Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Саат 14.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саат 14.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымат берет.
№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүгө келүүсү төмөнкүдөй: 25823 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 11,76%ы.
- № 27 Биринчи май шайлоо округу – 9 469 шайлоочу же 8,39%;
- № 29 Свердлов шайлоо округу – 16 354 шайлоочу же 15,35 %.
БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоо дайындалган күндөн тартып КР БШКнын шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу тобуна 24 арыз түштү
Шайлоо дайындалган күндөн тартып 2022-жылдын 27-февралына карата КР БШКнын шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу тобуна 24 арыз түштү. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР БШК мүчөсү, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев билдирди.
№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча – 4 арыз жана кайрылуу, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 20 арыз жана кайрылуу түштү:
- шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу жөнүндө – 20;
- талапкер тууралуу билип туруп жалган маалымат таратуу жөнүндө – 4.
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандык үчүн 6 талапкерге 50 000 сом суммасында айып пул салынды.
КР БШК ЫЧКТга 15 арыз түштү, анын ичинде № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча – 6 арыз, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 9 арыз түштү:
шайлоочулардын добуштарын сатып алуу ыктымалдыгы жөнүндө – 9;
администрациялык ресурсту кыянаттык менен пайдалануу ыктымалдыгы жөнүндө – 3;
баннерди уурдоо жөнүндө – 2;
шайлоо документтерин бурмалоого аракеттенүү жөнүндө – 1.
КР БШК кийин жоопкерчиликке тартылып калбоо үчүн талапкерлерди шайлоо мыйзамдарынын эрежелерин катуу сактоого чакырат.
Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык шайлоо укуктарын бузгандык үчүн укуктук жоопкерчилик төмөнкүлөрдө каралган:
1) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (конституциялык-укуктук жоопкерчилик);
2) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде;
3) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде.
БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саат 12.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саат 12.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымат берет.
№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүгө келүүсү төмөнкүдөй: 15461 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 7,04%ы.
- № 27 Биринчи май шайлоо округу – 5 423 шайлоочу же 4,79%;
- № 29 Свердлов шайлоо округу – 10 038 шайлоочу же 9,42 %.
БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саат 10.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саат 10.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымат берет.
№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүгө келүүсү төмөнкүдөй: 5913 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 2,69%ы.
- № 27 Биринчи май шайлоо округу – 1 954 шайлоочу же 1,73%;
- № 29 Свердлов шайлоо округу – 3 959 шайлоочу же 3,72 %.
БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордогу эки округда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү башталды
Бүгүн - 2022-жылы 27-февралда саат 08.00дө Бишкек шаарындагы бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүү башталды.
№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн 120 шайлоо участогу ачылган. Эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын биротоло тизмесиндеги шайлоочулардын саны 219 654, алардын ичинде 92 587си – эркек, 127 067си – аял:
- № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 113 105 шайлоочу, алардын ичинде 46 753ү – эркек, 64 135и – аял;
- № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 106 549 шайлоочу, алардын ичинде 44 273ү – эркек, 60 438и – аял.
Добуш берүүнү өткөрүү убактысы: 2022-жылы 27-февралда саат 08.00дөн 20.00гө чейин (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун милдеттүү түрдө ала келүү зарыл).
Маалымат алуу үчүн телефондор:
№ 27 Биринчи май шайлоо округу жана № 29 Свердлов шайлоо округу – 0312 38-24-26;
жалпы маселелер боюнча – 1255;
шайлоочулардын тизмеси боюнча – 119.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер тууралуу кеңири маалымат менен Сиз бул шилтемеден тааныша аласыз.
БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоо участокторунан тышкары 1111 шайлоочу добуш берди
№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо буга чейин шайлоо участокторунан тышкары добуш берүү үчүн арыз берген 1 253 шайлоочунун 1111 шайлоочусу добуш берди. Жалпысынан шайлоо участокторунан тышкары добуш берүүгө ниеттенген шайлоочулардын 88,6%ы добуш берди.
142 адам арыз берген, бирок добуш берген эмес, алардын 60ы участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү барган учурда үйлөрүндө болгон эмес, калгандары башка себептер менен добуш берген жок.
№ 27 Биринчи май ОШК боюнча – 397 шайлоочунун 338и (85%)добуш берди; № 29 Свердлов ОШК боюнча – 856 шайлоочунун 773ү (90%) добуш берди.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө жигердүү катышууга чакырат. № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутатты шайлоо (видео)
2022-жылы 27-февралда № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо өтүүдө.
№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатына 25 катталган талапкер ат салышууда, алардын ичинде 15 – эркек, 10 – аял бар.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси төмөндө:
№1. Майрамбек уулу Калыс
№2. Маматкулов Нурланбек Жолошович
№3. Султанбеков Муратбек Кенешбекович
№4. Аспек уулу Азамат
№5. Хакимходжаев Зуфар Шавкатович
№6. Алмамбетова Гуля Идиновна
№7. Курманов Ильяс Зайнидинович
№8. Босивская Кристина Валерьевна
№9. Джоомартова Рыскан Абдиевна
№10. Бакиров Бакыт Жеентайович
№11. Строкова Евгения Григорьевна
№12. Атазов Шайлообек Карыбекович
№13. Болотбеков Бакытбек Болотбекович
№14. Абышев Медер Болотович
№15. Бейшенбаев Эдиль Нурбекович
№16. Алканова Элнура Сайдиракмановна
№17. Саадабаев Бакытбек Муратбекович
№18. Исираилова Анара Усонбековна
№19. Джумагазиева Нуржан Курманбековна
№20. Токмулин Рафаель Мубаракович
№21. Алмаз уулу Аскар
№22. Карамушкина Ирина Юрьевна
№23. Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич
№24. Салянова Аида Женишбековна
№25. Жолдошова Назгул Амантуровна
№ 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер тууралуу шайлоочуларга маалымдоо максатында БШК ар бир талапкер тууралуу маалымат жарыялаганын Боршайком эске салат:
- «Эркин-Тоо» газетасына;
- «Талапкер» маалымат ресурсуна;
- шайлоо участокторунда жайгаштырылган маалымат плакаттарында.
№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын жалпы саны 106 549 шайлоочу.
Боршайком округдук шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесине киргизилген ар бир шайлоочуга шайлоо участогунун номерин жана дарегин көрсөтүп, добуш берүүгө катышууга чакыруу жөнөтүлгөнүн маалымдайт.
Шайлоочу өзүн шайлоочулардын тизмесинен төмөнкүдөй тактаса болот:
- 1255 же 119 кыска номерлерине телефон чалуу менен;
- шайлоо участогунда;
- «tizme.gov.kg.» сайтында;
- же өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 кыска номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз.
№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн 60 участкалык шайлоо комиссиясы иштөөдө.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө жигердүү катышууга чакырат (видео)
Ар бир добуш маанилүү!
Ар бир добуш эсепке алынат!
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө жигердүү катышууга чакырат. № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча депутатты шайлоо (видео)
2022-жылы 27-февралда № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо өтүүдө.
№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатына 25 катталган талапкер ат салышууда, алардын ичинде 23 – эркек, 2 – аял бар.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси төмөндө:
№ 1. Нурматов Темирбек Асанович
№ 2. Нурдинов Бейшеналы
№ 3. Тотонов Нурбек Темирбекович
№ 4. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна
№ 5. Искендеров Эльман Хыдырович
№ 6. Кермалиев Таалайбек Женишович
№ 7. Мамбетсадыков Азамат Нурбекович
№ 8. Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич
№ 9. Савин Виктор Евгеньевич
№ 10. Ибраймакунов Данияр Омурбекович
№ 11. Акылбеков Русланбек Акылбекович
№12. Капаров Чынгыз Капарович
№ 13. Ремнев Роман Павлович
№ 14. Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович
№ 15. Гапаров Адылбек Абдикаримович
№ 16. Тагайбек Султан;
№ 17. Абдыкадыр уулу Бектур
№ 18. Мусаев Тахир Насырович
№ 19. Сартаев Анвар Айдарович
№ 20. Абдыразакова Айжан Улановна
№ 21. Токтокожоев Таалайбек Самудинович
№ 22. Акеров Табылды Абдраманович
№ 23. Токтакунов Нурбек Акбарович
№ 24. Сариев Акылбек Аблабекович
№ 25. Жуков Виталий Юрьевич
№ 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер тууралуу шайлоочуларга маалымдоо максатында БШК ар бир талапкер тууралуу маалымат жарыялаганын Боршайком эске салат:
- «Эркин-Тоо» газетасына;
- «Талапкер» маалымат ресурсуна;
- шайлоо участокторунда жайгаштырылган маалымат плакаттарында.
№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын жалпы саны 113 105 шайлоочу.
Боршайком округдук шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесине киргизилген ар бир шайлоочуга шайлоо участогунун номерин жана дарегин көрсөтүп, добуш берүүгө катышууга чакыруу жөнөтүлгөнүн маалымдайт.
Шайлоочу өзүн шайлоочулардын тизмесинен төмөнкүдөй тактаса болот:
- 1255 же 119 кыска номерлерине телефон чалуу менен;
- шайлоо участогунда;
- «tizme.gov.kg.» сайтында;
- же өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 кыска номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз.
№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча добуш берүүнү өткөрүү үчүн 60 участкалык шайлоо комиссиясы иштөөдө.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө жигердүү катышууга чакырат (видео)
Ар бир добуш маанилүү!
Ар бир добуш эсепке алынат!
Кененирээк билүү >>
ИИББ: Талапкер Алмаз уулу Аскардын агитаторлорунун кармалгандыгы тууралуу билдирүү чындыкка ылайык келбейт
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна (ЫЧКТ) № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Алмаз уулу Аскардын ыйгарым укуктуу өкүлү А.Сасыбаевадан Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ кызматкерлери тарабынан аталган талапкердин агитаторлорун кармалгандыгы тууралуу билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жалган жарыялоону тараткан «Фейсбук» социалдык түйүнүнүн пайдалануучусуна карата чара көрүү жөнүндө арыз түштү.
Ал арыз 2022-жылдын 26-февралында Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында каралды, анын жүрүшүндө ал талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Сасыбаева видеоматериалдардагы үгүт басылма материалдар чыгарылбагандыгын, видеоматериалда баяндалган аракеттер чындыкка ылайык келбей тургандыгын билдирди.
КР БШК Бишкек шаарынын ИИББнин өкүлү КР ЖК депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын өкүлдөрүн кармоо фактысы болбогондугу жөнүндө маалыматын укту. Ал ошону менен бирге ошол талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды таратуу фактысы боюнча тиешелүү текшерүү башталгандыгын, анын жыйынтыгы боюнча бул аракеттерге тиешеси бар адамдарга карата процесстик чечим кабыл алынарын билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкер Алмаз уулу Аскардын ыйгарым укуктуу өкүлү А.Сасыбаевага ошол пайдалануучуга бөгөт коюу жана жарыялоону өчүрүү жөнүндө «Фейсбук» администрациясына кайрылуу укугу түшүндүрүлдү.
Ошону менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүнү билдирет: «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүнүн ченемдерине ылайык, талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишмердик беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөөнү акысыз жарыялоо же чындыкка дал келбеген же аны бурмалаган макалага же кабарга түшүндүрмө берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө милдеттүү.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 10-бөлүгүнүн ченемдерине ылайык, укук коргоо органдары жана башка органдар укукка каршы үгүт иштерине бөгөт коюу, жасалма жана мыйзамсыз даярдалган басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын даярдоону токтотуу жана аларды алып салуу, көрсөтүлгөн материалдарды даярдоочуларды жана аларга акы төлөө булактарын аныктоо боюнча чараларды көрүүгө, ошондой аныкталган фактылар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
КР БШК ошол аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин (КР УжК) 66 жана 67-беренелеринде жоопкерчилик каралгандыгын эске салат.
Маалымат үчүн:
- КР УжК 66-беренеси. Талапкер жөнүндө талапкердин ар-намысын же кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды билип туруп жайылтуу (жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч же 12 500 сом, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч же 35 000 сом өлчөмүндө айып пул салууга алып келет).
- КР УжК 66-беренеси. Талапкердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын жайылтуусу (юридикалык жактарга 175 эсептик көрсөткүч же 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салууга алып келет).
Жогоруда мбаяндалганга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин субъектилерине № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарында каралган ченемдерди катуу сактоону сунуш кылат.
Кененирээк билүү >>
БШК ЫЧКТы эскертет: Шайлоодо бузууларга байкоо жүргүзүү күчөтүлөт, жоопкерчиликтин бардык чаралары көрүлөт
Борбордук шайлоо комиссиясы № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер А.Муртазалиевдин пайдасына шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш-жаза иши боюнча Бишкек шаарынын ИИББнин маалыматын укту.
Бишкек шаарынын ИИББнин тергөө кызматынын бөлүм начальниги О.Макамбаев кылмыш-жаза ишинин алкагында үй комитеттеринин төрагаларын тартуу менен шайлоочулардын добуштарын сатып алууну жүзөгө ашырууга ниеттенген адамдар аныкталгандыгын билдирди.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кварталдык комитеттеринин биринин төрагасы «С.Л.К.» тарабынан акча каражаттарын алуу жөнүндө тил кат, шайлоочулардын тизмелери, 109 443 сом суммасындагы акча каражаттары ыктыярдуу түрдө берилди. 3 адамдан талапкер А.Муртазалиевдин пайдасына шайлоочулардын добуштарын сатып алууга арналган 193 443 сом алынды.
Тергөө органы тарабынан «С.Л.К.» менен «Ш.К.Бга» карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш жасалды деген айып коюлду.
Бишкек шаарынын ИИББнин өкүлү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жаткандыгын, эгерде депутаттыкка талапкер А.Муртазалиевдин көрсөтүлгөн кылмыш аракеттерине тиешеси бар экендиги аныкталса, аны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү жөнүндө БШКга өтүнүч берилерин тактап айтты.
Ошол эле учурда көрсөтүлгөн депутаттыкка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кылчыкпаева талапкер А.Муртазалиев аныкталган кылмыш аракеттерине тиешеси жок экендигин маалымдады.
Борбордук шайлоо комиссиясы териштирүүнүн жүрүшү жөнүндө Бишкек шаарынын ИИББнин маалыматын эске алды жана анын жыйынтыктары жөнүндө материалдарды берүүнү тездетүүнү өтүндү, бул эгерде талапкердин көрсөтүлгөн аракеттерге тиешеси бар экендиги аныкталса, аны каттоону жокко чыгаруу каралган конституциялык-укуктук жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн зарыл болмокчу.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемдерине ылайык укук коргоо органдары бузуулар жөнүндө бардык билдирүүлөрдү текшерет жана жыйынтыктары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссияларына токтоосуз материалдарды берет.
БШКнын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу (ЫЧКТ) бардык талапкерлерди мыйзам алкагында аракеттенүүгө чакырат. БШК ЫЧКТсы жана укук коргоо органдары тараптан шайлоо мыйзамдарын, анын ичинде, шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир этүүчү шайлоочулардын добуштарын сатып алуу, администрациялык ресурсту кыянаттык менен пайдалануу түрүндөгү бузууларга жол бербөө максатында байкоо жүргүзүү күчөтүлөт.
Талапкерлер ушундай бузууларга жол берсе, мыйзамда каралган жоопкерчилик чаралары көрүлөт.
Маалымат үчүн: Шайлоо мыйзамдарын бузуулар үчүн жоопкерчилик чаралары төмөнкүлөрдө каралган:
1) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (конституциялык-укуктук жоопкерчилик);
2) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде;
3) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кененирээк билүү >>
БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын Жамгырчиев Эмил Эриковичке өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты болгонуна байланыштуу «Альянс» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Жамгырчиев Эмил Эриковичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды.
КР БШК токтому менен Жамгырчиев Эмил Эрикович КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырылды.
Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 26-февралындагы жыйналышында «Альянс» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
«А.Т. Сулайманов жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 59 ПЖ Жарлыгынын негизинде «Альянс» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Алтынбек Турдубаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалгандыгына байланыштуу КР БШК А.Т. Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин ырастамасы анык эмес деп табылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2022-жылдын 26-февралында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 26 февраль 2022-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т. Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Султан Тагайбектин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тахир Насырович Мусаевдин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. №27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.А. Сариевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир катар талапкерлерди каттоону жокко чыгаруу тууралуу кайрылуусу жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
6. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Борбордогу № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдарында добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө
Бүгүн – 2022-жылы 26-февралда Бишкек шаарынын № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу.
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүлүүдө.
Эки шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө 1253 (120/77 УШК) арыз берилди. Анын ичинде:
№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча бардыгы 60 УШК, алардын ичинде 25 УШКга 397 арыз түштү (114ү – оорусу боюнча, 207си – карылыгы боюнча, 76сы – карылар үйүндө);
№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча бардыгы 60 УШК, алардын ичинде 52 УШКга 856 арыз түштү (421и – оорусу боюнча, 435и – карылыгы боюнча).
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2022-жылдын 26-февралы – “жымжырт күн”
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык шайлоо алдында үгүт иштери добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда б.а. 2022-жылдын 26-февралында саат 8:00дөн тартып токтотуларын эске салат.
БШК мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталарын маалымдайт.
Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн БШК тарабынан аккредитациядан өткөрүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар “жымжырт күнү” үгүт жүргүзүүгө укуктары жок.
Талапкерлер, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, шайлоо процессинин ар кайсыл катышуучусу мыйзам талаптарын бузууга жол берген учурда бузуучуларга карата тиешелүү чаралар колдонулат.
№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо эртең – 2022-жылдын 27-февралында өтөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 25-февралындагы жыйналышында Баткен, Кадамжай, Ноокен, Чаткал, Аламүдүн жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаты Маматшарип уулу Бектин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат «Баткен токой чарбасынын» кароолчусу Масейитов Максыт Ымамалиевичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айылдык кеңешинин депутаты Айдаров Шумкарбек Мамадалиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Имат уулу Шумкарбекке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айылдык кеңешинин депутаты Жолубай уулу Жумадилдин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат «Тең-Сай» окуу борборунун директору Нишанов Элчибек Бактыбековичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айылдык кеңешинин депутаты Жалилова Гулзат Мамасейитовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Калилов Санжарбек Жакыповичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл айылдык кеңешинин депутаты Турдалиев Алыкул Улукбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Талибаева Марапат Мейлибаевнага өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты Абдурахимов Закиржан Алимжановичтин (№7, «Ынтымак» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Кыргызнефтегаз» ААКтын борборлоштурулган оңдоо-механикалык устаканасынын начальниги Турдалиев Урмат Тургунполотовичке (№29, «Ынтымак» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Ормошев Азаматбек Абдырасуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Радар» ЖЧН нускоочусу Орозбаев Алтынбек Масаловичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айылдык кеңешинин депутаты Усманова Акжолтой Орозакуновнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Кымыналиев Кубанычбек Сапарбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Кадырова Назгүл Аманкуловнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Бишкексууканалынын” жумушчусу Есеналиев Ильяз Кубанычбековичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан айылдык кеңешинин депутаты Калысбеков Шерик Калысбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “КумторГолдКомпанинин” кызматкери Муканбетов Толкунбек Зайырбековичке өткөрүп берилди.
Ошондой эле Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен төмөнкү 3 талапкер жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды:
Эркинбек уулу Асылбек өз арызынын негизинде Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды;
Амираев Ташбек Мамажанович өз арызынын негизинде Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды;
Камбаров Акжол Толубаевич өз арызынын негизинде Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
19.10.2026
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19.10.2026
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
16.10.2026
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16.10.2026
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту