БШК Нарын облусунда жергиликтүү шайлоого даярдык көрүү боюнча кеңешмелерди жана депутаттыкка талапкерлер үчүн тренингдерди өткөрдү
16 марта 2023
БШК Нарын облусунда жергиликтүү шайлоого даярдык көрүү боюнча кеңешмелерди жана Жумгал районунун Чаек жана Көк-Ой айылдык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлер үчүн тренингдерди өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө БШК мүчөсү, Нарын облусу боюнча куратор А. Эшимов алдыдагы шайлоонун өзгөчөлүктөрү, анын ичинде шайлоочулардын тизмесин түзүү, шайлоо округдарын түзүү, талапкерлерди каттоо эрежелери, талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү жана аларды каржылоо эрежелери, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелери, тартиби, шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу, ошондой эле КР шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик тууралуу айтып берди.
БШК мүчөсү өкүлчүлүктүү органдарга аялдардын катышуусун кеңейтүү үчүн мандаттардын 30 пайызын аялдар үчүн резервге калтырууну тууралуу мыйзам ченемдерин аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Талапкерлер жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо колдонулуучу БШКнын маалыматтык ресурстары менен тааныштырылды, «Электрондук талапкер» тутумуна талапкерлердин маалыматтарын киргизүү тартибин үйрөнүштү.
Маалымат үчүн:
Чаек айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 8187. Мандаттардын саны – 21, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 8 мандат. Талапкерлер саны – 47, анын ичинде аялдар – 17.
Көк-Ой айылдык кеңешинде – шайлоочулардын саны – 2050. Мандаттардын саны – 11, анын ичинде аялдар үчүн резервге калтырылганы – 4 мандат. Талапкерлер саны – 22, анын ичинде аялдар – 9.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү