КР БШК Бишкек шаарынын эки округу боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоого даярдалган шайлоо бюллетендерин жөнөттү

21 февраля 2022

2022-жылдын 21-февралында «Учкун» ААКтын имаратында даярдалган 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүү үчүн бюллетендерди кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюлду.

  • бюллетендер Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү.
  • бюллетендерди кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюу маалында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, талапкерлердин өкүлдөрү, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
  • 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн 110 970 бюллетень, анын ичинде кыргыз тилинде – 44 388, орус тилинде – 66 582 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 120 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.
  • 29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн 104 788 бюллетень, анын ичинде кыргыз тилинде – 41 916, орус тилинде – 62 872 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 120 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетени талапкерлердин фамилияларын, аттарын, аталарынын аттарын чүчү кулакта аныкталган кезекте камтыйт.

«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берилүүчү бюллетендердин саны шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашуусу мүмкүн эмес (тажрыйбада – 1 УШКга 1-2 бюллетень).

Бюллетендерди “Учкун” ААКта басуу процессине КР БШКнын мүчөлөрү, БШК аппаратынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери курамына кирген жумушчу топ тарабынан үзгүлтүксүз (күнү-түнү) байкоо жүргүзүлдү. “Учкун” ААКтын басма цехинде жабдыктардын комплекти орнотулуп, анда Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн басылган бюллетендер тесттен өткөрүлдү. Кайтарууну УКМК жана ИИМ кызматкерлери камсыздады.

Шайлоо бюллетендеринде коргоонун жогорку даражасы бар, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди таануусу үчүн бюллетенге атайын коргоочу боёк жуктурулат.

Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди акты боюнча округдук шайлоо комиссияларына өткөрүп берет.

Шайлоо бюллетендери коопсуздуктун бардык чараларын камсыздоо менен атайын байланыш транспорт менен жөнөтүлөт.

Жараксыздарын иргеп салуу жол-жобосунан кийин КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 40 килограмм жараксыз бюллетендер жок кылынды.

Маалымат үчүн: Басмакана бюллетендердин жараксыздарын иргеп салгандан кийин бюллетендерди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Өткөрүп бергенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын кеминде 3 мүчөсүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жараксыздарын иргеп салынган жараксыз жана ашыкча бюллетендер жок кылынат, ал тууралуу акт түзүлөт, ага катышып отурган бардык адамдар кол коюшат.

Шайлоо бюллетендерин ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен басмакана, шайлоо комиссияларынын жайларынан алып чыгууга, ошондой эле көчүрмөсүн алууга жана таратууга тыюу салынат.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү