БШК: Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жана мөөнөттөрү тууралуу
28 февраля 2022
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу (УШК-ОШК):
Мыйзамдарга ылайык АЭУнун маалыматтары алдын ала маалыматтар болуп саналат, участкалык шайлоо комиссиялары тиешелүү шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноонун жыйынтыктары боюнча чыгарат.
Шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылгандан кийин 3 календарлык күн ичинде аны округдук шайлоо комиссияларына даттаннууга мүмкүн.
Округдук шайлоо комиссиялары (ОШК) участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун негизинде алардагы маалыматтарды кошуу жолу менен округдун аймагындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.
Тиешелүү аймактда добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тууралуу округдук шайлоо комиссияларынын чечимдерине округдук шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылышы мүмкүн.
Шайлоонун натыйжаларын аныктоо (БШК):
Борбордук шайлоо комиссиясы округдук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен, добуш берүү күнүнөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 12-мартына чейин) округдагы шайлоонун натыйжаларын аныктайт б.а. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин округда шайланган депутатын аныктайт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерине үч күндүк мөөнөттө сотко даттанылат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу чечимдерди кабыл алууда бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө орун алган бузуулар тууралуу арыздарды (даттанууларды) милдеттүү түрдө карайт, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат.
Комиссиялар, ошондой эле, шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө түшкөн, укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын компетенциясында турган, мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөрдү, арыздарды териштирүү боюнча укук коргоо органдарынын материалдарын карайт. Кароонун жыйынтыктары боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тууралуу чечим кабыл алынат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана байкоочулар арыздар (даттануулар) менен кайрыла алышат.
Маалымат үчүн:
Округдук, аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таанууга укуктуу:
1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса;
2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында, шайлоочулардын эрктерин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса;
3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
4) соттун чечими боюнча.
5) эгерде добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылса.
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда, шайлоонун жыйынтыктары калган шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылса;
2) эгерде талапкер (талапкерлер), саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүлөрдүн анык эмес деп таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса.
Эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү