Жергиликтүү шайлоого катышуу эрежелери тууралуу кабардар болуусун жакшыртуу жана шайлоонун укук маданиятын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 9-мартынан 15-мартына чейин талапкерлер жана саясий партиялар үчүн окутуу тренингдерин өткөрөт.
Шайлоо өтө турган шаарлардагы жана айылдардагы талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү төмөнкү маселелер боюнча маалымат жана практикалык көндүм алышат:
- шаардык жана айылдык кеңештерде шайлоонун өзгөчөлүктөрү, 16 жергиликтүү кеңеште өтүүчү шайлоого катышуунун мыйзамдык негиздери;
- КР БШКнын маалыматтык ресурстары – «Электрондук талапкер» тутумунда каттоо, шайлоочулардын тизмелеринин порталы, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды көрсөтүү, добуш берүүнүн катышуучуларын эсепке алуу;
- талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо тартиби;
- шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери;
- шайлоо талаш-тартыштары: аларды кароо жана чечүү тартиби;
- шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү эрежелери;
- КР шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү