Башкы Жаңылыктар Кыргызстандын байкоочулары Казакстандагы кезексиз парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө …

Кыргызстандын байкоочулары Казакстандагы кезексиз парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууда

19-Мар, 2023

Бүгүн – Казакстан Республикасында парламенттин Мажилисинин жана маслихаттарынын депутаттарын кезексиз шайлоодо добуш берүү  күнү.

КМШ, ШКУ жана ТМУнун байкоо жүргүзүү миссияларынын курамында  парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынан өкүлдөр – БШК төрагасынын орун басары Н. Койчукеев башчылык кылган БШК мүчөлөрү И. Гайпкулов, У. Жылкыбаев, Кызыл-Кыя АШК төрагасы Н. Жалиев, Базар-Коргон АШК төрагасы Н. Мадумаров катышууда

Шайлоо алдында БШК төрагасынын орун басары Н. Койчукеев башчылык кылган КР БШК делегациясынын Казакстан Республикасынын БШК төрагасы Н. Абдиров менен жолугушуусу болуп  өттү. Жолугушууда парламенттин Мажилисинин жана маслихаттарынын депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн  жүрүшүнүн, шайлоо комиссияларынын ишинин, эл аралык байкоочулардын жана чет өлкөлүк ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунун маселелери талкууланды.

Байкоочулар добуш берүү процессине байкоо жүргүзүү алкагында мыйзам талаптарын сактоо жана жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча шарттарды түзүү бөлүгүндө бир катар шайлоо участокторуна барышты, добуш берүү  күнүнүн алдында участоктордун ачылышына катышты.

Байкоочуларга шайлоо өнөктүгүнүн негзиги этаптарынын өзгөчөлүктөрү, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн жүрүшү, шайлоочулардын жана шайлоо участокторунун саны, Казакстан Республикасынын парламентинин Мажилисинин жана маслихаттарынын депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

БШК мүчөсү И. Гайпкулов Түрк Мамлекеттер Уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында парламентке шайлоого катышып жаткан «Ауыл» жана «Аманат» саясий партияларынын штабдарына барды,  шайлоо комиссиялары менен жолугушууларды өткөрдү.

БШК мүчөсү У. Жылкыбаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында парламентке шайлоого катышып жаткан «Республика» саясий партиясынын ж.б. саясий партиялардын штабдарына барды.

Казакстан Республикасынын парламентинин Мажилисинин жана маслихаттарынын депутаттарын кезексиз шайлоону өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө чет мамлекеттердин (Азербайжан, Армения, Беларусь, Венгрия, Грузия, Индия, Кыргызстан, Молдова, Монголия, Россия Федерациясы, Румыния, Түркия, Түркмөнстан, Тажикистан, Өзбекстан жана Филиппин) борбордук шайлоо органдарынын өкүлдөрү келишти.

Казакстан Республикасынын парламентине шайлоо алгач ирет аралаш шайлоо тутуму – бирдиктүү жалпы улуттук шайлоо округунун аймагында пропорциялык өкүлчүлүк тутуму боюнча, ошондой эле бир мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча өткөрүлүүдө.

Мажилис 98 депутаттан турат: 69 депутат бирдиктүү жалпы улуттук шайлоо округу саясий партиялардын партиялык тизмелери боюнча шайланат жана 29 депутат бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.

Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 10 223 участок, анын ичинде  Казакстан Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүндө – 77 чет өлкөдө 62 участок түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмелерине 12 млн. 032 миң 550 жаран киргизилген.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>