Башкы Жаңылыктар Көзөмөлдөө-текшерүү тобу КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин …

Көзөмөлдөө-текшерүү тобу КР ЖК депутаттарын кайра шайлоодо талапкерлердин шайлоо фонддору жөнүндө маалымат берди

28-Фев, 2022

БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддору жана 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча кайра шайлоодо ал фонддордун айкындуулугун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө маалымат берет.

1. Талапкерлердин шайлоо фонддору

Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер өздөрүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өз шайлоо фонддорун түзүштү.

2022-жылдын 27-февралына дайындалган кайра шайлоого катышуу жөнүндө арыз берген 56 талапкер шайлоо фонддорун түзүштү. Мыйзам талаптарына ылайык КР БШК 53 талапкерди каттады.

Шайлоо процессинин каржылык айкындуулугун камсыздоонун  БШК тарабынан колдонууга киргизилген маанилүү компонент иштелип чыкты. Ал талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын келип түшүү жана чыгымдалышы тууралуу толук маалыматтарды «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу “Финансылык ачык-айкындуулук” автоматташтырылган маалымат тутумунун жардамы менен реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө банктардан алууга мүмкүнчүлүк берет, ал маалыматтар БШКнын расмий сайтында («Шайлоо фонду» бөлүгүнүн «Талапкер»  бети) автоматтык түрдө көрсөтүлөт жана шайлоо фонддорунун каражаттары тууралуу каржы отчётторун топтоп, алып турат.

Банк маалыматтарына ылайык 2022-жылдын 25-февралына карата талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 29,7 млн. сом акча каражаты түшкөн, анын ичинде:

- 7,9 млн. сом – талапкерлердин өз каражаттарынан;

- 19,9 млн. сом – жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;

- 0,99 млн. сом – юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.

Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан жабууга 26,9 млн. сом сарпталган, алардын ичинен, төмөнкүлөргө сарпталды:

- шайлоо күрөөсүн төлөөгө – 5,5 млн. Сом;

- үгүт материалдарын даярдоо жана таратуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө – 13,3 млн. сом;

- агитаторлордун кызмат көрсөтүүлөрүнө– 2,7 млн. сом;

- орун-жайды, жабдууларды, жарнамалык аянтчаларды ижарага алууга – 2,6 млн. сом;

- футболка, жилетка, кепка ж.б. түрүндөгү үгүт материалдарын сатып алууга – 0,01 млн. сом;

- ДМЧ шайлоочулар үчүн маалымат материалдарын даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө – 0,02 млн. сом;

- шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу иштерди аткаргандык, кызмат көрсөтүүлөр үчүн башка чыгымдары төлөөгө  (маалыматтык жана кеңеш алуу мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүүлөр, иш сапар чыгымдары, байланыш кызмат көрсөтүүлөрү, кеңсе товарларын сатып алуу, КММ, салык чегерүүлөрү, социалдык милдеттенмелер ж.б.) – 1,3 млн. сом .

Талапкерлердин шайлоо фонддорунун пайдаланылбаган  каражаттарынын калдыгы 2,7 млн.сомду түздү.

Ар бир талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын суммасы мыйзам ченемдерине ылайык келет: чектелген жогорку суммадан төмөн (10 миллион сомдон ашпайт).

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо тартиби төмөнкүлөр менен жөнгө салынат:

  • “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен;
  • ”Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобо менен.

Талапкерлердин шайлоо фонддору тѳмѳндѳгү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкердин жеке каражаттарынан – 150 000 сомдун чегинде;

2) саясий партия талапкерге бөлгөн каражаттардан – 1000 000 сомдун чегинде;

3) жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулугунан – 200 000 сомдун чегинде;

4) юридикалык жактын ыктыярдуу кайрымдуулугунан – 500 000 сомдун чегинде.

Талапкердин шайлоо фондунун келип түшкѳн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектик суммасы 10 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес.

Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу болот. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.

Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылышы мүмкүн:

1) шайлоо алдындагы үгүткө, талапкерди колдоого колтамга топтоого багытталган уюштуруу-техникалык чараларды каржылык камсыздоого;

2) конституциялык Мыйзамда белгиленген өлчөмдө шайлоо күрөөсүн төлөөгө;

3) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө төлөөгө, атап айтканда, төмөнкүлөргө:

- маалыматтык жана кеңеш берүү мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө;

- үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга;

- жайларды, жабдыктарды ижарага алууга;

- транспорттук жана иш сапар чыгымдарын жабууга;

- байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө;

- кеңсе товарларын, жабдыктарын сатып алууга;

- жарыяларды жана талапкердин сүйлөгөн сөздөрүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого;

- шайлоочулар менен шайлоо алдындагы чогулуштарды, жолугушууларды өткөрүүгө.

Талапкер менен аткаруучунун ортосунда белгилүү иш аткаргандыгы (кызмат көрсөткөндүгү) үчүн эсептешүүлөр келишимдик негизде жана накталай акча түрүндө эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат.

2. Талапкерлердин каржы отчёттору жөнүндө

Шайлоо мезгили ичинде талапкерлер, саясий партиялар шайлоо фонддорунун атайын эсептерине каражаттардын келип түшүүлөрүнүн жана чыгымдалышынын эсебин жүргүзүүгө жана БШКга каржы отчетторун берүүгѳ милдеттүү болчу.

Катталган 53 талапкердин ичинен биринчи каржылык отчетту 47 талапкер тапшырды, 6 талапкер тапшырган жок, алар бул тууралуу билдирме алышты, алардын ичинен 3өө шайлоого андан ары катышуудан баш тартты.

Маалымат үчүн:

Талапкерлер шайлоо фонддорунун атайын эсептерине каражаттардын келип түшүүлөрүнүн жана чыгымдалышынын эсебин жүргүзүүгө жана БШКга каржы отчетторун төмөнкү тартипте берүүгѳ милдеттүү:

1. Биринчи каржылык отчет – добуш берүү күнүнө чейин 7 күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 19-февралына чейин);

2. Экинчи жыйынтыктоочу каржылык отчет – добуш берүү күнүнөн кийин 7 күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 6-мартына чейин (кошуп алганда).

3. Шайлоо күрөөлөрү жөнүндө.

БШКнын депозит эсебине түшкөн шайлоо күрөөлөрүнүн жалпы суммасы 5 600 000 сомду түздү (ар бир талапкер 100 000 сомдон).

Шайлоо мезгилинде БШК бир талапкерди каттоодон баш тартты, 3 талапкер шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тартты. 400 000 сом суммасындагы акча каражаты аларга кайтарылып берилди. Бир талапкер шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенден кийин шайлоого андан ары катышуудан баш тартты. Ал төккөн 100 000 сом суммасындагы шайлоо күрөөсү республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.

Маалымат үчүн. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, “бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндөгү (б.а. 1 00 000 сом)  шайлоо күрөөсүн төгөт”.

 

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>