Башкы Жаңылыктар БШКда Бишкек шаарындагы эки округ боюнча КР ЖК …

БШКда Бишкек шаарындагы эки округ боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлер менен жолугушуу өттү

22-Фев, 2022

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер менен жолугушуу өттү.

Иш-чарага КР Коопсуздук кеңешинин катчысы М. Иманкулов, КР БШК төрагасы жана мүчөлөрү, КР Ички иштер министринин орун басары О. Урмамбетов, представители Бишкек шаарынын ИИББнин, прокуратуранын жана УКМКнын өкулдөрү, Бишкек шаарынын мэри А. Джунушалиев, Биринчи май жана Свердлов  райондорунун акимдери, ошондой эле ОШК төрагалары катышты.

Жолугушууда шайлоо, анын мыйзамдуулугу жана акыйкаттыгы шайлоо процессине катышкан ар бир субъектиге жараша болору белгиленди. Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар шайлоого даярдык көрүү боюнча мыйзам ченемдеринде каралган зарыл уюштуруу чараларын көрүштү.

Алдыдагы шайлоо жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо максатында округдук шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесине киргизилген ар бир шайлоочуга шайлоо участогунун номерин жана дарегин көрсөтүп, кабарлоо таратты. Шайлоочулардын тизмесине бардыгы 219 654 адам, алардын ичинде № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 113 105 шайлоочу, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 106 549 шайлоочу киргизилди.

БШК төрагасы Н. Шайлдабекова 2015-жылдан тартып жүргүзүлүп келаткан реформанын алкагында негизги милдеттер ырааттуулук менен аткарылгандыгын билдирди. Шайлоочуларды эсепке алуунун жана добуштарды саноонун аныктыгы жана ачык-айкындуулугу, жыйынтыктарды бурмалоону жокко чыгаруу шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоонун жаңы технологияларын киргизүү менен чечилген артыкчылыктуу милдеттердин бири болгон. 2020-жылдагы шайлоонун тажрыйбасы көрсөткөндөй бул жетишсиз болду. Администрациялык ресурс жана добуштарды сатып алуу добуш берүүнүн жыйынтыгына кыйыр түрдө таасир этиши мүмкүн. 2021-жылы өкмөттүн жана укук коргоо органдарынын күч-аракети менен добуштарды сатып алуунун деңгээлин төмөндөтүүгө жана администрациялык ресурсту колдонууга каршы ырааттуу натыйжалуу чараларды көрүүгө жетишилди. Көп нерсе талапкерлердин жана шайлоочулардын аракеттерине жараша болот. Шайлоочулардын добушун тартуунун мыйзамсыз ыкмаларынан баш тартуу менен алар дагы шайлоонун мыйзамдуулугуна жана таза өтүшүнө салым кошо алышат.

БШК талапкерлер үчүн шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү кандай эсепке алынары, добуштар кандай саналары, ал маалыматтарды контролдоонун жана кайра текшерүүнүн кандай жолдору бар экендиги тууралуу маалымат берди.

Добуш берүү күнү участоктордо добуш берүү аяктагандан кийин БШКда байкоо жүргүзүү борбору иштейт, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруунун жүрүшүнө биргеликте байкоо жүргүзүү үчүн БШК ага каалаган талапкерлерди, байкоочуларды, ЖМК өкүлдөрүн чакырат.

Коопсуздук кеңешинин катчысы, Республикалык штабдын жетекчиси М. Иманкулов шайлоо эркин жана адил өтүшү үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо процессине кийлигишпөөгө тийиш экендигин белгиледи. Аларга үгүт жүргүзүүгө же талапкерлерге башка түрдө көмөктөшүүгө же каршы иш жүргүзүүгө такыр тыюу салынган. М. Иманкулов талапкерлерге кайрылып, талапкерлердин позициясы абдан маанилүү экендигин белгиледи жана мандатка талапкерлерди добуш берүүгө чейин калган кыска мөөнөттө мыйзам бузууга жол бербей, өздөрүнүн үгүт өнөктүгүн мыйзам алкагында өткөрүүгө чакырды.

Ички иштер министринин орун басары О. Урмамбетов добуш берүүгө чейин калган күндөрү талапкерлердин аракеттерине байкоо жүргүзүү күчөтүлөрүн жана мыйзам бузууга жол берилсе, тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.

БШКнын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) жетекчиси Т. Шайназаров шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бардык бузуулар боюнча ЫЧКТга кайрылууга болорун эске салды. Ошол эле учурда БШКнын милдети бузууларга карата ыкчам чара көрүү жана көрүлгөн чаралар тууралуу коомчулукка маалымдоо болуп саналарын белгиледи. Арыз, даттануу, кайрылууларды 1255 кыска номерине жиберсе болот.

Т. Шайназаров талапкерлер менен өз ара аракеттешүүдө БШК ачык иш жүргүзөрүн баса белгилеп, алардын баарын шайлоону тынч өткөрүү үчүн күч-аракеттерди жумшоого чакырды.

Жолугушууда талапкерлер дагы өздөрүн кызыктырган суроолорду узатышты. Атап айтканда, У. Сыдыков шайлоочулардын тизмелерин жакшыртуу боюнча өзүнүн сын-пикирин жана сунуштарын айтты. А. Мамбетсадыков Е-талапкер порталынын иши боюнча даттанды. Талапкер А. Сартаев аскер кызматчыларынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча бир катар сунуштарын айтты, ошондой эле катышып олтургандарды алдыдагы Ата-Журтту коргоонун күнү менен куттуктады. Талапкер Г. Алмамбетова шайлоочулардын добуштарын саноо процессине байкоо жүргүзбөй тургандыгын билдирди. Талапкер бул оюн добуштарды саноо жана маалыматтарын жыйынтыктоо жол-жоболорун толук изилдеп чыккандыгы жана шайлоодо колдонулуучу шайлоочуларды эсепке алуу, добуш берүү жыйынтыктарын эсептөө тутумуна ишене тургандыгы менен негиздеди.

Талапкерлер айткан сын-пикирлер жана козгогон маселелер БШК тарабынан эске алынат. БШК шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча бардык сунуштар каралып чыгат деп ишендирди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>