Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында талапкерлер жана саясий партиялар үчүн тренингдерди өткөрөт
06.03.2022

БШК БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында талапкерлер жана саясий партиялар үчүн тренингдерди өткөрөт

Жергиликтүү шайлоого катышуу эрежелери тууралуу кабардар болуусун жакшыртуу жана шайлоонун укук маданиятын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 9-мартынан 15-мартына чейин талапкерлер жана саясий партиялар үчүн окутуу тренингдерин өткөрөт. Шайлоо өтө турган шаарлардагы жана айылдардагы талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү төмөнкү маселелер боюнча маалымат жана практикалык көндүм алышат: - шаардык жана айылдык кеңештерде шайлоонун өзгөчөлүктөрү, 16 жергиликтүү кеңеште өтүүчү шайлоого катышуунун мыйзамдык негиздери; - КР БШКнын маалыматтык ресурстары – «Электрондук талапкер» тутумунда каттоо, шайлоочулардын тизмелеринин порталы, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды көрсөтүү, добуш берүүнүн катышуучуларын эсепке алуу; - талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо тартиби; - шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери; - шайлоо талаш-тартыштары: аларды кароо жана чечүү тартиби; - шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү эрежелери; - КР шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.   Окутуу өтүүчү жер жана жергиликтүү кеңештердин аталыштары Окутуу өтүүчү дата   Кара-Балта ш.,мэрия имараты (Жайыл АШК) 09.03.2022   Александровка а/к маданият үйүнүн имараты (Москва АШК ) 10.03.2022   Сокулук а/к раймамадмин. имараты (Сокулук АШК ) 11.03.2022   Жаңы-Алыш а/к, Кара-Булак а/к, Көк-Ойрок а/к. раймамадмин. имараты (Кемин АШК ) 12.03.2022   Кажы-Сай а/к (Тоң АШК ) 14.03.2022   Казыбек а/к маданият үйүнүн имараты Ат-Башы АШК ) 10.03.2022   Тоголок-Молдо а/к айыл өкмөтүнүн имараты (Ак-Талаа АШК ) 11.03.2022   Токтогул ш., раймамадмин. имараты (Токтогул АШК ) 10.03.2022   Таш-Көмүр ш., мэрия имараты (Таш-Кумыр АШК ) 11.03.2022   Кара-Жыгач а/к (Аксы АШК ) 12.03.2022   Көк-Арт а/к (Сузак АШК ) 14.03.2022   С. Юсупов а/к раймамадмин. имараты (Араван АШК ) 15.03.2022   Ак-Таш а/к, Төлөйкөн а/к раймамадмин. Имараты (Кара-Суу АШК ) 16.03.2022   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ЫЧКТ шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча маалыматты укту
05.03.2022

ЫЧКТ шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча маалыматты укту

2022-жылы 5-мартта БШКнын ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө маалыматтарды кароо боюнча жыйналышы болуп өттү. Жыйналышта Бишкек шаарынын ИИББнин тергөө кызматынын  начальниги милициянын полковниги О.Б. Макамбаевдин,   Бишкек шаарынын Свердлов районунун  ИББнин тергөө кызматынын  начальниги Бекбоо уулу Арлендин шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча териштирүүлөрдүн жүрүшү  жөнүндө маалыматтары угулду. Айрым талапкерлердин арыздарында көрсөтүлгөн шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча териштирүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө маалымат БШКнын ЫЧКТнын кийинки жыйналышында угулат.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 5-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
05.03.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 5-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу күнүн майрамдоо алкагында акция өткөрдү
03.03.2022

КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу күнүн майрамдоо алкагында акция өткөрдү

КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу күнүн майрамдоо алкагында акция өткөрдү. КР БШКнын имаратына кире бериште өлкөбүздүн эгемендигинин символунун пайда болуу тарыхын чагылдырган маалыматтык такталар коюлду. Мындан тышкары, КР БШК аппаратынын кызматкерлери флешмоб уюштурушту. Бишкек шаарынын эл көп жүргөн көчөлөрүндө жана Ала-Тоо борбордук аянтында шаарлыктарга жана борбордун меймандарына туунун өңүнө окшош кызыл-сары түстөгү шарлар, мамлекет символунун жаралышынын кыскача тарыхын баяндаган куттуктоо открыткалар, ошондой эле бүгүнкү майрамдын символу – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу таратылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайт!
03.03.2022

КР БШК кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайт!

Кымбаттуу кыргызстандыктар! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайт! Туура 30 жыл мурда бүгүнкүдөй жаздын күнү биздин Кыргызстан өзүнүн мамлекеттик символдорунун бири – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусуна ээ болгон! Биздин туу – мамлекеттүүлүгүбүздүн, эгемендигибиздин жана биримдигибиздин символу!  Туубуздун алдында баш кошуп, өлкөбүз көп сыноолорду башынан өткөрдү, ошентип, мурдагыдан бекем жана күчтүү өлкө болуп калды! Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, ал эми Кыргызстанга биримдик жана гүлдөп-өнүгүү каалайбыз! КР БШКнын жарандык билим берүү борбору  
Кененирээк билүү >>
БШК Токтогул АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
01.03.2022

БШК Токтогул АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 1-мартындагы жыйналышында Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди. Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тургунбаев Эркин Эсенбаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдиева Зульфия Чабаковна резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Токтом Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тургунбаев Эркин Эсенбаевичтин шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
01.03.2022

БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 1-мартындагы жыйналышында Сокулук, Москва, Сүлүктү, Кадамжай, Кочкор, Жалал-Абад, Токтогул жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаты Жаныкулов Данияр Торогазиевичтин (№3, «Ата-Журт» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Голден Дринкс” ЖЧК оператору Джумалиев Уланбек Талантбековичке (№5, «Ата-Журт» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Чүй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айылдык кеңешинин депутаты Кулболдоев Кубан Чолпонбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат орто мектептин мугалими Курушбекова Мээрим Курушбековнага өткөрүп берилди. Чүй облусунун Сокулук районунун Биринчи май айылдык кеңешинин депутаты Нуралиева Назира Артолбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Караталова Гульнура Самирбековнага өткөрүп берилди. Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Дайырбек уулу Сериктин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Абдылдабеков Шайырбек Бейшенбековичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Борбиева Зарина Кемельбековнанын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат кароолчу Ширдаков Алмазбек Эркинбековичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Станбеков Алымбек Медербековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Асанов Сапарбек Алымбековичке өткөрүп берилди. Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Мамытов Талантбек Алиевичтин (№2, «Замандаш» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Ахмат Кен” ЖЧК директору Абдуназаров Бактыбек Ахматовичке (№5, «Замандаш» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты Азим уулу Куштардын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кадамжайдагы филиалынын директору Миталипов Абабакир Миймановичке өткөрүп берилди. Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айылдык кеңешинин депутаты Кудратилла уулу Оббосжондун ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Мамажанов Тохиржон Салижановичке өткөрүп берилди. Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Жаналиева Гүлмира Бейшебаевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Шеримкадырова Айнур Жумаевнага өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Адылбеков Майрамбек Алымбековичтин (№1, «Өнүгүү-Прогресс» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Ак-Жол техсервис” ЖЧК директору Калбаев Советбек Абийбиллаевичке (№6, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Аралбаев айылдык кеңешинин депутаты Мурат уулу Нурисламдын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат М.Бекболотов атындагы №25 орто мектебинин мугалими Болотбек уулу Маматка өткөрүп берилди. Ошондой эле жыйналышта КР БШК мүчөлөрү өз арыздарынын негизинде Байгатиева Эльмира Асанбековнаны – Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин, Бозорбаев Отабек Одилжоновичти Ош шаардык кеңешинин (№ 22, “Биздин Кыргызстан” саясий партиясы) депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 1-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
01.03.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 1-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                   Өткөрүү датасы: 1-март 2022-ж.                                                                                    Убактысы: 16.00                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сокулук, Москва, Сүлүктү, Кадамжай, Кочкор, Жалал-Абад, Токтогул жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Шайлообек Карыбекович Атазовдун өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Ар кандай маселелер  
Кененирээк билүү >>
2022-жылдын 10-апрелине дайындалган шайлоодо 3 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады
01.03.2022

2022-жылдын 10-апрелине дайындалган шайлоодо 3 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады

2022-жылдын 28-февралында саат 24.00дө Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча календардык планга ылайык 3 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады:   № Шаардык кеңештин аталышы Мандат саны Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын аталышы Саясий партиялардын талапкерлердин тизмесинде көрсөтүлгөн талапкерлердин саны эркек аял Бардыгы: 93 16/13 853 502 351 Жалал-Абад облусу 1 Таш-Көмүр шаардык кеңеши 31 3 153 103 50 "Жаштар" 56 38 18 "Ынтымак" 47 31 16 "Ата-Журт Кыргызстан" 50 34 16 Токтогул району 2 Токтогул шаардык кеңеши 31 7 372 214 158 "Мекен ынтымагы" 58 21 37 "Бирге-Вместе" 48 29 19 "Ата-Журт Кыргызстан" 55 32 23 "Ишеним" 56 34 22 "Эл Үмүтү" 47 31 16 "Тынчтык" 55 37 18 "Ынтымак" 53 30 23 Чүй облусу, Жайыл району 3 Кара-Балта шаардык кеңеши 31 6 328 185 143 "Күчтүү Коом" 63 36 27 "Ыйман-Нуру" 50 25 25 "Ишеним" 51 34 17 "Социал-демократтар" 53 35 18 "ЭлАман" 63 31 32 "Альянс" 48 24 24   Шайлоого бардыгы 13 саясий партия катышууда, алардын ичинде 10 партия – 1 шаарга, 3 партия – 2 шаарга талапкерлердин тизмесин көрсөттү. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде б.а. 11-мартка чейин талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо – 2022-жылдын 11-мартына чейин, андан кийин үгүт үргүзүү мезгили башталат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык 13 айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү –2022-жылдын 10-мартында саат 24.00дө аяктайт. Ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн 30 пайыздан кем эмес мандатты резервде калтыруу айылдык кеңештерге шайлоонун маанилүү өзгөчөлүгү болуп саналат. Маалымат үчүн: Шайлоо 3 шаардык жана 13 айылдык кеңешке 10-апрелине дайындалды: Жалал-Абад облусу 1. Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши; 2. Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши; Ысык-Көл облусу 3. Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңеши; Нарын облусу 4. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңеши; 5. Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши; Ош облусу 6. Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңеши; 7. Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңеши; 8. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңеши; Чүй облусу 9. Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши; 10. Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши; 11. Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңеши; 12. Москва районунун Александровка айылдык кеңеши; 13. Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңеши.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын БШК делегациясы Беларусь Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселеси боюнча республикалык референдумга катышты
28.02.2022

Кыргыз Республикасынын БШК делегациясы Беларусь Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселеси боюнча республикалык референдумга катышты

2022-жылы 27-февралда Беларусь Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселеси боюнча республикалык референдумга КР БШК төрагасынын орун басары Т. Шайназаров башында турган жана БШК мүчөлөрү И.Гайпкулов жана М.Наспеков курамына кирген Кыргыз Республикасынын БШК делегациясы КМШ Миссиясынын курамында эл аралык байкоочу катары катышты. 2022-жылы 26-февралда борбордук шайлоо комиссияларынын (Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикистан жана Өзбекстан) өкүлдөрүнүн Беларусь Республикасынын Шайлоо жана республикалык референдум боюнча борбордук комиссиясынын жетекчилиги менен жолугушуусу болуп өттү. Карпенко Игорь Васильевич республикалык референдумга даярдык көрүү боюнча иш-чаралар жана мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу меймандарга маалымдап, суроолорго жооп берди. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар шайлоодогу көйгөй маселелер жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча пикир алмашты. Мындан тышкары, референдум боюнча бир катар аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын иштери менен таанышты, Минск облусундагы жана Минск шаарындагы комиссиялардын иштерине байкоо жүргүзүштү, алардын иши жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилешти. Алдын ала маалыматтар боюнча референдумга 5 359 471 адам же добуш берүү үчүн тизмелерге киргизилген жарандардын жалпы санынын 78,63 пайызы катышты. Ошентип, республикалык референдум болуп өттү деп эсептелди. Беларусь Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алууга “МАКУЛ” деп 4 440 813 жаран добуш берди, бул добуш берүү үчүн тизмелерге киргизилген жарандардын 82,86 пайызын түздү. Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алууга “КАРШЫ” деп референдумдун 686 165 катышуучусу добуш берди, бул добуш берүү үчүн тизмелерге киргизилген жарандардын 12,80 пайызын түздү. Мындан тышкары, КР БШК төрагасынын орун басары Т. Шайназаров КМШ Миссиясынын корутунду отчётуна катышты. Маалымат үчүн: Шайлоо кодексинин 121-беренесине ылайык, добуш берүү үчүн тизмелерге киргизилген жарандардын көпчүлүгү Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор үчүн добуш берсе, анда ал өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө чечим кабыл алынды деп эсептелет. Референдум жогорку деңгээлде уюшкандыкта болуп өттү, КМШ байкоочулар Миссиясынын башчысы Ильхом Нематов бүгүн бул тууралуу журналисттерге билдирди. “Биздин узак мөөнөттүү байкоочулар Беларуста 1-февралдан тартып иштешти. Алар республиканын дээрлик бардык облус, региондорунда болуп, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары менен жолугушту, усулдук жана маалыматтык материалдар, катышуучулардын тизмелери жана башка зарыл укуктук документтер менен таанышты. Биз белорустардын жигердүүлүгүнө ынандык, алар таң эртеде келип добуш берип жатышты. Добуш берүү текши, тынч өттү. Көп адамдар майрамга келгендей, балдары менен келишти”, - деп белгиледи КМШ байкоочулар Миссиясынын башчысы И. Нематов. Байкоочулардын жана өзүнүн байкоосуна таянып, И. Нематов өлкөдө иш-чараны жогорку деңгээлде уюшкандыкта өткөрүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөндүгүн жана Беларусь жарандардын эрк-ниетин эркин билдирүүсү камсыздалгандыгын билдирди. Негизги мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдум болуп өттү. Маалымат үчүн: Беларусь Республикасынын Конституциясына ылайык эл бийлигин түздөн-түз жогорку билдирүүнүн түрлөрүнүн бири болуп саналган референдум – мамлекеттик же жергиликтүү маанидеги кыйла маанилүү маселелер боюнча жалпы элдик добуш берүү түрүндө жүзөгө ашырылуучу жарандардын эрк-ниетин түз билдирүүсү. Референдум аркылуу жарандар өз пикирин гана билдирбестен, мамлекеттик бийлик органдары тарабынан милдеттүү түрдө эске алынуучу жана укуктук күчкө ээ болгон чечимди дагы кабыл алышат. Референдум кабыл алынган чечимдин укуктук күчү референдумду дайындоо тууралуу ченемдик укуктук актыда аныкталат. Конституцияга ылайык Беларусь Республикасынын Президенти республикалык референдум өткөрүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу жападан жалгыз субъект болуп саналат. Парламент же жарандар (450 миңден кем эмес) республикалык референдумду дайындоо тууралуу демилгени гана көтөрө алат, ал эми Президент Беларусь Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе, референдум өткөрүү тууралуу сунушту четке кагууга укуктуу. Конституциянын жоболорунун негизинде жана аларды жүзөгө ашыруу максатында Президент республикалык референдум өткөрүү тууралуу Жарлык чыгарат. Төмөнкүлөр республикалык референдумдун предмети болушу мүмкүн: Конституцияны, республиканын мыйзамдарын кабыл алуу, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү; Республиканын мамлекеттик турмушунун башка кыйла маанилүү маселелерин чечүү. Ошол эле учурда төмөнкүлөр республикалык референдумдун предмети болушу мүмкүн эмес: Беларусь Республикасынын аймактык бүтүндүгүн бузууга алып келүүчү маселелер; Беларусь Республикасынын Президентин шайлоого жана бошотууга, дайындалуусу (шайлоо, бошотуу) Беларусь Республикасынын Президентинин жана Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынын компетенциясына кирген кызмат адамдарын дайындоого (шайлоого, бошотууга) байланыштуу маселелер; бюджетти кабыл алуу жана өзгөртүү, салыктарды, жыйымдарды киргизүү, өзгөртүү жана жокко чыгаруу жөнүндө маселелер; амнистия, ырайым кылуу жөнүндө маселелер. Республикалык референдумга Беларусь Республикасынын 18 жашка толгон бардык жарандары катышууга укуктуу. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде кармалып турган жарандар шайлоодогудай эле референдумга катышууга укуксуз, ал эми жазык-процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте кайтарууда кармоо бөгөт чарасы колдонулган адамдар добуш берүүгө катышпайт. Референдум жарандардын эрк-ниетин ыктыярдуу жана эркин билдирүүсү, жашыруун добуш берүү менен жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун принциптеринин негизинде жүргүзүлөт. Республиканын жарандарына, коомдук бирикмелерине чогулуштарда, митингдерде, жарандардын жыйындарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында референдумга коюлган маселе боюнча өз пикирин билдирүү укугуна кепилдик берилет. Укук коргоочу мамлекеттик органдар конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө, республиканын бүтүндүгүн бузууга, мамлекеттин коопсуздугун бүлүнтүүгө, согушка, социалдык, расалык, улуттук, диний, катмардык, уруулук артыкчылыкка чакырган, ошондой эле ырайымсыздыкты жана зомбулукту туу туткан үгүткө бөгөт коюуга тийиш. Референдумду даярдоону жана өткөрүүнү Беларусь Республикасынын Шайлоо жана республикалык референдум боюнча борбордук комиссиясы, аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары жүзөгө ашырат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдар референдум боюнча борбордук комиссияларга референдумду даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон орун-жайларды, жабдыктарды жана транспорт каражаттарын берүүгө тийиш. Мыйзамга ылайык эл аралык уюмдар, эл аралык бирикмелер чет өлкөлүк мамлекеттик органдар, чет өлкөлүк юридикалык жактар жана чет өлкөлүк жарандар түз же кыйыр түрдө катышуу менен референдумга байланыштуу иш-чараларды каржылоого жана башкача колдоо көрсөтүүгө тыюу салынат. Борбордук комиссия облустардын, Минск шаарынын референдум боюнча комиссияларынын протоколдорунун негизинде республикалык референдумдун жыйынтыктарын чыгарат. Референдумга катышуу укугуна ээ болгон жарандардын тизмесине киргизилген жарандардын жарымынан көбү добуш берүүгө катышса, референдум болуп өттү деп эсептелет.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Көзөмөлдөө-текшерүү тобу КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин шайлоо фонддору жөнүндө маалымат берди
28.02.2022

Көзөмөлдөө-текшерүү тобу КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин шайлоо фонддору жөнүндө маалымат берди

БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддору жана 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча кайра шайлоодо ал фонддордун айкындуулугун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө маалымат берет. 1. Талапкерлердин шайлоо фонддору Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер өздөрүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өз шайлоо фонддорун түзүштү. 2022-жылдын 27-февралына дайындалган кайра шайлоого катышуу жөнүндө арыз берген 56 талапкер шайлоо фонддорун түзүштү. Мыйзам талаптарына ылайык КР БШК 53 талапкерди каттады. Шайлоо процессинин каржылык айкындуулугун камсыздоонун  БШК тарабынан колдонууга киргизилген маанилүү компонент иштелип чыкты. Ал талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын келип түшүү жана чыгымдалышы тууралуу толук маалыматтарды «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу “Финансылык ачык-айкындуулук” автоматташтырылган маалымат тутумунун жардамы менен реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө банктардан алууга мүмкүнчүлүк берет, ал маалыматтар БШКнын расмий сайтында («Шайлоо фонду» бөлүгүнүн «Талапкер»  бети) автоматтык түрдө көрсөтүлөт жана шайлоо фонддорунун каражаттары тууралуу каржы отчётторун топтоп, алып турат. Банк маалыматтарына ылайык 2022-жылдын 25-февралына карата талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 29,7 млн. сом акча каражаты түшкөн, анын ичинде: - 7,9 млн. сом – талапкерлердин өз каражаттарынан; - 19,9 млн. сом – жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн; - 0,99 млн. сом – юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан жабууга 26,9 млн. сом сарпталган, алардын ичинен, төмөнкүлөргө сарпталды: - шайлоо күрөөсүн төлөөгө – 5,5 млн. Сом; - үгүт материалдарын даярдоо жана таратуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө – 13,3 млн. сом; - агитаторлордун кызмат көрсөтүүлөрүнө– 2,7 млн. сом; - орун-жайды, жабдууларды, жарнамалык аянтчаларды ижарага алууга – 2,6 млн. сом; - футболка, жилетка, кепка ж.б. түрүндөгү үгүт материалдарын сатып алууга – 0,01 млн. сом; - ДМЧ шайлоочулар үчүн маалымат материалдарын даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө – 0,02 млн. сом; - шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу иштерди аткаргандык, кызмат көрсөтүүлөр үчүн башка чыгымдары төлөөгө  (маалыматтык жана кеңеш алуу мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүүлөр, иш сапар чыгымдары, байланыш кызмат көрсөтүүлөрү, кеңсе товарларын сатып алуу, КММ, салык чегерүүлөрү, социалдык милдеттенмелер ж.б.) – 1,3 млн. сом . Талапкерлердин шайлоо фонддорунун пайдаланылбаган  каражаттарынын калдыгы 2,7 млн.сомду түздү. Ар бир талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын суммасы мыйзам ченемдерине ылайык келет: чектелген жогорку суммадан төмөн (10 миллион сомдон ашпайт). Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо тартиби төмөнкүлөр менен жөнгө салынат: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен; ”Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобо менен. Талапкерлердин шайлоо фонддору тѳмѳндѳгү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: 1) талапкердин жеке каражаттарынан – 150 000 сомдун чегинде; 2) саясий партия талапкерге бөлгөн каражаттардан – 1000 000 сомдун чегинде; 3) жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулугунан – 200 000 сомдун чегинде; 4) юридикалык жактын ыктыярдуу кайрымдуулугунан – 500 000 сомдун чегинде. Талапкердин шайлоо фондунун келип түшкѳн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектик суммасы 10 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу болот. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылышы мүмкүн: 1) шайлоо алдындагы үгүткө, талапкерди колдоого колтамга топтоого багытталган уюштуруу-техникалык чараларды каржылык камсыздоого; 2) конституциялык Мыйзамда белгиленген өлчөмдө шайлоо күрөөсүн төлөөгө; 3) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө төлөөгө, атап айтканда, төмөнкүлөргө: - маалыматтык жана кеңеш берүү мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө; - үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга; - жайларды, жабдыктарды ижарага алууга; - транспорттук жана иш сапар чыгымдарын жабууга; - байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө; - кеңсе товарларын, жабдыктарын сатып алууга; - жарыяларды жана талапкердин сүйлөгөн сөздөрүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого; - шайлоочулар менен шайлоо алдындагы чогулуштарды, жолугушууларды өткөрүүгө. Талапкер менен аткаруучунун ортосунда белгилүү иш аткаргандыгы (кызмат көрсөткөндүгү) үчүн эсептешүүлөр келишимдик негизде жана накталай акча түрүндө эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат. 2. Талапкерлердин каржы отчёттору жөнүндө Шайлоо мезгили ичинде талапкерлер, саясий партиялар шайлоо фонддорунун атайын эсептерине каражаттардын келип түшүүлөрүнүн жана чыгымдалышынын эсебин жүргүзүүгө жана БШКга каржы отчетторун берүүгѳ милдеттүү болчу. Катталган 53 талапкердин ичинен биринчи каржылык отчетту 47 талапкер тапшырды, 6 талапкер тапшырган жок, алар бул тууралуу билдирме алышты, алардын ичинен 3өө шайлоого андан ары катышуудан баш тартты. Маалымат үчүн: Талапкерлер шайлоо фонддорунун атайын эсептерине каражаттардын келип түшүүлөрүнүн жана чыгымдалышынын эсебин жүргүзүүгө жана БШКга каржы отчетторун төмөнкү тартипте берүүгѳ милдеттүү: 1. Биринчи каржылык отчет – добуш берүү күнүнө чейин 7 күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 19-февралына чейин); 2. Экинчи жыйынтыктоочу каржылык отчет – добуш берүү күнүнөн кийин 7 күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 6-мартына чейин (кошуп алганда). 3. Шайлоо күрөөлөрү жөнүндө. БШКнын депозит эсебине түшкөн шайлоо күрөөлөрүнүн жалпы суммасы 5 600 000 сомду түздү (ар бир талапкер 100 000 сомдон). Шайлоо мезгилинде БШК бир талапкерди каттоодон баш тартты, 3 талапкер шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тартты. 400 000 сом суммасындагы акча каражаты аларга кайтарылып берилди. Бир талапкер шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенден кийин шайлоого андан ары катышуудан баш тартты. Ал төккөн 100 000 сом суммасындагы шайлоо күрөөсү республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш. Маалымат үчүн. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, “бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндөгү (б.а. 1 00 000 сом)  шайлоо күрөөсүн төгөт”.   КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу      
Кененирээк билүү >>
№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу округдарындагы КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүүнүн АЭУнун маалыматтары жана кол менен саноо боюнча (МШТга киргизилген) алдын ала таблицалар
28.02.2022

№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу округдарындагы КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүүнүн АЭУнун маалыматтары жана кол менен саноо боюнча (МШТга киргизилген) алдын ала таблицалар

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо участокторунда добуштарды кол менен саноо 2022-жылы 27-февралда аяктагандыгын маалымдайт. Бардык шайлоо документтери (протоколдор, идентификация чеков жана АЭУ отчетторунун көчүрмөлөрү, бюллетендер ж.б.) округдук шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилди. Ар бир участок боюнча шайлоо документтеринин сканерден өткөрүлгөн графикалык көчүрмөлөрү МШТ сайтына жарыяланды. Ошондой эле округдук шайлоо комиссияларында ар бир участок боюнча кол менен саноо протоколдорунун маалыматтары тутумдук администраторлор тарабынан МШТ электрондук тутумуна киргизилди – бул тууралуу кеңири маалымат https://newess.shailoo.gov.kg/ky/election/11113/ballot-count?type=MD_DEC&id=127 сайтында бар. Азыркы учурда округдук шайлоо комиссиялары округдун аймагында добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда. Төмөндө округдардын участокторунда добуш берүүнүн АЭУнун маалыматтары жана кол менен саноо боюнча МШТга киргизилген алдын ала таблицалар келтирилди. № 27 Биринчи май шайлоо округу АЭУ Кол менен саноо Участкалык шайлоо комиссиялары алган шайлоо бюллетендеринин саны 0   110616   Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны 113105   113105   Жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин саны 0   91382   Бюллетень алган шайлоочулардын жалпы саны 19231 17.00% 19232 17.00% Добуш берүү үчүн жайда шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны 0   18894   Жайдан тышкары шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны (жарактуу көчмө үкөктөр боюнча) 0   338   Жайдан тышкары шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны (жараксыз көчмө үкөктөр боюнча) 0   0   Жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынган бюллетендердин саны 0   0   Жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны 19101 99.32% 19131 99.47% Жараксыз шайлоо бюллетендеринин саны (жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынган бюллетендер эсепке алынбайт) 130 0.68% 101 0.53% Талапкерлер алган добуштардын саны (анын ич. % менен) АЭУ Кол менен саноо Нурматов Темирбек Асанович 97 0.50% 98 0.51% Нурдинов Бейшеналы 569 2.96% 569 2.96% Тотонов Нурбек Темирбекович 3543 18.42% 3544 18.43% Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна 9209 47.89% 9225 47.97% Искендеров Эльман Хыдырович 78 0.41% 78 0.41% Кермалиев Таалайбек Женишович 138 0.72% 138 0.72% Мамбетсадыков Азамат Нурбекович 131 0.68% 131 0.68% Давлянов Дамирбек Тайырбекович (каттоо жокко чыккан) 0 0% 0 0% Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич 170 0.88% 172 0.89% Савин Виктор Евгеньевич 614 3.19% 614 3.19% Ибраймакунов Данияр Омурбекович 148 0.77% 150 0.78% Акылбеков Русланбек Акылбекович 243 1.26% 244 1.27% Тилектешов Улукбек Тилектешович (каттоо жокко чыккан) 0 0% 0 0% Капаров Чынгыз Капарович 155 0.81% 155 0.81% Ремнев Роман Павлович 112 0.58% 112 0.58% Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович 63 0.33% 63 0.33% Гапаров Адылбек Абдикаримович 79 0.41% 79 0.41% Тагайбек Султан 38 0.20% 38 0.20% Абдыкадыр уулу Бектур 201 1.05% 201 1.05% Мусаев Тахир Насырович 736 3.83% 736 3.83% Сартаев Анвар Айдарович 84 0.44% 84 0.44% Абдыразакова Айжан Улановна 111 0.58% 111 0.58% Токтокожоев Таалайбек Самудинович 160 0.83% 161 0.84% Акеров Тавылды Абдраманович 157 0.82% 158 0.82% Токтакунов Нурбек Акбарович 1065 5.54% 1068 5.55% Сариев Акылбек Аблабекович 72 0.37% 72 0.37% Жуков Виталий Юрьевич 195 1.01% 195 1.01% БААРЫНА КАРШЫ 933 4.85% 935 4.86%     № 29 Свердлов шайлоо округу АЭУ Кол менен саноо Участкалык шайлоо комиссиялары алган шайлоо бюллетендеринин саны 0   104 793   Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны 106549   106549   Жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин саны 0   75 056   Бюллетень алган шайлоочулардын жалпы саны 29688 27.86% 29737 27.91% Добуш берүү үчүн жайда шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны 0   28964   Жайдан тышкары шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны (жарактуу көчмө үкөктөр боюнча) 0   731   Жайдан тышкары шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны (жараксыз көчмө үкөктөр боюнча) 0   42   Жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынган бюллетендердин саны 0   42   Жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны 29476 99.29% 29514 99.25% Жараксыз шайлоо бюллетендеринин саны (жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынган бюллетендер эсепке алынбайт) 212 0.71% 181 0.61% Талапкерлер алган добуштардын саны (анын ич. % менен) АЭУ Кол менен саноо Майрамбек уулу Калыс 189 0.64% 191 0.64% Маматкулов Нурланбек Жолошович 642 2.16% 642 2.16% Султанбеков Муратбек Кенешбекович 85 0.29% 84 0.28% Аспек уулу Азамат 27 0.09% 27 0.09% Хакимходжаев Зуфар Шавкатович 2369 7.98% 2368 7.96% Алмамбетова Гуля Идиновна 276 0.93% 277 0.93% Курманов Ильяс Зайнидинович 51 0.17% 51 0.17% Босивская Кристина Валерьевна 87 0.29% 87 0.29% Джоомартова Рыскан Абдиевна 19 0.06% 19 0.06% Бакиров Бакыт Жеентайович 198 0.67% 199 0.67% Строкова Евгения Григорьевна 251 0.85% 252 0.85% Атазов Шайлообек Карыбекович 5381 18.13% 5383 18.10% Болотбеков Бакытбек Болотбекович 452 1.52% 452 1.52% Абышев Медер Болотович 149 0.50% 150 0.50% Бейшенбаев Эдиль Нурбекович 169 0.57% 170 0.57% Алканова Элнура Сайдиракмановна 3024 10.19% 3027 10.18% Саадабаев Бакыт Муратбекович 488 1.64% 490 1.65% Исираилова Анара Усонбековна 23 0.08% 23 0.08% Джумагазиева Нуржан Курманбековна 35 0.12% 35 0.12% Токмулин Рафаэль Мубаракович 29 0.10% 29 0.10% Алмаз уулу Аскар 4176 14.07% 4181 14.06% Карамушкина Ирина Юрьевна 3035 10.22% 3041 10.23% Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич 5797 19.53% 5806 19.52% Салянова Аида Жеңишбековна 1696 5.71% 1699 5.71% Жолдошова Назгүл Амантуровна 50 0.17% 50 0.17% БААРЫНА КАРШЫ 778 2.62% 781 2.63%   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК: Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жана мөөнөттөрү тууралуу
28.02.2022

БШК: Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жана мөөнөттөрү тууралуу

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу (УШК-ОШК): Мыйзамдарга ылайык АЭУнун маалыматтары алдын ала маалыматтар болуп саналат, участкалык шайлоо комиссиялары тиешелүү шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноонун жыйынтыктары боюнча чыгарат. Шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылгандан кийин 3 календарлык күн ичинде аны округдук шайлоо комиссияларына даттаннууга мүмкүн. Округдук шайлоо комиссиялары (ОШК) участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун негизинде алардагы маалыматтарды кошуу жолу менен округдун аймагындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Тиешелүү аймактда добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тууралуу округдук шайлоо комиссияларынын чечимдерине округдук шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылышы мүмкүн.   Шайлоонун натыйжаларын аныктоо (БШК): Борбордук шайлоо комиссиясы округдук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен, добуш берүү күнүнөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 12-мартына чейин) округдагы шайлоонун натыйжаларын аныктайт б.а. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин округда шайланган депутатын аныктайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерине үч күндүк мөөнөттө сотко даттанылат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу чечимдерди кабыл алууда бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө орун алган бузуулар тууралуу арыздарды (даттанууларды) милдеттүү түрдө карайт, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат. Комиссиялар, ошондой эле, шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө түшкөн, укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын компетенциясында турган, мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөрдү, арыздарды териштирүү боюнча укук коргоо органдарынын материалдарын карайт. Кароонун жыйынтыктары боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тууралуу чечим кабыл алынат. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана байкоочулар арыздар (даттануулар) менен кайрыла алышат. Маалымат үчүн: Округдук, аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таанууга укуктуу: 1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса; 2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында, шайлоочулардын эрктерин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса; 3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча; 4) соттун чечими боюнча. 5) эгерде добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылса. Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда, шайлоонун жыйынтыктары калган шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп тааныйт: 1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылса; 2) эгерде талапкер (талапкерлер), саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүлөрдүн анык эмес деп таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса. Эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары - 2022-жылдын 27-февралына АЭУнун маалыматтары боюнча
27.02.2022

№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары - 2022-жылдын 27-февралына АЭУнун маалыматтары боюнча

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу 2022-жылы 27-февралда 120 участоктон (100%) түшкөн АЭУнун маалыматтары боюнча маалымат берет.  № 27 Биринчи май шайлоо округу Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны   113105     Бюллетень алган шайлоочулардын жалпы саны  19231  17.00% Жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны  19101  99.32% Жараксыз шайлоо бюллетендеринин саны  130  0.68% Талапкерлер алган добуштардын саны (анын ич. % менен)  АЭУ Нурматов Темирбек Асанович  97  0.50% Нурдинов Бейшеналы  569  2.96% Тотонов Нурбек Темирбекович  3543  18.42% Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна  9209  47.89% Искендеров Эльман Хыдырович  78  0.41% Кермалиев Таалайбек Женишович  138  0.72% Мамбетсадыков Азамат Нурбекович  131  0.68% Давлянов Дамирбек Тайырбекович (Отмена регистрации)  0  0% Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич  170  0.88% Савин Виктор Евгеньевич  614  3.19% Ибраймакунов Данияр Омурбекович  148  0.77% Акылбеков Русланбек Акылбекович  243  1.26% Тилектешов Улукбек Тилектешович (Отмена регистрации)  0  0% Капаров Чынгыз Капарович  155  0.81% Ремнев Роман Павлович  112  0.58% Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович  63  0.33% Гапаров Адылбек Абдикаримович  79  0.41% Тагайбек Султан  38  0.20% Абдыкадыр уулу Бектур  201  1.05% Мусаев Тахир Насырович  736  3.83% Сартаев Анвар Айдарович  84  0.44% Абдыразакова Айжан Улановна  111  0.58% Токтокожоев Таалайбек Самудинович  160  0.83% Акеров Тавылды Абдраманович  157  0.82% Токтакунов Нурбек Акбарович  1065  5.54% Сариев Акылбек Аблабекович  72  0.37% Жуков Виталий Юрьевич  195  1.01% БААРЫНА КАРШЫ   933  4.85%   № 29 Свердлов шайлоо округу Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны  106549    Бюллетень алган шайлоочулардын жалпы саны  29688  27.86% Жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны  29476  99.29% Жараксыз шайлоо бюллетендеринин саны  212  0.71% Талапкерлер алган добуштардын саны (анын ич. % менен)  АЭУ Майрамбек уулу Калыс  189  0.64% Маматкулов Нурланбек Жолошович  642  2.16% Султанбеков Муратбек Кенешбекович  85  0.29% Аспек уулу Азамат  27  0.09% Хакимходжаев Зуфар Шавкатович  2369  7.98% Алмамбетова Гуля Идиновна  276  0.93% Курманов Ильяс Зайнидинович  51  0.17% Босивская Кристина Валерьевна  87  0.29% Джоомартова Рыскан Абдиевна  19  0.06% Бакиров Бакыт Жеентайович  198  0.67% Строкова Евгения Григорьевна  251  0.85% Атазов Шайлообек Карыбекович  5381  18.13%  Болотбеков Бакытбек Болотбекович  452  1.52% Абышев Медер Болотович  149  0.50% Бейшенбаев Эдиль Нурбекович  169  0.57% Алканова Элнура Сайдиракмановна  3024  10.19% Саадабаев Бакыт Муратбекович  488  1.64% Исираилова Анара Усонбековна  23  0.08% Джумагазиева Нуржан Курманбековна  35  0.12% Токмулин Рафаэль Мубаракович  29  0.10% Алмаз уулу Аскар  4176  14.07% Карамушкина Ирина Юрьевна  3035  10.22% Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич  5797  19.53% Салянова Аида Жеңишбековна  1696  5.71% Жолдошова Назгүл Амантуровна  50  0.17% БААРЫНА КАРШЫ  778  2.62% Ар бир участок боюнча төмөнкү МШТ сайтынан кеңири таанышса болот: https://newess.shailoo.gov.kg/ky/home КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саат 18.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү
27.02.2022

Саат 18.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саат 18.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымат берет. № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүгө келүүсү төмөнкүдөй: 40 970 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 18,65 %ы. - № 27 Биринчи май шайлоо округу – 15 529 шайлоочу же 13,73%; - № 29 Свердлов шайлоо округу – 25 441 шайлоочу же 23,88 %. БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Саат 16.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү
27.02.2022

Саат 16.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саат 16.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымат берет. № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүгө келүүсү төмөнкүдөй: 33 812 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 15,39%ы. - № 27 Биринчи май шайлоо округу – 12 610 шайлоочу же 11,15%; - № 29 Свердлов шайлоо округу – 21 202 шайлоочу же 19,90 %. БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 149 151 … 485