БШК Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн ЖМКларды жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрдү

24 февраля 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 24-февралындагы жыйналышында 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн 38 жалпыга маалымдоо каражатын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрдү, анын ичинде:

  1. Телекөрсөтүү - 15 (он беш);
  2. Радио - 10 (он);
  3. Басма басылышы - 11 (он бир);
  4. Интернет-басылма – 2 (эки).

2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн аккредитациядан өткөрүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын тизмеси:

  1. Теле көрсөтүү
  2. Радио
  3. Басма басылыштары
  4. Интернет-басылмалар

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү