Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Абдалиев Мейкинбек Акимовичке өткөрүп берди
14.03.2022

БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Абдалиев Мейкинбек Акимовичке өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты болгонуна байланыштуу «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Абдалиев Мейкинбек Акимовичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды. КР БШК токтому менен Абдалиев Мейкинбек Акимович КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырылды. Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
14.03.2022

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 14-мартында өткөн жыйналышында Базар-Коргон, Кара-Суу, Аламүдүн жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айылдык кеңешинин депутаты Абдраимов Нурланбек Келдибековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Ыманбеков Нурмамат Ыманбековичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты Жалалдинов Дониербек Рашидовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Шамшидинов Дилшод Алижоновичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаты Салеева Татьяна Касымовнанын (№3, «Эмгек» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Саламатова Аида Саламатовнага (№6, «Эмгек» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаты Мураталиев Хаётилло Султанжановичтин (№2, «Асыл-Мурас жаштары» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат аймактык оорукананын врачы Люшанло Шамиль Абдуллаевичке (№8, «Асыл-Мурас жаштары» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Дайрбек уулу Темирландын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат айдоочу Дуйшебаев Союзбек Шайлообековичке өткөрүп берилди. Ошондой эле жыйналышта КР БШК мүчөлөрү өз арызынын негизинде Абылов Чыныбек Абдистановичти Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
14.03.2022

БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 14-мартындагы жыйналышында «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сабиров Равшан Азатовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-мартындагы № 75 ПЖ Жарлыгынын негизинде «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сабиров Равшан Азатович Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору болуп дайындалгандыгына байланыштуу КР БШК Р.А. Сабировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сабиров Равшан Азатовичтин ырастамасы анык эмес деп табылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 14-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
13.03.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 14-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

-
Кененирээк билүү >>
2022-жылы 12-мартта Түркмөнстандын Президентин шайлоо өтүүдө
12.03.2022

2022-жылы 12-мартта Түркмөнстандын Президентин шайлоо өтүүдө

Түркмөнстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын чакыруусу боюнча КР БШК төрагасынын орун басары Койчукеев Н.Ч. жана КР БШК мүчөсү Дубанбаева А.С. КМШ Миссиясынын курамында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинин өкүлү ШКУ Миссиясынын курамында 2022-жылы 12-мартта өтүп жаткан Түркмөнстандын Президентин шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууда. Иш сапардын жүрүшүндө Түркмөнстандын Боршайкомунун төрагасы Азербайжандын, Россиянын, Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркиянын жана Өзбекстандын шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Түркмөнстандын Боршайкомунун маалыматы боюнча бардык 2577 шайлоо участогунда жарандардын эрк-ниетин билдирүү үчүн шарттар түзүлгөн. Жарандардын коопсуздугу үчүн мында санитардык-профилактикалык чаралар көрүлгөн, 300дөн ашык участок инновациялык дезинфекциялоочу түзүлмөлөр менен жабдылган. Борбордун, велаяттардын жана этраптардын тургундары жашаган жери боюнча добуш беришет, шайлоого алдын ала чакыруу, жеке номер, ошондой эле шайлоочу үчүн добуш берүү боюнча нускама алышкан. Мындан тышкары, чет өлкөлөрдө 41 шайлоо участогу иштейт, ал участоктор өлкөнүн элчиликтеринде жана консулдугунда ачылган. Түркмөнстандын Шайлоо кодексинин 69-беренесине ылайык добуш берүү 2022-жылы 12-мартта жергиликтүү убакыт боюнча эртең менен саат 7:00дө башталат жана саат 19:00дө аяктайт. Эскертүү: Түркмөнстандын Президентин шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 2022-жылы 2-мартта башталды жана 12-мартта жергиликтүү убакыт боюнча 18:00дө аяктады. Шайлоо участокторунда добуш берүү санариптик таризде өтүп, Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын «saylav.gov.tm» сайтында онлайн режиминде көрсөтүлүүдө. Президентти шайлоону өткөрүү жөнүндө маалыматтар улуттук теле көрсөтүүдө жана радиодо дагы берилүүдө. Бардык шайлоо участокторунда белгилүү ырчылардын, бахши-музыканттардын жана чыгармачыл жамааттардын аткаруусунда чыгармаларын уктуруу уюштурулган. Түркмөнстандын Президентин шайлоого Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, Шанхай кызматташтык уюмунун, Ислам кызматташтык уюмунун, Түрк мамлекеттеринин уюмунун парламенттик ассамблеясынын миссияларынын жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнөн 118 эл аралык байкоочу байкоо жүргүзүүдө. КМШ байкоочулар Миссиясына КМШ Аткаруу комитетинин Төрагасынын – Аткаруучу катчысынын Биринчи орун басары Анфимов Леонид Васильевич башчылык кылууда. 2022-жылдын 7-мартына карата Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү жактардан 2726 улуттук байкоочу каттады: 544 – Демократиялык партиядан, 355 – Өнөр жайчылар жана ишкерлер партиясынан, 390 – Агрардык партиядан, 520 – Кесиптик бирликтерден, 290 – Аялдар бирлигинен, 525 – Түркмөнстандын Махтумкули атындагы жаштар уюмунан, 84 – жарандар тобунан, 18 – талапкерлердин байкоочулары. БШК белгилегендей, жергиликтүү байкоочулардын 47,76%ын аялдар түзөт. Маалымат үчүн: Борбордук шайлоо комиссиясы Түркмөнстандын Президенттигине тогуз талапкер каттады. Төмөнкүлөр жогорку мамлекеттик кызмат ордуна талапкер болуп саналат: Сердар Бердымухамедов – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары (Түркмөнстандын Демократиялык партиясынан), Агаджан Бекмырадов – Марый велаятынын акиминин орун басары (Түркмөнстандын Агрардык партиясынан), Перхат Бегенджов – Лебап велаятынын Финансы-экономикалык кесиптик орто лицейинин директору (Лебап велаятынын демилгечил жарандар тобунан), Бердымаммет Гурбанов – Саламаттык сактоо жана медициналык өнөр жай министрлигинин «Аваза» санаторийинин башкы врачы, Милли Генгеш Меджлисинин депутаты (Балкан велаятынын демилгечил жарандар тобунан), Максатмырат Овезгелдиев – Ахал велаятынын Бабадайхан этрабынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын начальниги (Ахал велаятынын демилгечил жарандар тобунан), Какагелди Сарыев – Мамлекеттик энергетика институтунун «Энергиянын жаңыланган булактары» илимий-өндүрүштүк борборунун директору (Марый велаятынын демилгечил жарандар тобунан), Бабамырат Мередов – «Вепалыгурлушик» чарба коомунун директору (Түркмөнстандын Өнөр жайчылар жана ишкерлер партиясынан), Хыдыр Нуннаев – Түркмөн Мамлекеттик физкультура жана спорт институтунун илимий иштер брюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты (Ашхабад шаарынын демилгечил жарандар тобунан), Максат Одешов – Түркмөнстандын Сапармурат Түркмөнбашы атындагы Демократиялык партиясынан комитетинин төрагасы (Дашогуз велаятынын демилгечил жарандар тобунан).   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын ЫЧКТсы: шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча арыздар каралды
11.03.2022

КР БШКнын ЫЧКТсы: шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча арыздар каралды

2022-жылы 10-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна (ЫЧКТ) төмөнкүлөрдөн түшкөн шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча арыздар каралды: - Аскар уулу Алмаздан, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер; - И.Ю. Карамушкинадан, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер. Арыздарда Бишкек шаарындагы № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча чара көрүү көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына аталган талапкердин арыздары буга чейин – 2022-жылы 5-мартта КР БШКнын жыйналышында каралып, тергөөгө чейин текшерүүлөрдүн улантылган процессине байланыштуу Свердлов районунун ИИБ маалыматын КР БШК эске алган. 2022-жылы 10-мартта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Аскар уулу Алмаздын, И.Ю. Карамушкинанын арыздары боюнча сотко чейинки текшерүүлөрдүн жана териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берген. 2022-жылы 10-мартта КР БШКнын жыйналышына КР ИИМдин төмөнкү өкүлдөрү катышты: - КР ИИМдин тергөө кызматынын бөлүм начальниги подполковник Макилов С.Б., - Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ начальнигинин орун басары милиция полковниги Жапаров А.К., - Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматынын начальниги милиция майору Бекбоо уулу Арлен. Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасынан: - Свердлов районунун прокурорунун орун басары Абдыманнапов Эмилбек Абдыманнапович. 1. КР БШКнын жыйналышында токтоочу жайдагы төмөнкү автомашиналардан шайлоочулардын добуштарын сатып алууну жүзөгө ашырган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү сураган Аскар уулу Алмаздын арызы боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ начальнигинин орун басары милиция полковниги А.К. Жапаровдун маалыматы угулду. - «Ниссан Скайлайн» маркасындагы автомашина, мамлекеттик номери 02KG40ACQ$; - «Хонда Степваган» маркасындагы автомашина, мамлекеттик номери 06ЛП 611ADG, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш. Атазовду колдоп, айрым участоктордо. Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ маалыматына ылайык көрсөтүлгөн факты боюнча материалдар №02-003-2022-004431 менен маалыматтарды эсепке алуу журналына (МЭЖ) катталган. Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан тергөөгө чейин текшерүүлөр процессинде төмөнкүлөр суракка алынды: - И.Т., ал автомашинада табылган акча «Кыргыз Каганат» ЖЧКдан алган 43000 сом суммасындагы эмгек акысы болуп саналарын көрсөттү, бул эмгек акы берүү жөнүндө ведомость аркылуу ырасталды. -М.М.Б., №1346 УШК катчысы добуш берүү күнү шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактылары боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуу болбогондугун айтты; -К.А.Д., №1338 УШК төрагасы УШКда добуш берүү күнү кандайдыр бир шайлоо мыйзамдарын бузуу болбогондугун айтты; -Ж.Р.А., №1338 УШК катчысы добуш берүү күнү шайлоо мыйзамдарын бузуу болбогондугун айтты; -Я.М.М., №1335 УШК төрагасы добуш берүү күнү шайлоо мыйзамдарын бузуу болбогондугун айтты; -А.Т.Ж., №1335 УШК катчысы добуш берүү күнү шайлоо мыйзамдарын бузуу болбогондугун айтты. 2022-жылы 7-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тергөөгө чейин текшерүүлөрдүн бул материалдары боюнча кылмыш курамы болбогондугуна байланыштуу КР ЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде жазык ишин козгоодон баш тартты. Аскар уулу Алмаздын арызында көрсөтүлгөн экинчи факт боюнча материалдар 2022-жылдын 27-февралында № 02-03-2022-003997 менен маалыматтарды эсепке алуу журналына (МЭЖ) катталган. Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан тергөөгө чейин текшерүүлөр процессинде төмөнкүлөр суракка алынды: -Т.Ж. № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш. Атазовдун өкүлү, ал чындыгында эле бир тууганын күтүп, №1344 УШКнын аймагында жүргөндүгүн айтты. Тинтүү учурунда анын автомашинасынан милиция кызматкерлери Ш. Атазовду колдогон үгүт барактарын табышкан; - Т.у.Д., № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш. Атазовдун №1344 УШКдагы улук агитатору добуш берүү күнү №1344 УШКнын аймагында жүргөндүгүн жана шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсүнө байкоо жүргүзгөнүгүн айтты. -Т.М., «Т.Жнын» бир тууганы, №1344 УШКнын аймагында капыстан болгондугун, тинтүү учурунда чындыгында эле анын автомашинасынан Ш. Атазовду колдогон үгүт барактарын табылгандыгын айтты. 2022-жылы 7-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тергөөгө чейин текшерүүлөрдүн бул материалдары боюнча кылмыш курамы болбогондугуна байланыштуу КР ЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде жазык ишин козгоодон баш тартты. 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо мезгилинде Свердлов шайлоо округунда шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Ю. Карамушкинанын арызында көрсөтүлөн биринчи пункт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ начальнигинин орун басары милиция полковниги А.К. Жапаровдун маалыматы угулду. - Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.С. Алканованы колдоо иретинде кварталдык комитеттин төрагасы «Джумадыл» деген адам тараптан Совет, Памир көчөлөрүндө жашаган тургундарга көмүр жана ун акысыз таратуу фактысы боюнча. Материалдар №02-0032022-002942 менен маалыматтарды эсепке алуу журналына (МЭЖ) катталган, тергөөгө чейин текшерүүлөр процессинде төмөнкүлөр суракка алынды: - А.Ж., МТУ-2 №12 кварталдык комитеттин төрагасы, өз кварталынын камсыздыгы аз тургундарына Соцфонддон жөнөтүлгөн унду тизме боюнча чынында эле тараткандыгын айтты. Андан ары ал КР ЖК депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Э.С. Алканованы колдоо иретинде үгүт иш-чараларына катышкан эмес. - К.К. А.Ж. тургундардан паспорттук маалыматтарды сурабагандыгын, кайсыл бир талапкерди колдоо иретинде үгүт жүргүзбөгөндүгүн белгиледи. -К.Э. А.Ж. кайсыл бир талапкерди колдоо иретинде үгүт жүргүзбөгөндүгүн айтты. -А.Т., МТУ №2 начальниги КР Мамматрезервинен жөнөтүлгөн унду көрсөтүлгөн кварталдын камсыздыгы аз тургундарына тараткандыгын ырастады. 2022-жылы 16-февралда Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тергөөгө чейин текшерүүлөрдүн бул материалдары боюнча кылмыш курамы болбогондугуна байланыштуу КР ЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде жазык ишин козгоодон баш тартты. И.Ю. Карамушкинанын арызында көрсөтүлөн экинчи пункт боюнча: - Бел, Берлик көчөлөрүндө, «Бакай-Ата» жаңы конушу боюнча кварталдык комитеттердин төрагалары тараптан Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А. Муртазалиевди колдоо иретинде, ошондой эле Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш. Атазовду колдоо иретинде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча. Бул факт Свердлов районунун ИИБде №02-0032022-002942 менен маалыматтарды эсепке алуу журналына (МЭЖ) катталган. Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан тергөөгө чейин текшерүүлөр процессинде төмөнкүлөр суракка алынды: - П.Л.В., МТУ-20 №1 кварталдык комитеттин төрагасы, ал шайлоо мезгилинде үгүт ишине такыр катышпагандыгын, шайлоо өткөрүүгө кийлигишпөө жөнүндө милдеттенмеге кол койгондугун белгиледи. -И.М.Е., МТУ-20 №3 кварталдык комитеттин төрагасы, талапкерлердин үгүт жүргүзүү ишине катышкандыгын танды. - А.Г.И., Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер, Берлик көчөсүндө №15А үйдөн 33А үйгө чейин, ошондой эле №58 үйдөн №72 үйгө чейин А. Муртазалиевди колдоо иретинде 500дон 3000 сомго чейин шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жүзөгө ашырылгандыгын айтты (№1353, №1302 УШК). Ошондой эле А.Г.И. «Стекольщик» ТСЖ төрагасы Г.Инин Широкая көчөсүндө павильондо талапкер Ш. Атазовду колдоо иретинде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жүзөгө ашырылгандыгы жөнүндө маалыматын белгиледи. - М.Е.А. 22.02.2022-ж. белгисиз аял – депутаттыкка талапкер тараптан үгүт жүргүзүлгөндүгүн, кийин алардын суроо-талаптарын аткаруу жөнүндө убада берилгендигин белгиледи. Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын процессинде 30 адам суралды, алар депутаттыкка талапкер тараптан добуштарын сатып алуу фактысын танышты. 2022-жылы 24-февралда Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тергөөгө чейин текшерүүлөрдүн бул материалдары боюнча кылмыш курамы болбогондугуна байланыштуу КР ЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде жазык ишин козгоодон баш тартты. И.Ю. Карамушкинанын арызында көрсөтүлөн үчүнчү пункт боюнча: - 2022-жылы 27-февралда Нурлан Конокбаевдин Фэйсбуктагы барагында №1357 УШК кылдат текшерүү жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө кайрылуу жарыяланган. Бул маалымат Свердлов районунун ИИБде №02-003-2022-004431 менен маалыматтарды эсепке алуу журналына (МЭЖ) катталган. Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматынын тергөөгө чейин текшерүүлөр процессинде төмөнкүлөр суракка алынды: - А.А.К., №1357 УШК төрагасы, УШКда кайра шайлоо мезгилинде кандайдыр бир бузуулар болбогондугун айтты. - К.Н.Б., жарылоонун автору кайра шайлоо күнү №1357 УШКда көп адамдар топтолуп турган видеону вотсап аркылуу алып, Фэйсбуктагы барагында жарыялагандыгын белгиледи. - З.у.Б., шайлоочу, ал дагы №1357 УШКда кайра шайлоо күнү кандайдыр бир бузуулар болбогондугун айтты. Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тергөөгө чейин текшерүүлөрдүн бул материалдары боюнча кылмыш курамы болбогондугуна байланыштуу КР ЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде жазык ишин козгоодон баш тартты. И.Ю. Карамушкинанын арызында көрсөтүлөн төртүнчү пункт боюнча: 2022-жылы 17-февралда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына белгилүү бир талапкерди колдоо иретинде шайлоочулардын добуштарын сатып алууну жүзөгө ашырган. 2022-жылы 25-февралда Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) кылмыштын белгилери боюнча №03-003-2022-000866 кылмыш ишин козгогон, ал боюнча Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан териштирүү жүргүзүлүүдө. Анын натыйжасы тууралуу териштирүүнүн тиешелүү материалдарын жиберүү менен КР БШКнын ЫЧКТсына токтоосуз билдирилет. И.Ю. Карамушкинанын арызында көрсөтүлөн бешинчи факт боюнча: 2022-жылы 26-февралда Сабыр Мырзанын Фэйсбуктагы барагында алдын ала билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аскар уулу Алмаздын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишмердик беделине зыян келтирген үгүткө жат ж.б. материалдар жарыяланган. Бул факт 2022-жылдын 26-февралында №02-003-2022-003901 менен маалыматтарды эсепке алуу журналына (МЭЖ) катталган. Текшерүүдө социалдык түйүн боюнча «Сабыр Мырза» аттуу пайдалануучуну аныктоо мүмкүн болгон жок. 2022-жылы 27-февралда Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тергөөгө чейин текшерүүлөрдүн бул материалдары боюнча кылмыш курамы болбогондугуна байланыштуу КР ЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде жазык ишин козгоодон баш тартты. И.Ю. Карамушкинанын арызында көрсөтүлөн алтынчы факт боюнча: 2022-жылы 27-февралда Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБге Дубосеков көчөсүндөгү №39А даректеги №32 орто мектептин имаратында жайгашкан №1301, №1302, №1353 УШКларда шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жөнүндө билдирүү түштү. Бул факт 2022-жылдын 27-февралында №2-003-2022-003978 менен маалыматтарды эсепке алуу журналына (МЭЖ) катталган. Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматынын тергөөгө чейин текшерүүлөр процессинде төмөнкүлөр суракка алынды: - К.Т.К., Дубосеков көчөсүндөгү №39А даректе жайгашкан №32 орто мектепке белгисиз аялды жеткизген такси айдоочу, ал аялдан милиция кызматкерлери тарабынан кандайдыр бир кагаздар алынган. - Ч.З.К. «Азамат» аттуу белгисиз жигит шайлоо күнү №1301 УШКда көрсөткөн кызматы үчүн эмгек акы катары ага 5000 сом убада бергенин айтты. 2022-жылы 27-февралда Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тергөөгө чейин текшерүүлөрдүн бул материалдары боюнча кылмыш курамы болбогондугуна байланыштуу КР ЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде жазык ишин козгоодон баш тартты. КР БШКнын жыйналышында Свердлов районунун прокурорунун орун басары Э.А. Абдыманнаповдун маалыматы угулду. Ал № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Ю. Карамушкинанын арызында баяндалган бардык фактылар боюнча Свердлов районунун ИИБ жөнөткөн териштирүүлөрдүн материалдары, ошондой эле кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү прокуратура тараптан изилденип, текшерилгендигин белгиледи. КР БШК мүчөлөрү И.Ю. Карамушкинанын арызында баяндалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.С. Алканованы колдоо иретинде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча териштирүү материалы боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө КР БШКнын ЫЧКТсына токтоосуз маалымдоого Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматынын көңүлүн бурду. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында укук коргоо органдарынын маалыматтары эске алынды.
Кененирээк билүү >>
БШК КР Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Ж. Сурабалдиевага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырды
11.03.2022

БШК КР Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Ж. Сурабалдиевага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2022-жылы 11-мартта “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө (бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча)” КР БШКнын 2022-жылдын 11-мартындагы токтомунун негизинде № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековнага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 11-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
11.03.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 11-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 11-март 2022-ж. Убактысы: 15.00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы  № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)         2. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 10-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
10.03.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 10-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

-
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин түздү
10.03.2022

КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин түздү

  Шайлоочулардын контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мындан ары – КР СӨМ) маалыматтарынын негизинде түзүлдү жана КР БШКнын шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталына - https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public_regional.xhtml жайгаштырылды. Шайлоочулардын контролдук тизмелери 2022-жылдын 11-мартка чейин кагазга басылып чыгарылып, 84 шайлоо участогуна илинет. Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу жана тактоо шайлоочулардын кайрылуусу боюнча жана КР СӨМ менен өз ара байланышта күн сайын жүргүзүлөт. Урматтуу шайлоочулар! 2022-жылдын 19-февралынан тартып 25-мартына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз: 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен; 2022-жылдын 19-февралынан тартып шайлоо участогунда; «tizme.gov.kg.» сайтында; Же өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз). Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, Сиз 2022-жылдын 25-мартына чейин (кошуп алганда) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт. Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg.” сайтында «шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат. Маалымат үчүн: КРдин шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган жарандар жана КР мыйзамдарына ылайык биометрикалык каттоодон өткөн, КРдин бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 2-беренесинин 41-абзацы, 12-беренесинин 1-бөлүгү). Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча контролдук тизмелердеги шайлоочулардын саны 24 857 шайлоочуну, Токтогул шаардык кеңеши 13 091 шайлоочуну, Кара-Балта шаардык кеңеши 30 896 шайлоочуну, Жаңы-Алыш айылдык кеңеши 1 835 шайлоочуну, Кара-Булак айылдык кеңеши 2 174 шайлоочуну, Көк-Ойрок айылдык кеңеши 3 186 шайлоочуну, Александровка айылдык кеңеши 11 366 шайлоочуну, Сокулук айылдык кеңеши 10 929 шайлоочуну, Кара-Жыгач айылдык кеңеши 4 479 шайлоочуну, Көк-Арт айылдык кеңеши 7 280 шайлоочуну, Юсупов айыл кеңеши 16 525 шайлоочуну, Төлөйкөн айылдык кеңеши 16 770 шайлоочуну, Ак-Таш айылдык кеңеши 5 835 шайлоочуну, Тоголок-Молдоко айылдык кеңеши 2 254 шайлоочуну, Казыбек айылдык кеңеши 3 327 шайлоочуну, Кажы-Сай айылдык кеңеши 3 016 шайлоочуну түздү. 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын акыркы тизмеси 2022-жылдын 31-мартына чейин түзүлүп, 2022-жылдын 7-апрелине чейин "Тизме" мамлекеттик жайгаштырылат жана шайлоо участокторуна илинет.   КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2022-жылдын 7-мартына карата шайлоочулардын саны жөнүндө маалымат № п/п АШК, шаардык / айылдык кеңештердин аталышы УШКнын саны УШКнын жайгашкан жери Саны 2018ж. Алдын ала тизме 10.02.2022ж. Контролдук тизме 7.03.2022ж.   Жалпы Республика боюнча 84 мурунку шайлоонун датасы 28/01/2018 127704 157562 157820 Чүй облусу 33   47905 60279 60386 1 Жайыл АШК 16   23196 30818 30896   Кара-Балта шаардык кеңеши 16 Досрочные 28.01.2018 23196 30818 30896 2 Кемин АШК 6  28.01.2018 6550 7204 7195   Жаңы-Алыш айылдык кеңеши 1   1660 1836 1835 Кара-Булак айылдык кеңеши 2   2023 2179 2174 Көк-Ойрок айылдык кеңеши 3   2867 3189 3186 3 Москва АШК 6 Досрочные 28.01.2018 9736 11357 11366   Александровка айылдык кеңеши 6   9736 11357 11366 4 Сокулук АШК 5 Досрочные 13.05.2018 8423 10900 10929   Сокулук айылдык кеңеши 5   8423 10900 10929 Жалал-Абад облусу 24   40056 49616 49707 5 Таш-Көмүр АШК 11 28.01.2018 (2439 УИК- жаны ачылган) 19658 24810 24857   Таш-Көмүр шаардык кеңеши 11   19658 24810 24857 6 Токтогул АШК 5 13.05.2018 10819 13061 13091   Токтогул шаардык кеңеши 5   10819 13061 13091 7 Аксы АШК 3 Досрочные 13.05.2018(2431 УИК -жаны ачылган) 3735 4475 4479   Кара-Жыгач айылдык кеңеши 3   3735 4475 4479 8 Сузак АШК 5 13.05.2018 5844 7270 7280   Көк-Арт айылдык кеңеши 5   5844 7270 7280 Ош облусу 20   32058 39066 39130 9 Араван АШК 9 Досрочные 28.01.2018 (5582 УИК- жаны ачылган) 13785 16496 16525   С. Юсупов айылдык кеңеши 9   13785 16496 16525 10 Кара-Суу АШК 11 13.05.2018 18273 22570 22605   Ак-Таш айылдык кеңеши 3   4620 5830 5835   Төлөйкөн айылдык кеңеши 8   13653 16740 16770 Нарын облусу 4   5049 5586 5581 11 Ак-Талаа АШК 1 Досрочные 28.01.2018 2076 2260 2254   Тоголок-Молдо айылдык кеңеши 1   2076 2260 2254 12 Ат-Башы АШК 3 13.05.2018 (4173 УИК- жаны ачылган) 2973 3326 3327   Казыбек айылдык кеңеши 3   2973 3326 3327 Исык-Көл облусу 3   2636 3015 3016 13 Тон АШК 3 28.01.2018 2636 3015 3016   Кажы-Сай айылдык кеңеши 3   2636 3015 3016  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 9-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин  долбоору
09.03.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 9-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу
08.03.2022

КР БШКнын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу

  Урматтуу аялдар! Жазгы жаркын майрам – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилибизден  куттуктайбыз! Табият аялдарга сулуулукту жана жан дүйнөнүн назиктигин, акылмандыкты жана чыдамкайлыкты тартуулаган. Үй-бүлөнүн очогу болуу менен силер кесиптик бийик ашуулардан ашып, илимде, искусстводо, спортто олуттуу ийгиликтерге жетип жатасыздар, ишкерликте ийгиликтерди багындырып, коомдук-саясий турмушка жигердүү катышып келатасыздар. Тынчтыкты сүйүү, бакубат жашоого кам көрүү сыяктуу мыкты сапаттар үй-бүлө үчүн дагы, мамлекет үчүн дагы өтө маанилүү, ал сапаттар жети өлчөп бир кескен, адамкерчиликке жык толгон чечимдерди кабыл алуунун өбөлгөсү болуп саналат. Бизге күн сайын көргөн камкордугу, колдоосу, үй-бүлөдөгү жана турмуш-тиричиликтеги маанилүү иштерди аткаргандыгы, жумуштагы кесипкөйлүгү үчүн биз энелерибизге, эже-карындаштарыбызга, кыздарыбызга, курбуларыбызга ыраазыбыз, ошону менен бирге алар биздин жалпы эле бакубат турмушубузду жакшыртуу менен айылдарыбызга, аймактарыбыздын көрктөндүрүлүшүнө, социалдык жактан коргоо жана жардам берүү, финансыбызды жана менчигибизди, анын ичинде жаратылыш ресурстарыбызды башкаруу маселелерине камкордук көрүүсүн каалайбыз.   Урматтуу кыздар, бийкечтер, айымдар, өзүңөргө ишенгиле, өлкөнүн турмушуна жигердүү катышкыла, Кыргызстаныбызды мындан дагы мыкты, ийгиликтүү, дөөлөттүү кылууга жардам бергиле. Урматтуу аялдар! Жаздын алгачкы гүлдөрүнүн жаңы жыпар жыты сиңген, ыраазычылыкка жана силердин жакын адамдарыңардын камкордугуна бөлөнгөн майрамыңардын сыйкырлуу чөйрөсү силерди ар дайым курчап турсун! Силерге сүйүү, чың ден соолук, бакубат жашоо, жан дүйнөдөгү шайкештик, жазгы жайдары маанай каалайбыз!   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Айылдык  кеңештерге шайлоодо аялдар үчүн мандаттар мыйзамга ылайык резервге калтырылды
07.03.2022

Айылдык кеңештерге шайлоодо аялдар үчүн мандаттар мыйзамга ылайык резервге калтырылды

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык 2022-жылы 10-мартта 13 айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады. 13 айылдык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 243, алардын ичинен округдарда 96 мандат аялдарга резервге калтырылды. Көрсөтүлгөн талапкерлердин 515 адамды түздү, алардын ичинен 170 аял талапкер көрсөтүлдү. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде б.а. 21-мартка чейин талапкерлердин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет. Паспорттук маалыматтарды, жергиликтүү жамаатка мүчөлүгүн (каттоосу), КР жарандыгын (КР СӨМ), жоюлбаган соттолгондугунун жоктугу (КР ИИМ) ж.б. текшерүү анын ичинде «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен дагы жүзөгө ашырыларын белгилөө керек. Ошондой эле жергиликтүү кеңештерге шайлоодо талапкерлердин жалпы орто билими болуусу, 1 миң сом шайлоо күрөөсү тууралуу ж.б. мыйзам талаптары колдонулат. Ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн 30 пайыздан кем эмес мандатты резервде калтыруу айылдык кеңештерге шайлоонун маанилүү өзгөчөлүгү болуп саналат. Бул шайлоодо округдарда 96 мандат аялдарга резервге калтырылды, аларга 170 аял талапкер көрсөтүлдү. Айылдык кеңештерге округдар боюнча талапкерлерди көрсөтүү боюнча маалымат: № Айылдык кеңештин аталышы Шайлоо округдарынын номери жана аталышы УШК саны Мандат саны Аялдар үчүн резерв (ар бир шайлоо округ боюнча 30 пайыздан аз эмес) Бардык талапкерлер Анын ичинде аялдар       Респ. Боюнча бардыгы: 13 а/к 46 52 243 96 515 170   Чүй облусу     Обл. боюнча бардыгы 17 17 75 33 152 55   Москва АШК     Бардыгы: 6 6 21 10 34 14   1 Александровка айылдык кеңеши №1 шайлоо округу 1 4 2 5 3   №2 шайлоо округу 1 4 2 5 2   №3 шайлоо округу 1 5 2 7 2   №4 шайлоо округу 1 2 1 6 2   №5 шайлоо округу 1 2 1 5 2   №6 шайлоо округу 1 4 2 6 3   Кемин АШК     Район боюнча бардыгы: 6 6 33 14 65 23     Бардыгы: 1 1 11 4 16 6   2 Жаңы-Алыш айылдык кеңеши №1 шайлоо округу 1 11 4 16 6     Бардыгы: 2 2 11 5 20 7   3 Кара-Булак айылдык кеңеши №1 шайлоо округу 1 7 3 13 4   №2 шайлоо округу 1 4 2 7 3     Бардыгы: 3 3 11 5 29 10   4 Көк-Ойрок айылдык кеңеши №1 шайлоо округу 1 4 2 10 3   №2 шайлоо округу 1 4 2 12 5   №3 шайлоо округу 1 3 1 7 2   Сокулук АШК     Бардыгы: 5 5 21 9 53 18   5 Сокулук айылдык кеңеши №1 шайлоо округу 1 4 2 8 3   №2 шайлоо округу 1 4 2 13 5   №3 шайлоо округу 1 3 1 8 2   №4 шайлоо округу 1 5 2 11 4   №5 шайлоо округу 1 5 2 13 4   Ысык-Көл облусу   Тоң АШК     Облус боюнча бардыгы: 1 3 11 4 28 11     Бардыгы: 1 3 11 4 28 11   6 Кажы-Сай айылдык кеңеши №1 Кажы-Сай шайлоо округу 3 11 4 28 11   Ош облусу   Облус боюнча бардыгы: 18 20 83 33 182 63   Араван АШК     Бардыгы: 9 9 31 14 70 28   7 С. Юсупов айылдык кеңеши №1 Октябрь 1 3 1 8 2   №2 Араван 1 4 2 12 5   №3 Победа 1 3 1 5 2   №4 Токтогул 1 4 2 9 3   №5 Бирлик 1 4 2 8 3   №6 Хамза 1 4 2 9 3   №7 Сайдахматов 1 3 1 5 2   №8 Хабиб Абдулла 1 2 1 6 4   №9 Кызыл-Дөбө 1 4 2 8 4   Кара-Суу АШК   Район боюнча бардыгы: 9 11 52 19 112 35     Бардыгы: 3 3 21 7 48 12   8 Ак-Таш айылдык кеңеши №1 Ак-Таш 1 10 3 21 5   №2 Жылкелди 1 9 3 23 5   №3 Барак 1 2 1 4 2     Бардыгы: 6 8 31 12 64 23   9 Төлөйкөн айылдык кеңеши №1 Озгур 1 2 1 3 2   №2 Төлөйкөн 1 5 2 13 5   №3 Учар 1 5 2 18 7   №4 Жапалак 1 3 1 6 2   №5 Кыргызстан 1 4 2 6 2   №6 Дыйкан-Кыштак 3 12 4 18 5   Жалал-Абад облусу   Облус боюнча бардыгы: 6 8 42 14 95 22   Аксы АШК     Бардыгы: 3 3 21 7 33 7   10 Кара-Жыгач айылдык кеңеши №1 Кара-Жыгач 1 10 3 17 3   №2 Сын 1 8 3 10 3   №3 Дардак-Добо 1 3 1 6 1   Сузак АШК     Бардыгы: 3 5 21 7 62 15   11 Көк-Арт айылдык кеңеши №1 Жалгыз Жаңгак 3 10 3 32 7   №2 Жерге-Тал 1 8 3 25 7   №3 Мазар-Булак 1 3 1 5 1   Нарын облусу     Облус боюнча бардыгы: 4 4 32 12 58 19   Ат-Башы АШК     Бардыгы: 3 3 21 8 39 11   12 Казыбек айылдык кеңеши №1 1 8 3 14 4   №2 1 9 3 18 4   №3 1 4 2 7 3   Ак-Талаа АШК     Бардыгы: 1 1 11 4 19 8   13 Тоголок-Молдо айылдык кеңеши №1 1 11 4 19 8     Айылдык кеңештерде үгүт жүргүзүү 2022-жылдын 21-мартында башталат жана 2022-жылдын 9-апрелинде саат 8.00дө аяктайт. 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо 2022-жылдын 10-апрелинде өтөт.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары аныкталды
07.03.2022

№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 7-мартында өткөн жыйналышында 2022-жылы 27-февралда болуп өткөн № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколду бекитти. № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 60 шайлоо участогу түзүлгөн. № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 113 105 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 19 232 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 17,00 %ды түздү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 27 талапкерди каттады, алардын ичинен 25 талапкер шайлоого катышты. Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Биринчи май округдук шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 3-мартындагы протоколунун маалыматтарына ылайык добуштар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү: № Талапкерлердин ФАА Добуштардын саны % № 1 Нурматов Темирбек Асанович 98 0.51% №2 Нурдинов Бейшеналы 569 2.96% №3 Тотонов Нурбек Темирбекович 3 544 18.43% №4 Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна 9 225 47.97% №5 Искендеров Эльман Хыдырович 78 0.41% №6 Кермалиев Таалайбек Женишович 138 0.72% №7 Мамбетсадыков Азамат Нурбекович 131 0.68% №8 Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич 172 0.89% №9 Савин Виктор Евгеньевич 614 3.19% №10 Ибраймакунов Данияр Омурбекович 150 0.78% №11 Акылбеков Русланбек Акылбекович 244 1.27% №12 Капаров Чынгыз Капарович 155 0.81% №13 Ремнев Роман Павлович 112 0.58% №14 Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович 63 0.33% №15 Гапаров Адылбек Абдикаримович 79 0.41% №16 Тагайбек Султан 38 0.20% №17 Абдыкадыр уулу Бектур 201 1.05% №18 Мусаев Тахир Насырович 736 3.83% №19 Сартаев Анвар Айдарович 84 0.44% №20 Абдыразакова Айжан Улановна 111 0.58% №21 Токтокожоев Таалайбек Самудинович 161 0.84% №22 Акеров Тавылды Абдраманович 158 0.82% №23 Токтакунов Нурбек Акбарович 1 068 5.55% №24 Сариев Акылбек Аблабекович 72 0.37% №25 Жуков Виталий Юрьевич 195 1.01% №26 БААРЫНА КАРШЫ 935 4.86%   Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
07.03.2022

БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 7-мартындагы жыйналышында Сузак, Баткен, Өзгөн, Ноокат жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айылдык кеңешинин депутаты Икрамов Рахмидин Нозимжановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Доктор Элхан” клиникасынын тиш техниги Бахрабаев Искендер Осмоновичке өткөрүп берилди. Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңешинин депутаты Жоробаев Маадали Атамалиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Ирискулов Мадимар Саттаровичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Толипов Абытжандын (№8, «НДПК» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Салиев Бехзод Баходировичке (№13, «НДПК» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Абдурахманов Хатамжан Омаралиевичтин (№11, «НДПК» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Өзгөн райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун стоматологу Дадажанов Исакжан Исраиловичке (№14, «НДПК» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Аматжанов Медетбек Жунусалиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Искендер» дыйкан чарбасынын мүчөсү Маматраимов Бексултан Рустамовичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Суюнбаев Амирбек Саттаровичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Абдулла» дыйкан чарбасынын мүчөсү Мамасалиев Асан Абдуллаевичке өткөрүп берилди. Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаты Искакова Макен Садыралиевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Таш-Төбө айылындагы К.Момункулов атындагы орто мектептин мугалими Жуманбеков Анаркул Баяновичке өткөрүп берилди.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 7-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин  долбоору
07.03.2022

КР БШКнын 2022-жылдын 7-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

-
Кененирээк билүү >>
1 … 148 150 … 485