдаев Райымбек Жумагулович 835 2,24%  бюджетке   №34 Жети-Өгүз шайлоо округу       1 Исмаилов Муратбек Кубанычбекович 5 096 12,77% ооба 2 Омуралиев Арыстанбек Мелисович 823 2,06%  бюджетке 3 Абдрахматова Атыр Болотбековна 3 293 8,25% ооба 4 Айтакунов Бактыбек Кубатович 1 348 3,38%  бюджетке 5 Иманкожоева Эркингуль Бекбачаевна 827 2,07%  бюджетке 6 Казакбай уулу Замирбек 796 1,99%  бюджетке 7 Жапаров Талантбек Рысбекович 1 889 4,73%  бюджетке 8 Сулаев Жекшен Эсенбекович 2 406 6,03% ооба 9 Алымов Манас Кадырович 1 155 2,89%  бюджетке 10 Монолдоров Дамир Черикович 1 266 3,17%  бюджетке 11 Сагымбаев Канат Райымбекович 678 1,70%  бюджетке 12 Кемелов Акыл Канатбекович 2 908 7,29% ооба 13 Малиев Арсланбек Касымакунович 7 337 18,39% ооба 14 Шамырканов Болотбек Муратбекович 339 0,85%  бюджетке 15 Тологонов Бакыт Талантович 1 515 3,80%  бюджетке 16 Эшмамбетов Руслан Толонович 2 368 5,93% ооба 17 Ибраев Саматбек Кулукеевич 3 373 8,45% ооба   №35 Ак-Суу шайлоо округу       1 Бараков Акбарбек Садырбекович 2 205 5,91% ооба 2 Каниметов Адыл Жанкорозович 3 054 8,18% ооба 3 Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич 16 672 44,66% ооба 4 Жанузаков Аманболду Медербекович 626 1,68%  бюджетке 5 Абдылдаев Таалайбек Дюшекеевич 637 1,71%  бюджетке 6 Мусалиев Кубан Болотбекович 1 621 4,34%  бюджетке 7 Молдоташев Ишенбай Курманович 2 209 5,92% ооба 8 Болтуруков Омурбек Аярбергенович 806 2,16%  бюджетке 9 Сарыбаев Тынчтыкбек Калмакович 943 2,53%  бюджетке 10 Супатаева Альфира Илиясовна 3 940 10,55% ооба   №36 Ысык-Көл шайлоо округу       1 Тукунов Акжолтой Шакирбекович 2 804 9,62% ооба 2 Мамытова Назгуль Туратбековна 1 221 4,19%  бюджетке 3 Хасанов Канат Зерликович 1 871 6,42% ооба 4 Мамбеталиева Анара Хамзаевна 681 2,34%  бюджетке 5 Имеров Мирбек Жаныбаевич 464 1,59%  бюджетке 6 Аджибаева Жаныл Бейшеновна 2 031 6,97% ооба 7 Маратов Мирлан Ильичевич 3 211 11,02% ооба 8 Сураналиев Талгат Чыныбекович 2 104 7,22% ооба 9 Аманбаев Искендер Эркинович 345 1,18%  бюджетке 10 Орозбаев Таалайбек Айтбаевич 995 3,41%  бюджетке 11 Сарбагышев Максатбек Канатбекович 5 986 20,54% ооба 12 Сарбагышев Талантбек Кыдыргазиевич 4 257 14,61% ооба             * Добуш берүү натыйжалары өткөн жок деп таанылып жаткан бир мандаттуу шайлоо округдары  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 10-декабрында өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору
10.12.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 10-декабрында өтө турган отурумунун күн тартибинин долбоору

-
Кененирээк билүү >>
Бир мандаттуу 8 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды
09.12.2021

Бир мандаттуу 8 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды

  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-декабрындагы жыйналышында бир мандаттуу сегиз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп тааныды жана шайлоо натыйжаларын аныктады. Тиешелүү округдардын аймактарында добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылды: - № 1 Лейлек бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич; - № 6 Араван бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Нурбаев Жалолидин; - № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Матраимов Искендер Исмаилович; - № 17 Аксы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Шакиев Нурланбек Тургунбекович; - № 11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Примов Улан Бердибаевич; - № 24 Сокулук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кенжебаев Аманкан Батырбекович; - № 25 Аламүдүн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Атамбаев Сеидбек Алмазбекович; - № 32 Кочкор бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Самыйкожо Мирлан. ОШКларда округдар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда жана шайлоо натыйжаларын аныктоодо БШК түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдерди кабыл алды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кээ бир шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноо өткөрүлөт
09.12.2021

Кээ бир шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноо өткөрүлөт

БШК 2021-жылы 9-декабрда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 36-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо кээ бир шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноо өткөрүү жөнүндө” чечим кабыл алды. Шайлоочулардын добуштарын кайра саноо графикке ылайык өткөрүлмөкчү. Шайлоочулардын добуштарын кайра саноого саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алышат. Кээ бир шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноо өткөрүү графиги № Шайлоо округунун №у жана аталышы Округдук шайлоо комиссияларынын даректери Кайра саноо өткөрүү датасы жана убактысы Ош облусу   №4 Көк- Жар округу Ноокат ш., Ленин көч., Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын имараты 10.12.21-ж.  11.00дө   №5 Ноокат округу Ноокат ш., Ленин көч.,Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын имараты   №6 Араван округу Араван району, Араван айылы, Ленин көч., № 1, Араван районунун мамлекеттик администрациясынын имараты 11.12.21-ж.  10.00дө   №7 Ош округу Ош ш., Ленин көч., 221, мэриянын имараты, 11.12.21-ж.  10.00дө   №8 Төлөйкөн округу Кара-Суу ш, Ж.Аматов көч., 2, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын имараты   10.12.21-ж.  18.00дө Жалал-Абад облусу   №14 Жалал-Абад округу Жалал-Абад ш., Ж.Бакиев көч., 38, мэриянын имараты 11.12.21-ж.  10.00 дө   №13 Сузак округу Сузак р-ну, Сузак айылы, Дакан-Палван көч., №8, Маданият үйүнүн имараты 11.12.21-ж. 14.00дө   №19 Токтогул округу Токтогул р-ну, Токтогул ш., А. Сүйөркулов көч.,  №1, райондун мамлекеттик администрациясынын имараты 10.12.21-ж. 14.00дө Талас облусу   №20 Манас округу Кызыл-Адыр айылы, Ч.Айтматов көч., 7, Кара-Буура районунун мамлекеттик администрациясынын имараты 10.12.21-ж.  14.00дө   №21 Талас округу Талас ш., К. Нуржанов көч., 18, Талас шаарынын мэриясынын имараты 11.12.21-ж. 10.00 дө Чүй облусу   №30 Ысык-Ата округу Кант ш., Абдраимов көч., 78, райондун мамлекеттик администрациясынын имараты 10.12.21-ж. 11:00дө   Нарын облусу   №32 Кочкор округу Жумгал айылы, Э. Матыев көч., 125, Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын имараты 10.12.21-ж. 14:00 Ысык- Көл облусу   №36 Ысык- Көл округу Чолпон-Ата ш., Совет көч., 1, райондун мамлекеттик администрациясынын имараты 10.12.21-ж. 10:00   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
“Бүтүн Кыргызстан” партиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра саноо боюнча билдирүүсүн чакыртып алды
09.12.2021

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра саноо боюнча билдирүүсүн чакыртып алды

Бүгүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясы буга чейин айтылган 200дөн ашуун шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра саноо боюнча билдирүүсүн чакыртып алды. БШК партия менен 6 шайлоо участкасында добуштарды кайра саноо маселесин тактап жатат. Буга чейин 7-декабрда БШКнын сайтында шайлоо участкаларында кол менен эсептөөнүн протоколдору 100% жарыялангандан кийин, “Ишеним” жана “Ата Журт” партиялары (толугу менен) өз арыздарын чакыртып алышкан. “Ынтымак”, “Альянс” жана “Эл үмүтү” партиялары да көпчүлүк шайлоо участкалары боюнча арыздарын кайтарып алышты. “Эл үмүтү” партиясы мурда айтылган 58 шайлоо участкасынын 11инде добуштарды кайра саноо үчүн арыз калтырды. “Ата Мекен” жана “Социал-демократтар” партияларынын билдирүүлөрү каралууда. Партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүлгөн маалыматтарды салыштыруу боюнча көз карандысыз топ,  кайра саноолорду өткөрүү жана шайлоо участоктору боюнча макулдашуу иштерин улантууда. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы партиялар тарабынан айтылган шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноо боюнча чечим чыгарат. “Азаттык” партиясынын өлкөдөгү бардык шайлоо участокторунда “толук кайра саноо”  боюнча талабына негиз жок болгондуктан, добуштарды кайра саноодон баш тартты. Жалпысынан  буга чейин 600 шайлоо участкасы боюнча кол менен кайра саноого арыздар 8 саясий партиядан түшкөн. КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 9-декабрындагы күн тартибинин долбоору
09.12.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 9-декабрындагы күн тартибинин долбоору

-
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Добуштарды кол менен эсептөө протоколдорун киргизүү аяктады
07.12.2021

КР БШК: Добуштарды кол менен эсептөө протоколдорун киргизүү аяктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча бардык 2494 шайлоо участогунан добуштарды кол менен эсептөө протоколдорунун маалыматтарын киргизүү аяктагандыгын билдирет. Кол менен эсептөөнүн маалыматтары боюнча 2021-жылдын 28-ноябрындагы добуш берүүгө 3 703 420 шайлоочудан 1 293 947 шайлоочу, же 34,94% катышты. Катышуу саны AЭУ менен да, кол менен эсептөөдө да бирдей. Кол менен эсептөөнүн маалыматына ылайык, жараксыз бюллетендердин саны 3926 бюллетенге азайган. Маалымат үчүн: АЭУ тарабынан жараксыз деп табылган бюллетендер кол менен эсептелген учурда эгерде аларда жарандардын эркин билдирүүсү так көрсөтүлсө, комиссия тарабынан жарактуу деп табылышы мүмкүн. Демек, ошого жараша кол менен эсептөөдө тигил же бул саясий партияга берилген добуштардын саны 3926 добушка көбөйгөн. Бул протоколдорду Маалыматтык шайлоо системасына киргизүү, текшерүү жана МШСтин веб-сайтында жарыялоо төмөндө белгиленген мөөнөттө аяктады: бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча – 2021-жылдын 2-декабрында, бирдиктүү шайлоо округдары боюнча – 2021-жылдын 7-декабрында. Ошону менен бирге айрым участоктор боюнча, анын ичинде келип түшкөн даттануулар боюнча кол менен эсептөө протоколдорунун маалыматтарын киргизүүнүн тууралыгын текшерүү улантылууда. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо процесси мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүп жатат. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча округдук шайлоо комиссиялары шайлоо округдарынын аймагындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын шайлоо участкаларынан алынган кол менен эсептөө протоколдорунун маалыматтарынын негизинде чыгарышат. Комиссия жыйынды таблицаны жана протоколду түзөт, ага шайлоо участкаларынын саны, келип түшкөн протоколдордун саны жөнүндө маалыматтар киргизилет, анын негизинде округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол, ошондой эле  талапкерлердин алган добуштары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпыланган маалыматтары түзүлөт. Округда жыйынтык чыгаруу алкагында комиссия жыйынтыктоочу жыйын өткөрүп, анда добуш берүүгө, добуштарды эсептөөгө жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорду түзүүсүнө байланыштуу келип түшкөн даттануулар (арыздар) каралат.  Бүгүнкү күндө 24 округдук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө чечим кабыл алды.  Бирдиктүү шайлоо округу боюнча  да комиссиялар округдун аймагындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын участкалар боюнча жыйынды маалыматтардын негизинде чыгарышат, андан кийин бардык округдардын аймактары боюнча добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгынын негизинде, Борбордук Шайлоо комиссиясы республика боюнча жыйынтыктардын жыйынды таблицасын түзөт. Республика боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжаларын аныктайт.    
Кененирээк билүү >>
24 округдук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу чечим кабыл алды (жаңыртылган)
06.12.2021

24 округдук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу чечим кабыл алды (жаңыртылган)

Бир катар округдук шайлоо комиссиялары өздөрүнүн шайлоо кругдарынын аймагында добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирет.  Алсак, бүгүнкү күндө төмөнкү 24 округдук шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү:   Баткен облусу: №1 Лейлек округу  – жыйынтыктар  06.12.21. чыгарылды: 66 УШК, 9 катталган талапкер, 90 056 шайлоочу. Ош облусу: №6 Араван округу – жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 50 УШК, 91 012 шайлоочу, №7 Ош округу - жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 55 УШК, 91 012 шайлоочу, №8 Төлөйкөн округу – жыйынтыктар 05.12.21. чыгарылды: 67 УШК, 118 699 шайлоочу, №9 Карасуу округу – жыйынтыктар 05.12.21. чыгарылды: 62 УШК, 100 484 шайлоочу, №10 Куршаб округу – жыйынтыктар 06.12.21. чыгарылды: 76 УШК, 112 053 шайлоочу, №1 Алай округу – жыйынтыктар 05.12.21. чыгарылды: 105 УШК, 114 629 шайлоочу, №12 Өзгөн округу – жыйынтыктар 06.12.21. чыгарылды: 69 УШК, 89 257 шайлоочу. Жалал-Абад облусу: №14 Жалал-Абад округу – жыйынтыктар 06.12.21. чыгарылды: УШК, 106 565 шайлоочу, №15 Базар-Коргон округу – жыйынтыктар 06.12.21. чыгарылды: 80 УШК, 112 952 шайлоочу, №16 Ноокен округу – жыйынтыктар 05.12.21чыгарылды: 64 УШК, 95 142 шайлоочу, №17 Аксы округу – жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 59 УШК, 79 295 шайлоочу, №18 Ала-Бука округу – жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 55 УШК, 80 107 шайлоочу, №19 Токтогул округу – жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 55 УШК, 99 849 шайлоочу. Талас облусу: №21 Талас округу – жыйынтыктар 06.12.21. чыгарылды: 54 УШК, 80 183 шайлоочу. Чүй облусу: №22 Жайыл округу – жыйынтыктар 06.12.21. чыгарылды: 76 УШК, 99 752 шайлоочу, №23 Москва округу – жыйынтыктар 05.12.21. чыгарылды: 63 УШК, 87 993 шайлоочу, №24 Сокулук округу – жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 55 УШК, 100 105 шайлоочу, №25 Аламүдүн округу – жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 61 УШК, 111 352 шайлоочу, №30 Ысык-Ата округу – жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 69 УШК, 96 866 шайлоочу. Нарын облусу №32 Кочкор округу – жыйынтыктар 06.12.21. чыгарылды: 87 УШК, 104 084 шайлоочу, №33 Нарын округу – жыйынтыктар 07.12.21. чыгарылды: 82 УШК, 104 720 шайлоочу. Ысык-Көл облусу: №34 Жети-Өгүз округу – жыйынтыктар 06.12.21. чыгарылды: 90 УШК, 108 424 шайлоочу, №35 Ак-Суу округу – жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 99 УШК, 118 457 шайлоочу. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде БШК ар бир конкреттүү округда шайлоонун жыйынтыгын аныктоо тууралуу чечим кабыл алат, б.а. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин округда шайланган депутатын аныктайт.    КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
АЭУ маалыматтарынын тууралыгын көз карандысыз текшерүү боюнча Топтун жыйыны болмокчу
06.12.2021

АЭУ маалыматтарынын тууралыгын көз карандысыз текшерүү боюнча Топтун жыйыны болмокчу

Эртеӊ, 7-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы автоматтык эсептөөчү урналардын жана добуштарды кол менен эсептөөнүн маалыматтарынын тууралыгын көз карандысыз текшерүү боюнча түзүлгөн Топтун жыйынын өткөрөт.  Жыйындын жүрүшүндө тийиштүү участкаларда АЭУ маалыматтарынын тууралыгын көз карандысыз текшерүү жүрөт, УШК тизмелери жана добуштарды кайра эсептөө тартиби аныкталды.    Жыйын өткөрүлүүчү убакыт тууралуу кошумча маалымдалат.  КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 159 161 … 485