Башкы Жаңылыктар А. Дубанбаева: Алдыда 2023-жылы 9-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештерге …

А. Дубанбаева: Алдыда 2023-жылы 9-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо ар бир шайлоо округунда мандаттардын 30 пайызынан кем эмеси аялдар үчүн резервге калтырылат

16-Мар, 2023

Алдыда 2023-жылы 9-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо ар бир шайлоо округунда мандаттардын 30 пайызынан кем эмеси аялдар үчүн резервге калтырылат, деп айтты Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлер менен жолугушуунун жүрүшүндө БШК мүчөсү, аймактын куратору А. Дубанбаева.

“Жергиликтүү кеңештерге шайлоого жигердүү катышуусу үчүн мамлекет бардык шарттарды түзүүдө. Ушуга байланыштуу жергиликтүү кеңештерге катышуу үчүн шайлоодо, жергиликтүүмаанидеги социалдык-экономикалык маанилүү маселелерди чечүүдө жигердүү болууга силерди чакырабыз”, деп белгиледи А. Дубанбаева.

Талапкерлерге шайлоонун учурдагы этаптары тууралуу маалымат беришти. Азыркы кезде талапкерлерди каттоо жол-жоболору өткөрүлүүдө, алар 20-мартта аяктайт. Ошол күндөн тартып шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү башталат.

Жолугушуунун катышуучулары үгүт жүргүзүү эрежелери тууралуу маселелерди козгошту, “үгүт жүргүзүү мезгилинде кандай ресурстарды пайдаланса болот, кайрымдуулук кылуу сатып алуу болуп эсептелеби, көп адамдар катышкан иш-чараларды өткөрүүгө болобу” деген суроолорду узатышты.

Талапкерлер шайлоо комиссиялары тарабынан арыз, даттанууларды кароо тартиби жана мыйзамдарынын ченемдерин бузгандык үчүнукуктук жоопкерчилик тууралуу маалыматалышты.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдына жарандар менен жолугушууларды уюштурууда талапкерлерге жардам берүү, участоктордун жеткиликтүүлүгүн, көп адамдар катышкан иш-чараларды өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттер коюлду.

 

Маалымат үчүн:

Шекер айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 3355. Мандаттардын саны – 21, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 7мандат. Талапкерлер саны – 35, анын ичинде аялдар – 11.

Бейшеке айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 3749. Мандаттардын саны – 21, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 8 мандат. Талапкерлер саны – 42, анын ичинде аялдар – 13.

Бакыян айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 2448. Мандаттардын саны – 11, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 4 мандат. Талапкерлер саны – 16, анын ичинде аялдар – 5.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>