Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКнын 2024-жылы 26 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2024-ж. 26-ноябры
Убактысы: 17:30
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын
23-ноябрындагы № 43/2 чечими боюнча “Ынтымак” саясий партиясынын арызы жөнүндө.
(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
2. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депуттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Чукотаев Б., Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
3. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Аймактарда алгачкы сессиялар өтүп жатат
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 Жарлыгын аткаруу максатында 2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлдү.
Аймактык шайлоо комиссияларынын жардамы менен аймактарда жергиликтүү кеңештин биринчи сессиялары өткөрүлүп жатат.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактардагы жана шаарлардагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумадан кечиктирбестен чакырат.
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин жаш курагы боюнча улуу депутаты ачат. Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышканда укуктуу.
Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечимдерди кабыл алат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлоо жана жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруунун башка маселелери кирет.
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештин төрагасы тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш берүү менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнѳ шайланат.
Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө 5 депутаттан кем эмес депутаттык фракция же топ укуктуу.
Тиешелүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана шайлоонун башка жол-жоболук маселелери тиешелүү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 56 буйругу менен бекитилген Жергиликтүү кеңештин типтүү регламентине ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
Эгерде:
- кѳрсѳтүлгѳн бир талапкер депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албай калса, талапкерлер кайра көрсөтүлөт;
- кѳрсѳтүлгѳн эки талапкердин бири да депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ боло албаса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
Сессиянын графигин бул жерден тапса болот
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилди
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештерге добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилди:
Бишкек шаары
Бишкек шаардык кеңеши
Ош шаары
• Ош шаардык кеңеши
Нарын облусу
- Нарын шаары
Нарын шаардык кеңеши
- Ат-Башы району
• Ат-Башы айылдык кеңеши
• Кара-Суу айылдык кеңеши
• Казыбек айылдык кеңеши
• Баш-Кайыңды айылдык кеңеши
• Ак-Моюн айылдык кеңеши
- Нарын району
• Дөбөлү айылдык кеңеши
• Чет-Нура айылдык кеңеши
• Миң-Булак айылдык кеңеши
• Жерге-Тал айылдык кеңеши
• Эмгек-Талаа айылдык кеңеши
• Жан-Булак айылдык кеңеши
• Учкун айылдык кеңеши
-Ак-Талаа району
• Ала-Бугу айылдык кеңеши
• Кара-Бүргө айылдык кеңеши
• Баетов айылдык кеңеши
• Тоголок-Молдо айылдык кеңеши
- Жумгал району
• Жумгал айылдык кеңеши
• Куйручук-Кызарт айылдык кеңеши
• Түгөл-Сай айылдык кеңеши
• Байзак айылдык кеңеши
• Чаек айылдык кеңеши
• Миң-Куш айылдык кеңеши
- Кочкор району
• Ормон-Хан айылдык кеңеши
• Кум-Дѳбѳ айылдык кеңеши
• Чолпон айылдык кеңеши
• Кара-Суу айылдык кеңеши
• Сары-Булак айылдык кеңеши
Чүй облусу
- Кант шаары
• Кант шаардык кеңеши
- Токмок шаары
• Токмок шаардык кеңеши
- Кара-Балта шаары
• Кара-Балта шаардык кеңеши
- Шопоков шаары
• Шопоков шаардык кеңеши
- Кемин шаары
• Кемин шаардык кеңеши
• Орловка шаардык кеңеши
- Чүй району
• Биримдик айылдык кеңеши
• Бурана айылдык кеңеши
• Онбир-Жылга айылдык кеңеши
• С.Ибраимов айылдык кеңеши
• Чүй айылдык кеңеши
- Сокулук району, айылдык кеңештер
• З.Кайназарова атындагы айылдык кеңеши
• Военно-Антоновка айылдык кеңеши
• Гаврилов айылдык кеңеши
• Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
• Күн-Туу айылдык кеңеши
• Төмөнкү Чүй айылдык кеңеши
• Сары-Өзөн айылдык кеңеши
• Сокулук айылдык кеңеши
• Манас айылдык кеңеши аймагы
- Кемин району, айылдык кеңештер
• Чым-Коргон айылдык кеңеши
• Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши
• Кичи-Кемин айылдык кеңеши
• Чоң-Кемин айылдык кеңеши
- Панфилов району
• Орто-Кайынды айылдык кеңеши
• Курама айылдык кеңеши
• Күрпүлдөк айылдык кеңеши
• Фрунзе айылдык кеңеши
- Аламүдүн району
• А.Сыдыков айылдык кеңеши
• Арашан айылдык кеңеши
• Байтик-Баатыр айылдык кеңеши
• Достук айылдык кеңеши
• Кара-Жыгач айылдык кеңеши
• С.Чокморов айылдык кеңеши
• Таш-Мойнок айылдык кеңеши
- Жайыл району
• Ак-Башат айылдык кеңеши
• Жайыл кеңеши
• Сары-Коо айылдык кеңеши
• Суусамыр айылдык кеңеши
• Талды-Булак айылдык кеңеши
• Ынтымак айылдык кеңеши
- Ысык-Ата району
• Ак-Кудук айылдык кеңеши
• Жайылма айылдык кеңеши
• Жээк айылдык кеңеши
• Кең-Булуң айылдык кеңеши
• Кочкорбаев айылдык кеңеши
• Нурманбет айылдык кеңеши
• Сын-Таш айылдык кеңеши
• Узун-Кыр айылдык кеңеши
• Ысык-Ата айылдык кеңеши
- Москва району
• Ак-Суу айылдык кеңеши
• Нарзан айылдык кеңеши
Төлөк айылдык кеңеши
•Тѳрт-Кѳл айылдык кеңеши
•Миң-Булак айылдык кеңеши
Жалал-Абад облусу
- Таш-Көмүр шаары
• Таш-Көмүр шаардык кеңеши
- Кара-Көл шаары
• Кара-Көл шаардык кеңеши
- Жалал-Абад шаары
• Жалал-Абад шаардык кеңеши
- Токтогул шаары
• Токтогул шаардык кеңеши
- Кербен шаары
• Кербен шаардык кеңеши
- Майлуу-Суу шаары
• Майлуу-Суу шаардык кеңеши
- Шамалдуу-Сай шаары
• ШамалдууСай шаардык кеңеши
- Кочкор-Ата шаары
• Кочкор-Ата шаардык кеңеши
- Көк-Жаңгак шаары
• Көк-Жаңгак шаардык кеңеши
- Базар-Коргон шаары
• Базар-Коргон шаардык кеңеши
- Аксы району
• Сары-Челек айылдык кеңеши
• Кара-Камыш айылдык кеңеши
• Ак-Жол айылдык кеңеши
• Ак-Суу айылдык кеңеши
• Кош-Дөбө айылдык кеңеши
• Үч-Коргон айылдык кеңеши
- Чаткал району
• Каныш-Кыя айылдык кеңеши
• Терек-Сай айылдык кеңеши
- Ала-Бука району
• Ала-Бука айылдык кеңеши
• Айры-Там айылдык кеңеши
• Т. Балтагулов айылдык кеңеши
• Ынтымак айылдык кеңеши
- Тогуз-Торо району
• Атай айылдык кеңеши
• Каргалык айылдык кеңеши
• Тогуз-Торо айылдык кеңеши
- Токтогул району
• Сары-Камыш айылдык кеңеши
• Толук айылдык кеңеши
• Абды Сүйөркулов айылдык кеңеши
• Үч-Терек айылдык кеңеши
• Элмирбек Иманалиев айылдык кеңеши
- Сузак району
• Барпы айылдык кеңеши
• Атабеков айылдык кеңеши
• Кызыл-Ту айылдык кеңеши
• Багыш айылдык кеңеши
• Көк-Арт айылдык кеңеши
• Кыз-Кѳл айылдык кеңеши
• Кара-Дарыя айылдык кеңеши
• Сузак айылдык кеңеши
- Ноокен району, айылдык кеңештер
• Д.Садырбаев айылдык кеңеши
• Э. Алиев айылдык кеңеши
• Момбеков айылдык кеңеши
• Бүргөндү-Достук айылдык кеңеши
Базар-Коргон району
• Акман айылдык кеңеши
• Кеңеш айылдык кеңеши
• Арстанбап-Ата айылдык кеңеши
• Сайдыкум айылдык кеңеши
Ысык-Көл облусу
- Каракол шаары
• Каракол шаардык кеңеши
- Чолпон-Ата шаары
• Чолпон-Ата шаардык кеңеши
- Балыкчы шаары
• Балыкчы шаардык кеңеши
- Ак-Суу району
• Каракол айылдык кеңеши
• Хан-Теңир айылдык кеңеши
• Кыдыр-Акен айылдык кеңеши
• Алтын-Арашан айылдык кеңеши
- Тон району
• Улахол айылдык кеңеши
• Ак-Терек айылдык кеңеши
• Болот Мамбетов айылдык кеңеши
• Күн-Чыгыш айылдык кеңеши
- Ысык-Көл району
• Тору-Айгыр-Тамчы айылдык кеңеши
• Шайбек-Ата айылдык кеңеши
• Садыр-Аке айылдык кеңеши
• Жусуп Абдрахманов айылдык кеңеши
- Жети-Өгүз району
• Жети-Өгүз айылдык кеңеши
• Оргочор айылдык кеңеши
• Кызыл-Суу айылдык кеңеши
• Барскоон айылдык кеңеши
• Жаргылчак айылдык кеңеши
- Түп району
• Балбай айылдык кеңеши
• Карасаев айылдык кеңеши
• Каркыра айылдык кеңеши
• Ысык-Көл айылдык кеңеши
• Түп айылдык кеңеши
Талас облусу
- Талас шаары
• Талас шаардык кеңеши
- Айтматов району
• Аманбаев айылдык кеңеши
• Кара-Буура айылдык кеңеши
• Чолпонбай айылдык кеңеши
• Шекер айылдык кеңеши
- Манас району
• Семетей айылдык кеңеши
• Үч-Коргон айылдык кеңеши
• Кыргызстан айылдык кеңеши
- Талас району
• Кең-Кол айылдык кеңеши
• Беш-Таш айылдык кеңеши
• Шумкар-Уя айылдык кенеши
• Чоң-Алыш айылдык кеңеши
• Каракол айылдык кеңеши
- Бакай-Ата району
• Акназаров айылдык кеңеши
• Биримдик айылдык кеңеши
• Күмүштак айылдык кеңеши
• Бакай Ата айылдык кеңеши
Ош облусу
Өзгөн шаары
• Өзгөн шаардык кеңеши
Кара-Суу шаары
• Кара-Суу шаардык кеңеши
Ноокат шаары
• Ноокат шаардык кеңеши
Өзгөн району
• Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши
• Мырза-Аке айылдык кеңеши
• Кара-Шоро айылдык кеңеши
• Жазы айылдык кеңеши
• Салам-Алик айылдык кеңеши
• Дөң-Булак айылдык кеңеши
• Ийри-Суу айылдык кеңеши
• Төрт-Кѳл айылдык кеңеши
• Баш-Дөбө айылдык кеңеши
• Кароол айылдык кеңеши
• Куршаб айылдык кеңеши
• Жалпак-Таш айылдык кеңеши
- Араван району
• Керме-Тоо айылдык кеңеши
• Достук айылдык кеңеши
• С.Юсупов айылдык кеңеши
• Чек-Абад айылдык кеңеши
• Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
• Төө-Моюн айылдык кеңеши
-Кара-Кула району
• Кара-Кулжа айылдык кеңеши
• Кочкор айылдык кеңеши
• Кара-Кѳз айылдык кеңеши
• Ылай-Талаа айылдык кеңеши
• Ой-Тал айылдык кеңеши
• Алайку айылдык кеңеши
• Сары-Булак айылдык кеңеши
- Чоң-Алай району
• Жекенди айылдык кеңеши
• Кашка-Суу айылдык кеңеши
• Чоң-Алай айылдык кеңеши
- Кара-Суу району
• Ала-Тоо айылдык кеңеши
• Баш-Булак айыл аймагы
• Датка айылдык кеңеши
• Жоош айылдык кеңеши
• Мады айылдык кеңеши
• Манас айылдык кеңеши
• Отуз-Адыр айылдык кеңеши
• Папан айылдык кеңеши
• Савай айылдык кеңеши
• Ынтымак айылдык кеңеши
-Ноокат району
• А.Мирмахмудов айылдык кеңеши
• Бел айылдык кеңеши
• Гүлистан айылдык кеңеши
• Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши
• Кара-Таш айылдык кеңеши
• Кеңеш айылдык кеңеши
• Көк-Бел айылдык кеңеши
• Көк-Жар айылдык кеңеши
• Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
• Н.Исанов айылдык кеңеши
• Т.Зулпуев айылдык кеңеши
• Т. Кулатов айылдык кеңеши
• Төөлөс айылдык кеңеши
-Алай району
• Жаңы-Алай айылдык кеңеши
• Жибек-Жолу айылдык кеңеши
• Курманжан-Датка айылдык кеңеши
• Памир-Алай айылдык кеңеши
• Тилектеш айылдык кеңеши
• Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңеши
• Гүлчө айылдык кеңеши
Баткен облусу
- Баткен шаары
• Баткен шаардык кеңеши
- Кызыл-Кыя шаары
• Кызыл-Кыя шаардык кеңеши
- Сүлүктү шаары
• Сүлүктү шаардык кеңеши
- Раззак шаары
• Раззаков шаардык кеңеши
- Кадамжай шаары
• Кадамжай шаардык кеңеши
- Айдаркен шаары
• Айдаркен шаардык кеңеши
-Лейлек району
• Ак-Суу айылдык кеңеши
• Жаңы-Жер айылдык кеңеши
• Кең-Талаа айылдык кеңеши
• Кулунду айылдык кеңеши
• Лейлек айылдык кеңеши
• Сумбула айылдык кеңеши
• Тогуз-Булак айылдык кеңеши
- Баткен району
• Ак-Сай айылдык кеңеши
• Ак-Татыр айылдык кеңеши
• Алтын-Бешик айылдык кеңеши
• Кара-Бак айылдык кеңеши
• Самаркандек айылдык кеңеши
• Суу-Башы айылдык кеңеши
• Тѳрт-Күл айылдык кеңеши
- Кадамжай району
• А.Масалиев айылдык кеңеши
• Ак-Турпак айылдык кеңеши
• Бирлик айылдык кеңеши
• Исхак-Полот хан айылдык кеңеши
• Майдан айылдык кеңеши
• Молдо Нияз айылдык кеңеш
• Орозбеков айылдык кеңеши
• Үч-Коргон айылдык кеңеши
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2024-жылы 25 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2024-жылы 24 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 24-ноябры 2024-ж.
Убактысы: 19.30
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. 2024-жылдын 22-ноябрына карата Контролдук текшерүү тобунун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат
(баяндамачы – Гайпкулов И. Т. БШКнын мүчөсү)
2. Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Талантбек у. С., Тапаева М.К., Ж. Камчиеваларды добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча арызы жөнүндө
(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
3. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылдык кеңешинин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы –А.Белеков, Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
4. “Ишеним” саясий партиясы тарабынан административдик ресурсту пайдалануу боюнча Д.Э. Умралиеванын арызы жөнүндө
(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
5. Кара-Балта шаарынын шайлоо комиссиясы тарабынан УШКлардын протоколдорунун көчүрмөлөрүн берүү маселеси боюнча Д.Э. Умралиеванын арызы жөнүндө.
(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
6. “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы боюнча Д.Э. Умралиеванын арызы жөнүндө.
(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы
7. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Ахмедова Ш., Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
8. 2024-жылдын 20-ноябрында Ноокат АШКнын арызды кабыл алуудан баш тартуусы боюнча М.Мамитовдун арызы жөнүндө.
(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
9. Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 1 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Гүлчө айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер А. Аттокуров, А. Исманалиев, Канторо уулу О., Кочорбай к Ж., Рахматов К., Сасанова Э., О.Эгемкуловалардын арызы жөнүндө
(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
10. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылдык кеңешинин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Молдобаев М., Алай аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
11. № 6059 шайлоо участкасынын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Ш.Каработоевдин арызы жөнүндө.
(баяндамачы – Нурбеков А.Н. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
12. №6059 шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.А.Мураталиевдин арызы жөнүндө.
(баяндамачы – Нурбеков А.Н. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
13. Бакай-Ата АШКнын 21.11.2024-ж. №9 чечими боюнча Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.К.Дүйшөнованын арызы жөнүндө.
(баяндамачы – Нурбеков А.Н. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
14. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Талас аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Чукотаев Б., Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
15. Э.Иманалиев айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер
А.Д. Бекишовдун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына арызы жөнүндө
(баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
16. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө, Элмирбек Иманалиев кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу
(баяндамачы – Эргеш уулу Н., Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
17. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу тууралуу түшүндүрмѳ берет
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өкүлчүлүктүү органдарынын ишиндеги көз карандысыздык жана айкындуулук принциптерин бекемдөө үчүн “Жергиликтүү кеңештердин депутатынын статусу жөнүндө” Мыйзамдын 5-беренеси колдонулат. Бул нормативдик акт кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо жана депутаттык ыйгарым укуктардын натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу аркылуу депутаттын статусунун айрым кызмат орундарына жана иштин түрлөрүнө шайкеш келбестигин жөнгө салат.
Негизги чектѳѳлѳр
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат:
Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган ошол эле айылдык аймактын же шаардын аймагында жайгашкан мамлекеттик органдарда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жетекчилик кызматтарды ээлей албайт.
Ошондой эле тѳмѳндѳгүлѳрдү айкалыштырууга тыюу салынат, эгерде:
• Депутат иштеген орган өзү депутат болуп эсептелген жергиликтүү кеңешке отчет берсе.
• Бул органдын жетекчисин кызматка дайындоо же бошотуу кеңештин компетенциясына кирсе.
2. Ишкананы башкаруу:
Депутаттарга бюджеттик каражаттардын эсебинен тиешелүү айылдык аймактын же шаардын калкын тейлөөчү мамлекеттик же муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин кызматтарын ээлөөгө тыюу салынат.
3. Мандаттын өзгөчө пайдаланылышы:
Депутаттык мандатты депутаттык милдеттерди аткарууга байланышпаган максаттарда пайдаланууга тыюу салынат.
4. Мандаттардын айкалышын чектөө:
Бир адам бир гана айылдык же шаардык кеңештин депутаты боло алат.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эмгектик мамилелер:
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында эмгек келишиминин негизинде иштеген адамдар жергиликтүү кеңештин депутаты боло алышпайт.
Бул эрежелер жергиликтүү кеңештердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана алардын чечимдеринин көз карандысыздыгын жана калыстыгын камсыз кылууга багытталган. Алар депутаттык ыйгарым укуктарды жеке же корпоративдик кызыкчылыктар үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, өкүлчүлүктүү органдарга элдин ишенимин бекемдейт.
“Жергиликтүү кеңештердин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин жоболорун сактоо жергиликтүү деңгээлде адилет жана ачык-айкын башкарууну камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Бул Кыргыз Республикасынын демократия жана мыйзамдын улуктугу принциптерине берилгендигин тастыктайт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Санкт-Петербург шаарында өткөн “КМШда шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнүн 30 жылдыгы: тажрыйба жана практикалык жыйынтыктар” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты
2024-жылдын 21-22-ноябрында КР БШКнын төрагасынын орун басары Н.Койчукеев “КМШда шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнүн 30 жылдыгы: тажрыйба жана практикалык жыйынтыктар” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга жана КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын элүү жетинчи пленардык жыйынына катышты.
Конференцияны КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясы уюштурду. Конференцияга КМШ ПААга мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин депутаттары жана өкүлдөрү; чет мамлекеттердин шайлоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, КМШ өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.
Конференциянын алкагында “Шайлоолорго жана референдумдарга эл аралык байкоо жүргүзүү жана жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин коргоо” жана “Шайлоолорго жана референдумдарга эл аралык жана коомдук байкоо жүргүзүү” панелдик талкуулар болду.
«Шайлоолорго жана референдумдарга эл аралык жана коомдук байкоо жүргүзүү» панелдик талкуусунда сөз сүйлөгөн Н.Койчукеев эл аралык жана коомдук байкоочулардын Кыргыз Республикасындагы шайлоонун жаңы технологияларын колдонуусуна берген баалары тууралуу баяндады. Кыргызстандын шайлоо системасын модернизациялоо аракетин эл аралык байкоочулар жогору баалап, заманбап жабдууларды колдонуу шайлоо процессине ишенимди бекемдеп, Кыргызстан региондогу мамлекеттерге үлгү болоорун белгилешти.
«Эл аралык байкоо улуттук эгемендүүлүктү урматтоо, ачыктык, айкындуулук жана бейтараптуулук принциптерине негизделиши керек. Эл аралык байкоочу судья болуп саналбайт, ал шайлоонун мыйзамдуулугун расмий тастыктоо үчүн чакырылган тиешелүү улуттук мамлекеттик органдарды алмаштыра албайт. Ушул позицияларды биз ар дайым жана так карманабыз», - деп белгиледи КМШ ПАА Кеңешинин Төрагасы, РФ Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрагасы Валентина Матвиенко өз куттуктоосунда.
КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын жетекчисинин орун басары – КМШ ПАА ИИМРДнын директору Иван Маскет белгилегендей: «Быйыл КМШ өлкөлөрүндөгү шайлоолорго жана референдумдарга эл аралык байкоо жүргүзүүгѳ 30 жыл толот. Шайлоо өнөктүгүнө мониторинг жүргүзүүнү баштаган КМШнын биринчи уставдык органы КМШ ПАА болду, анын байкоочулары Шериктештиктин чегинде жана андан тышкары 158 шайлоо өнөктүгүнө мониторинг жүргүзүүгө катышкан».
Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар тажрыйба алмашуунун жана шайлоолорго эл аралык байкоону мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген резолюциянын долбоорун жактырышты.
КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин юбилейлик жыйынына КР БШКнын өкүлдөрү да катышты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 24 - ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2024-жылы 23 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 23-ноябры 2024-ж.
Убактысы: 19:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Чүй районундагы Биримдик, Бурана, Онбир-Жылга, С.Ибраимов, Чүй айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Кимсанов К., Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
Ар кандай маселелер
(баяндамачы – Кимсанов К., Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо, Баш-Булак, Датка, Жоош, Мады, Манас, Отуз-Адыр, Папан, Савай жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Байдөлөтов А., Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Бердиев А., Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Бердиев А., Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кең-Талаа, Кулунду, Лейлек, Сумбула, Тогуз-Булак айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – М.Ахмедов, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Н. Мадумаров, Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Д.Садырбаев, Э.Алиев, Момбеков жана Бургонду-Достук айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу
(баяндамачы – М.Ахмедов, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман, Кеңеш, Арстанбап-Ата, жана Сайдыкум айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу
(баяндамачы – Н. Мадумаров, Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Г.Абдуллаева, Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуну Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – М.Джаманкулова, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Ч.Токтоназарова, Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук, Жайылма, Жээк, Кең-Булун, Кочкорбаев, Нурманбет, Сын-Таш, Узун-Кыр, Ысык-Ата айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
Кененирээк билүү >>
Айрым жергиликтүү кеңештерге добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилди
2024-жылдын 22-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында 7 шаардык жана 53 айылдык кеңештерге добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилди:
Нарын облусу
- Нарын шаары
Нарын шаардык кеңеши
- Ат-Башы району
Ат-Башый айылдык кеңеши
Кара-Суу айылдык кеңеши
Казыбе айылдык кеңеши
Баш-Кайынды айылдык кеңеши
Ак-Моюн айылдык кеңеши
- Нарын району
Дѳбѳлү айылдык кеңеши
Чет-Нура айылдык кеңеши
Мин-Булак айылдык кеңеши
Жерге-Тал айылдык кеңеши
Эмгек-Талаа айылдык кеңеши
Жан-Булак айылдык кеңеши
Учкун айылдык кеңеши
- Ак-Талаа району
Ала-Бугу айылдык кеңеши
Кара-Бурго айылдык кеңеши
Баетов айылдык кеңеши
Тоголок-Молдо айылдык кенеши
- Жумгал району
Жумгал айылдык кеңеши
Куйручук-Кызарт айылдык кеңеши
Тугѳл-Сай айылдык кенеши
Байзак айылдык кенеши
Чаек айылдык кеңеши
Миң-Куш айылдык кеңеши
- Кочкор району
Ормон-Хан айылдык кеңеши
Кум-Дѳбѳ айылдык кеңеши
Чолпон айылдык кеңеши
Кара-Суу айылдык кеңеши
Сары-Булак айылдык кеңеши
Чүй облусу
Кант шаардык кеңеши
- Кемин району
Кемин шаардык кеңеши
Орловка шаардык кеңеши
- Кемин, айылдык кеңештер
Чым-Коргон айылдык кеңеши
Кызыл- Октябрь айылдык кеңеши
Кичи-Кемин айылдык кеңеши
Чон-Кемин айылдык кеңеши
- Панфилов району
Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
Курама айылдык кеңеши
Күрпүлдѳк айылдык кеңеши
Фрунзе айылдык кеңеши
Жалал-Абад облусу
- Таш-Кѳмүр шаары
Таш-Кѳмүр шаардык кеңеши
- Кара-Кѳл шаары
Кара-Кѳл шаардык кеңеши
- Тогуз-Торо району
Атай айылдык кеңеши
Каргалык айылдык кеңеши
Тогуз-Торо айылдык кеңеши
Ысык-Кѳл облусу
- Ак-Суу району
Каракол айылдык кеңеши
Хан-Тенир айылдык кеңеши
Кыдыр-Аке айылдык кеңеши
Алтын-Арашан айылдык кеңеши
- Тоң району
Улахол айылдык кеңеши
Ак-Терек айылдык кеңеши
Болот Мамбетов айылдык кеңеши
Күн-Чыгыш айылдык кеңеши
Талас облусу
- Айтматов району
Аманбаев айылдык кеңеши
Кара-Буура айылдык кеңеши
Чолпонбай айылдык кеңеши
Шекер айылдык кеңеши
- Манас району
Семетей айылдык кеңеши
Уч-Коргон айылдык кеңеши
Кыргызстан айылдык кеңеши
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо жабдууларын пайдалануу маселелери талкууланды
Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде шайлоо жабдууларын пайдалануу маселелерин талкуулады.
Талкууга БШКнын системалык администраторлору, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын адистери, идентификациялоо жана АЭУ боюнча шайлоо жабдууларын программалык-техникалык жактан колдоону камсыз кылышкан кореялык адистер катышты.
Шайлоо жабдууларынын иштешин жакшыртууга жана оптималдаштырууга өзгөчө көңүл бурулду. Системалык администраторлор кореялык иштеп чыгуучулар менен биргеликте келип чыккан техникалык көйгөйлөрдү талдап чыгышты жана андан ары жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында аларды четтетүү жолдорун сунушташты.
Кореялык иштеп чыгуучулар БШКнын системалык администраторлоруна даярдыктын кыска мѳѳнѳтүнѳ карабастан ыкчам жана ырааттуу иштери үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар БШКнын командасынын жогорку кесипкөйлүгүн жана пайда болгон техникалык маселелерди мүмкүн болушунча тез арада чечүүгө даярдыгын белгилешти. Иштеп чыгуучулар ошондой эле топтолгон тажрыйбаны жана техникалык чечимдерди өркүндөтүүнү эске алуу менен кийинки шайлоолорго карата жабдуулар дагы да натыйжалуу иштей тургандыгына ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2024-жылы 22 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 22-ноябры 2024-ж.
Убактысы: 18:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – В.Качкымбаева, Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынынтөрагасы)
2. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы, Кара-Суу, Казыбек, Баш-Кайыңды жана Ак-Моюн айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Д.Жумабаева, Ат-Башыаймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
3. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Нарын облусунун Нарын районундагы Дөбөлү, Чет-Нура, Миң-Булак, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Жан-Булак жана Учкун айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – А.Исмаилов, Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
4. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ала-Буга, Кара-Бургон, Баетов, Тоголок-Молдо айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Б.Байышбеков, Ак-Талаааймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
5. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал, Куйручук-Кызарт, Түгөл-Сай, Байзак, Чаек жана Миң-Куш айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – С.Казакбаева, Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
6. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Нарын облусунун Кочкор районундагы Ормон-Хан, Кум-Дөбө, Чолпон, Кара-Суу, Сары-Булак айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Т.Тилемишев, Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
7. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кант шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Д.Мысалиев, Кант аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
8. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Абдрахманова Дж., Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
9. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Абдрахманова Дж., Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
10. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Т.Кадырбаев, Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
11. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кемин районундагы Чым-Коргон, Кызыл- Октябрь, Кичи-Кемин, Чоң-Кемин айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Абдрахманова Дж., Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
12. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто-Кайыңды, Курама, Курпүлдөк, Фрунзе айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Т.Кадырбаев, Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
13. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – А. Уметбеков, Таш-Көмүраймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
14. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – С. Чымынтаев, Кара-Көлаймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
15. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Атай, Каргалык, Тогуз-Торо, айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – С. Монолова, Тогуз-Тороаймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
16. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – М.Кыдыралиев, Балыкчыаймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
17. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол, Хан-Теңири, Кыдыр-Аке, Алтын-Арашан айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – А.Супатаев, Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
18. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол, Ак-Терек, Болот Мамбетов, Күн-Чыгыш айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – Р. Абдыкеримов, Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
19. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев, Кара-Буура, Чолпонбай, Шекер айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – К.Токоева, Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы)
20. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Манас районундагы Семетей, Үч-Коргон, Кыргызстан айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Манас аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы – А. Тойчубекова, Манасаймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)
21. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Аймактык шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууну аяктоодо жана шайлоонун жыйынтыгын аныктоодо
Борбордук шайлоо комиссиясында аймактык шайлоо комиссияларынан документтерди кабыл алуу жүрүүдѳ, алар азыркы учурда добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууну аяктап, бир катар жергиликтүү кеңештер боюнча депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын аныкташты.
Аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун, анын ичинде түздөн-түз участкалык шайлоо комиссияларынан алынган аралыктан добуш берүүнүн электрондук протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен тиешелүү аймакта (округда) добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарышууда.
Кененирээк билүү >>
БШК: Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруунун жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби жөнүндө
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, участкалык шайлоо комиссиялары тиешелүү шайлоо участкасында добуштарды эсептеп, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарышат.
Участкалык шайлоо комиссиялары (УШК) тарабынан шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө аяктады. Үч күндүн ичинде шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча участкалык комиссиялардын чечимдерине аймактык комиссияларга даттануу мүмкүнчүлүгү болгон.
Азыркы учурда аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) тиешелүү аймакта (округдар жана кеңештер боюнча) добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарышууда жана ар бир конкреттүү кеңеште депутаттарды шайлоонун (мандатты бөлүштүрүүнүн) жыйынтыктарын аныкташууда.
Мында шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык даттанууларды (арыздарды) кароого жана ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алууга милдеттүү.
Комиссиялар ошондой эле шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн жана укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын компетенциясына кирген мыйзамдарды бузууларды, анын ичинде талапкерлер жана партиялар тарабынан келип түшкөн билдирүүлөрдү жана арыздарды иликтеген укук коргоо органдарынын материалдарын карап чыгат. Кароонун жыйынтыгы боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик жөнүндө чечим кабыл алынат.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, ар бир жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары АШКлар тарабынан добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2024-жылдын 8-декабрына чейин) аныкталат.
АШКнын чечимдери үч күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына, ал эми БШКнын чечимдери сотко даттанылышы мүмкүн.
Ар бир кеңеш, округ жана участка боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча алдын ала маалыматтар менен БШКнын сайтынан конкреттүү кеңешти тандоо менен
https://newess.shailoo.gov.kg/ru/election/11158/ballot-count?type=CC_COUNCIL&id=3123 шилтемеси аркылуу таанышууга болот.
Кененирээк билүү >>
Тепке айылындагы шайлоо участкасында добуш берүү аяктады
Бүгүн, 18-ноябрда саат 20.00дө Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Тепке айылындагы №3092 шайлоо участкасында добуш берүү аяктады. Ушуну менен жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү аяктаганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен аталган участкада добуш берүү шайлоо жабдууларындагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам узартылган.
Участкалык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, №3092 шайлоо участкасында 735 адам катталган. Алардын ичинен 282 шайлоочу добуш берди.
Кененирээк билүү >>
БШКнын колл-борбору: 2024-жылдагы шайлоо мезгилиндеги ыкчам иштер жана иш-чаралардын жыйынтыгы
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 23-сентябрынан 17-ноябрына чейинки аралыкта колл-борбордун ишинин жыйынтыгын чыгарды. Колл-борбор жарандар менен ѳз-ара ыкчам аракеттенүү, шайлоо процессинин жүрүшү тууралуу маалымат берүү жана пайда болгон маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн.
Негизги натыйжалар:
1. Кайрылуулардын саны жана иштетүү ылдамдыгы
Колл-борбор иштеген мезгилде өлкөнүн ар кайсы аймактарынан операторлорго 5020 чалуу түшкөн. Бир чалуунун орточо иштетүү убактысы 2 мүнөттү түздү, бул жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүгө жана күтүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.
2. Чалуулардын географиясы жана профили
Республиканын бардык аймактарынан жарандардан кайрылуулар келип түшкөн, бул шайлоочулардын жогорку деңгээлдеги активдүүлүгүн көрсөтүп турат. Чалуулардын саны боюнча алдыда Бишкек шаары (1887 чалуу) жана Жалал-Абад облусу (705 чалуу) болду.
Чалуучулардын жыныстык жана жаш курагын талдоо тѳмѳндѳгүлѳрдү көрсөттү:
• Болжол менен эркектер менен аялдардан бирдей сандагы чалуулар келген.
• Кайрылышкан жарандардын олуттуу бөлүгүн 25 жаштан 45 жашка чейинкилер түздү.
3. Шайлоочулардын суроолорунун тематикасы
Шайлоочулардан эң көп берилүүчү суроолор бир нече негизги блокторго топтоштурулду:
• Шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшерүү – көпчүлүк чалуулар тизмеге киргизилгендигин текшерүү жана маалыматтарды оңдоо менен байланышкан.
• Талапкерлер жана саясий партиялар – жарандар партиянын программаларына жана талапкерлердин өмүр баянына кабүрѳѳк кызыгышты.
• Шайлоо алдындагы үгүт – республиканын тургундары үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча суроолорду беришти.
• Добуш берүүнүн жол-жоболору – добуш берүүнүн эрежелери, бюллетендерди толтуруунун тартиби жана шайлоо участкаларынын даректери тактоо.
• Шайлоонун натыйжалары – айылдык кеңештер боюнча мандаттарды бөлүштүрүү жана аялдарга мандаттарды бөлүштүрүү тартиби
4. Суроо-талаптарды иштетүүнүн натыйжалуулугу
Бардык кайрылуулар иштетүү статусу боюнча классификацияланган, бул татаал маселелерди кошумча кароого өз убагында жөнөтүүгө мүмкүндүк берди. Колл-борбордун операторлору суроо-талаптардын көбүн реалдуу убакыт режиминде чечүүгө аракет кылышты.
БШКнын колл-борборунун иши жарандардын шайлоо процессине байланыштуу суроолоруна ыкчам жана так жооп алууга жардам берип, жогорку деңгээлде натыйжалуулугун көрсөттү.
БШК өлкөдөгү шайлоо процессинин ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн маалыматтык кызматтардын ишин жакшыртууну улантат.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
19.11.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 20-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
19.11.2026
КР БШКсы түшүндүрмө берет: «Түндүк» аркылуу кол тамгаларды чогултуу кызматы добуш берүү системасы болуп саналбайт жана чогултулган кол тамгалардын саны шайлоонун жыйынтыгына таасир этпейт
18.11.2026
Кыргызстанда шайлоо системасы жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүүдө
17.11.2026
КР БШКсы Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобу менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
13.11.2026
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
12.11.2026
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады