Башкы Жаңылыктар Бишкекте жана Чүй облусунда убактылуу жашаган Баткен районунун …

Бишкекте жана Чүй облусунда убактылуу жашаган Баткен районунун тургундары электрондук добуш берүү жолу менен жергиликтүү шайлоого катышат

21-Мар, 2023

Бишкекте жана Чүй облусунда убактылуу жашаган Баткен районунун тургундары электрондук добуш берүү жолу менен жергиликтүү шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Аларга булуттук электрондук кол тамга (БЭК) берилип, электрондук добуш берүүнүн жол-жоболору жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Алдыда 9-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Баткен районунун үч айылдык кеңешинде – Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр кеңештеринде пилоттук режимде электрондук добуш берүү апробациядан өткөрүлөрүн эске салабыз.

Пилоттук добуш берүүгө даярдык көрүү алкагында БШК кызматкерлери Бишкекшаарында жана Чүй облусунда шайлоо процессинин жана электрондук түрдө добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө көчмө кеңеш берүүлөрдү өткөрүүдө. Атап айтканда, Баткенжана Лейлек райондорунун 28 үй-бүлөсү убактылуу жашаган №3 кесиптик лицейдин жатаканасында ушундай иш жүргүзүлдү. Ак-Жар жана Калыс-Ордо жаңы конуштарында, Сокулукрайонунун Военно-Антоновка жана Аламүдүнрайонунун Озерное айылдарында көчмөжолугушуулар болуп өттү. БШК өкүлдөрү Баткен районунун тургундары катышкан футболтурнирине дагы барышты.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө 158 адамБЭК алды, анын ичинде 132 шайлоочу электрондук түрдө добуш берүүгө катышуугаарыз берди:

- Бишкек шаарындагы №3 кесиптик лицейдин жатаканасында – 33 БЭК, 32 арыз;

- футбол турнири - 25 БЭК, 15 арыз;

- Ак-Жар ж/к - 9 БЭК, 3 арыз;

- Калыс-Ордо ж/к - 2 БЭК, 2 арыз;

- Озерное айылы - 22 БЭК, 22 арыз;

- Военно-Антоновка айылы - 10 БЭК, 11 арыз.

- Бишкек шаарындагы кеңеш берүү борбору – 57 БЭК, 57 арыз.

Мындан тышкары, БШКнын тутумдукадминистраторлору Сокулук, Аламүдүн жана Москва райондорунун айылдарында көчмө жолугушууларды өткөрүп, булуттук электрондук кол тамга алуу жана электрондук түрдө добуш берүүгө катышуу үчүн арыз берүү боюнча көмөк көрсөтүүдө.

Мобилдик топтор Москвада жана НижнийНовгороддо дагы иштөөдө (мобилдик топтун номери +996 554 110501 (whatsapp Бурул); +8 800 30 18 318 (Россиядан телефон чалуу акысыз).

БШК кызматкерлери 2023-жылдын 24-мартына чейин (кошуп алганда) электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө арыздарды кабыл алышат.

Буга чейин электрондук добуш берүү пилоттук режимде апробациядан өтүүчү Баткен районунунайылдарында жолугушуулар өткөрүлгөн.

Бардык суроолорго тѳмѳндѳгү телефон номерлери боюнча кеңеш алса болот: кыска номер – 1255; +996701 702111 (whatsappКайрат).

БШКнын Бишкек, Ош жана Баткеншаарларындагы кеңеш берүү борборлоруна кайрылып, электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине кирүүгө, биометрикалык каттодон өтүүгө, БЭК алууга болот:

- Бишкек шаары – КР БШК имараты, 103-бөлмө, Пушкин көч., 50.

байланышуу номерлери: 0312620158; 0312660157;

- Ош шаары – Ош шаарынын мэриясынын имараты, 117-бөлмө, Ленин көч., 221;

байланышуу номерлери:: 0773 234-691, 03222 5-59-35;

- Баткен шаары – администрациянын имараты, Садыков көч., 1;

байланышуу номерлери: 0220 041804, 03622 5-02-10.

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>