Башкы Жаңылыктар Боршайком Маалыматтык технологиялар боюнча «Kids IT Day» балдардын …

Боршайком Маалыматтык технологиялар боюнча «Kids IT Day» балдардын биринчи форумунун аянтчасы болуп калды

01-Июн, 2022

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык балдар – Кыргыз Республикасынын эң баалуу байлыгы. Мамлекет балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана дене-бой жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу шарттарды түзүү менен аларды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт.

Бүгүн – Балдарды коргоонун эл аралык күнү, Маалыматтык технологиялар боюнча «Kids IT Day» балдар форуму Кыргызстанда биринчи жолу өттү.

Балдар форуму майыптыгы бар жана камсыздыгы аз үй-бүлөлөрдүн 12 жаштан 18 жашка чейинки курактагы балдар үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана «Интернет саясат жарандык демилгеси» коомдук фондусунун (КФ) демилгеси менен КРПрезидентинин Администрациясынын, КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, «Бала укуктарын коргоо лигасы» КФ, КР Жогорку технологиялар паркы, Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн Кыргыз Ассоциациясы (КАРПОУ), «Долбоорлор офиси» ММ колдоосу астында уюштурулду.

Өнөктөштөр: О! Мобилдик оператору, Электрондук спорт коому, Электрондук соода Ассоциациясы, «Альфа Телеком» ЖАК, «Каспе́рский лаборато́риясы» АК, Atlas Group, E-Sports Community of Kyrgyzstan, IT академия, «Robooky» инжиниринг жана робототехника мектеби, DIGI, Kaynar Icecream, «Шоро» компаниясы.

Бул иш-чаранын Борбордук шайлоо комиссиясынын аянтчасында уюштурулушу кокустук эмес. КР БШК шайлоо процессине санариптик технологияларды жайылтуу жагынан көп өлкөлөр, биринчи кезекте постсоветтик мейкиндик үчүн таанылган лидер болуп саналат. Жаңы технологиялардын аркасындаКыргызстандагы шайлоолор небак эле анык жана ачык-айкынболуп калды, «Бир шайлоочу – бир добуш» принциби ишке ашырылды.

«Киргизилген маалыматтык технологияларшайлоого контролдук жүргүзүүнүн жарандык каражаттары менен биргеликте өлкөбүздө демократиялык шайлоо реформасынын башкы максатына – шайлоонун жыйынтыгын шайлоочу аныктаган максатка жетүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Бул – өлкөбүздүн зор жетишкендиги, биз муну менен сыймыктанышыбыз керек», - деп айтты КР БШК төрагасы Нуржан Шайлдабекова.

Форумдун аянтчасында балдар менен өспүрүмдөр конкурстарга жана интерактивдерге, блогерлердин флешмобуна, киберспорт боюнча турнирине, программалоо жана роботтехника боюнча мастер-класска катышты. МКТ эксперттери жана адистери бул тармактагы мүмкүн боло турган келечекти, перспективаны ачып берүүчү, угуучуларды кызыктырган окуяларды айтып беришти.

XXI кылымда маалыматтык технологиялар иш жүзүндө жашоонун бардык чөйрөлөрүнүн –мамлекеттик башкаруунун, экономиканын, билим берүүнүн, социалдык коммуникациялардын ж.б. өнүгүшүн аныктайт. Маалыматтык технологияларкоомдо бириктирүүчү жана жаратуучу роль аткара алат. КР БШК платформасында өткөрүлгөн иш-чаралар ар бир балага өзү үчүн кызыктуу теманы табууга жана алынган билимди келечекте колдонууга дараметтүү мүмкүнчүлүк алууга, алар ар түрдүү, бирок тең баалуу жана маанилүү экендигин сезип-туюуга жардам берди. Ал эми эң жигердүү катышуучулар демөөрчүлөрдөн баалуу байгелерди алышты.

Ошондой эле информатика жана шахматбоюнча улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрүсыйлыкка татыктуу болушту.

Төмөнкүлөр онлайн шахматтын мыкты катышуучулары болуп калышты:

• Тилеген Рахатбеков,
• Дария Кудайназарова,
• Нурбол Муратжанов,
• Нурадыл Жолдошбеков,
• Баястан Асангазиев.

Төмөнкүлөр информатика боюнча мыкты натыйжаларды көрсөтүштү:

• Айша Джылдызбекова,
• Нуржамал Калыбаева,
• Султан Саматов,
• Альберт Шаильдаев,
• Эргешбай кызы Разия.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>