Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана …

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузгандык үчүн жоопкерчилик

23-Фев, 2022

Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык шайлоо укуктарын бузгандык үчүн укуктук жоопкерчилик төмөнкүлөрдө каралган:

1) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (конституциялык-укуктук жоопкерчилик);

2) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде;

3) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, шайлоо комиссиялары шайлоо процессинин субъекттеринин иш-аракеттерине карата арыздарды (даттанууларды), ички иштер органдары коомдук тартипти бузууга тиешелүү арыздарды (даттанууларды) карайт, прокуратура органдары аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөйт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган алардын иш-аракеттерине карата арыздарды (даттанууларды) карайт.

Шайлоонун даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) шайлоо комиссиялары жана соттор тарабынан арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнүн алдыңкы күнү - токтоосуз каралууга жатат. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурда, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат.

Шайлоочулардын, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоо жүрүмүнүн башка субъекттеринин шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздары (даттануулары) прокуратура жана ички иштер органдары тарабынан арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан тартып 2 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнүн алдындагы күнү токтоосуз каралуусу тийиш. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурда, алар боюнча чечимдер 3 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Кабыл алынган чечимдин көчүрмөсү тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтүлүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузуулар төмөнкүлөр тарабынан каралат:

- шайлоо комиссиялары (60–62, 64–69-беренелер),

- ички иштер органдары (63-берене – Шайлоочунун (референдумдун катышуучусунун) акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу),

- прокуратура органдары (437-берене – Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу),

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган шайлоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу кылмыш иштери ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан козголуп, териштирилет.

Кылмыш-жаза иштеринин жана укук бузуулар жөнүндө иштердин алкагында белгиленген шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары бир эле учурда БШК тарабынан талапкерлердин конституциялык-укуктук жоопкерчилигин (эскертүү, каттоону жокко чыгаруу, талапкер/саясий партия боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таануу ж.б.) кароо үчүн негиз болуп саналат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын гана компетенциясына кирет. Ошол эле учурда аймактуулук боюнча шайлоо процессинин субъекттеринин жоопкерчилигин кароо округдук шайлоо комиссияларынын компетенциясына кирет.

Коомчулукка, шайлоо процессинин катышуучуларына өз убагында маалымдоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайты иштейт, анын тиешелүү бөлүктөрүндө арыздарды (даттанууларды) кароо жана шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузгандык үчүн жоопкерчилик маскелелери чагылдырылат.

(КР БШК расмий сайтындагы «Шайлоолордогу бузуулар үчүн юридикалык жоопкерчилик» бөлүгүндө кененирээк маалымат)

(«КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо даттануулар жана бузуулар реестри - 2022-жылдын 27-февралы» бөлүгүндө кененирээк маалымат)

I. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жѳнүндѳ кодексине ылайык шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

- 60-берене. Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу (жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч же 10 000 сом, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же 28 000 сом айып пул салууга алып келет);

- 61-берене. Шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдерди жана талаптарды аткарбоо (жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч же 5 000 сом, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же 17 000 сом айып пул салууга алып келет);

- 62-берене. Шайлоочунун билип туруп анык эмес маалыматтарды берүүсү (шайлоочуларга жана талапкерлерге карата 200 эсептик көрсөткүч же 20 000 сом айып пул салууга алып келет);

- 63-берене. Шайлоочунун (референдумдун катышуучусунун) акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу (10 эсептик көрсөткүч же 1 000 сом айып пул салууга алып келет);

- 64-берене. Шайлоого катышуу үчүн өргүү берүүдөн баш тартуу (жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч же 5 000 сом, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же 10 000 сом айып пул салууга алып келет);

- 65-берене. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу

(1-бөлүк. – шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан жасалса – жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч же 7 500 сом айып пул;

2-бөлүк. – жалпыга маалымдоо каражаты тарабынан жасалса – жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч же 10 000 сом, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же 28 000 сом айып пул;

3-бөлүк. – саясий партия же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан жасалса – жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч же 20 000 сом, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же 65 000 сом айып пул);

- 66-берене. Талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды жайылтуу (жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч же 12 500 сом, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же 35 000 сом айып пул);

- 67-берене. Талапкердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын жайылтылышы (юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же 17 000 сом айып пул салууга алып келет);

- 68-берене. Жашыруун үгүт материалдарын жайылтуу (жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч же 12 500 сом, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же 35 000 сом айып пул);

- 69-берене. Үгүт материалдардын жок кылуу же бузуу (жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч же 7 500 сом);

- 437-берене. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу (жеке жактарга жана кызмат адамдарына (анын ичинде талапкерлерге) 200 эсептик көрсөткүч же 20 000 сом).

 

II. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин боюнча шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

  • 195-берене. Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу

(1-бөлүк. – жаранга карата жасалса – 40 тан 100 саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (20 000 сомдон 50 000 сомго чейин) айып салууга жазаланат;

2-бөлүк. – шайлоо комиссиясына, шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө карата жасалса – 100дөн 300 саатка чейин коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (50 000 сомдон 100 000 сомго чейин) айып салууга жазаланат;

3-бөлүк. – оордотулган жагдайларда жасалса – бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 ээсептик көрсөткүчтөргө чейин (100 000 сомдон 200 000 сомго чейин) айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат).

- 196-берене. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу

(1-бөлүк. – 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (50 000 сомдон 100 000 сомго чейин) айып салууга жазаланат;

2-бөлүк. – депутаттыкка талапкер, ошого тете талапкердин жубайы, жакын туугандары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары тарабынан жасалса – 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (100 000 сомдон 200 000 сомго чейин) айыпка же беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат).

- 197-берене. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу (үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (100 000 сомдон 200 000 сомго чейин) айып салууга, же беш жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат);

- 198-берене. Шайлоону же референдумду өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу (үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (100 000 сомдон 200 000 сомго чейин) айып салууга, же беш жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат);

- 199-берене. Шайлоо документтерин бурмалоо

(1-бөлүк. – шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан жасалса – бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат).

2-бөлүк. – ошол эле жосундар оордотулган жагдайларда жасалса – 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (100 000 сомдон 200 000 сомго чейин) айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат).

Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин субъекттерине № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарында каралган ченемдерди катуу сактоону сунуш кылат.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>