Башкы Жаңылыктар Волонтерлор жана шайлоолор: жарандык активдүүлүк жана ага катышуу

Волонтерлор жана шайлоолор: жарандык активдүүлүк жана ага катышуу

05-Дек, 2024

Бүгүн, 5-декабрда бүткүл дүйнөдѳ волонтерлордун Бүткүл дүйнөлүк күнүн - башкаларга жан үрѳп, дилгирлик менен жардам берип, дүйнөнү жакшырткандарга коом тарабынан ыраазычылык билдирген күндү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы волонтерлорду кесиптик майрамы менен куттуктайт жана жергиликтүү коомчулукту жана мамлекетти өнүктүрүү үчүн шайлоонун маанилүүлүгү жөнүндө жарандардын маалымдуулугун жогорулатууга жигердүү катышкандыгы үчүн, ошондой эле 2024-жылдын 17-ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алууга көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет. Майрамдын урматына КР БШК 2024-жылдын 17-ноябрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жарандардын шайлоо процесси тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга жана активдүү, жоопкерчиликтүү жарандык позицияны калыптандырууга кошкон салымы үчүн ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди.

Жыл сайын шайлоого катышкан ыктыярчылардын саны өсүүдө. Түшүндүрүү иш-чараларына катышуудан тышкары, волонтерлор добуш берүү күнү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга активдүү жардам беришет, ошондой эле шайлоо укуктарынын сакталышын көзөмөлдөөгө катышышат. Алардын иши шайлоонун жыйынтыгына болгон ишенимди жана шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылууга жардам берүүдѳ.

Бүткүл дүйнөлүк волонтерлор күнү - бул жарандык жоопкерчиликтин жана ар бирибиздин коомго аралашуубуздун канчалык маанилүүлүгүн эскертет. Ар бир добуш маанилүү болгон демократиялык шайлоолордо волонтердук ишмердүүлүк эркин жана таза добуш берүү үчүн шарттарды түзөт.

Ушул күнү биз бардык волонтерлорго ак эмгеги жана берилгендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз. Алардын колдоосунун аркасында эң маанилүү демократиялык институттардын бири катары жарандарды маалымдоо жана шайлоону даярдоо процесси кыйла натыйжалуу, уюшкандыкта жана жарандар үчүн жеткиликтүү болуп калды.

Бүгүнкү күндө да волонтерлор өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, анын демократиялык негиздерин чыңдоого жана бардык жарандар үчүн адилеттүү коомду түзүүгө салым кошууну улантууда.

Сиздерге чың ден соолук, асыл ишиңиздерде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктер үчүн түгөнгүс кубат-дем каалайбыз. Сиздердин иш-аракеттериңиз ар дайым адамдардын жүрөгүндѳ түнѳк таап, ал эми ишке берилгендик канааттануу жана эл алдында таанылууну алып келсин.

Сиздердин ак эмгегиңиздер үчүн терең урматтоо жана ыраазычылык билдиребиз!

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>