Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШК Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылы 22-мартта Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдурасулов Майрамбек Хакимжанович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-«Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абжапаров Замирбек Сабырбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөсү М.Х. Абдурасуловдун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2023-жылы 22-мартта өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 22-март 2023-ж.
Убактысы: 9:30
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча аракеттердин Планы жѳнүндѳ
(баяндамачы – Жумалиева А.К., КР БШК мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси)
2. Шайлоочуларды идентификациялоо боюнча модернизацияланган жабдууларды пилоттук режимде апробациялоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
3. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2023-жылдын 9-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү жана идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде апробациялоо жөнүндө» 2023-жылдын 22-февралындагы №12-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Нарын шаардык, Ош, Кадамжай, Балыкчы, Аламүдүн, Сокулук, Кемин, Талас, Базар-Коргон, Токтогул жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
6. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
7. Ар кандай маселелер
- 2018-жылдын 13-мартында түзүлгөн аймактык шайлоо комиссияларынын резерви жөнүндө
Кененирээк билүү >>
Бишкекте жана Чүй облусунда убактылуу жашаган Баткен районунун тургундары электрондук добуш берүү жолу менен жергиликтүү шайлоого катышат
Бишкекте жана Чүй облусунда убактылуу жашаган Баткен районунун тургундары электрондук добуш берүү жолу менен жергиликтүү шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Аларга булуттук электрондук кол тамга (БЭК) берилип, электрондук добуш берүүнүн жол-жоболору жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Алдыда 9-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Баткен районунун үч айылдык кеңешинде – Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр кеңештеринде пилоттук режимде электрондук добуш берүү апробациядан өткөрүлөрүн эске салабыз.
Пилоттук добуш берүүгө даярдык көрүү алкагында БШК кызматкерлери Бишкекшаарында жана Чүй облусунда шайлоо процессинин жана электрондук түрдө добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө көчмө кеңеш берүүлөрдү өткөрүүдө. Атап айтканда, Баткенжана Лейлек райондорунун 28 үй-бүлөсү убактылуу жашаган №3 кесиптик лицейдин жатаканасында ушундай иш жүргүзүлдү. Ак-Жар жана Калыс-Ордо жаңы конуштарында, Сокулукрайонунун Военно-Антоновка жана Аламүдүнрайонунун Озерное айылдарында көчмөжолугушуулар болуп өттү. БШК өкүлдөрү Баткен районунун тургундары катышкан футболтурнирине дагы барышты.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө 158 адамБЭК алды, анын ичинде 132 шайлоочу электрондук түрдө добуш берүүгө катышуугаарыз берди:
- Бишкек шаарындагы №3 кесиптик лицейдин жатаканасында – 33 БЭК, 32 арыз;
- футбол турнири - 25 БЭК, 15 арыз;
- Ак-Жар ж/к - 9 БЭК, 3 арыз;
- Калыс-Ордо ж/к - 2 БЭК, 2 арыз;
- Озерное айылы - 22 БЭК, 22 арыз;
- Военно-Антоновка айылы - 10 БЭК, 11 арыз.
- Бишкек шаарындагы кеңеш берүү борбору – 57 БЭК, 57 арыз.
Мындан тышкары, БШКнын тутумдукадминистраторлору Сокулук, Аламүдүн жана Москва райондорунун айылдарында көчмө жолугушууларды өткөрүп, булуттук электрондук кол тамга алуу жана электрондук түрдө добуш берүүгө катышуу үчүн арыз берүү боюнча көмөк көрсөтүүдө.
Мобилдик топтор Москвада жана НижнийНовгороддо дагы иштөөдө (мобилдик топтун номери +996 554 110501 (whatsapp Бурул); +8 800 30 18 318 (Россиядан телефон чалуу акысыз).
БШК кызматкерлери 2023-жылдын 24-мартына чейин (кошуп алганда) электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө арыздарды кабыл алышат.
Буга чейин электрондук добуш берүү пилоттук режимде апробациядан өтүүчү Баткен районунунайылдарында жолугушуулар өткөрүлгөн.
Бардык суроолорго тѳмѳндѳгү телефон номерлери боюнча кеңеш алса болот: кыска номер – 1255; +996701 702111 (whatsappКайрат).
БШКнын Бишкек, Ош жана Баткеншаарларындагы кеңеш берүү борборлоруна кайрылып, электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине кирүүгө, биометрикалык каттодон өтүүгө, БЭК алууга болот:
- Бишкек шаары – КР БШК имараты, 103-бөлмө, Пушкин көч., 50.
байланышуу номерлери: 0312620158; 0312660157;
- Ош шаары – Ош шаарынын мэриясынын имараты, 117-бөлмө, Ленин көч., 221;
байланышуу номерлери:: 0773 234-691, 03222 5-59-35;
- Баткен шаары – администрациянын имараты, Садыков көч., 1;
байланышуу номерлери: 0220 041804, 03622 5-02-10.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Нооруз майрамы менен куттуктоосу
Кымбаттуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Нооруз майрамы менен куттуктайт!
Нооруз жаратылыштын жандануусуна өбөлгө болуп, жашоо-тиричиликтин бардык кырларынын жаңылануусун символдоштурат. Нечендеген кылымдарды карытып, бизге жеткен бул майрам руханий маданиятыбыздын ажырагыс бөлүгү болуп калды.
Нооруз жашоону жаркын үмүт, асыл тилектерге бөлөп, элибиздин турмушунда өзгөчө орун ээлөөдө.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерге бакыт, ден соолук, бакубат жашоо жана бардык ишиңиздерге ийгилик каалайбыз! Бул майрам өлкөбүзгө тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү алып келсин!
КР Борбордук шайлоо комиссиясы
Кененирээк билүү >>
БШК менен СӨМдүн мобилдик топтору Москвада кыргызстандыктарга электрондук добуш берүүгө катышуу тартибин түшүндүрүүдө
БШК менен СӨМдүн мобилдик топтору Москва шаарында (РФ) жүргөн кыргызстандыктар үчүн электрондук добуш берүүгө катышуу тартиби тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Мобилдик топтордун иши чет өлкөлөрдө жүргөн шайлоочулардын электрондук добуш берүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого багытталган.
Алдыда 9-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Баткен районунун үч айылдык кеңешинде – Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр кеңештеринде пилоттук режимде электрондук добуш берүү апробациядан өткөрүлөрүн эске салабыз.
Мында Москвадагы мобилдик топтор жарандарга биометрикалык маалымат чогултуу, булуттук электрондук кол тамга (ЭКТ) алуу жана электрондук добуш берүүгө катышуу үчүн арыз берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүдө.
Жергиликтүү жамааттын мүчѳсү болуп саналган, аталган үч айылдык аймакта туруктуу каттоосу бар, бирок шайлоо күнү шайлоо участогунда добуш берүүгѳ мүмкүнчүлүгү жок шайлоочуларга алгач ирет электрондук добуш берүүгө катышуу мүмкүнчүлүк берет.
Элекрондук добуш берүүгѳ катышуу үчүн чет өлкөлөрдө жүргөн шайлоочу 2023-жылдын 24-мартына чейин шайлоочулардын «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында «Шайлоочунун кабинети» (voter-cabinet.srs.kg) сервиси аркылуу электрондук түрдө арыз берүүсү зарыл. Электрондук арыз берүүдѳ шайлоочу «Face-ID» беттин параметри боюнча биометрикалык идентификациялоодон же болбосо булуттук электрондук кол тамга (ЭКТ) аркылуу авторизациядан ѳтѳт.
Бардык суроолорго тѳмѳндѳгү телефон номерлери боюнча кеңеш алса болот:
Мобилдик топтун номери +996 554 110501 (whatsapp Бурул);
тел. +8 800 30 18 318 (Россиядан телефон чалуу акысыз);
БШК, Бишкек – кыска номер 1255; +996 312 660240;
+996550 110808 (whatsapp Бермет); +996701 702111 (whatsapp Кайрат).
Электрондук почта: document2@shailoo.gov.kg
Жогоруда аталган айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер тууралуу маалыматтар менен төмөнкү шилтемелер аркылуу таанышса болот:
Самаркандек кенеши - https://shailoo.gov.kg/media/alai/2023/03/18/zdplzw.pdf
Ак-Сай - https://shailoo.gov.kg/media/alai/2023/03/18/-.pdf
Ак-Татыр - https://shailoo.gov.kg/media/alai/2023/03/18/-2.pdf
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер тууралуу кеңири маалыматтар «Талапкер» (https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_aiyl) маалымат ресурсунда бар.
БШКнын расмий сайты - shailoo.gov.kg
КР БШК мекендештерди алдыда өтүүчү Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештерин шайлоодо электрондук добуш берүүгө катышуу менен өздөрүнүн шайлоо укуктарын ишке ашырууга чакырат.
КР БШКнын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл аймактарынын шайлоочуларына кайрылуу
Урматтуу шайлоочулар!
2023-жылдын 9-апрелинде Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлѳт.
Биринчи жолу Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүү пилоттук режимде апробацияланат.
Жергиликтүү жамааттын мүчѳсү болуп саналган, жогоруда кѳрсѳтүлгѳн айыл аймактарда туруктуу каттоодо турган, бирок шайлоо күнү шайлоо участкасында добуш берүүгѳ мүмкүнчүлүгү жок Кыргыз Республикасынын жараны электрондук добуш берүү мүмкүнчүлүгүнѳн пайдалана алат.
Маалымат иретинде: шайлоочулары электрондук добуш берүүгѳ катыша ала турган айылдар:
Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек, Орто-Сай, Паскы-Арык, Миң-Өрүк, Жаңы-Бак айылдары;
Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай, Көк-Таш, Уч-Дөбө, Капчыгай, Бакай, Таш-Тумшук, Миң-Булак айылдары;
Ак-Татыр айыл аймагынын Ак-Татыр, Рават, Орто-Боз айылдары.
Урматтуу Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл аймактарынын жашоочулары! Добуш берүүгѳ катышыңыздар, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо ѳзүңѳрдүн татыктуу жердештериңиздерди колдоңуздар!
Элекрондук добуш берүүгѳ катышуу үчүн шайлоочу 2023-жылдын 24-мартына чейин шайлоо комиссиясына арыз же шайлоочулардын «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында «Шайлоочунун кабинети» (voter-cabinet.srs.kg) сервиси аркылуу электрондук арыз берүүсү зарыл.
Электрондук арыз берүүдѳ шайлоочу «Face-ID» беттин параметри боюнча биометрикалык идентификациялоодон же болбосо электрондук колтамга (ЭКТ) аркылуу авторизациядан ѳтѳт.
Суроолоруңуздар боюнча Сиз тѳмѳндѳгү телефон номерлери боюнча консультация алсаңыздар болот:
Кыска номер 1255; +996 312 660240;
+8 800 30 18 318 (Россиядан телефон чалуу акысыз).
+996 554 110501 (whatsapp Бурул); +996701 702111 (whatsapp Кайрат);
Сиз document2@shailoo.gov.kg электрондук почтасына жазсаңыз болот, биз Сиз менен сѳзсүз байланышабыз.
Кѳңүл буруңуз! Эгерде Сизде биометрикалык каттоо жок болсо, анда Сиз Кыргызстанда – Калкты тейлѳѳ борборлорунан (КТБ), чет ѳлкѳлѳрдѳ – Кыргыз Республикасынын дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрүнѳн ѳтсѳңүз болот.
Мындан тышкары, Москва шаарында биометрикалык каттоо, ЭКТны берүү жана электрондук добуш берүүгѳ катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу боюнча мобилдүү топ иштейт – байланыш номери +996 554 110501 (whatsapp) Бурул Болотакунова.
Эгерде Сиз Бишкек, Ош жана Баткен шаарларында убактылуу жүргѳн болсоңуз, анда БШКнын консультациялык борборлоруна кайрылсаңыз болот:
- Бишкек ш., КР БШКнын имараты, 103-кабинет, Пушкин кѳч., 50.
байланыш номерлери: кыска номери - 1255; 0312620158; 0312660157;
- Ош ш., Ош шаарынын мэриясынын имараты 117-кабинет, Ленин кѳч., 221;
байланыш номерлер: 0773 234-691, 03222 5-59-35;
- Баткен ш., администрация имаратында, Садыков кѳч., 1;
байланыш номерлери: 0220 041804, 03622 5-02-10.
Ушул жерде электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине кошулуп, биометрикалык каттоодон ѳтүп, электрондук кол тамганы алса болот.
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын байкоочулары Казакстандагы кезексиз парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууда
Бүгүн – Казакстан Республикасында парламенттин Мажилисинин жана маслихаттарынын депутаттарын кезексиз шайлоодо добуш берүү күнү.
КМШ, ШКУ жана ТМУнун байкоо жүргүзүү миссияларынын курамында парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынан өкүлдөр – БШК төрагасынын орун басары Н. Койчукеев башчылык кылган БШК мүчөлөрү И. Гайпкулов, У. Жылкыбаев, Кызыл-Кыя АШК төрагасы Н. Жалиев, Базар-Коргон АШК төрагасы Н. Мадумаров катышууда
Шайлоо алдында БШК төрагасынын орун басары Н. Койчукеев башчылык кылган КР БШК делегациясынын Казакстан Республикасынын БШК төрагасы Н. Абдиров менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда парламенттин Мажилисинин жана маслихаттарынын депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнүн, шайлоо комиссияларынын ишинин, эл аралык байкоочулардын жана чет өлкөлүк ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунун маселелери талкууланды.
Байкоочулар добуш берүү процессине байкоо жүргүзүү алкагында мыйзам талаптарын сактоо жана жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча шарттарды түзүү бөлүгүндө бир катар шайлоо участокторуна барышты, добуш берүү күнүнүн алдында участоктордун ачылышына катышты.
Байкоочуларга шайлоо өнөктүгүнүн негзиги этаптарынын өзгөчөлүктөрү, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн жүрүшү, шайлоочулардын жана шайлоо участокторунун саны, Казакстан Республикасынын парламентинин Мажилисинин жана маслихаттарынын депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.
БШК мүчөсү И. Гайпкулов Түрк Мамлекеттер Уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында парламентке шайлоого катышып жаткан «Ауыл» жана «Аманат» саясий партияларынын штабдарына барды, шайлоо комиссиялары менен жолугушууларды өткөрдү.
БШК мүчөсү У. Жылкыбаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында парламентке шайлоого катышып жаткан «Республика» саясий партиясынын ж.б. саясий партиялардын штабдарына барды.
Казакстан Республикасынын парламентинин Мажилисинин жана маслихаттарынын депутаттарын кезексиз шайлоону өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө чет мамлекеттердин (Азербайжан, Армения, Беларусь, Венгрия, Грузия, Индия, Кыргызстан, Молдова, Монголия, Россия Федерациясы, Румыния, Түркия, Түркмөнстан, Тажикистан, Өзбекстан жана Филиппин) борбордук шайлоо органдарынын өкүлдөрү келишти.
Казакстан Республикасынын парламентине шайлоо алгач ирет аралаш шайлоо тутуму – бирдиктүү жалпы улуттук шайлоо округунун аймагында пропорциялык өкүлчүлүк тутуму боюнча, ошондой эле бир мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча өткөрүлүүдө.
Мажилис 98 депутаттан турат: 69 депутат бирдиктүү жалпы улуттук шайлоо округу саясий партиялардын партиялык тизмелери боюнча шайланат жана 29 депутат бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.
Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 10 223 участок, анын ичинде Казакстан Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүндө – 77 чет өлкөдө 62 участок түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмелерине 12 млн. 032 миң 550 жаран киргизилген.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады
Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады.
14 айылдык кеңеште мандаттардын жалпы саны – 254, анын ичинде шайлоо округдарында аялдар үчүн 97 мандат резервге калтырылган.
14 айылдык кеңешке бардыгы 493 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинде – 174 аял-талапкер.
470 талапкер катталды, анын ичинде 164 аял-талапкер бар.
14 айылдык кеңештин талапкерлери тууралуу маалымат менен “Талапкер” маалыматтык ресурсунда https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_aiyl шилтемеси аркылуу тааныша аласыздар.
14 айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси:
Нарын облусу
Жумгал району
Чаек айылдык кенеши
Көк-Ой айылдык кенеши
Баткен облусу
Баткен району
Самаркандек айылдык кенеши
Ак-Сай айылдык кенеши
Ак-Татыр айылдык кенеши
Ош облусу
Кара-Суу району
Отуз-Адыр айылдык кенеши
Алай району
Кабылан-Көл айылдык кенеши
Ноокат району
Исанов айылдык кенеши
Кара-Кулжа району
Кеңеш айылдык кенеши
Талас облусу
Кара-Буура району
Бакыян айылдык кенеши
Бейшеке айылдык кенеши
Шекер айылдык кенеши
Чүй облусу
Аламүдүн району
Байтик айылдык кенеши
Жайыл району
Кызыл-Дыйкан айылдык кенеши
Айылдык кеңештерге шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү 2023-жылдын 20-мартында башталып, 2023-жылдын 8-апрелинде саат 8.00дө аяктайт.
2023-жылдын 9-апрелинде 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери жалпы шаардык ишембиликке чыгышты
Жазгы жалпы шаардык ишембиликке БШКнын комиссиясынын төрагасы башында турган аппараттын кызматкерлери катышты.
Борбордук шайлоо комиссиясы борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык ишембиликтин алкагында Бишкек мэриясынын демилгесин колдойт.
Ишембиликтин жүрүшүндө «Кыргызстандын 40 жылдыгы» сейил багы (Турбаза району) тиричилик таштандыларынан тазаланды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планын” аткаруу максатында 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 токтомуна ылайык, республиканын бардык шаарларында жана айылдарында ишембилик өткөрүлөт.
Кененирээк билүү >>
БШК Нарын облусунда жергиликтүү шайлоого даярдык көрүү боюнча кеңешмелерди жана депутаттыкка талапкерлер үчүн тренингдерди өткөрдү
БШК Нарын облусунда жергиликтүү шайлоого даярдык көрүү боюнча кеңешмелерди жана Жумгал районунун Чаек жана Көк-Ой айылдык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлер үчүн тренингдерди өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө БШК мүчөсү, Нарын облусу боюнча куратор А. Эшимов алдыдагы шайлоонун өзгөчөлүктөрү, анын ичинде шайлоочулардын тизмесин түзүү, шайлоо округдарын түзүү, талапкерлерди каттоо эрежелери, талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү жана аларды каржылоо эрежелери, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелери, тартиби, шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу, ошондой эле КР шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик тууралуу айтып берди.
БШК мүчөсү өкүлчүлүктүү органдарга аялдардын катышуусун кеңейтүү үчүн мандаттардын 30 пайызын аялдар үчүн резервге калтырууну тууралуу мыйзам ченемдерин аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Талапкерлер жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо колдонулуучу БШКнын маалыматтык ресурстары менен тааныштырылды, «Электрондук талапкер» тутумуна талапкерлердин маалыматтарын киргизүү тартибин үйрөнүштү.
Маалымат үчүн:
Чаек айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 8187. Мандаттардын саны – 21, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 8 мандат. Талапкерлер саны – 47, анын ичинде аялдар – 17.
Көк-Ой айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 2050. Мандаттардын саны – 11, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 4 мандат. Талапкерлер саны – 22, анын ичинде аялдар – 9.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
А. Дубанбаева: Алдыда 2023-жылы 9-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо ар бир шайлоо округунда мандаттардын 30 пайызынан кем эмеси аялдар үчүн резервге калтырылат
Алдыда 2023-жылы 9-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо ар бир шайлоо округунда мандаттардын 30 пайызынан кем эмеси аялдар үчүн резервге калтырылат, деп айтты Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлер менен жолугушуунун жүрүшүндө БШК мүчөсү, аймактын куратору А. Дубанбаева.
“Жергиликтүү кеңештерге шайлоого жигердүү катышуусу үчүн мамлекет бардык шарттарды түзүүдө. Ушуга байланыштуу жергиликтүү кеңештерге катышуу үчүн шайлоодо, жергиликтүүмаанидеги социалдык-экономикалык маанилүү маселелерди чечүүдө жигердүү болууга силерди чакырабыз”, деп белгиледи А. Дубанбаева.
Талапкерлерге шайлоонун учурдагы этаптары тууралуу маалымат беришти. Азыркы кезде талапкерлерди каттоо жол-жоболору өткөрүлүүдө, алар 20-мартта аяктайт. Ошол күндөн тартып шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү башталат.
Жолугушуунун катышуучулары үгүт жүргүзүү эрежелери тууралуу маселелерди козгошту, “үгүт жүргүзүү мезгилинде кандай ресурстарды пайдаланса болот, кайрымдуулук кылуу сатып алуу болуп эсептелеби, көп адамдар катышкан иш-чараларды өткөрүүгө болобу” деген суроолорду узатышты.
Талапкерлер шайлоо комиссиялары тарабынан арыз, даттанууларды кароо тартиби жана мыйзамдарынын ченемдерин бузгандык үчүнукуктук жоопкерчилик тууралуу маалыматалышты.
Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдына жарандар менен жолугушууларды уюштурууда талапкерлерге жардам берүү, участоктордун жеткиликтүүлүгүн, көп адамдар катышкан иш-чараларды өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттер коюлду.
Маалымат үчүн:
Шекер айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 3355. Мандаттардын саны – 21, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 7мандат. Талапкерлер саны – 35, анын ичинде аялдар – 11.
Бейшеке айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 3749. Мандаттардын саны – 21, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 8 мандат. Талапкерлер саны – 42, анын ичинде аялдар – 13.
Бакыян айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 2448. Мандаттардын саны – 11, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 4 мандат. Талапкерлер саны – 16, анын ичинде аялдар – 5.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Баткен районунун жергиликтүү кеңештерин шайлоодо электрондук добуш берүү жана шайлоого даярдык көрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү
БШК Баткен районунун жергиликтүү кеңештерин шайлоодо электрондук добуш берүү жана шайлоого даярдык көрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Баткен районунун ЖӨБ, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, УШК мүчөлөрү, Ак-Татыр, Самаркандек жана Ак-Сай айылдык кеңештеринин кеңештеринин депутаттыгына талапкерлер менен жолугушуулар болуп өттү.
БШК аппаратынын жетекчиси М. Мамбеталиевжогоруда аталган үч айыл аймагында пилоттук режимде электрондук добуш берүү киргизилгендиги жөнүндө айтып берди.Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган, бирок айыл аймактарынан тышкары жерлерде жүргөн шайлоочулар электрондук добуш берүүгө катыша алышат. Электрондук добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочу 24-марттан кечикпестентиешелүү шайлоо комиссиясына же «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу электрондук түрдө арыз бера алат. Ошондой эле Баткен, Ош жана Бишкек шаарларында кеңеш берүүчү борборлор ачылды, ал жерлерде арыз берип, электрондук добуш берүү жөнүндө толук маалымат алса болот.
Жолугушуулардын жана тренингдердин катышуучуларына алдыдагы шайлоо алгач ирет ар бир шайлоо округунда мандаттардын 30 пайызынан кем эмеси аялдар үчүн резервге калтырууну колдонуу менен өткөрүлөөрү тууралуу айтылды. «Электрондук талапкер» тутумуна талапкерлердин маалыматтарын киргизүү тартибитүшүндүрүлдү. Шайлоо мыйзамдары бузулгандаарыз, даттанууларды кайда жана кандай берүүгө болору тууралуу маалымат берилди.
БШК өкүлдөрү бир катар шайлоо участокторуна барып, комиссия мүчөлөрү менен жолугушту. Жарандарга маалымат берүү боюнча УШКлардын ишинин маанилүү багыттары талкууланды.
Маалымат үчүн:
Самаркандек айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 7549. Мандаттардын саны – 21, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 9 мандат. Талапкерлер саны – 45, анын ичинде аялдар – 16.
Ак-Татыр айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 4049. Мандаттардын саны – 21, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 8 мандат. Талапкерлер саны – 29, анын ичинде аялдар – 8.
Ак-Сай айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 4508. Мандаттардын саны – 21, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 7мандат. Талапкерлер саны – 29, анын ичинде аялдар – 9.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ош облусунда бийликтин жергиликтүү органдары менен кеңешмелерди жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн тренингдерди өткөрдү
БШК шайлоо 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Ош облусунда бийликтин жергиликтүү органдары менен кеңешмелерди жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн тренингдерди өткөрдү.
Кеңешмелер райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдердин, укук коргоо органдарынын жана бийликтин жергиликтүү органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кеңеш, Отуз-Адыр, Жаңы-Базар, Кабылан-Көл, Исанов айылдарында болуп өттү.
БШК мүчөсү, Ош облусу боюнча куратор У. Жылкыбаев ЖӨБО өкүлдөрү менен депутаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маселелерди талкуулады.
Шайлоо алдындагы мезгилде жана добуш берүү күнү мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттер артыкчылыктуу милдеттер болуп саналат, деп баса белгиледи У. Жылкыбаев.
БШК мүчөсү аймактык шайлоо комиссияларында түзүлгөн ыкчам чара көрүүнүн координациялык топторунун (ЫЧКТ) иши тууралуу айтып берди. ЫЧКТ тарабынан арыз, даттанууларды кароо тартиби жана шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузгандык үчүн шайлоо процессинин бардык катышуучулары кандай жоопкерчиликке тартылары тууралуу маселелер талкууланды.
Жолугушуунун бардык катышуучуларына кайрылып, БШК мүчөсү бул иш процессинде аймактык шайлоо комиссияларына өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөрүн белгиледи, алар ишти шайлоочулар менен гана уюштурбастан, талапкерлерди каттоо процессинен баштап, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун натыйжаларын аныктоону аяктаганга чейин ишти уюштуруулары керек. Ал кесиптештерин биримдикте, уюшкандыкта эриш-аркак иштөөгө чакырды.
Мындан тышкары, депутаттыкка талапкерлер үчүн бир катар окутуулар өткөрүлдү. Тренингдердин катышуучуларына үгүт материалдарын даярдоо тартиби, үгүт жүргүзүү жана шайлоо фонддорун алып баруу мөөнөттөрү тууралуу маалымат берилди. Сатып алуу катары квалификациялануучу аракеттер кылдат түшүндүрүлдү.
Маалымат үчүн:
Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 2109. Мандаттардын саны – 11, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 5 мандат. Көрсөтүлгөн талапкерлер саны – 25, анын ичинде аялдар – 10.
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 12265. Мандаттардын саны – 21, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 8 мандат. Көрсөтүлгөн талапкерлер саны – 58, анын ичинде аялдар – 22.
Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 10776. Мандаттардын саны – 31, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 11 мандат. Көрсөтүлгөн талапкерлер саны – 60, анын ичинде аялдар – 20.
Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 1788. Мандаттардын саны – 11, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 4 мандат. Көрсөтүлгөн талапкерлер саны – 23, анын ичинде аялдар – 11.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Чүй облусунун Кызыл-Дыйкан жана Байтик айылдык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлер үчүн тренинг өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн тренингдердин сериясын өткөрө баштады.
Атап айтканда, БШК мүчөлөрү А. Бекматов, А. Жумалиева жана А. Жупуева Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин жана Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди учурдагы шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат менен тааныштырышты.
Жолугушуулардын катышуучуларына электрондук добуш берүү, «Электрондук талапкер», тизмелерди актуалдаштыруу, добуш берүүнүн катышуучулары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды чагылдыруу сыяктуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык ресурстары тууралуу айтып беришти.
Ошондой эле шайлоо өнөктүгүн каржылоо, талапкерлердин шайлоо фонддорун жүргүзүү эрежелери тууралуу маалымат берилди. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерине, шайлоо талаш-тартыштарына, аларды кароонун тартибине, КР шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчиликrt айрыкча көңүл бурулду.
Мындан тышкары, тренингдердин катышуучулары күрөөнү кайтарып берүү, документтерди тапшырууда билимдин болуусу, аялдардын квотасы жөнүндө суроолоруна жооп алышты.
Бул тренингдер шайлоону уюштуруучулар менен талапкерлердин ортосундагы кенен диалог жүргүзүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан уюштурулду.
Маалымат үчүн:
Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 2720. Мандаттардын саны – 11, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 5 мандат. Көрсөтүлгөн талапкерлер саны – 18, анын ичинде аялдар – 7.
Байтик айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 6331. Мандаттардын саны – 21, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 9 мандат. Көрсөтүлгөн талапкерлер саны – 44, анын ичинде аялдар – 16.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саясий билим берүү боюнча семинар болуп өттү
2023-жылы 14-мартта Фридрих Эберт атындагы Фондунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн колдоосу аркасында эл аралык экспертти чакыруу менен КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору уюштурган «ЖМК жана анын саясий эркти калыптандырууда таасири Германия менен Кыргызстандын мисалында» деген темада саясий билим берүү боюнча семинар болуп өттү.
КР БШК төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеев жана Фридрих Эберт атындагы Фондунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн Региондогу директору Филип К. Ян учурдагы медиа мейкиндикте жарандарга анык маалымат жеткирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Эл аралык эксперт, Берлиндеги Прикладдык илимдер университетинин массмедиа, коммуникация жана экономика Жогорку мектебинин журналистика боюнча профессору Маркус Цинер ЖМКнын өнүгүүсүнүн заманбап тенденциялары менен ой бөлүштү.
Өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды жана процесстерди объективдүү, ар тараптуу жана өз убагында чагылдыруу азыркы кездеги ЖМКнын негизги милдети болуп саналат. Бирок учурдагы санариптик медиа салттуу басма басылмаларын жана теле көрсөтүүнүн ордун бара-бара ээлеп бараткандыгы байкалууда.
Айрыкча Интернет, социалдык түйүндөр жана мессенджерлер коммуникация жана калкка маалымдоо ыкмаларын кандайча алмаштырып жатканы тууралуу катышуучуларга айтып беришти.
Көз карандысыз медиаэксперт Семетей Аманбеков Кыргыз Республикасынын шайлоо процессиндеги ЖМКнын ролу, анын шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүүсүнүн тартиби жана жоопкерчилиги тууралуу айтып берди.
Азыркы дүйнөдөгү саясий процесстерди ролу жана мааниси талашсыз ЖМКдан бөлүп кароого болбойт. Шайлоо процессинин субъекти болуп саналуу менен ЖМК шайлоо өнөктүгүнүн убагында чечүүчү роль ойнойт.
Семетей Аманбеков саясий көп түрдүүлүктүн жана көп партиялуулуктун шартында шайлоочунун аң-сезимдүү тандоо жасашы үчүн талапкерлер жана шайлоо процесси тууралуу толук кабардар болуусу канчалык зарыл экендиги жөнүндө айтып берди. Ошол эле учурда шайлоо мезгилинде маалымдоонун, үгүттөөнүн жана аналиткалык материалдардын ара салмагын сактоо ЖМК үчүн кандай маанилүү экендиги белгиленди.
Иш-чарага БШК мүчөлөрү, журналисттер, көз карандысыз медиаэксперттер, Баласагын атындагы КУУнун, К. Карасаев атындагы БГУнун, И. Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультеттеринин окутуучулары жана студенттери катышты.
Катышуучулар спикерлерге учурдагы медиа мейкиндикте журналисттин ролу, Германияда жана Кыргызстанда социалдык түйүндөрдү укуктук жактан жөнгө салуу тууралуу ж.б. өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти.
Спикерлер өз кезегинде келечектеги журналисттерге өз кеңеш, сунуштарын айтышты.
Кененирээк билүү >>
АНОНС
2023-жылы 14-мартта саат 14.00дө КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору Фридрих Эберт атындагы Фондунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн колдоосу аркасында эл аралык эксперт, Берлиндеги Прикладдык илимдер университетинин массмедиа, коммуникация жана экономика Башкы мектебинин журналистика боюнча профессору, Маркус Цинер мырзаны чакыруу менен «ЖМК жана анын саясий эркти калыптандырууда таасири Германия менен Кыргызстандын мисалында» деген темада саясий билим берүү боюнча семинар өткөрөт.
Азыркы дүйнөдөгү саясий процесстерди ролу жана мааниси талашсыз ЖМКдан бөлүп кароого болбойт. Шайлоо процессинин субъекти болуп саналуу менен ЖМК шайлоо өнөктүгүнүн убагында чечүүчү роль ойнойт. Себеби акыр аягында ал берген маалымат шайлоочулардын шайлоодо тандоосун калыптандырууга таасир этет.
Семинар ЖМК, жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, Кыргыз Республикасынын ар кайсыл ЖОЖдорунун журналистика факультеттеринин окутуучулары жана студенттери үчүн өткөрүлүүдө.
Өткөрүлүүчү жер: Бишкек ш., Пушкин көч., 50.
Пайда болгон суроолор боюнча төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыз болот: 0312 620171, 0556003087 же e-mail: bilim@shailoo.gov.kg боюнча.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
22.10.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
21.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
19.10.2026
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19.10.2026
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
16.10.2026
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү