Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКнын 2022-жылдын 25-февралында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 25 февраль 2022-ж.
Убактысы: 17.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Баткен, Кадамжай, Ноокен, Чаткал, Аламүдүн жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тахир Насырович Мусаевдин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эльвира Жыргалбековна Сурабалдиеванын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына Шайлообек Карыбекович Атазовдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Ш.Муртазалиевге карата Б.Б. Болотбековдун арызы жѳнүндѳ
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
6. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Н.Т.Тотоновдун үгүт материалдары тууралуу С.В. Громовдун арызы жѳнүндѳ
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
7. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.Сурабалдиеванын үгүт материалы тууралуу “Жалпы иш” КФнын арызы жѳнүндѳ
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
8. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.Болотбековдун үгүт материалы тууралуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Майрамбек уулу К. ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Ноябидиновдун арызы жѳнүндѳ
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
9. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Ю.Карамушкинанын үгүт материалы тууралуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Майрамбек уулу К. ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Ноябидиновдун арызы жѳнүндѳ
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
10. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер З.Ш.Хакимходжаевдин үгүт материалы тууралуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.Болотбековдун арызы жѳнүндѳ
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
11. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Борбордогу эки округда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү
№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө 1253 (120/77 УШК) арыз берилди. Анын ичинде:
- № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча бардыгы 60 УШК, алардын ичинде 25 УШКга 397 арыз түштү (114ү – оорусу боюнча, 207си – карылыгы боюнча, 76сы – карылар үйүндө);
- № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча бардыгы 60 УШК, алардын ичинде 52 УШКга 856 арыз түштү (421и – оорусу боюнча, 435и – карылыгы боюнча).
Маалымат үчүн: «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган, ошондой эле төмөнкү шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:
добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар;
алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.
Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча –
добуш берүү күнү калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлердеги аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары,
добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканалардагы иштеген шайлоочулар,
вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар.
Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча катталган талапкерлердин тизмеси
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча катталган талапкерлердин тизмеси
Кененирээк билүү >>
БШК Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн ЖМКларды жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 24-февралындагы жыйналышында 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн 38 жалпыга маалымдоо каражатын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрдү, анын ичинде:
Телекөрсөтүү - 15 (он беш);
Радио - 10 (он);
Басма басылышы - 11 (он бир);
Интернет-басылма – 2 (эки).
2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн аккредитациядан өткөрүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын тизмеси:
Теле көрсөтүү
Радио
Басма басылыштары
Интернет-басылмалар
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 24-февралында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 24 февраля 2022-ж.
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн КРнын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө
(баяндамачы – Изреков Р.Р. маалыматтык бөлүмдүн башчысы)
2. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдурахманхаджи Шамильевич Муртазалиевдин өкүлүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аида Жеңишбековна Салянованын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Медер Болотович Абышевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдурахманхаджи Шамильевич Муртазалиевдин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.С.Алканованын «kaktus.media» маалымат агенттигине карата берген арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
7. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш.К. Атазовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү А. Жапаровдун талапкер тууралуу алдын-ала жалган маалыматтарды жайылтуу фактысы боюнча интернет-блогер Акжол уулу Адылга карата арызы жѳнүндѳ
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
8. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын үгүт материалы боюнча Б.Хайнаеванын арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
9. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын аракеттерине карата «Инфоком» МИнин кайрылуусу жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
10. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Ш. Муртазалиевдин пайдасына добуштарды сатып алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы
(баяндамачы – КР Ички иштер министрлигинин өкүлү)
11. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Жамаат Аксы, Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүл К.Ж. Шадыбековго көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Аксы, Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүл К.Ж. Шадыбековго иниси Шадыбеков Анвардын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат.
Терең кайгыруу менен кайгысын тең бөлүшөбүз.
Кененирээк билүү >>
КР БШК кыргызстандыктарды Ата-Журтту коргоо күнү менен куттуктайт
Урматтуу мекендештер!
23-февраль Ата-Журтту коргоо күнү катары салтка айланган жана Ата мекенге жан аябай кызмат кылууну белгилөө күнү болуп саналат.
Ата-Журтту коргоо күнү биздин ата-бабалардын улуу эрдиктерин, бизге коргоону жана сактоону мурас кылган Мекенибизди коргоо үчүн алардын күрөшүн эске салат. Элдин биримдиги менен ынтымагы өлкөнүн туруктуулугунун жана өнүгүүсүнүн негизи болуп саналат.
Бул күнү биз тынчтыкты жана мамлекеттин коопсуздугун коргоп, жан аябастан кызмат өтөп жаткан адамдардын баарын даңазалайбыз.Сиздерге жана Сиздердин жакындарыңызга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубат жашоо, ынтымак жана жер үстүндө тынччылык каалайбыз!
Ата-Журтту коргоо күнүңүздөр кут болсун!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузгандык үчүн жоопкерчилик
Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык шайлоо укуктарын бузгандык үчүн укуктук жоопкерчилик төмөнкүлөрдө каралган:
1) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (конституциялык-укуктук жоопкерчилик);
2) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде;
3) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, шайлоо комиссиялары шайлоо процессинин субъекттеринин иш-аракеттерине карата арыздарды (даттанууларды), ички иштер органдары коомдук тартипти бузууга тиешелүү арыздарды (даттанууларды) карайт, прокуратура органдары аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөйт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган алардын иш-аракеттерине карата арыздарды (даттанууларды) карайт.
Шайлоонун даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) шайлоо комиссиялары жана соттор тарабынан арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнүн алдыңкы күнү - токтоосуз каралууга жатат. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурда, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат.
Шайлоочулардын, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоо жүрүмүнүн башка субъекттеринин шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздары (даттануулары) прокуратура жана ички иштер органдары тарабынан арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан тартып 2 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнүн алдындагы күнү токтоосуз каралуусу тийиш. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурда, алар боюнча чечимдер 3 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Кабыл алынган чечимдин көчүрмөсү тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтүлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузуулар төмөнкүлөр тарабынан каралат:
- шайлоо комиссиялары (60–62, 64–69-беренелер),
- ички иштер органдары (63-берене – Шайлоочунун (референдумдун катышуучусунун) акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу),
- прокуратура органдары (437-берене – Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу),
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган шайлоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу кылмыш иштери ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан козголуп, териштирилет.
Кылмыш-жаза иштеринин жана укук бузуулар жөнүндө иштердин алкагында белгиленген шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары бир эле учурда БШК тарабынан талапкерлердин конституциялык-укуктук жоопкерчилигин (эскертүү, каттоону жокко чыгаруу, талапкер/саясий партия боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таануу ж.б.) кароо үчүн негиз болуп саналат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын гана компетенциясына кирет. Ошол эле учурда аймактуулук боюнча шайлоо процессинин субъекттеринин жоопкерчилигин кароо округдук шайлоо комиссияларынын компетенциясына кирет.
Коомчулукка, шайлоо процессинин катышуучуларына өз убагында маалымдоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайты иштейт, анын тиешелүү бөлүктөрүндө арыздарды (даттанууларды) кароо жана шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузгандык үчүн жоопкерчилик маскелелери чагылдырылат.
(КР БШК расмий сайтындагы «Шайлоолордогу бузуулар үчүн юридикалык жоопкерчилик» бөлүгүндө кененирээк маалымат)
(«КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо даттануулар жана бузуулар реестри - 2022-жылдын 27-февралы» бөлүгүндө кененирээк маалымат)
I. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жѳнүндѳ кодексине ылайык шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
- 60-берене. Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу (жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч же 10 000 сом, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же 28 000 сом айып пул салууга алып келет);
- 61-берене. Шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдерди жана талаптарды аткарбоо (жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч же 5 000 сом, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же 17 000 сом айып пул салууга алып келет);
- 62-берене. Шайлоочунун билип туруп анык эмес маалыматтарды берүүсү (шайлоочуларга жана талапкерлерге карата 200 эсептик көрсөткүч же 20 000 сом айып пул салууга алып келет);
- 63-берене. Шайлоочунун (референдумдун катышуучусунун) акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу (10 эсептик көрсөткүч же 1 000 сом айып пул салууга алып келет);
- 64-берене. Шайлоого катышуу үчүн өргүү берүүдөн баш тартуу (жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч же 5 000 сом, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же 10 000 сом айып пул салууга алып келет);
- 65-берене. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу
(1-бөлүк. – шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан жасалса – жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч же 7 500 сом айып пул;
2-бөлүк. – жалпыга маалымдоо каражаты тарабынан жасалса – жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч же 10 000 сом, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же 28 000 сом айып пул;
3-бөлүк. – саясий партия же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан жасалса – жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч же 20 000 сом, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же 65 000 сом айып пул);
- 66-берене. Талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды жайылтуу (жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч же 12 500 сом, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же 35 000 сом айып пул);
- 67-берене. Талапкердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын жайылтылышы (юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же 17 000 сом айып пул салууга алып келет);
- 68-берене. Жашыруун үгүт материалдарын жайылтуу (жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч же 12 500 сом, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же 35 000 сом айып пул);
- 69-берене. Үгүт материалдардын жок кылуу же бузуу (жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч же 7 500 сом);
- 437-берене. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу (жеке жактарга жана кызмат адамдарына (анын ичинде талапкерлерге) 200 эсептик көрсөткүч же 20 000 сом).
II. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин боюнча шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
195-берене. Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу
(1-бөлүк. – жаранга карата жасалса – 40 тан 100 саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (20 000 сомдон 50 000 сомго чейин) айып салууга жазаланат;
2-бөлүк. – шайлоо комиссиясына, шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө карата жасалса – 100дөн 300 саатка чейин коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (50 000 сомдон 100 000 сомго чейин) айып салууга жазаланат;
3-бөлүк. – оордотулган жагдайларда жасалса – бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 ээсептик көрсөткүчтөргө чейин (100 000 сомдон 200 000 сомго чейин) айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат).
- 196-берене. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу
(1-бөлүк. – 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (50 000 сомдон 100 000 сомго чейин) айып салууга жазаланат;
2-бөлүк. – депутаттыкка талапкер, ошого тете талапкердин жубайы, жакын туугандары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары тарабынан жасалса – 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (100 000 сомдон 200 000 сомго чейин) айыпка же беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат).
- 197-берене. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу (үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (100 000 сомдон 200 000 сомго чейин) айып салууга, же беш жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат);
- 198-берене. Шайлоону же референдумду өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу (үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (100 000 сомдон 200 000 сомго чейин) айып салууга, же беш жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат);
- 199-берене. Шайлоо документтерин бурмалоо
(1-бөлүк. – шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан жасалса – бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат).
2-бөлүк. – ошол эле жосундар оордотулган жагдайларда жасалса – 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (100 000 сомдон 200 000 сомго чейин) айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат).
Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин субъекттерине № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарында каралган ченемдерди катуу сактоону сунуш кылат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКда Бишкек шаарындагы эки округ боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлер менен жолугушуу өттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер менен жолугушуу өттү.
Иш-чарага КР Коопсуздук кеңешинин катчысы М. Иманкулов, КР БШК төрагасы жана мүчөлөрү, КР Ички иштер министринин орун басары О. Урмамбетов, представители Бишкек шаарынын ИИББнин, прокуратуранын жана УКМКнын өкулдөрү, Бишкек шаарынын мэри А. Джунушалиев, Биринчи май жана Свердлов райондорунун акимдери, ошондой эле ОШК төрагалары катышты.
Жолугушууда шайлоо, анын мыйзамдуулугу жана акыйкаттыгы шайлоо процессине катышкан ар бир субъектиге жараша болору белгиленди. Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар шайлоого даярдык көрүү боюнча мыйзам ченемдеринде каралган зарыл уюштуруу чараларын көрүштү.
Алдыдагы шайлоо жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо максатында округдук шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесине киргизилген ар бир шайлоочуга шайлоо участогунун номерин жана дарегин көрсөтүп, кабарлоо таратты. Шайлоочулардын тизмесине бардыгы 219 654 адам, алардын ичинде № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 113 105 шайлоочу, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 106 549 шайлоочу киргизилди.
БШК төрагасы Н. Шайлдабекова 2015-жылдан тартып жүргүзүлүп келаткан реформанын алкагында негизги милдеттер ырааттуулук менен аткарылгандыгын билдирди. Шайлоочуларды эсепке алуунун жана добуштарды саноонун аныктыгы жана ачык-айкындуулугу, жыйынтыктарды бурмалоону жокко чыгаруу шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоонун жаңы технологияларын киргизүү менен чечилген артыкчылыктуу милдеттердин бири болгон. 2020-жылдагы шайлоонун тажрыйбасы көрсөткөндөй бул жетишсиз болду. Администрациялык ресурс жана добуштарды сатып алуу добуш берүүнүн жыйынтыгына кыйыр түрдө таасир этиши мүмкүн. 2021-жылы өкмөттүн жана укук коргоо органдарынын күч-аракети менен добуштарды сатып алуунун деңгээлин төмөндөтүүгө жана администрациялык ресурсту колдонууга каршы ырааттуу натыйжалуу чараларды көрүүгө жетишилди. Көп нерсе талапкерлердин жана шайлоочулардын аракеттерине жараша болот. Шайлоочулардын добушун тартуунун мыйзамсыз ыкмаларынан баш тартуу менен алар дагы шайлоонун мыйзамдуулугуна жана таза өтүшүнө салым кошо алышат.
БШК талапкерлер үчүн шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү кандай эсепке алынары, добуштар кандай саналары, ал маалыматтарды контролдоонун жана кайра текшерүүнүн кандай жолдору бар экендиги тууралуу маалымат берди.
Добуш берүү күнү участоктордо добуш берүү аяктагандан кийин БШКда байкоо жүргүзүү борбору иштейт, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруунун жүрүшүнө биргеликте байкоо жүргүзүү үчүн БШК ага каалаган талапкерлерди, байкоочуларды, ЖМК өкүлдөрүн чакырат.
Коопсуздук кеңешинин катчысы, Республикалык штабдын жетекчиси М. Иманкулов шайлоо эркин жана адил өтүшү үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо процессине кийлигишпөөгө тийиш экендигин белгиледи. Аларга үгүт жүргүзүүгө же талапкерлерге башка түрдө көмөктөшүүгө же каршы иш жүргүзүүгө такыр тыюу салынган. М. Иманкулов талапкерлерге кайрылып, талапкерлердин позициясы абдан маанилүү экендигин белгиледи жана мандатка талапкерлерди добуш берүүгө чейин калган кыска мөөнөттө мыйзам бузууга жол бербей, өздөрүнүн үгүт өнөктүгүн мыйзам алкагында өткөрүүгө чакырды.
Ички иштер министринин орун басары О. Урмамбетов добуш берүүгө чейин калган күндөрү талапкерлердин аракеттерине байкоо жүргүзүү күчөтүлөрүн жана мыйзам бузууга жол берилсе, тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.
БШКнын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) жетекчиси Т. Шайназаров шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бардык бузуулар боюнча ЫЧКТга кайрылууга болорун эске салды. Ошол эле учурда БШКнын милдети бузууларга карата ыкчам чара көрүү жана көрүлгөн чаралар тууралуу коомчулукка маалымдоо болуп саналарын белгиледи. Арыз, даттануу, кайрылууларды 1255 кыска номерине жиберсе болот.
Т. Шайназаров талапкерлер менен өз ара аракеттешүүдө БШК ачык иш жүргүзөрүн баса белгилеп, алардын баарын шайлоону тынч өткөрүү үчүн күч-аракеттерди жумшоого чакырды.
Жолугушууда талапкерлер дагы өздөрүн кызыктырган суроолорду узатышты. Атап айтканда, У. Сыдыков шайлоочулардын тизмелерин жакшыртуу боюнча өзүнүн сын-пикирин жана сунуштарын айтты. А. Мамбетсадыков Е-талапкер порталынын иши боюнча даттанды. Талапкер А. Сартаев аскер кызматчыларынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча бир катар сунуштарын айтты, ошондой эле катышып олтургандарды алдыдагы Ата-Журтту коргоонун күнү менен куттуктады. Талапкер Г. Алмамбетова шайлоочулардын добуштарын саноо процессине байкоо жүргүзбөй тургандыгын билдирди. Талапкер бул оюн добуштарды саноо жана маалыматтарын жыйынтыктоо жол-жоболорун толук изилдеп чыккандыгы жана шайлоодо колдонулуучу шайлоочуларды эсепке алуу, добуш берүү жыйынтыктарын эсептөө тутумуна ишене тургандыгы менен негиздеди.
Талапкерлер айткан сын-пикирлер жана козгогон маселелер БШК тарабынан эске алынат. БШК шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча бардык сунуштар каралып чыгат деп ишендирди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 22-февралындагы жыйналышында Кадамжай, Ак-Суу, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Чүй, Панфилов, Аламүдүн, Кара-Көл, Жумгал жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаты Мамалаева Розагүл Тайировнанын (№3, «Өнүгүү-Прогресс» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Халилова Бегайым Муратовнага (№6, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаты Курмушев Мурза Райимбердиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Жоогазын» бала бакчасынын тарбиячысы Сатарова Зууракан Сайпидиновнага өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айылдык кеңешинин депутаты Аширалиева Нурзат Абдихамитовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кадамжай районунун социалдык фондунун жетекчиси Ташполотов Сүйүнбек Абдирашитовичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айылдык кеңешинин депутаты Эгембердиев Азизбек Саламовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «НовоСтрой» ЖЧК жетекчиси Ысыраылов Өмүрбек Азамжановичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айылдык кеңешинин депутаты Азимбаев Өмүрбек Жолдошовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Конокбаев Шермат Адыловичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айылдык кеңешинин депутаты Имамбердиев Арсланбек Бегалиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Эңилчек айылдык кеңешинин депутаты Алапаев Эрнис Мелисовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Эңилчек электр участогунун жетекчиси Турусбеков Жоомарт Саяковичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тамчы айылдык кеңешинин депутаты Джумадилова Дамира Дулатжановнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Сейдакматов Усупбек Сагалиевичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Өрүктү айылдык кеңешинин депутаты Шабдалиев Шермат Керимовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Дуйшобаев Женишбек Алымкуловичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылдык кеңешинин депутаты Камчыбек уулу Алтынбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “КумторГолдКомпанинин” кызматкери Муканбетов Толкунбек Зайырбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Чүй районунун Шамшы айылдык кеңешинин депутаты Садыков Сагынбек Таалайбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Бишкек сүт» ЖЧК инженери Базарбаев Адилет Куванычбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Чүй районунун Сайлык айылдык кеңешинин депутаты Солтобаева Гульмира Турдубековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Турсуналиева Гульнара Бегалиевнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айылдык кеңешинин депутаты Исабекова Лилия Назарбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Сурия» БФ кызматкери Шабданова Айкан Жанузаковнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Панфилов районунун Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Оркунчиев Эмир Назаркуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат айдоочу Баялиев Нурлан Ишенбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айылдык кеңешинин депутаты Паязов Сактанбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Абылов Эрланбек Шакирбековичтин (№1, «Энергетик» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «СЭБ-Курулуш» ЖЧК директорунун орун басары Эстебес уулу Тилекке (№8, «Энергетик» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айылдык кеңешинин депутаты Абдыралиева Нурзаада Шайлообековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат мугалим Сомташова Калия Молдокадыровнага өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинин депутаты Мундусбаева Майрамкүл Самаровнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Ш. Бейшеналиев атындагы мектептин директору Токтогулова Астра Бектурсуновнага өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылдык кеңешинин депутаты Айыпов Эрмек Айыповичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Дубанаева Чынар Кемелдиновнага өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылдык кеңешинин депутаты Нурманбетов Шабдан Монолдоровичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат фермер Искендеров Болотко өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 22-февралында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 22 февраль 2022-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кадамжай, Ак-Суу, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Чүй, Панфилов, Аламүдүн, Кара-Көл, Жумгал жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Евгения Григорьевна Строкованын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Кайра шайлоодо КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддоруна 27 920 120 сом түштү
БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышкан № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоо жөнүндө маалымат берет.
Мыйзам ченемдерине ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн*:
150 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон талапкердин өз каражаттарынан;
1 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан;
200 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ар биринин ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;
500 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ар биринин ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.
Мында бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 10 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес.
*«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык тыюу салынбаган адамдар жана уюмдар шайлоо фонддорун түзүшү мүмкүн.
«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык 2022-жылдын 21-февралына карата талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 27 920 120 сом акча каражаттары түшкөн. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан жабууга 23 285 298,18 сом сарпталган (төмөнкү таблицаны караңыз):
№
Аталышы
Түштү
Сарпталды
1
№ 27 Биринчи май шайлоо округу
12 162 500.00
9 306 067.18
2
№ 29 Свердлов шайлоо округу
15 757 620.00
13 979 231.00
Бардыгы:
27 920 120.00
23 285 298.18
Кыйла кеңири маалыматтар БШКнын сайтындагы «Талапкер /Шайлоо фонду» https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/parliamentary маалымат ресурсунда жайгаштырылууда.
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу
Кененирээк билүү >>
БШК № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады
2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин маалыматтарынын негизинде түзүлүп, шайлоочулардын “Тизме” - https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталына жайгаштырылды жана шайлоо участокторунда илинди.
Эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын биротоло тизмесиндеги шайлоочулардын саны 219 654, алардын ичинде 92 587си – эркек, 127 067си –аял:
- № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 113 105 шайлоочу, алардын ичинде 47 603ү – эркек, 65 502и – аял;
- № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 106 549 шайлоочу, алардын ичинде 44 984ү – эркек, 61 565– аял.
Урматтуу шайлоочулар!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча жана № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча бардык шайлоочуларды 2022-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышууга чакырат.
Округдук шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесине киргизилген ар бир шайлоочуга шайлоо участогунун номерин жана дарегин көрсөтүп, добуш берүүгө катышууга чакыруу жөнөттү.
Эгерде Сиз ден соолугуңуздун абалына байланыштуу добуш берүү күнү шайлоо участогуна келе албасаңыз, орун-жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыз менен 2022-жылдын 25-февралына чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз.
Маалымат алуу үчүн телефондор:
№ 27 Биринчи май шайлоо округу жана № 29 Свердлов шайлоо округу – 0312 38-24-26;
жалпы маселелер боюнча – 1255;
шайлоочулардын тизмеси боюнча – 119.
Добуш берүүнү өткөрүү убактысы: 2022-жылы 27-февралда саат 08.00дөн 20.00гө чейин.
(Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун милдеттүү түрдө ала келүү зарылдыгын эсиңизге салабыз).
АР БИР ДОБУШ МААНИЛҮҮ! АР БИР ДОБУШ ЭСЕПКЕ АЛЫНАТ!
ТАТЫКТУУЛАРДЫ ТАНДАП, ӨНҮГҮҮНҮ ТАНДАЙБЫЗ!
БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Бишкек шаарынын эки округу боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоого даярдалган шайлоо бюллетендерин жөнөттү
2022-жылдын 21-февралында «Учкун» ААКтын имаратында даярдалган 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүү үчүн бюллетендерди кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюлду.
бюллетендер Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү.
бюллетендерди кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюу маалында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, талапкерлердин өкүлдөрү, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
27 Биринчи май шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн 110 970 бюллетень, анын ичинде кыргыз тилинде – 44 388, орус тилинде – 66 582 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 120 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.
29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн 104 788 бюллетень, анын ичинде кыргыз тилинде – 41 916, орус тилинде – 62 872 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 120 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетени талапкерлердин фамилияларын, аттарын, аталарынын аттарын чүчү кулакта аныкталган кезекте камтыйт.
«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берилүүчү бюллетендердин саны шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашуусу мүмкүн эмес (тажрыйбада – 1 УШКга 1-2 бюллетень).
Бюллетендерди “Учкун” ААКта басуу процессине КР БШКнын мүчөлөрү, БШК аппаратынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери курамына кирген жумушчу топ тарабынан үзгүлтүксүз (күнү-түнү) байкоо жүргүзүлдү. “Учкун” ААКтын басма цехинде жабдыктардын комплекти орнотулуп, анда Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн басылган бюллетендер тесттен өткөрүлдү. Кайтарууну УКМК жана ИИМ кызматкерлери камсыздады.
Шайлоо бюллетендеринде коргоонун жогорку даражасы бар, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди таануусу үчүн бюллетенге атайын коргоочу боёк жуктурулат.
Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди акты боюнча округдук шайлоо комиссияларына өткөрүп берет.
Шайлоо бюллетендери коопсуздуктун бардык чараларын камсыздоо менен атайын байланыш транспорт менен жөнөтүлөт.
Жараксыздарын иргеп салуу жол-жобосунан кийин КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 40 килограмм жараксыз бюллетендер жок кылынды.
Маалымат үчүн: Басмакана бюллетендердин жараксыздарын иргеп салгандан кийин бюллетендерди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Өткөрүп бергенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын кеминде 3 мүчөсүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жараксыздарын иргеп салынган жараксыз жана ашыкча бюллетендер жок кылынат, ал тууралуу акт түзүлөт, ага катышып отурган бардык адамдар кол коюшат.
Шайлоо бюллетендерин ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен басмакана, шайлоо комиссияларынын жайларынан алып чыгууга, ошондой эле көчүрмөсүн алууга жана таратууга тыюу салынат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 20-февралында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 20 февраль 2022-ж.
Убактысы: 16.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Нурбек Акбарович Токтакуновдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Евгения Григорьевна Строкованын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Нурланбек Жолошович Маматкуловдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскарга карата А.Кутвалиевдин арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
6. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер А.Ш. Муртазалиев, Н.Ж. Маматкулов жана Б.Ж. Бакировдун үгүт материалдары тууралуу Шамсидин уулу М. арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
7. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын үгүт материалы тууралуу У.Б. Акуновдун арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
8. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.С. Алканованын үгүт материалы тууралуу «Жалпы иш» КФ арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
9. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер А.Ш. Муртазалиев, Б.М. Саадабаев жана и Н.К. Джумагазиеванын үгүт материалдары тууралуу У.Б. Акуновдун арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
10. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э. Сурабалдиеванын үгүт материалы тууралуу Н.Б. Бердибековдун арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
11. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Н. Токтакуновдун жана Абдыкадыр уулу Б. үгүт материалы тууралуу К.А. Касымовдун арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
12. Ар кандай маселелер (№29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.Болотбековдун кайрылуусу жөнүндө)
Кененирээк билүү >>
БШК айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 18-февралында өткөн жыйналышында 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешине, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешине, Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине, Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешине, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешине, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңешине, Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешине, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкөн айылдык кеңештерине, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешине, Кемин районунун Жаңы-Алыш, Кара-Булак, Көк-Ойрок айылдык кеңештерине, Москва районунун Александровка айылдык кеңешине, Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти.
Токтом Таш-Көмүр, Токтогул, Аксы, Сузак, Тоң, Ак-Талаа, Ат-Башы, Араван, Кара-Суу, Жайыл, Москва, Сокулук, Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүүнү сунуштаган чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
19.10.2026
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19.10.2026
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
16.10.2026
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16.10.2026
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту