Башкы Жаңылыктар Маалыматтык технологиялар боюнча «Kids IT Day» балдар форуму …

Маалыматтык технологиялар боюнча «Kids IT Day» балдар форуму Бишкекте биринчи жолу өтөт

31-Май, 2022
1-июнда Борбордук шайлоо комиссиясында Бишкек ш., Пушкин көч., 50 дареги боюнча Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган Маалыматтык технологиялар боюнча «Kids IT Day» балдар форуму биринчи жолу өтөт.
Иш-чаранын максаты: балдардын инновация жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү билим деңгээлин арттыруу жана аларды бул тармакка кызыктыруу, бул чөйрөдө мүмкүн боло турган келечекти көрсөтүү.
15-17 жаштагы жалпы саны 200гө жакын балдардын катышуусу күтүлүүдө. Алардын арасында математика жана информатика боюнча улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү, ошондой эле Бишкек шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар окуган мектептердин окуучулары болмокчу.
Иш-чарага эксперттер, МКТ чөйрөсүндөгү адистер, МТ компанияларынын өкүлдөрү, КРдеги блогерлер жана киберспортсмендер катышат.
Катышуучуларды эмне күтүүдө?
«Kids IT Day» технологиялык фестиваль форматында өтөт, ал эксперттердин жана телекоммуникация компанияларынын өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөөлөрүн, иш-чаранын демөөрчүлөрүнүн жана өнөктөштөрдүн баалуу байгелерин тапшыруу менен конкурстарды жана интерактиваларды, блогерлердин флешмобун, математика жана информатика боюнча улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырууну, киберспорт боюнча турнирди, программалоо жана роботехника боюнча мастер-классты бириктирет. БШКнын имаратына борбордук кире бериште фудкорддор жана фотозона жайгашат.
Иш-чаранын уюштуруучулары: КР БШК, ГИИП КФ, КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги, «Долбоорлор офиси» ММ, «Бала укуктарын коргоо лигасы» КФ, КР Жогорку технологиялар паркы, Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн Кыргыз Ассоциациясы (КАРПОУ).
Форумдун башкы өнөктөшү: О! Мобилдик оператору.
Өнөктөштөр: «Альфа Телеком» ЖАК, «Каспе́рский лаборато́риясы» АК, Atlas Group, E-Sports Community of Kyrgyzstan, IT академия, «Robooky» инжиниринг жана робототехника мектеби, DIGI, Kaynar Icecream, «Шоро» компаниясы.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>